Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 565
"Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 10- жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жарым-туруктуу уюмдар жана коомдук тейлөө мекемелеринин, балдардын, анын ичинде коомдук тейлөө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү мамлекеттик минималдуу коомдук стандарттарды, жакшыртуу үчүн
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктта "Социалдык өнүгүү" деген сөздүн алдында "Эмгек жана" деген сөздөр менен толукталсын;
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары аталган токтом менен бекитилген:
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүм менен толукталсын:
"32-1. Тамак-ашка талаптар:
1) ысык тамак-ашка жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
2) физиологиялык тамак-аш ченемдерин жетиштүү сандагы балансталган тамак-аш менен камсыз кылуусу ушул токтомдун 7-тиркемесинин негизинде жүргүзүлөт;
3) социалдык стандарттын 8-тиркемесине ылайык, чыгымдардын нормаларын азык-түлүк сатып алууга мамлекеттик жана муниципалдык жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор жана балдар үчүн камсыз кылуу.";
- 1- жана 2-тиркемелерине ылайык кошумча 7- жана 8-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
"1-тиркеме
|
| Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 7-тиркеме |
|
| 2016-жылдын "__" ___________ |
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде (күндүз болуучу мекемелери, реабилитациялык борборлор) социалдык кызмат алган балдарга жана чоңдорго ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ФИЗИОЛОГИЯЛЫК ТАМАК-АШ ЧЕНЕМДЕРИ
№ | Азык-түлүктүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга Нормасы (грамм) | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоңдорго Нормасы (грамм) |
1 | Буудай наны | 150 | 150 |
2 | Кара буудай наны | 150 | 150 |
3 | Буудай уну | 100 | 100 |
4 | Акшак (макарон азыктары, күрүч, сечка, гречка, перловка, буурчак өсүмдөрү, төө буурчак) | 100 | 100 |
5 | Картөшкө | 400 | 400 |
6 | Жалпы жашылча, анын ичинде: |
|
|
7 | - кызылча | 140 | 140 |
8 | - сабиз | 80 | 80 |
9 | - капуста | 240 | 240 |
10 | - пияз | 60 | 60 |
11 | - сарымсак | 6 | 6 |
12 | Башка жашылчалар, анын ичинде: помидор, бадыраң | 200 | 200 |
13 | Жемиштер жана жаңы мөмөлөр | 140 | 140 |
14 | Кургатылган мөмөлөр | 50 | 50 |
15 | Ширелердин түрү | 200 | 200 |
16 | Печенье | 80 | 80 |
17 | Конфет | 80 | 80 |
18 | Чай | 2 | 2 |
19 | Эт | 100 | 100 |
20 | Окорочка, канаттуулар | 100 | 100 |
21 | Сүт | 200 | 200 |
22 | Жумшак быштак | 50 | 50 |
23 | Томат пастасы | 5 | 5 |
24 | Жумшак май бутербродко | 20 | 20 |
25 | Каймак | 15 | 15 |
26 | Маргарин | 10 | 10 |
27 | Майонез | 30 | 30 |
28 | Малдын майы | 2 | 2 |
29 | Сыр | 10 | 10 |
30 | Шекер | 20 | 20 |
31 | Туз | 3 | 3 |
32 | Деңиз тамак-аш, балык | 100 | 100 |
33 | Жумуртка (даана) | 1 | 1 |
34 | Өсүмдүк майы | 20 | 20 |
35 | Варенье, джем, повидло | 25 | 25 |
36 | Кофе |
| 2 |
37 | Жашылча аралашмасы | 18 | 18 |
38 | Колбаса ашы, сосиска | 100 | 100 |
39 | Соус үчүн ун | 10 |
|
40 | Ачыткы(*) |
|
|
41 | Туздалган помидор, бадыраң | 10 |
|
42 | Фарш | 100 | 100 |
Эскертүү:
- эт менен жасалуучу тамак-аш балык азыктары менен алмаштырылып турат;
- кыш мезгилинде негизинен кургатылган мөмө-жемиштер колдонулат (ширелер үчүн);
- сүт азыктары кезектелип берилет (сүт, каймак, быштак, сыр).
(*) 8 кг ун 0,020 гр ачыткы.".
"2-тиркеме
|
| Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 8-тиркеме |
|
| 2016-жылдын "__" ___________ |
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде азык-түлүк сатып алууга мамлекеттик жана муниципалдык чыгымдардын НОРМАЛАРЫ
Категориялар | Өлчөө бирдиги | Суммасы |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга | Бир күндө бир адамга | 50 сомдон 100 сомго чейин |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоңдорго | Бир күндө бир адамга | 50 сомдон 100 сомго чейин |
Эскертүү: азык-түлүк сатып алуу ченем чыгымдары (суммасы) коммерциялык эмес уюмдар жана социалдык тейлөө мекемелерине жайылтылбайт.".