ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы № 479 «Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоорунун мазмуну жана тариздөө методикасын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция02.09.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 2-сентябры № 479

Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоорунун мазмуну жана тариздөө методикасын бекитүү жөнүндө

Атмосферага жол берилген чектеги чыгаруулардын ченемдеринин долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында, "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоорунун мазмуну жана тариздөө методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С. Жээнбеков