Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 465
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2016-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17 жана 31-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 26-августундагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2016-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен бирдикте:
- 2016-жылдын сентябрь-ноябрында чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укуктарынан ажырашкан эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автоунаа менен жеткирүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) аскер комиссариаттарына жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну уюштурууда көмөк көрсөтүшсүн жана чакыруу комиссияларынын ишин уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздашсын:
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автоунаа, байланыш каражаттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары менен.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын арыздарын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча райондук (шаардык) чакыруу пункттарында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтөөр алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас, Баткен жана Кадамжай шаарларындагы жыйноо пункттарын адис дарыгерлер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттуулугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |
Тиркеме
Керималиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын (чакыруу) начальниги, комиссиянын төрагасы. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Бакиров Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Калмаматов К.С | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Кадырбеков Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын оперкызматкери; |
Абакиров Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Субанов У.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Мураталиев Б.О. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Назаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Султанов М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Жандармов Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Текебаев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Абдраимов Т.О. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкаруу башкармалыгынын офицери; |
Жакеев Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Жапар улуу А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Мамбеталиев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси, улук-врач (Республикалык жыйноо пункту); |
Матазов Б.А. | - | Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын врач-урологу (Ош облустук жыйноо пункту); |
Кочкоров М.К. | - | Жалал-Абад облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун клиника-диагностикалык бөлүмүнүн врач-хирургу; |
Миталипов К.М. | - | Кадамжай шаардык ооруканасынын дарылоо-консультациялык бөлүмүнүн башчысы (Кадамжай жыйноо пункту); |
Ташматова Г.Б. | - | Балыкчы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти, өспүрүмдөр врачы (Ысык-Көл облустук жыйноо пункту); |
Жумабекова И.М. | - | Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти, өспүрүмдөр врачы (Талас облустук жыйноо пункту). |
Резерв: | ||
Абдылдаева Г.М. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Фтизиатрия улуттук борборунун амбулаториялык-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы (Республикалык жыйноо пункту); |
Шананова Г.Т. | - | Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын врач-терапевти (Ош жыйноо пункту); |
Эсенбаева Г.Б. | - | Жалал-Абад шаарынын № 2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач-терапевти (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Эргешов М.Б. | - | Кадамжай аймактык ооруканасынын директорунун орун басары (Кадамжай жыйноо пункту); |
Самакова Н.Ж. | - | Балыкчы № 2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач-терапевти (Балыкчы жыйноо пункту); |
Абдраимова Н. | - | Талас райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары, врач-терапевт (Талас облустук жыйноо пункту). |