Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-июну № 281
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды мамлекеттик колдоо максатында, "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 11 жана 16-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "250 (эки жүз элүү)" деген сөздөр "300 (үч жүз)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунда:
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык.";
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жободо:
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Расмий жумушсуздар жана жумуш издеген жарандар топтук жана жеке формада окутулушу мүмкүн.
Топтук даярдоодо теориялык окутуу окуу тобунда, ал эми өндүрүштүк окутуу окуу жайынын ал үчүн атайын түзүлгөн окуу-өндүрүштүк базасында, ошондой эле ишканалардын жумуш орундарында өткөрүлөт (макулдашуу боюнча).
Жеке даярдоодо окуучу теориялык курсту өз алдынча жана окутуучунун консультациясынын жардамы менен окуйт, ал эми өндүрүштүк окутуу устаттын же квалификациялуу жумушчу-инструктордун жетекчилигинин алдында жумуш ордунда өткөрүлөт.
Окутуунун топтук формасы үчүн ар бир окуу топторун 3төн кем эмес жана 20дан ашпаган сандагы адамдар менен комплекттөө сунушталат.";
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү жиберген кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде расмий жумушсуздарга жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдан 20 пайызга көбөйтүлгөн өлчөмдө стипендия төлөнөт.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү окутууга жана кайра окутууга жиберген жумуш издеген жарандарга жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдун өлчөмүндө стипендия төлөнөт.
Чек боюнча окуткан учурда окутууга стипендия төлөө каралбайт.";
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө убактылуу жобо күчүн жоготту деп таанылсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 5-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-июнундагы N 49 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүүнүн Кыргыз Республикасынын баардык аймагындагы бирдей тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
- мектептерди, бала бакчаларды, китепканаларды, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелерин оңдоо;
- калкты каттоо, социологиялык иликтөөлөр;
- социалдык-маданий багыттагы объекттерди: архитектуралык эстеликтерди, музейлерди, комплекстерди реконструкциялоо;
- аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, токой чарбасын, эс алуу жана туризм зоналарын өнүктүрүү;
- суу түтүктөрүн, газ, канализация жана башка коммуникацияларды оңдоо жана калыбына келтирүү, жолдорду, көпүрөлөрдү ж.б. оңдоо;
- айыл чарба ирригациялык, токой чарбасындагы иштерди өткөрүү;
- алыскы аймактардын иш менен камсыз болбогон калкын тейлөө (агенттер катарында);
- эмгектенүүнүн башка багыттары боюнча.
3. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүндө (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү) иш издөө максатында катталган жарандар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга укуктуу.
4. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга жумушсуздук боюнча жөлөкпул албаган, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүндө 6 айдан ашык каттоодо турган, өзүнүн багуусунда 16 жашка чейинки курактагы үчтөн ашык баласы бар расмий жумушсуздар артыкчылык укугун пайдаланышат.
2-глава. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруунун тартиби жана мөөнөтү
5. Калкты убактылуу иш менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн катышуусу менен акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурушат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында акы төлөнүүчү коомдук иштерди келишимдик негизде уюштурат.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө уюштурулган учурлардан тышкары, бул жумуштарды уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү менен иш берүүчүнүн ортосунда келишим түзүлөт.
Келишимде коомдук иштерди аткаруу боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери аныкталат, атап айтканда:
- жумуштардын түрлөрү, көлөмү жана аткаруу мөөнөттөрү;
- тартылган жумушчулардын саны;
- эмгек акы жана каржылоо булактары;
- жумушчуларды жабдуулар, аспаптар жана эмгек милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон башка каражаттар менен камсыз кылуу чыгымдары.
6. Иш берүүчү келишимге ылайык жумуштарды уюштурууга жана аткарууга жоопкерчилик тартат.
7. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү жыл ичинде 6 айдан ашпаган жалпы узактыкта акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жибериши мүмкүн.
8. Жарандар коомдук жумуштарга өздөрүнүн макулдугу менен гана катышат. Коомдук жумуштарга жиберүүдө жарандардын ден соолугу, жаш курагы, кесиптик жана башка жеке өзгөчөлүктөрү эске алынат.
9. Расмий жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө жумушка тартуу учурларынан тышкары, иш берүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү расмий жумушсуздарга жана жумуш издеген жарандарга акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуу жана андан ары эки тараптуу келишим түзүү үчүн акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга жолдомо берет.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуу үчүн жумушсузга берген жолдомосу аны жумушка кабыл алууга негиз болуп саналат.
10. Иш берүүчү коомдук жумуштарга катышууну каалаган адамдар менен эмгек мыйзамдарына ылайык мөөнөттүү эмгек келишимин түзөт.
Жумушсуз туруктуу жумушка орношкон учурда мөөнөттүү эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
11. Жумушсуз жана жумуш издеген жаран коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга катышкан мезгилде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү аларга туруктуу жумушту издөөнү уланта берет.
12. Жумушсуздун демилгеси менен эмгек келишими бузулган учурда иш берүүчү себебин көрсөтүү менен жумушсуз иштен бошотулган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө бул тууралуу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүн маалымдоого милдеттүү.
13. Иш берүүчү акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан ар бир жумушчунун аталган иш берүүчүдө иш жүзүндө иштеген жумуш убактысына эсеп жүргүзөт жана аягында аткарылган иштердин актысын түзөт. Жумушка келгендиги жана андан кеткендиги белгиленген формадагы жумуш убактысын колдонуу табелинде эсепке алынат.
Иш берүүчү жумуш убактысын эсепке алуу табелинин жана аткарылган иштердин актысынын бирден нускасын, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишиминин көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө берет.
14. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулар эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдардын, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышына, ошондой эле акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуучулардын эмгегин сарамжалдуу пайдаланууга жоопкерчилик тартышат.
15. Жумушсуз жарандардын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан мезгилине жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун төлөнүшү токтото турулат жана бул мезгилдерге узартылат.
Жумушсуздун акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан мезгили жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөөнүн жалпы мезгилине кошуп эсептелбейт.
16. Коомдук жумуштарда иштеген жарандарга эмгек жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
17. Жарандын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан мезгили камсыздандыруу стажына эсептелет.
3-глава. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуучулардын эмгек акысынын өлчөмү жана төлөө шарттары
18. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуучулардын эмгек акысы иш жүзүндө аткарылган жумуштарга түзүлгөн келишимге ылайык акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулардын каражаттарынан төлөнөт.
19. Аткарылган иштердин акты жана иш жүзүндө иштеген убактысын эсепке алуу табели жумушсуз жарандын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан мезгилинде эмгек акы төлөөгө негиз болуп саналат.
20. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жумушсуздарга иш жүзүндө аткарган иши үчүн жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдун 6 эсесине чейинки өлчөмдө эмгек акы кепилденет, ал эми кошумча сумма иш берүүчү тарабынан төлөнөт.
21. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жарандардын эмгек акысынан киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү кармалбайт.
22. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга багытталган акча каражаттары жумушсуздун банктык өздүк эсебине же почта байланыш бөлүмүнө которулат.
4-глава. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын долбоорлорун ишке ашыруу
23. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү жана иш берүүчүлөр ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча долбоорлорду демилгелешет жана ишке ашырышат.
24. Долбоор иш берүүчү тарабынан иштелип чыгат, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү менен макулдашылат жана тараптар жагынан бекитилет.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө иш берүүчү сунуштаган долбоордо анын сүрөттөлүшү, максаты, иштин түрлөрү, иштин наркы, эсеби жана катышуучулардын саны чагылдырылышы керек.
25. Иш берүүчү долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы иштин көлөмүнө жараша долбоордун катышуучуларынын санын аныктайт.
26. Долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылган жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын эмгек акысына кошумча төлөө катарында сарпталган каражаттардын жалпы суммасынан ашпаган өлчөмдө долбоордун материалдык чыгымдарын каржылоого жол берилет.
27. Материалдык чыгымдары акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган жумушсуздардын эмгек акысын төлөөгө сарпталган каражаттардын жалпы суммасынан жогору болгон долбоорлор иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.
28. Долбоордун материалдык чыгымдарга каралган каражаттары ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан иш берүүчү берген алыш-бериш/өздүк эсепке 1 айдын ичинде которулат.
5-глава. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын ишке ашырылышын эсепке алуу жана контролдоо
29. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин бекитилген отчет формасы боюнча акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жиберилген расмий жумушсуздардын жана жумуш издегендердин эсебин жүргүзөт.
30. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү жыл сайын акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын натыйжалуулугуна жана максатка ылайыктуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүшөт.
31. Жумушсуздар жана жумуш издеген жарандар үчүн акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын жүргүзүлүшүн жана финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.
32. Кызмат адамдары акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды ишке ашырууга багытталган каражаттардын максатсыз пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөөнүн бирдей тартибин, шарттарын жана мөөнөттөрүн "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныктайт.
2. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду чектөө жөнүндө чечим калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү) тарабынан жумушсуз жаран туруктуу жашаган жери боюнча, аны расмий жумушсуз деп таануу жөнүндө чечим менен бирге кабыл алынат.
3. Жумушсуз жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпулду эсептөөнүн жана төлөөнүн милдеттүү шарты болуп ыңгайлуу иш издөө максатында аларды туруктуу жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүндө катталганы эсептелет.
2-глава. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду чектөөнүн шарттары жана тартиби
4. Расмий жумушсуз деп белгиленген тартипте таанылган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмүнө кайрылуунун алдында акыркы 3 жылдын ичинде 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруу стажы бар жарандар жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу болот.
5. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул расмий жумушсузга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү ырастаган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө берилгенде чектелет жана төлөнөт.
6. Биринчи жолу жумуш издеп жүргөн, ошондой эле узак (эки жылдан ашык) тыныгуудан кийин эмгектенүүсүн кайрадан улантууну каалаган жарандарды кошпогондо, жумушсуздук боюнча жөлөкпул жаранга аны расмий жумушсуз катары каттаган датадан тартып 11-күндөн баштап чектелет.
Расмий жумушсузга жумушсуздук боюнча жөлөкпул аны расмий жумушсуз деп тааныган биринчи күндөн тартып эсептеп берилет.
7. Уюмдун жоюлушуна, уюмдун кызматкерлеринин санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу жумуштан бошогон, же белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, бирок жумушка орношо элек мезгилдин ичинде акыркы иштеген жериндеги орточо эмгек акысы (бошонуу жөлөкпулун эсепке алуу менен) сакталган жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул белгиленген мезгил аяктагандан кийин биринчи күндөн тартып эсептелет.
8. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар кош бойлуулук мезгилинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурларда жана тартипте жөлөкпул алууга укуктуу.
9. Расмий жумушсузга жөлөкпул төлөп берүү үчүн каттоо формасы жана жумуш издөө жөнүндө маалыматты камтыган бланк берилет, алардын формасын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
10. Расмий жумушсуз жумушка орношуу үчүн активдүү биргелешкен аракеттерин көрүүгө милдеттүү жана ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө жумуш издегендиги тууралуу маалыматты камтыган бланкты бериши керек.
3-глава. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөөнүн өлчөмдөрү жана мөөнөттөрү
11. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул ай сайын, бирок 12 календардык айдан ашык эмес 3 жылдын ичинде төлөнөт.
12. Жумушсуз ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүндө каттоодо турган бүт мезгилдин ичинде жумушсуздук боюнча жөлөкпул бир гана жолу чектелет.
13. Жумушсуздук боюнча биринчи жөлөкпул жумуш издеген жаранды расмий жумушсуз деп тааныгандан кийин бир ай өткөндө төлөнөт жана андан ары айына бир жолудан кем эмес төлөнүп берилет.
14. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул жумуш издөө тууралуу маалыматтарды айдын аягында өз убагында тапшырган учурда ай сайын төлөнөт.
Бланкта уюмдардын жана мекемелердин мөөрү басылып ырасталган жумуш издөө тууралуу маалыматтар чагылдырылат.
15. 12 айдан ашык стажы бар расмий жумушсуздар жумушсуздук боюнча жөлөкпулду жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдун өлчөмүнүн деңгээлинде алышат.
Жумушсуздук боюнча чектелген жөлөкпулдун өлчөмү жумушсуздук боюнча бекитилген базалык жөлөкпулга жана чегерүүлөрдүн камсыздандыруу стажына жараша болот.
16. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ушул Жобонун тиркемесине ылайык жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн эсептөө формасы боюнча иш стажына карата пайыздык катыштыкта белгиленет.
17. Жумушсуз адам эмгекке убактылуу жарамсыз болгон мезгилде жумушсуздук боюнча жөлөкпулду алуу укугу ал адамга сакталат.
18. Жумушсуз аял ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө медициналык корутунду бергенде кош бойлуулук мезгилинде жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөнбөйт жана ушул мезгилге узартылат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алган мезгил жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөөнүн жалпы мезгилине кирбейт.
19. Бийик тоолуу жана жетүүгө алыс жерлерде жашаган жана мыйзамда белгиленген тартипте жумушсуз болуп таанылган адамдар үчүн жумушсуздук боюнча жөлөкпул райондук коэффициентти эске алуу менен төлөнөт.
20. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү кармалбайт.
21. Жарандын жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган мезгили Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу стажына эсептелет.
4-глава. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөөнү убактылуу токтото туруу жана токтотуу
22. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүү жаранды расмий жумушсуз катары эсептен чыгаруу менен бирге төмөнкү учурларда токтотулат:
- жаранды жумуш менен камсыз кылынган катары тааныганда;
- расмий жумушсуз эки айдын ичинде жүйөлүү себепсиз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келбегенде;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте пенсия чектелгенде;
- жалган маалыматты берип, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алып жатканда;
- соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза чарасы колдонулуп камалганда.
23. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө төмөнкүдөй мезгилдин аралыгында токтотулат:
- жумушсуз акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан учурда;
- окуп жаткан мезгилине стипендия төлөнүү менен, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өтүп жатканда.
Аталган убакыттар жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөөнүн жалпы мезгилине кошуп эсептелбейт, ал эми жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө убактысы ошол мезгилге узартылат.
24. Төмөнкүдөй учурларда жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө бир айга убактылуу токтотулушу мүмкүн:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий билдирилген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жумуш берүүчү менен жумушка орноштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөргө жүйөлүү себепсиз келбегенде;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий билдирилген күндөн тартып жумушка (окууга) жолдомо алуу үчүн 3 жумуш күндүн ичинде жүйөлүү себепсиз келбегенде.
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөөнү убактылуу токтотуу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү жумушсуз адамга милдеттүү түрдө билдирүү менен чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алат.
25. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөөнү убактылуу токтото туруу жана токтотуу жумуш издөө жөнүндө маалыматты берүү үчүн белгиленген күндөн кийинки күнү ишке ашырылат.
5-глава. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөөнү контролдоо жана эсепке алуу
26. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду чектөөнү жана төлөп берүүнү, ошондой эле финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.
27. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүүгө багытталган каражаттарды максатсыз пайдалануу үчүн кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
28. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү жумушсуздук боюнча жөлөкпул чектелген расмий жумушсуздарды эсепке тургузат.
29. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен отчеттордун формасы боюнча жумушсуздук боюнча жөлөкпул чектелген расмий жумушсуздарды эсепке алат.
|
| Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобого тиркеме |
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн эсептөө формасы
№ | Камсыздандыруу стажы (ай) | Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмү (сом) | Жумушсуз статусу бар адамдар үчүн жумушсуздук боюнча төлөнүүчү жөлөкпулдун өлчөмү, жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулга карата % (сом) |
1 | 12ден 24 чейин | X | Х х 100% |
2 | 24тен 36 чейин | X | Х х 110% |
3 | 36дан 60 чейин | X | X х 130% |
4 | 60тан 120 чейин | X | Х х 150% |
5 | 120 жана андан ашык | X | X х 200% |
1-мисал.
Жумушсуздун 1 жыл 11 ай жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын ичинен ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө кайрылуунун алдында акыркы 3 жылдын ичиндеги камсыздандыруу стажы 12 айды түзөт. Бул учурда жумушсуз 300 сом өлчөмүндө жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар.
2-мисал.
Жумушсуздун жалпы камсыздандыруу стажы 8 жыл 10 айды түзөт. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө кайрылуунун алдында акыркы 3 жылдын ичинде камсыздандыруу стажы 2 жыл 5 айды түзөт. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкүнү түзөт:
300 сом х 150% = 450 сом.".