ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 553 «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 14-октябры № 553

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана өнүктүрүү, кызматкерлердин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана социалдык коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом 2016-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков