Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты N 202
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектептик окуу жүктөмүн этабы менен кыскартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы N 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 100 күнгө Иш-чаралар планынын 51-пунктун аткаруу үчүн, жалпы билим берүүчү уюмдарда окуу жүктөмүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Окуу планын этабы менен оптималдаштыруу үчүн базистик окуу планынын (мындан ары - БОП) мамлекеттик компонентинин көрсөткүчтөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- БОПтун бекитилген мамлекеттик компонентинин негизинде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын базистик окуу планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен базистик окуу планын кыскартуунун эсебинен билим берүү системасына үнөмдөлгөн каражаттарды реинвестирлөө механизмин макулдашсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
Жалпы билим берүүчү уюмдарда окуу жүктөмүн оптималдаштыруу үчүн базистик окуу планынын мамлекеттик компонентинин КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Класстар | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | бардыгы |
2011-2012-окуу жылында колдонулган БОП (бир жумадагы сааттар) | 20 | 22 | 24 | 25 | 27 | 31 | 34 | 34 | 36 | 32 | 33 | 318 |
Жылына бардык саатар: | 660 | 748 | 816 | 850 | 918 | 1054 | 1156 | 1156 | 1224 | 1088 | 1122 | 10792 |
2012-2013-окуу жылына сунушталган БОП (бир жумадагы сааттар) | 20 | 22 | 24 | 25 | 26 | 29 | 30 | 30 | 32 | 29 | 30 | 297 |
Жылына бардык саатар: | 660 | 748 | 816 | 850 | 884 | 986 | 1020 | 1020 | 1088 | 986 | 1020 | 10078 |
2013-2014-окуу жылына сунушталган БОП (бир жумадагы сааттар) | 20 | 22 | 24 | 25 | 26 | 27 | 27 | 27 | 29 | 28 | 28 | 283 |
Жылына бардык сааттар: | 660 | 748 | 816 | 850 | 884 | 918 | 918 | 918 | 986 | 952 | 952 | 9602 |