Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-сентябры № 474
"Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык илимий-техникалык борбордун Катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы № 474 токтому менен жактырылган |
Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 243-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри 2015-жылдын 9-декабрында Астана шаарында кол койгон.
Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын жана илимий мекемелеринин илимий изилдөөлөрүн жана инновациялык иштеп чыгууларын каржылоо болуп саналат. Бул Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын окумуштууларына жана инженерлерине фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жана техникалык иштеп чыгууларды ишке ашырууга андан ары финансылык колдоо алууга, ошондой эле илим чөйрөсүндө чет өлкөлүк алдыңкы илимий институттар менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Колдонуудагы Эл аралык илимий-техникалык борборду (мындан ары - ЭИТБ) түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1995-жылдын 29-июлундагы № 135-I "Москва шаарында 1992-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борборду түзүү жөнүндө макулдашууга жана Макулдашууну убактылуу колдонуу жөнүндө протоколго кошулуу жөнүндө" токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1995-жылдын 24-августундагы № 191-I "Кыргыз Республикасынын Эл аралык илимий-техникалык борборду түзүү боюнча макулдашууга кошулуусу жөнүндө" токтому менен кошулган.
Кыргыз Республикасында ЭИТБнын активдүү иштеген жылдарында кыргыз окумуштуулары тарабынан 300дөн ашык долбоордук сунуштар даярдалган, алардын ичинен 101 долбоордук сунуш жалпы 28 млн. АКШ долларынан ашык суммада каржыланган. Каржыланган долбоорлордун илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттары болуп сейсмология жана сейсмологиялык туруктуу курулуш, бийик тоолуу шарттарда минералдык ресурстарды комплекстүү изилдөө жана өздөштүрүү көйгөйлөрү, тоо тектеринин массивдеринин жана инженердик курулмалардын туруктуулугуна мониторинг жүргүзүү, бийик тоолуу шарттардагы климат жана экология, биотехнологиялар боюнча изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар, Ысык-Көлдү комплекстүү изилдөө көйгөйлөрү, рудадан жана калдыктардан майда дисперстик алтынды алуунун микробиологиялык методу, коммуникациялар жана маалыматтык технологиялар, бийик тоолуу шарттардагы медицина көйгөйлөрү, айыл чарба жаныбарларынын жаңы арбын төлдүү тукумдарын жана өсүмдүктөрдүн жаңы жогорку түшүмдүү сортторун жаратуу багыттары саналат.
ЭИТБны каржылоочу тараптар болуп Америка Кошмо Штаттары, Япония, Европа Союзу, Норвегия Королдугу жана Корея Республикасы саналат. ЭИТБнын баардык каражаттары Кыргыз Республикасына гранттык негизде келип түшөт жана Кыргыз Республикасынан мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө талап кылынбайт.
ЭИТБнын штаб-квартирасынын Россия Федерациясынан Казакстан Республикасына көчкөндүгүнө байланыштуу жаңы Макулдашуу ратификацияланууда.
Макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт, ошондой эле финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.