Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-октябры № 545
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин тоо" гезити, 2008-жылдын 8-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
- онунчу абзац "Азык-түлүк коопсуздугу" деген сөздөрдөн кийин "жана тамактануу" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"калктын туура тамактануусу - калктын ар кандай тобунун туура тамактанууга болгон керектөөлөрүн алардын салт-санааларын жана экономикалык абалын эске алуу менен канааттандырууну камсыздоочу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.";
2) 3-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун максаты - тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдык ченемдерине ылайык, алардын бар экендигине, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктарына калктын жетишүүсү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле туура тамактануусу үчүн шарттарды түзүү.";
- 3-бөлүк "Азык-түлүк коопсуздугу" деген сөздөрдөн кийин "жана тамактануу" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- азык-түлүк кризиси шарттарында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында республикалык бюджеттен натыйжалуу жана жетиштүү каржылоого мүмкүндүк түзөт.";
4) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Туура тамактанууну уюштуруу системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.";
5) 8-берененин аталышындагы жана тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти