Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 461
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманын:
- 219-пунктунун экинчи абзацында түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук нотариалдык архиви" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук нотариалдык архивин жайгаштыруу үчүн жай тапсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-октябрындагы № 669 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Республикалык нотариалдык архивин түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |