Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтомуна) |
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281, (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүүнүн Кыргыз Республикасынын баардык аймагындагы бирдей тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) мектептерди, бала бакчаларды, китепканаларды, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелерин оңдоо;
2) калкты каттоо, социологиялык иликтөөлөр;
3) социалдык-маданий багыттагы объекттерди архитектуралык эстеликтерди, музейлерди, комплекстерди реконструкциялоо;
4) аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, токой парк чарбасын, эс алуу жана туризм зоналарын өнүктүрүү;
5) суу түтүктөрүн, газ, канализация жана башка коммуникацияларды оңдоо жана калыбына келтирүү, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо;
6) мезгилдүү айыл чарба жана ирригациялык жумуштарды, токой чарбасындагы жумуштарды, жээктерди бекемдөө жумуштарын жүргүзүү;
7) алыскы аймактардын иш менен камсыз болбогон калкын тейлөө (агенттер катарында);
8) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштер;
9) техникалык жана сметалык экспертизаларды жүргүзүү;
10) эмгек ишинин башка багыттары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүндө (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү) иш издөө максатында катталган жарандар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга укуктуу.
4. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга жумушсуздук боюнча жөлөкпул албаган, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүндө 6 айдан ашык каттоодо турган, өзүнүн багуусунда 16 жашка чейинки курактагы үчтөн ашык баласы бар расмий жумушсуздар артыкчылык укугун пайдаланышат.
2-глава. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруунун тартиби жана мөөнөтү
5. Калкты убактылуу иш менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн катышуусу менен акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурушат.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар туруктуу жумуштарды алмаштырбастан, убактылуу же сезондук мүнөздөгү иштерди аткарууда уюмдардын муктаждыктарын ишке ашыруу үчүн уюштурулат.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө уюштурулган учурлардан тышкары, бул жумуштарды уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен иш берүүчүнүн ортосунда келишим түзүлөт.
Келишимде коомдук иштерди аткаруу боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери аныкталат, атап айтканда:
- жумуштардын түрлөрү, көлөмү жана аткаруу мөөнөттөрү;
- тартылган жумушчулардын саны;
- эмгек акы жана каржылоо булактары;
- жумушчуларды жабдуулар, аспаптар жана эмгек милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон башка каражаттар менен камсыз кылуу чыгымдары.
Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштурууга үчүнчү (же андан көп) тең каржылоочу тарап катышкан учурда, бул учурда үч тараптуу (же көп тараптуу) келишим түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Иш берүүчү келишимге ылайык жумуштарды уюштурууга жана аткарууга жоопкерчилик тартат.
7. Расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү расмий жумушсуз жана жумуш издеген жарандардын катталган жерине карабастан жыл ичинде 6 айдан ашпаган жалпы узактыкта акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жибериши мүмкүн.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар линиясы боюнча алыскы аймактардагы жумушсуз калкты тейлөө үчүн 10 айлык мөөнөткө агенттер тартылат. Агенттерди тартуунун жана иштөөнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жарандар коомдук жумуштарга өздөрүнүн макулдугу менен гана катышат. Коомдук жумуштарга жиберүүдө жарандардын ден соолугу, жаш курагы, кесиптик жана башка жеке өзгөчөлүктөрү эске алынат.
9. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө жумушка тартуу учурларынан тышкары, иш берүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү расмий жумушсуздарга жана жумуш издеген жарандарга акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуу жана андан ары эки тараптуу келишим түзүү үчүн акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга жолдомо берет.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуу үчүн жумушсузга жана жумуш издеген жарандарга берген жолдомосу аны жумушка кабыл алууга негиз болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Иш берүүчү коомдук жумуштарга катышууну каалаган жумушсуз жана жумуш издеген жарандар менен эмгек мыйзамдарына ылайык мөөнөттүү эмгек келишимин түзөт.
Жумушсуз же жумуш издеген жаран туруктуу жумушка орношкон учурда мөөнөттүү эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жумушсуз жана жумуш издеген жаран коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга катышкан мезгилде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү аларга туруктуу жумушту издөөнү уланта берет.
12. Жумушсуздун демилгеси менен эмгек келишими бузулган учурда иш берүүчү себебин көрсөтүү менен жумушсуз иштен бошотулган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө бул тууралуу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүн маалымдоого милдеттүү.
13. Иш берүүчү тарабынан акы төлөнүүчү коомдук иштердин ар бир катышуучусуна аткарылган иштин көлөмү аныкталат жана аяктагандан кийин аткарылган иштин актысы түзүлөт. Эмгек акы мөөнөттүү эмгек келишиминин негизинде иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн жүргүзүлөт, анда аткарылган жумуш (кызмат көрсөтүү) үчүн акы төлөө каралат.
Иш берүүчү аткарылган иштердин актысынын бирден нускасын, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишиминин көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө жана башка катышуучуларга берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулар эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдардын, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышына, ошондой эле акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуучулардын эмгегин сарамжалдуу пайдаланууга жоопкерчилик тартышат.
15. Жумушсуз жарандардын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан мезгилине жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун төлөнүшү токтото турулат жана бул мезгилдерге узартылат.
Жумушсуздун акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан мезгили жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөөнүн жалпы мезгилине кошуп эсептелбейт.
16. Коомдук жумуштарда иштеген жарандарга эмгек жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
17. Жарандын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан мезгили камсыздандыруу стажына эсептелет.
3-глава. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуучулардын эмгек акысынын өлчөмү жана төлөө шарттары
18. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуучулардын эмгек акысы иш жүзүндө аткарылган жумуштарга түзүлгөн келишимге ылайык акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулардын каражаттарынан төлөнөт.
19. Аткарылган иштердин акты жумушсуз же жумуш издеген жарандын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан мезгилинде эмгек акы төлөөгө негиз болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жумушсуз жана жумуш издеген жарандарга ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан иш жүзүндө аткарган иши үчүн жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдун 6 эсесине чейинки өлчөмдө эмгек акы кепилденет, ал эми кошумча сумма иш берүүчү (жана/же кошо каржылоочу тарап) тарабынан төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жарандардын эмгек акысынан киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү кармалбайт.
22. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга багытталган акча каражаттары жумушсуздун же жумуш издеген жарандын банктык өздүк эсебине же почта байланыш бөлүмүнө которулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын долбоорлорун ишке ашыруу
23. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү жана иш берүүчүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү катышканда жана макулдашканда ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча долбоорлорду демилгелей жана ишке ашыра алат.
Ар бир учурдагы жылдын башында аймактык бөлүнүшү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана башка иш берүүчүлөр менен биргеликте, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен консультациялык жолугушууларды өткөрөт жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын болжолдуу жылдык көлөмүн аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Долбоор иш берүүчү тарабынан иштелип чыгат, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү менен макулдашылат жана тараптар жагынан бекитилет.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө иш берүүчү сунуштаган долбоордо анын сүрөттөлүшү, максаты, иштин түрлөрү, иштин наркы, эсеби жана катышуучулардын саны чагылдырылышы керек.
25. Иш берүүчү долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы иштин көлөмүнө жараша долбоордун катышуучуларынын санын аныктайт.
26. Долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылган жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын эмгек акысына кошумча төлөө катарында сарпталган каражаттардын жалпы суммасынан ашпаган өлчөмдө долбоордун материалдык чыгымдарын каржылоого жол берилет.
27. Материалдык чыгымдары акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын эмгек акысын төлөөгө сарпталган каражаттардын жалпы суммасынан жогору болгон долбоорлор иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Долбоордун материалдык чыгымдарга каралган каражаттары ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан иш берүүчү берген алыш-бериш/өздүк эсепке 1 айдын ичинде которулат. Иш берүүчү материалдык чыгымдарга тиешелүү ырастоочу документтерди ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын ишке ашырылышын эсепке алуу жана контролдоо
29. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү бекитилген отчет формасы боюнча акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жиберилген расмий жумушсуздардын жана жумуш издегендердин эсебин жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын натыйжалуулугуна жана максатка ылайыктуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзөт.
Мындан тышкары калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча аймактык бөлүнүштөрү тарабынан расмий жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуусуна жана иш берүүчүлөр менен эмгек келишимдеринин түзүүсүнө тандалма контроль жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Жумушсуздар жана жумуш издеген жарандар үчүн акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын жүргүзүлүшүн жана финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.
32. Кызмат адамдары акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды ишке ашырууга багытталган каражаттардын максатсыз пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
33. Иш берүүчү үч тараптуу (же көп тараптуу) келишим боюнча ишти уюштуруу жана аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
Тараптардын ортосундагы үч тараптуу (же көп тараптуу) келишимди аткарууда, өзгөртүүдө же бузууда келип чыккан талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, ал эми макулдашууга жетишилбеген учурда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)