Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жобо
1. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө ушул убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөп берүүнүн Кыргыз Республикасынын баардык аймагы үчүн бирдей тартибин, шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктайт.
2. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду чектөө жөнүндө чечим калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү) тарабынан жумушсуз жаран катталган жер боюнча, аны расмий жумушсуз деп таануу жөнүндө чечим менен бир учурда кабыл алуу учурунда кабыл алынат.
2. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул чектөөнүн шарттары
3. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө кайрылаардын алдында акыркы 3 жыл ичинде 12 айдан кем эмес эмгек стажы бар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которулган камсыздандыруу төлөмдөрү тастыкталган жарандарга төлөнүп берилет.
4. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул расмий жумушсузга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан жеке камсыздандыруу эсебинин көчүрмөсү берилгенде чектелет.
5. Расмий жумушсуз ишке орноштурууга активдүү көмөктөшүүгө жана ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө жумуш издөө жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
3. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду чектөөнүн тартиби
6. Уюмдун жоюлгандыгына, уюмдун жумушчуларынын саны жана штат кыскартылгандыгына байланыштуу жумушунан бошотулган, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, бирок ишке орноштурула элек мезгилде акыркы иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы (бошонуу жөлөкпулун эсептөө менен) сакталган жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул аталган мезгил бүткөндөн кийинки биринчи күндөн баштап эсептелет.
7. Расмий жумушсузга жөлөкпул төлөп берүүгө катталуунун формасы, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан формасы бекитилген иш издөө жөнүндө бланк берилет.
4. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүүнүн өлчөмдөрү жана мөөнөттөрү
8. Жумушсуздук боюнча биринчи жөлөкпулду төлөө расмий жумуш издеген жаранды расмий жумушсуз деп тааныгандан кийин бир жүргүзүлөт жана андан ары айына бир жолудан кем эмес төлөнүп берилет.
9. 12 айдан ашык стажы бар расмий жумушсуздар жумушсуздук боюнча базалык жөлөкпулдун өлчөмүнүн деңгээлинде жумушсуздук боюнча жөлөк алышат.
24 айдан ашык стажы болгондо жумушсуздук боюнча жөлөкпул жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмүндөгү өлчөмдө 10 пайызга көбөйтүлүп белгиленет.
10. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөөнү токтото туруу жана токтотуу жумуш издөө тууралуу маалыматты берүү үчүн белгиленген күндүн кийинки күнүнөн тартып жүргүзүлөт.