Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-ноябры № 578
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 , 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пунктунун:
- а) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) аскердик каттоого турууга милдеттүү жана запаста турбаган он алты жаштан он сегиз жашка чейинки (мындан ары - чакырганга чейинкилер) жана он сегиз жаштан жыйырма беш жашка чейинки (мындан ары - чакырылуучулар) эркек жарандар;";
- б) пунктчасынын:
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөндөр;";
- он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы г) пунктчасы менен толукталсын:
"г) аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу кийинки мөөнөткө калтырылбаган жана андан бошотулбаган жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандар.";
- 5-пункттун з) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"з) төмөнкүлөрдү медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөрүүнү уюштуруу:
- тынчтык мезгилде ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка мурда жараксыз, согуш мезгилинде чектүү жарактуу деп таанылган аскерге милдеттүүлөрдү;
- ден соолугунун абалындагы өзгөрүүлөрдү билдирген аскерге милдеттүүлөрдү;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандар;
- мурда алгачкы аскердик жыйындардан өткөн жана ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалаган жыйырма беш жаштан кырк жашка чейинки аскерге милдеттүүлөрдү;
- аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу кийинки мөөнөткө калтырылбаган жана андан бошотулбаган жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандарды;";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтү узартылбаган жана андан бошотулбаган жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы эркек жарандар төмөнкүдөй категориялар менен эсепке алынат:
- издөөдө жүргөндөр;
- медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалагандар;
- медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалабагандар, запаска киргизүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү төгүмдү төлөбөгөндөр.";
- 26-пункттун а) пунктчасындагы "аскердик кызматынын узактыгы" деген сөздөр "кызматты өтөөнүн түрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Кызматты өтөөнүн түрү (каттоонун категориясы) боюнча жоокердик жана сержанттык курамдагы аскерге милдеттүүлөр биринчи жана экинчи болуп эки категорияга бөлүнөт.
Биринчи категориядагы запаска мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн, чакыруу мобилизациялык резервде кызмат өтөгөн, үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөн жана альтернативдик кызмат өтөгөн аскерге милдеттүүлөр кирет.
Экинчи категориядагы запаска аскердик кызмат өтөбөгөн, баштапкы аскердик жыйындардан өткөн, үй-бүлөлүк эмес жагдайлар боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн аскерге милдеттүүлөр кирет.";
- 29-пунктутн а) пунктчасынын экинчи абзацы "жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөндөр" деген сөздөр менен толукталсын;
- 33-пункт төмөнкүдөй мазмундагы е) жана ж) пунктчалары менен толукталсын:
"е) жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн, белгиленген тартипте берилүүчү чакырууну кийинки мөөнөткө калтырбаган же андан бошотулбаган, мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалабагандар үчүн - укук коргоо органдарынын кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө билдирүүсү, медициналык күбөлөндүрүүнүн протоколдор китебинен көчүрмө, жарандардын мобилизациялык резервдик жыйындардан өтүүнү каалабагандыгы жөнүндө арызы, 250 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү;
ж) жыйырма беш жаштагы жана андан жогору курактагы, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу кийинки мөөнөткө калтырылбаган же андан бошотулбаган, мобилизациялык резервдик жыйындардан өткөндөр үчүн - аскердик билеттер жана аскердик бөлүктөрдүн жазма буйруктары.";
- 67-пункттун биринчи абзацындагы "алардын өзүнүн турган баасынын өлчөмүн алуу менен" деген сөздөр "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |