КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-сентябры № 479
Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоорунун мазмуну жана тариздөө методикасын бекитүү жөнүндө
Атмосферага жол берилген чектеги чыгаруулардын ченемдеринин долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында, "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоорунун мазмуну жана тариздөө методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |