Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы № 479 токтому менен бекитилген |
Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоорунун мазмуну жана тариздөө Методикасы
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоорунун мазмуну жана тариздөө методикасы (мындан ары - Методика) атмосферага жол берилген чектеги чыгаруулардан жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын (мындан ары - ЖЧЧ (УМЧ)) ченемдеринин долбоорунун мазмунун жана тариздөө маселелерин жөнгө салат.
2. Методика пайдаланылып, долбоорлонуп жана реконструкцияланып жаткан чарбалык объекттер жана башка иштер үчүн ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорлорун иштеп чыгууда уюштуруучулук-укуктук түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана ЖЧЧ (УМЧ) ченемдерин белгилөөдө айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын пайдаланышы үчүн арналган.
Бул Методика "Кыргыз Республикасындагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-тиркемесине ылайык кооптуулугу I жана II категорияга кирген чарбалык объекттерде жана башка иштерде чарба жүргүзүүчү субъекттер (мындан ары - ишкана) тарабынан колдонулат.
3. Булгоочу заттардын жол берилген чектеги чыгаруулары (мындан ары - ЖЧЧ) атмосфераны булгоонун ар бир конкреттүү булагы үчүн андан жана ошол аймактагы бардык булактардан чыккан булгоочу заттардын чыгуулары, алардын абага тарашын жана айланышын, ошондой эле ишканалардын келечектеги өнүгүүсүн эске алуу менен, атмосфералык абанын сапатынын белгиленген ченемдеринен ашкан жер-бетиндеги концентрацияларын түзбөгөн шарттагы белгиленген ченем болуп саналат (г/сек менен).
Чыгаруулардын колдонулуп жаткан туруктуу булактары үчүн ЖЧЧ ченемдерине жетишилбеген учурда, ЖЧЧ ченемдерине этап-этабы менен жетишүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жобого ылайык ошол булак жайгашкан районду (шаарды) өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык шарттарын эске алуу менен убактылуу макулдашылган чыгаруулардын (УМЧ) ченемдери беш жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана белгиленет.
4. ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорунун көлөмү жана мазмуну ишканалардын кооптуулук категорияларына жараша белгиленет, анын аныктамасы ушул Методиканын 3-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. ЖЧЧ (УМЧ) ченемдери аларды ар бир календардык жылга бөлүү менен колдонууга киргизген учурдан тартып беш жылдык мөөнөткө иштелип чыгат.
ЖЧЧ (УМЧ) ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жобого ылайык бекитилет.
ЖЧЧ (УМЧ) ченемдери толук көлөмдө (тиешелүү тиркемелери менен), 2 нускада бекитүүгө берилет; бир нускасы айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органда, экинчи нускасы чарба жүргүзүүчү субъектинде сакталат.
2. ЖЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорун иштеп чыгуу жана анын түзүмү
6. ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорун чарба жүргүзүүчү субъект иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 248 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертизаны өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленген тартипте мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органга берет.
ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорун адистешкен уюм (мындан ары - иштеп чыгуучу) келишимдик негизде иштеп чыгат. ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорун иштеп чыгуучу чарба жүргүзүүчү субъект менен бирдикте конкреттүү ишкана үчүн ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүүнүн план-графигин иштеп чыгат. ЖЧЧны (УМЧны) иштеп чыгуунун мөөнөтү иштеп чыгуучу менен чарба жүргүзүүчү субъектинин ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленет.
7. Чарба жүргүзүүчү субъект ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорун иштеп чыгуу үчүн иштеп чыгуучуга төмөнкүдөй баштапкы материалдарды берет:
- технологиялык процесс жана иш режими жөнүндө маалыматтарды;
- булгоочу заттарды атмосферага бөлүп чыгаруучу жана чыгаруучу булактардын мүнөздөмөлөрүн жана параметрлерин;
- газ тазалоочу жана чаңды кармап калуучу орнотмолордун мүнөздөмөлөрүн жана параметрлерин;
- ишкананын карта-схемасын жана ишкана жайгашкан райондун кырдаалдык карта-схемасын;
- уюштурулбаган, күргүчтөгөн жана авариялык чыгаруулар жөнүндө маалыматтарды;
- ишкананын өнүгүү келечеги жөнүндө маалыматты;
- ишкананын координаттарынын тутумун байланыштыруу боюнча материалдарды;
- атмосфералык абанын булганышын эсептеген автоматташтырылган программа боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн керектүү, атмосфералык абага булгоочу заттардын таркоо шарттарын аныктаган метеорологиялык мүнөздөмөлөрдү жана коэффициенттерди;
- ишкана жайгаштырылуучу райондогу булгоочу заттардын фондук концентрациясын.
ЖЧЧ (УМЧ) ченемдерин иштеп чыгуу үчүн берилген баштапкы материалдар белгиленген тартипте чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
8. Ишканадагы чарбалык субъектиде эки жана андан ашуун өзүнчө жайгашкан өнөр жай аянтчалары болгон учурда ЖЧЧ (УМЧ) ченемдик долбоору жалпы ишкана үчүн иштелип чыгат.
Өнөр жай аянтчаларынын атмосферага чыгаруулары бири-бирине таасир этпесе ЖЧЧ (УМЧ) долбоорунда аянтчалардын ар бири үчүн өз өзүнчө топтолуулардын эсептөөлөрү жүргүзүлөт.
9. ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорунун көлөмү жана мазмуну ушул Методиканын 1-тиркемесине ылайык ишкананын кооптуулук категориясына жараша аныкталат.
ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоору төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:
1) титулдук баракча.
Титулдук баракча ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорунун биринчи барагы болуп саналат жана ушул Методиканын 2-тиркемесинде келтирилген үлгү боюнча таризделет;
2) аткаруучулардын тизмеси.
Аткаруучулардын тизмесинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорун иштеп чыгууга катышкан уюмдар жана адистердин фамилиялары, аты-жөндөрү;
- даректери, телефон номерлери жана электрондук почтасынын дареги.
Фамилиялар тигинен жайгашат. Сол жакка кызмат орду, илимий даражалары жана наамдары, ошондой эле лицензиялардын жана квалификациялык тастыктаманын (алар болсо) сериялары да көрсөтүлөт. Коюлган колдун оң жагына аты-жөнү жана фамилиясы көрсөтүлөт. Ар бир фамилиянын жанына кашаада даярдалган бөлүмдүн номери көрсөтүлөт;
3) аннотация.
Аннотациянын тексти төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- жүргүзүлгөн иштердин негизги жыйынтыктары жөнүндө, булгоочу заттардын санын көрсөтүү менен;
- чыгаруулардын ченемдери иштелип чыккан, зыяндуу таасирлери кошулуучу майнабы бар заттар жөнүндө;
- жалпысынан ишкана боюнча абага булгоочу заттарды чыгарган булактар тууралуу;
- ингредиенттер боюнча ЖЧЧ ченемдерине жетишүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө;
- зарыл сарптоолор тууралуу;
4) мазмуну.
ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорунун мазмуну бардык бөлүмдөрдүн жана тиркемелердин аталыштарын, алардын беттеринин номерлерин көрсөтүү менен камтууга тийиш;
5) ишкана жөнүндө жалпы маалыматтар.
Бөлүмдө төмөнкүлөр келтирилет:
- ишкананын почталык дареги, өнөр жай аянтчаларынын саны, ишкананын жана ага чектеш жайгашкан турак жай массивдери объекттеринин, өнөр жай зоналарынын, токойлордун, айыл чарба жерлеринин, транспорт магистралдарынын ж.б. өз ара жайгашуусу;
- ишкананын карта-схемасы, анда атмосферага булгоочу заттарды чыгарган булактарды көрсөтүү менен;
- ишкана жайгаштырылуучу райондун кырдаалдык карта-схемасы, анда санитардык коргоо зоналарынын чектерин, калк жайгашуучу аймакты, эс алуу зоналарын, коруктардын аймагын, музейлерди, архитектура эстеликтерин, санаторийлерди, эс алуу үйлөрүн ж.б., атмосфера абасынын булганышына байкоо жүргүзүүчү постторду көрсөтүү менен;
6) атмосфера абасын булгоочу булак катары ишкананын мүнөздөмөсү.
Бөлүмдүн курамына төмөнкүлөр кирет:
- өндүрүш технологияларына жана технологиялык жабдууларга атмосфералык абаны булгоо көз карашынан берилген кыскача мүнөздөмө (чыгарылуучу продукциянын, негизги чийки заттын, негизги жана резервдик күйүүчү майлардын чыгымдалышынын баяндамасы). Мында технологиялык процессте жана ыргытылган заттардын бардык химиялык кубулууларында түзүлгөн бардык чыгарылган булгоочу заттар эске алынат;
- колдонулуп жаткан газ тазалоочу орнотмолордун кыскача мүнөздөмөлөрү, алардын техникалык абалына жана иштеринин майнаптуулугуна ири талдоо жүргүзүү;
- өнүгүү келечеги (ишкананын өндүрүмдүүлүгүндөгү, реконструкциялоодогу пландаштырылып жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар, булгоочу заттарды чыгарган өндүрүштүк булактардын жок кылынышы, технологиялык линияларды жана агрегаттарды куруу жөнүндө маалыматтар, пландаштырылып жаткан аба коргоо иш-чаралары, реконструкциялоонун, кеңейтүүнүн жана жаңы өндүрүштөрдү, цехтерди ишке киргизүүнүн мөөнөттөрү тууралуу жалпы маалыматтар);
- атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын тизмеси ушул Методиканын 3-тиркемесинин 1-таблицасына ылайык берилет.
Ушул Методиканын 3-тиркемесинин 1-таблицасынын 2-графасында булгоочу заттардын максималдуу бир жолку жана орточо суткалык, жол берилген чектеги концентрациясы (мындан ары - ЖЧК) келтирилет; ал жок болгондо таасир этүүнүн коопсуз деңгээли (мындан ары - ТЭКД) көрсөтүлөт.
Таблицанын аягында кошулуп зыяндуу таасир этүү касиетине ээ заттардын тизмеси көрсөтүлөт.
Булгоочу заттардын атмосферага чыгарылышынын сандык мүнөздөмөсү (т/жыл) ишкананын иштөө режиминин, технологиялык процесстин жана жабдуулардын, чийки заттардын мүнөздөмөлөрүнүн, отундун жана башка көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө жараша орточо жылдык маанилери боюнча келтирилет;
- авариялык жана күргүчтөтүп чыгаруулардын мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматтар ушул Методиканын 3-тиркемесинин 2-таблицасына ылайык келтирилет.
Авариялык жана күргүчтөтүп чыгаруулар болушу мүмкүн болгон шарттардын кыскача мүнөздөмөлөрү келтирилет;
- ЖЧЧнын (УМЧнын) ченемдерин эсептөө үчүн атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын булактарынын параметрлери ушул Методиканын 3-тиркемесинин 3-таблицасына ылайык берилет.
Бул учурда булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун уюштурулган да, уюштурулбаган да булактары эске алынат;
- ЖЧЧны (УМЧны) эсептөө үчүн кабыл алынган баштапкы маалыматтардын толуктугунун жана ишенимдүүлүгүнүн негиздемеси (г/с, т/ж). Баштапкы маалыматтарды алуу ыкмасы (эсептик, аспаптык) көрсөтүлөт. Атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын сынамын алуу, талдоо жана эсептөө методун регламенттеген методикалык документтердин тизмеси көрсөтүлөт.
Кооптуулугу II категориядагы ишканалар үчүн ЖЧЧ ченемдери иш жүзүндөгү чыгаруулардын деңгээлинде белгиленет;
7) атмосфераны булгоонун эсептерин жүргүзүү, ЖЧЧ жана УМЧ ченемдерине сунуштарды аныктоо.
Бөлүмдүн курамына төмөнкүлөр кирет:
- атмосфералык абага чыгарылган булгоочу заттардын таралышын автоматташтырып эсептөөдө пайдаланылган программанын аталышы;
- болгон абалдагы атмосферанын булгануу деңгээлинин эсептеринин жыйынтыктары жана келечектеги өнүгүүнү эске алуу менен талдоолор;
- райондун (шаардын) атмосфералык абасына булгоочу заттардын таралышынын шарттарын аныктоочу метеорологиялык мүнөздөмөлөр жана коэффициенттер ушул Методиканын 3-тиркемесинин 4-таблицасына ылайык берилет;
- эсептик концентрациялардын изосызыктары түшүрүлгөн кырдаалдык карта-схема;
- турак жай зонасындагы санитардык-коргоо зонасынын (мындан ары - СКЗ) чектериндеги максималдуу жерге жакынкы концентрациялар жана атмосферанын булгануу деңгээлине эң көп салым кошкон булактардын тизмеси, ушул Методиканын 3-тиркемесинин 5-таблицасына ылайык;
- ар бир булакка жана ингредиентине карата ЖЧЧ (УМЧ) ченемдери боюнча сунуштар, ушул Методиканын 3-тиркемесинин 6 жана 7-таблицаларына ылайык;
- ЖЧЧ ченемдерине жетишүү максатында атмосферага булгоочу заттардын чыгарылышын төмөндөтүүчү иш-чаралардын планы. Иш-чаралардын планы ушул Методиканын 3-тиркемесинин 8-таблицасына ылайык берилет жана ишкананын жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлөт;
- сунуш кылынган иш-чараларды ишке киргизүүнүн натыйжасында атмосферанын күтүлгөн деңгээлин аныктоо максатындагы эсептөөлөр (ЖЧЧ ченемдерине жетишүү мүмкүнчүлүктөрүнүн негиздемеси, калдыгы аз технологияларды жана пландаштырылып жаткан башка иш-чараларды пайдаланууну, анын ичинде багытын кайра өзгөртүүнү же өндүрүш көлөмүн кыскартууну эске алуу менен);
- санитардык-коргоо зоналарынын өлчөмдөрүн тактоо, шамалдардын розасын эске алуу менен (ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык жактан жиктелишине, санитардык эрежелерге жана ченемдерге ылайык жүргүзүлөт);
Мындан сырткары, санитардык-коргоо зонасына киргизилүүгө жаткан аймакта жашаган калктын саны жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт.
Ишкана жайгашкан аймакта (райондо) же ишканага жанаша аймакта коруктардын, музейлердин, архитектура эстеликтеринин ж.б. зоналары жайгашкан учурда, ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорунда бул аймак (район, шаар) үчүн атмосфера абасынын сапатына карата атайын талаптардын (эгерде ал бар болсо) эске алынгандыгын күбөлөндүрүүчү документтер (материалдар) келтирилет;
8) жагымсыз метеорологиялык шарттарда (мындан ары - ЖМШ) чыгарууларды жөнгө салуучу иш-чаралар.
"Жагымсыз метеорологиялык шарттарда (ЖМШ) чыгарууларды жөнгө салуучу иш-чаралар" бөлүмүнүн курамында төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
ЖМШ мезгилдеринде атмосфераны булгоочу заттарды чыгарууну кыскартуучу иш-чаралардын планы, ушул Методиканын 3-тиркемесинин 9-таблицасына ылайык;
ЖМШ мезгилдеринде атмосферага булгоочу заттардын чыгарылышы жөнүндө жалпыланган маалыматтар, ушул Методиканын 3-тиркемесинин 10-таблицасына ылайык;
- технологиялык жабдууларды пайдалануунун реалдуу шарттарын (технологиялардын маңызын, керектүү эсептөөлөрдү жана иш-чаралардын негиздемелерин ж.б.) эске алуу менен ар бир конкреттүү иш-чаранын кыскача мүнөздөмөлөрү;
- ар бир иш-чара боюнча чыгарууларды жөнгө салуунун мүмкүн болгон диапазондорунун негиздемелери;
ЖМШ мезгилдеринде атмосферага булгоочу заттарды чыгарууну контролго алуунун план-графиги;
9) ишканада ЖЧЧ (УМЧ) ченемдерин сактоо үчүн жүргүзүлүүчү контролдун план-графиги.
Ишканада ЖЧЧ (УМЧ) ченемдерин сактоо үчүн жүргүзүлгөн контроль төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- түздөн-түз чыгаруулардын булактарында;
- атайын тандалып алынган контролдук чекиттерде (посттордо) же айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ишкана белгилеген посттордо атмосфералык абанын иш жүзүндө булганышы боюнча;
- ишкана жайгашкан жердеги СКЗнын же турак жай зонасынын чектериндеги жерлерге кошумча.
Түздөн-түз булактардагы ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин сакталышын контролдоо боюнча бөлүмдүн курамына контролдоого жаткан заттардын тизмеси кирет, ага ушул Методиканын 3-тиркемесинин 5-таблицасында көрсөтүлгөн заттар да кирет.
Чыгаруулардын белгиленген ченемдеринин сакталышын контролдоодо пайдаланылган (колдонула турган) методикалардын тизмелери келтирилет.
Эксперименттик методдор менен чыгарылган булгоочу заттарды аныктоо максатка ылайык же мүмкүн болбогон учурда, эсептик баланс методдорун пайдалануунун негиздери, салыштырмалуу чыгаруулар ж.б. келтирилет. Ушуну менен бирге ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорунда ушул Методиканын 3-тиркемесинин 5-таблицасында көрсөтүлгөн чыгаруулардын булактарынын белгиленген ченемдеринин сакталышын контролдоо боюнча сунуштар иштелип чыгат.
Чыгаруулардын булактарында ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин сакталышын контролдоонун план-графиги ушул Методиканын 3-тиркемесинин 11-таблицасы түрүндө таризделет;
Атайын тандалып алынган контролдук чекиттердеги атмосфералык абанын иш жүзүндө булганышы боюнча ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин сакталышын контролдоо уюштурулбаган чыгаруулардын көп сандагы булактары менен кооптуулуктун 1-категориясындагы ири ишканалар үчүн сунуш кылынат. Булгоочу заттардын жер бетиндеги концентрацияларынын контролдук мааниси ушул Методиканын 3-тиркемесинин 12-таблицасы түрүндө таризделет;
10) пайдаланылган адабият булактарынын тизмеси.
Тизмеде ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорун даярдоодо пайдаланылган бардык булактардын тизмеси камтылышы керек. Булактар ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорунун текстиндеги шилтеме тартибинде жайгаштырылууга тийиш.
3. Атмосфералык абага чыгарылган булгоочу заттардын массасына жана түрдүк курамына жараша ишканалардын кооптуулук категориясын аныктоо
10. Ишканалардын кооптуулук категориясы атмосфералык абага чыгарылган булгоочу заттардын көлөмдөрүнө, атмосферага чыгарылган зыяндуу заттардын санына жана түрдүк курамына жараша аныкталат.
11. Ишкананын кооптуулук категориясы (мындан ары - ИКК) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
n - ишкана атмосфералык абага чыгарган булгоочу заттардын саны;
Mi - чыгарылган конкреттүү заттын массасы, т/жыл;
ЖЧКoci - калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы конкреттүү булгоочу заттын орточо суткалык жол берилген концентрациясынын чеги, мг/куб.м;
ai - өлчөмсүз константа.
Өлчөмсүз константанын мааниси 1-таблица боюнча аныкталат.
1-таблица
Булгоочу заттын кооптуулук классына жараша ai константасынын чоңдугу
Константа | Заттын кооптуулук классы | ||
| 1 | 2 же 3 | 4 |
ai | 1.7 | 1.0 | 0.8 |
ИКК мааниси Mi / ЖТЧcci > 1 болгон шартта эсептелет.
Mi / ЖЧКoci <= 1 болсо, ИКК мааниси эсептелбейт жана 0гө теңештирилет.
Калктуу жерлердеги атмосфералык абанын орточо суткалык жол берилген концентрациясынын чегинин маанилери болбогон учурда, калктуу жерлердин атмосфералык абасы үчүн ЖЧКнын же ТЭКДнын бир жолку эң чоң мааниси же жумуш зонасындагы абанын 10 эсе азайтылган ошол сыяктуу маанилери пайдаланылат.
Маалымдама адабияттарда калктуу жерлердин атмосфералык абасы үчүн булгоочу заттын кооптуулук классы жок болсо, жумуш зонасындагы абанын маанилери пайдаланылат, ушул эки маани тең жок болгон учурда кооптуулук классы үчүн 3 чоңдугу пайдаланылат.
Булгоочу заттын ЖЧКсы же ТЭКДсы жөнүндө маалымат жок болсо, ИККнын мааниси ошол заттын чыгарылган массасына теңештирилет, тактап айтканда ЖЧК - 1ге, ал эми кооптуулук классы - 3кө барабар деп кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 15-январындагы № 16 Мыйзамы менен ратификацияланган Озон катмарын коргоо жөнүндө Вена конвенциясынын озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколу менен жөнгө салына турган, озонду бузуучу заттар болуп саналган булгоочу заттар үчүн ЖЧК = 1 / (ОБЖ х 1000), ал эми кооптуулук классы 1ге барабар деп кабыл алынат, мында ОБЖ - заттын озонду бузуу жөндөмү, Монреаль протоколунун А, В, С тиркемелерине ылайык кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-январындагы № 11 Мыйзамы менен ратификациялаган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы (мындан ары - БУУнун КӨАК) менен жөнгө салынуучу парник газдары болуп саналган булгоочу заттар үчүн ЖЧК = 1 / ГЖП, ал эми кооптуулук классы 1ге барабар деп кабыл алынат, мында ГЖП - глобалдуу жылуулук потенциалы БУУнун КӨАК Тараптардын Конференциясынын чечимине ылайык кабыл алынат.
12. 2-таблицада ИКК чоңдугу боюнча чарбалык жана башка иш объекттеринин кооптуулук категориясы аныкталат.
2-таблица
ИККнын эсептелген чоңдугуна жараша чарбалык жана башка иш субъекттеринин кооптуулук категориялары
Чарбалык жана башка иш объекттеринин кооптуулук категориясы | ИКК мааниси |
I | ИКК >= 1000 |
II | 1000 > ИКК >= 10 |
III | ИКК < 100 |
13. ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорлорунун көлөмү жана мазмуну, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана 3-таблицада белгиленген ченемдердин сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү кооптуулуктун категориясына жараша белгиленет.
3-таблица
Отчет берүү жана чарбалык жана башка иш субъекттерин кооптуулук категориясына жараша контролдоо мезгилдүүлүгү
№ | Иштин түрлөрү | Чыгаруулар боюнча кооптуулук категориясы | ||
I | II | III | ||
1 | Атмосферага булгоочу заттарды чыгарган булактарды инвентаризациялоо (5 жылда 1 жолу) | + | + | + |
2 | ЖЧЧ ченемдерин кайра кароо (5 жылда 1 жолу) | + | + | - |
3 | 2 ТП-аба формасы боюнча статистикалык отчеттуулук (жыл сайын) | + | + | - |
4 | Атмосфералык абаны коргоо планы (5 жылда 1 жолу) | + | + | - |
5 | ЖЧЧ ченемдерин иштеп чыгуу | + | + |
|
6 | Ишти контролдоонун мезгилдүүлүгү: |
|
|
|
| жыл сайын; | + |
|
|
| 3 жылда 1 жолу; |
| + |
|
| 5 жылда 1 жолу |
|
| + |
|
| Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоорунун мазмуну жана тариздөө методикасына 1-тиркеме |
Ишканалардын кооптуулук категорияларына жараша атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин (ЖЧЧ (УМЧ) долбоорунун көлөмү жана мазмуну
№ | ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорунун түзүмүнө кирген негизги бөлүмдөрдүн тизмеги | Ишканалардын кооптуулук категориялары | |
I | II | ||
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Титулдук баракча | + | + |
2 | Аткаруучулардын тизмеси | + | + |
3 | Аннотация | + | + |
4 | Мазмуну | + | + |
5 | Ишкана жөнүндө жалпы маалыматтар |
|
|
5.1 | Ишкананын карта-схемасы | + | + |
5.2 | Ишкана жайгашкан райондун (шаардын) кырдаалдык карта-схемасы | + | + |
6 | Атмосфералык абаны булгоо булагы катары ишкананын мүнөздөмөсү |
|
|
6.1 | Атмосфералык абаны булгоо көз карашы менен өндүрүштүк технологияга жана технологиялык жабдууларга кыскача мүнөздөмө | + | + |
6.2 | Чаң-газ тазалоочу орнотмолордун кыскача мүнөздөмөсү, алардын техникалык абалына, майнаптуу ишине жүргүзүлгөн ири талдоо | + | + |
6.3 | Өнүктүрүү келечеги | + | + |
6.4 | Атмосферага чыгарылуучу булгоочу заттардын тизмеги, 3-тиркеменин 1-таблицасы | + | + |
6.5 | Авариялык жана күргүчтөтүп чыгаруулар жөнүндө маалыматтар, 3-тиркеменин 2-таблицасы | + | + |
6.6 | ЖЧЧ (УМЧ) ченемдерин эсептөө үчүн атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруу булактарынын параметрлери, 3-тиркеменин 3-таблицасы | + | + |
6.7 | ЖЧЧ (УМЧ) ченемдерин эсептөө үчүн кабыл алынган баштапкы маалыматтардын толуктугунун жана ишенимдүүлүгүнүн негиздемеси (г/с, т/жыл) | + | + |
7 | Атмосфералык абаны булгоо эсептөөлөрүн жүргүзүү жана ЖЧЧ (УМЧ) ченемдерине сунуштарды аныктоо |
|
|
7.1 | Өнүгүү келечегин эске алуу менен учурдагы абалга атмосферанын булгануу деңгээлин талдоо жана эсептөө жыйынтыктары | + | - |
7.1.1 | Райондун (шаардын) атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын таралышынын шарттарын аныктаган метеорологиялык мүнөздөмөлөр жана коэффициенттер, 3-тиркеменин 4-таблицасы | + | - |
7.1.2 | Эсептик концентрациялардын изосызыктары түшүрүлгөн райондун (шаардын) кырдаалдык карта-схемасы | + | - |
7.1.3 | Санитардык коргоо зонасынын чегиндеги, турак жай зонасындагы максималдуу жерге жакын концентрациялар, атмосфералык абанын булгануу деңгээлине эң чоң салым кошкон булактардын тизмеги, 3-тиркеменин 5-таблицасы | + | - |
7.2 | Ар бир булак жана ингредиент боюнча ЖЧЧ (УМЧ) ченемдерине карата сунуштар, 3-тиркеменин 6 жана 7-таблицасы | + | - |
7.3 | ЖЧЧ ченемдерине жетишүү максатында булгоочу заттардын атмосферага чыгарылышын азайтуу боюнча иш-чаралардын планы, 3-тиркеменин 8-таблицасы | + | - |
7.4 | Сунуш кылынган иш-чараларды ишке киргизүүнүн натыйжасында атмосфералык абаны булгоонун күтүлгөн деңгээлин аныктоо максатындагы эсептөөлөр | + | - |
7.5 | Шамалдардын розасын эске алуу менен санитардык-коргоо зонасынын өлчөмдөрүн тактоо | + | - |
8 | Жагымсыз метеорологиялык шарттарда чыгарууларды жөнгө салуу боюнча иш-чаралар, 3-тиркеменин 9 жана 10-таблицалары | + | + |
9 | ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин сакталышын контролдоонун план-графиги |
|
|
9.1 | Чыгаруулардын булактарында жана контролдук чекиттерде, 3-тиркеменин 11-таблицасы | + | + |
9.2 | Жерге жакын концентрациялардын контролдук маанилери, 3-тиркеменин 12-таблицасы | + | + |
10 | Пайдаланылган булактардын тизмеси | + | + |
Ушул тиркемеде аталган бардык бөлүмдөр ЖЧЧ (УМЧ) ченемдеринин долбоорунун курамында ушул Методикада келтирилген көлөмдө иштелип чыгат.
|
| Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоорунун мазмуну жана тариздөө методикасына 2-тиркеме |
Үлгү
|
| Макулдашылды: Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси ________________________________ (Ф.А.Ж.) ________________________________ (колу) 20__-жылдын "__" ____________ М.О. |
________________________________________________ үчүн (ишкананын, уюмдун аталышы)
жол берилген чектеги/убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоору
5 жылдык мөөнөткө __________________________ иштелип чыкты (дата)
Бекитемин: Ишкананын жетекчиси ________________________ (колу) ________________________ (Ф.А.Ж.) 20__-ж. "__" ______________ |
|
|
|
| Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин долбоорунун мазмуну жана тариздөө методикасына 3-тиркеме |
1-таблица
Атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын тизмеги
Заттардын аталышы | ЖЧК м.б.ж., ЖЧК с.о. же ТЭКД, мг/куб.м | Кооптуулук классы | Заттарды чыгаруу, т/жыл |
1 | 2 | 3 | 4 |
Кошулганда зыяндуу таасир этүү натыйжасына ээ болгон заттардын тизмеги; 1... n | |||
2-таблица
Авариялык жана күргүчтөтүп чыгаруулар боюнча маалыматтар
Өндүрүштүн (цехтин) жана чыгаруу булактарынын аталышы | Заттардын аталышы | Заттарды чыгаруулар, г/с | Мезгилдүүлүгү, жылына бир жолу | Чыгаруунун узактыгы саат, мүнөт | Күргүчтөтүп чыгаруунун жылдык чоңдугу, т | |
регламент боюнча | күргүчтөтүп чыгаруу | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
3-таблица
Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдерин (ЖЧЧ (УМЧ)) эсептөө үчүн атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгарган булактардын параметрлери
Өндүрүш | Цех | Булгоочу заттарды бөлүп чыгарган булактар | Жылдагы иш сааттарынын саны | Зыяндуу заттарды чыгарган булактардын аталышы | Чыгаруучу булактардын саны, даана | Карта-схемадагы булактын номери | ||||||
Аталышы | Саны, даана | |||||||||||
|
|
| ОА | К | ОА | К | ОА | К | ОА | К | ОА | К |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чыгаруу булагынын бийиктиги, м | Түтүктүн чыгуу тешигинин диаметри, м | Чыгаруу булагынан чыккан газ-аба аралашмасынын параметрлери | Карта-схемадагы координатор, м | ||||||||||
Ылдамдык, м/с | Бир булактын көлөмү, куб.м/с | Температура, Цельсий градусу | Чекиттик булактын, булактар тобунун борборунун же тилкелик булактын бир учунун | Тилкелик булактын экинчи учунун | |||||||||
ОА | К | ОА | К | ОА | К | ОА | К | ОА | К | Х(1) | У(1) | Х(2) | У(2) |
14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чаң-газ тазалоочу орнотмолордун жана чыгарууларды азайтуу боюнча иш-чаралардын аталыштары | Газдагы тазалоо жүргүзүлүүчү зат | Тазалоонун орточо пайдалануучулук деңгээли | Заттардын аталыштары | Чыгарылган булгоочу заттар | ||||||||
Газды тазалоо камсыздуулугунун коэффициенти, % | ОА | К | ||||||||||
ОА | К | ОА | К | ОА | К | г/с | мг/куб.м | т/жыл | г/с | мг/куб.м | т/жыл | |
28 | 29 | 30 | 31 | 32 | 33 | 34 | 35 | 36 | 37 | 38 | 39 | 40 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
1. ОА - орун алган абал (ЖЧЧны иштеп чыгуу учурундагы), К - келечек (ЖЧЧга жетишүү учурундагы).
2. Ишканалардын өнүгүү келечеги жөнүндө маалыматтар болгондо таблицанын бөлүмүнө өнүгүү этаптары боюнча кошумча графа киргизилет.
4-таблица
Атмосфералык абада булгоочу заттардын таралуу шарттарын аныктаган метеорологиялык мүнөздөмөлөр жана коэффициенттер
Мүнөздөмөлөрдүн аталыштары | Чоңдугу |
Атмосфералык абаны стратификациялоого көз каранды коэффициент, А Аймактын рельефинин коэффициенти, (х) Жылдын кыйла ысык айындагы тышкы абанын орточо максималдык температурасы, Т, Цельсий градусу Жылдын кыйла муздак айындагы тышкы абанын орточо максималдык температурасы (от жагуу графиги боюнча иштеген от казандар үчүн), Т, Цельсий градусу Орточо жылдык шамал, % С СВ В ЮВ Ю ЮЗ З СЗ Шамалдын ылдамдыгы (U(x)) (орточо көп жылдык маалыматтар боюнча), анын кайталануучулугу 5%, м/с түзөт |
|
Көрсөтүлгөн таблицаны толтурууда гидрометеорология боюнча мамлекеттик органдын расмий маалыматтары пайдаланылат.
5-таблица
Атмосферанын булгануу деңгээлине эң көп салым кошкон булактардын тизмеги
Заттын аталышы | Жерге жакын эсептелген максималдуу концентрация, мг/куб.м | Эң чоң контрацепцияга эң көп салым кошкон булактар | Булактын таандуулугу (цех, участок) | ||
турак жай зонасында | санитардык коргоо зонасынын чектеринде | карта-схемадагы булактын № | салымдын % | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
6-таблица
Орун алган абалда жана атмосферага жол берилген чектеги ченемдерге (ЖЧЧ) жетишүү мөөнөтүнө карата булгоочу заттарды атмосфералык абага чыгаруунун ченемдери
Өндүрүш, цех, участок | Чыгаруу булагынын номери | Булгоочу заттардын чыгарылыштары | ЖЧЧ | ЖЧЧга жетишүү жылы | ||||||||
20__- жылга орун алган абал | 20__ -ж. | 20__-ж. | ... | |||||||||
ж/а | жыл ичинде | ж/а | жыл ичинде | ж/а | жыл ичинде | ж/а | жыл ичинде | ж/а | жыл ичинде | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
Заттардын аталышы Уюштурулган булактар | ||||||||||||
№ 1... n булак Ишкана боюнча жыйынтыгы: | ||||||||||||
Уюштурулбаган булактар | ||||||||||||
№ 1... n цех Ишкана боюнча жыйынтыгы: Ишкана боюнча бардыгы: | ||||||||||||
Эскертүү:
1. Таблица заттар боюнча түзүлөт.
2. 5-10-графаларда ж.б. чыгарууларды азайтуу боюнча иш-чаралар ишке ашырылган жылдар көрсөтүлөт.
Ири ишканалар үчүн таблицада айрым цехтер боюнча жалпылаштырылган маалыматтарды кошумча келтирүү максатка ылайыктуу.
7-таблица
Булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышынын жана атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдеринин (ЖЧЧ (УМЧ)) жыйынды таблицасы
№ | Заттын аталышы | Булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышы | ЖЧЧ ченемдери | ||||
20__-жылга ОА | 20__-ж.-20__-ж. |
| |||||
г/сек. | жыл ичинде | г/сек. | жыл ичинде | г/сек. | жыл ичинде | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
8-таблица
Атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдерине (ЖЧЧ (УМЧ)) жетишүү максатында _________________________ (ишкананын аталышы) атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышын төмөндөтүү боюнча иш-чаралар планы
Өндүрүштүн аталышы | Ишкананын карта-схемасындагы чыгаруучу булактын № | Ишкананын аталышы | Иш-чараларды аткаруу мөөнөтү, квартал, жыл | Иш-чараларды ишке ашыруу сарптоолор, миң сом | ||
башталышы | аякташы | өздүк каражаттар | каржылоонун башка булактары | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Заттын аталышы | Чыгаруулардын чоңдугу | Подрядчы | |||
иш-чараларга чейин | иш-чаралардан кийин | ||||
г/с | жыл ичинде | г/с | жыл ичинде | ||
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
|
|
|
|
|
|
Эскертүү. Таблицанын аягында 6 жана 7-графаларда суммаланган маанилер келтирилет; таблицанын аягында 9, 10, 11 жана 12-графаларда ар бир зат боюнча өз-өзүнчө суммаланган маанилер келтирилет.
9-таблица
Жагымсыз метеорологиялык шарттардын (ЖМШ) мезгилинде атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгарууну кыскартуу боюнча иш-чаралар
Булактын иштөө графиги | Цех, участок | ЖМШ мезгилиндеги иш-чаралар | Чыгарууларды азайтуучу заттар | Азайтуучу булактардын мүнөздөмөлөрү |
Ишкананын карта-схемасынын номери | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
Чыгарууларды кыскартуу | |||||||
Булактан чыгарылып жаткандагы газ-аба аралашмасынын параметрлери жана чыгаруулар азайтылгандан кийинки чыгаруулардын мүнөздөмөсү | Иш-чаралардын майнаптуулугунун деңгээли, % | ||||||
бийиктиги, м | көлөмү, куб. м/с | диаметри, м | ылдамдыгы, м/с | температурасы, Цельсий градусу | иш-чараларды эске албастан чыгаруулардын саны, г/с | иш-чаралардан кийинки чыгаруулардын саны, г/с | |
6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
|
|
|
|
|
|
|
|
10-таблица
Жагымсыз метеорологиялык шарттардын (ЖМШ) мезгилинде булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышынын мүнөздөмөсү
Цехтин, участоктун аталышы | Чыгаруу булагынын № | Чыгаруу булагынын бийиктиги, м | Атмосфералык абага чыгаруулар | |||||||||||||
Нормалдуу метеошарттарда | ЖМШ мезгилинде | Эскертүү: булактарда контролдоо методу | ||||||||||||||
Биринчи режим | Экинчи режим | Үчүнчү режим | ||||||||||||||
г/с | т/ж | % | мг/куб.м | г/с | % | мг/куб.м | г/с | % | мг/куб.м | г/с | % | мг/куб.м |
| |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
Заттын аталышы | ||||||||||||||||
Цехтин аталышы 1... n ж.д.у.с. Ишкана боюнча бардыгы: | ||||||||||||||||
Эскертүү.
1. 6-графада бүтүндөй ишкана боюнча бардык булактардын чыгарууларынын суммасынан конкреттүү булактын (топтун) чыгаруу салымынын кандай пайызды түзгөндүгү көрсөтүлөт.
2. 9, 12 жана 15-графаларда тиешелүү түрдө үч режимге карата ар бир булак (топ) үчүн иштелип чыккан иш-чаралардын майнаптуулугу көрсөтүлөт.
11-таблица
Чыгаруу булактарында жана контролдоо чекиттеринде (посттордо) атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдерин (ЖЧЧ (УМЧ)) сактоо үчүн ишканада контролдоонун план-графиги
Карта-схемадагы булактын № | Контролдоо чекитинин № | Контролдогу өндүрүш, участок | Контролго алынуучу зат | Контролдоонун мезгилдүүлүгү | ЖЧЧ (УМЧ) чыгарууларынын ченемдери | Контроль ким тарабынан жүргүзүлөт | Контролдоо жүргүзүү методикасы | ||
нормалдуу шартта | ЖМШ мезгилинде суткасына 1 жолу | г/с | мг/куб.м | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
1. Чыгаруу булактарында 2. Контролдоо чекиттеринде (посторунда) | |||||||||
12-таблица
20__-жылдын _________ карата атмосферага жол берилген чектеги жана убактылуу макулдашылган чыгаруулардын ченемдерин (ЖЧЧ (УМЧ)) контролдоо үчүн булгоочу заттардын жерге жакын концентрациясынын контролдук маанилери
Контролдук чекит | Контролго алынуучу заттын аталышы | Шамалдын кооптуу ылдамдыгында | ||||
№ | Координаттар | Шамалдын багыты, румба боюнча | Кооптуу ылдамдык, м/с | Концентрация, мг/куб.м | ||
X | Ү | |||||
1 | 2 | 3 |
| 5 | 6 | 7 |
Эскертүү. Шамалдын кооптуу ылдамдыгынын мааниси гидрометеорология боюнча мамлекеттик органдын маалыматы боюнча алынат.