Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 249
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, улук башкаруучу курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле кызматкерлерге карата квалификациялык талаптардын тизмесинде:
- 2-пункттун 2-пунктчасынын “Кесипкөй даярдоо боюнча бөлүк” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү саптар менен толукталсын:
“
Окутуучу | Бажы кызматынын капитаны | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы, жазык, административдик укук чөйрөлөрүндө педагогикалык иш тажрыйбасы же бажы органдарында 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек |
Улук окутуучу | Бажы кызматынын майору бажы кызматынын подполковниги | Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, бажы, жазык, административдик укук чөйрөлөрүндө педагогикалык иш тажрыйбасы же бажы органдарында 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек |
”;
- эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эскертүү:
(*) - автоматташтыруу; информатика жана эсептөө техникасы, маалымат системалары, эл аралык мамилелер, лингвистика, филология, статистика;
(**) - кинология тармагында.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |