Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 199
"Салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков, М.А.Аманкулов, Э.Ж.Сурабалдиева, А.И.Кулбараков, Э.М.Нурбаев жана А.А.Арапбаев тарабынан демилгеленген "Салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.Ш. Сариев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 199 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков, М.А.Аманкулов, Э.Ж.Сурабалдиева, А.И.Кулбараков, Э.М.Нурбаев жана А.А.Арапбаев тарабынан демилгеленген "Салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
2009-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексин колдонууга киргизүү менен көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн ишкер субъекттерин тандоо салыктарды төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлоруна талдоо жүргүзүүнүн жана баалоонун негизинде жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу салыктарды төлөбөй коюу тобокелдигин талдоонун жана баалоонун автоматташтырылган системасынын механизмдерин пайдалануу менен көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тобокелдиктерине - багытталган система киргизилген, бул тобокелдиктин даражасына жараша салыктык текшерилүүгө тийиш болгон салык төлөөчүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет.
Салык төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлорун талдоонун, салык мыйзамдарын бузууларды же аны жасоо үчүн өбөлгөлөрдү, ошондой эле салыктар туура эмес эсептелгендигин күбөлөндүргөн маалыматтарды жана/же документтерди аныктоонун жыйынтыгы боюнча көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн планы (текшерилүүчү субъекттердин тизмеги) автоматташтырылган түрдө түзүлөт.
Салыктарды төлөбөй коюу тобокелдигинин тийиштүү критерийлеринин системалуу автоматташтырылган талдоосу аркылуу салык төлөөчүлөрдү тандап алуу жол-жобосуна карата мындай системалуу ыкма кара ниет салык төлөөчүлөрдүн санын кыскартууга көмөк берет. Ошону менен бирге эле тобокелдикке - багытталган системага өтүү жапырт (текши) салыктык текшерүү жүргүзүүгө бөгөт коёт.
Салыктарды төлөбөй коюу тобокелдиктерин талдоо жана баалоо, андан ары салык төлөөчүлөрдү тобокелдиктин даражалары боюнча ажырымдоо, салыктык укук бузууларды жасоонун шексиздигин жана бюджет үчүн мындай бузуулардын экстремалдык коркунучунун даражасын аныктоо максатында тийиштүү программа (программалык камсыздоо), башкача айтканда салыктарды төлөбөй коюу тобокелдиктерин талдоонун жана баалоонун автоматташтырылган системасы (тобокелдиктерди статистикалык баалоонун системасынан, ресурстарды бөлүштүрүүдөн, көчмө текшерүүлөрдүн жыйынтыгын баалоодон турган система) иштелип чыккан алар тактап айтканда, төмөнкүлөр:
салыктарды төлөбөй коюу тобокелдиктерин талдоонун жана баалоонун автоматташтырылган системасы ("Аудит" модулунун ИСНАК программалык комплекси) түзүлдү, ал автоматташтыруунун принциптери менен салыктарды төлөбөй коюу тобокелдиктерин талдоону жана баалоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берет жана салыктарды төлөбөй коюунун эң чоң тобокелдиги бар салык төлөөчүлөргө гана, анын ичинде мамлекеттик бюджетке экстремалдык коркунуч жаратуучуларга көчмө текшерүү жүргүзүүнүн план-графигин түзөт.
"Аудит" модулу боюнча тобокелдиктерди талдоонун колдонуудагы системасы (салыктык текшерүүлөр) төмөнкүдөй максаттарга жетүүнү көздөйт:
- салык кызматынын ресурстарын натыйжалуу пайдалануу. Салыктык контроль баардык көңүлдү кара ниет салык төлөөчүлөргө бурат, бул салыктык чоң кирешелерге алып келет;
- объективдүүлүктү камсыз кылуу. Тандап алуу процессинде субъективдүү фактор жок болот, анткени баардык салык төлөөчүлөр үчүн бирдей параметрлер боюнча тобокелдиктин даражасы аныкталат;
- ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн салыктык контроль жүргүзүүнүн түйшүгүн жеңилдетүү. Ак ниет салык төлөөчүлөр чанда гана текшерилет, демек салыкты ак ниеттүүлүк менен төлөөгө стимул пайда болот;
- салыктык мыйзамдарды бузуунун пайда болгон схемаларына ыкчам чара көрүү. Баардык көңүлдү кара ниет салык төлөөчүлөргө буруу салыктарды төлөөдөн качуунун жаңы схемаларын системалык негизде кыйла ыкчам табууга мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда салык кызматы тарабынан көчмө жана камералдык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн салыктарды төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлорунун кошумча критерийлери жана тиешелүү программалык модулдары иштелип чыгууда, атап айтканда:
- салык төлөөчү тарабынан берилген реестрдин негизинде материалдык ресурстарды жеткирүүдө жана сатып алууда бюджетке кошумча нарк салыгын төлөө боюнча салыктык милдеттенмелердин шайкеш эместигин табуу жана аларды минималдаштыруу максатында эсептик-фактураларды автоматташтырылган иштетүү боюнча. Бул багытта тобокелдиктин 10дон ашык критерийи иштелип чыкты;
- камералдык текшерүүлөрдү, рейддик салыктык контролду жүргүзүүнүн жана салыктык посттордун жыйынтыктарын автоматташтырылган иштетүү боюнча;
- алдыңкы эл аралык тажрыйбанын негизинде салыктарды төлөбөй коюу тобокелдигинин башка критерийлери.
Салыкты төлөбөй коюу тобокелдигинин факторун талдоонун жыйынтыктарын тобокелдикке - багытталган автоматташтырылган системаны колдонуу менен баардык аймактык салыктык органдары үчүн көчмө текшерүүлөрдү пландаштыруу борборлоштурулуп жүргүзүлө тургандыгын белгилеп кетүү керек.
Мындан тышкары, салык кызматында салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тобокелдикке - багытталган автоматташтырылган системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган салыктык текшерүүлөрдүн актыларынын "Депозитарийи" түзүлгөн жана ишке киргизилген. Бул депозитарий салыктык текшерүүлөрдү, салыктык текшерүүлөрдү дайындоонун жана аларды бүткөрүүнүн негиздүүлүгүнүн жол-жоболук мүнөзүнүн маселелерин кошкондо, аны жүргүзүүнүн сапаттуулук предметине, материалдарына электрондук мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 145 "Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыскартуу жөнүндө" Жарлыгы өз убагында чыгарылган жана зарыл болчу, анткени ошол мезгилде колдонулган салык мыйзамдарында салыктык текшерүүлөрдү дайындоонун жана өткөрүүнүн тартибин жана жол-жоболорун регламенттөөчү ченемдер жок болгон. Буга байланыштуу салыктарды төлөбөй коюу тобокелдигинин фактору бар экендигин эске албастан жапырт салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүп келген, бул негизсиз текшерүүлөрдүн санын көбөйтүүгө олуттуу таасирин тийгизген.
Ошону менен бирге эле салыктык текшерүүлөргө мурунку мораторийлерди киргизүүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, мораторийдин мөөнөтү аяктагандан кийин салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө мораторийлердин убагында салыктарды, анын ичинде өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды жашырып коюу сыяктуу салыктык укук бузууларга ишкердик субъекттеринин көпчүлүгү атайылап билип туруп барышкандыгы билинген. Ошол эле учурда көчмө салыктык текшерүүлөрдүн натыйжасында ачыкка чыккан азайтылган (жашырылган) салыктык милдеттенмелер төлөнбөй калууда, анткени күнөөлүү адамдарды издөөнүн жана/же ачыкталган салыктык милдеттенмелерди төлөөнүн булактарынын (накталай же негизги каражаттар же башка мүлк) жоктугунун көйгөйлөрү пайда болот.
Ошону менен кара ниет салык төлөөчүлөр жазасыздыкты жана тобокелдиктерди талдоонун негизинде текшерүү түрүндөгү салыктык контролдун жоктугун билип, жалган фирмаларды түзүү, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү бурмалоо, салыктар боюнча мыйзамсыз зачеттук (ордун толтуруу) суммаларын алуу менен салыктарды жашырып коюу үчүн ыңгайлуу шарт жаралган, бул бюджеттин киреше бөлүгүн жоготууга алып келген.
2009-жылдан (салыктык текшерүүлөргө тобокелдикке багытталган ыкманын башталышы) 2015-жылга чейинки мезгил үчүн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча салыктар төмөнкүдөй: 2009-жылы - 1983,4 млн. сом, 2010-жылы - 1798,4 млн. сом, (2010-жылдын май айынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-майындагы № 35 декретине ылайык салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча киргизилген), 2011-жылы - 1726,3 млн. сом, 2012-жылы - 3082,5 млн. сом, 2013-жылы - 3211,3 млн. сом, 2014-жылы - 4642,1 млн. сом, 2015-жылы - 5962,8 млн. сом кошумча эсептелген.
Ошону менен бирге эле 2008-жылга салыштырганда (мораторий киргизилген мезгилде) 2015-жылы көчмө салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча табылган салык карыздарынын ордун толтуруунун суммасы 2008-жылдагы 328,5 млн. сомдон 2015-жылы 2446,4 млн. сомго, же 7 эседен ашык көбөйгөн.
Салык органдары жүргүзгөн көчмө текшерүүлөрдүн санына салыштырганда иштеп жаткан (активдүү) чарбакер субъекттердин жалпы санынын катышы 2015-жылы 8515 көчмө текшерүү (пландуу, пландан тышкаркы, жана кайра текшерүү) жүргүзүлгөн, бул активдүү салык төлөөчүлөрдүн санына салыштырганда 2,3%ды түзөт. Ошол эле учурда 2014-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 2,8%ды (2014-жылы 8792 көчмө текшерүү жүргүзүлгөн) түзгөн.
Баардык салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизүү салыктардын жана милдеттүү төлөмдөрдүн жыйымы үчүн жооп берүүчү жалгыз мамлекеттик орган катары салык кызматынын, ошондой эле салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык мыйзамдардын талаптарын өз убагында жана толук аткарышын контролдоо функцияларын токтотот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн казынасынын өз убагында жана толук көлөмдө толтурулушуна, ошондой эле салык мыйзамдарынын милдеттүү түрдө аткарылышына катуу көз салууга тийиш.
Ошондой эле, салыктык текшерүүлөр түрүндө салыктык контролдоону жүзөгө ашыруу мамлекеттик бюджеттин толтурулушуна жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун корголушуна гана эмес, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана өзүнүн кирешелерин жашырган жана бизнести өнүктүрүү боюнча таза эмес атаандаштыкты түзүп жаткан ишкердик субъекттеринен ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоп, алардын бизнесин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтө тургандыгын белгилеп кетүү керек.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 93-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун ченемдерине ылайык салык постторун орнотуу салык текшерүүнүн түрүнө эмес, салыктык контролдоонун формаларынын бирине кирет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык товарларды жүгүртүүнүн жана акча каражаттарынын толук эсебин алуу максатында салык органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аталган Кодексте белгиленген укуктардын жана ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте салык төлөөчүнүн аймагына салык постун орнотууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 370-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери үчүн контракт боюнча салыктык милдеттенменин суммасы салыктык постун натыйжаларынын негизинде аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 369-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык 3 айдан ашык иштеген коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери календардык жылдын ар кандай айында салыктык контрактты түзүүгө укуктуу.
Буга байланыштуу, каралып жаткан Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу төмөнкүлөргө алып келет:
- коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттерине салыктык милдеттенмелерин контракт ыкмасы менен аткарууга тыюу салууга;
- коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери менен салыктык контрактты түзүүдө салык кызматынын аймактык органдарынын баш тартышына;
- коомдук тамактануу, соода жана кызмат көрсөтүү (курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери көрсөтүүчү) чөйрөсүндөгү субъекттерден тийиштүү салыктардын келип түшүүсүн төмөндөтүүгө.
Ошону менен бирге эле, 2015-жылы республика боюнча баардыгы 898 коомдук тамактануу субъекттери менен жалпы суммасы 144,7 млн. сомго жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн 55 субъекти менен 29,8 млн. сомго салыктык контракттар түзүлгөндүгүн маалымат катары билдиребиз.
Ошондой эле, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык аталган Мыйзамдын ченемдери салыктык текшерүүлөргө жайылтылбай тургандыгына көңүл буруу зарыл.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV токтому менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине киргизилген эмес.
Ошону менен бирге эле жогоруда аталган Мыйзамдын ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү дайындоо жана жүргүзүү тартибин жана жол-жоболорун аныктаган ченемдери салыктык мыйзамдарда белгиленген салыктык текшерүүлөрдү дайындоо жана жүргүзүү тартибинин негизги принциптерине карама-каршы келет.
2009-жылдын 1-январынан тартып колдонууга кирген Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде көчмө жана камералдык текшерүүлөрдү дайындоо жана жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салуучу жоболор так аныкталган. Бул ченемдер мурда колдонулган салыктык мыйзамдардын, ошондой эле ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик контролдоочу органдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын негизги айырмачылыгынын бири болуп саналат.
Салыктык текшерүүлөр (көчмө жана камералдык) түрүндө салыктык контролдоо жүргүзүү бөлүгүндө мамлекеттик бюджетти салыктар жана милдеттүү төлөмдөр менен толук жана өз учурунда камсыз кылуу боюнча салык кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен, салыктык текшерүүлөрдү дайындоонун, жүргүзүүнүн тартиби жана жол-жоболору "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынууга тийиш эмес жана ага ылайык ыйгарым укуктуу салык органын ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине киргизүүнүн зарылдыгы жок.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 15-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзам актылары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары аталган Кодекске карама-каршы келбеши керек. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен салыктык мыйзам актыларынын жана башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылык болсо салыктык укуктук мамилелерин жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен белгиленген ченемдер колдонулат.
Жыйынтыгында маалымдайбыз, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 58 "Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын салык органдарынын ишине ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин салык органдары тарабынан негизсиз текшерүүлөрдөн укуктук коргоонун системалуу моделин киргизүү, ошондой эле тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштер белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.