Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-сентябры № 662
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын белгилөө максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөрдүн төлөнөөрү белгиленсин:
- ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянага кызматтык маянадан 50 пайызга чейинки өлчөмдөгү үстөк;
- календардык жылдын аягында - эмгек акы фондунун орточо айлык өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
- өргүүгө чыгууда - ден соолукту чыңдоого жөлөкпул эмгек акы фондунун эки айлык өлчөмүндө;
- иштин жашыруун мүнөзү жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте;
- кварталдык сыйлыктар эмгек акы фондунун орточо бир айлык өлчөмүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун директоруна жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек акы төлөө фонду боюнча каражаттар үнөмдөлгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун жетекчилигин жана кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин эки орточо эмгек акыдан ашпаган өлчөмдө сыйлоо укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом 2015-жылдын 11-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т. Сариев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналар (сом менен) |
1 | Директор | 19000 |
2 | Директордун орун басары | 18500 |
3 | Эксперт | 17000 |
4 | Финансы боюнча адис | 15000 |
5 | Кадрлар боюнча адис | 15000 |
6 | Айдоочу | 8600 |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына пайыздык үстөктөрдүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Эмгек стажы | Иштеген жылдары үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү (%) |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан өйдө | 40 |