Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-ноябры № 612
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30 мартындагы №181 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү жана жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (мындан ары – Республикалык мекеме) кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 1-тиркемеге ылайык;
- Республикалык мекеменин негизги жумушчуларынын (адис усталарынын) тарифтик ставкаларынын өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык;
- Республикалык мекеменин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык;
- Республикалык мекеменин кызматкерлерине карата квалификациялык талаптар, 4-тиркемеге ылайык;
- Республикалык мекеменин кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акыларынын өлчөмдөрү, 5-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Республикалык мекеменин кызматкерлерине төмөнкүдөй кошумча акылар төлөнөт:
- эмгектин өзгөчө шарттарында иштегени (оор жумушта иштеген, зыяндуу, опурталдуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык.
2) негизги жумушчуларга (адис усталарга) иш жүзүндө аткарылган жумуштарына төмөнкүдөй өлчөмдөрдө пайыздык кошумча акылар төлөнөт:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен иштегендиги үчүн – 30 пайызга чейин;
кесиптик чеберчилиги үчүн – 10дон 25 пайызга чейин:
3-разряд -10 пайыз;
4-разряд - 15 пайыз;
5-разряд - 20 пайыз;
6-разряд - 25 пайыз;
3) өзгөчө оор жумушту аткаргандыгы үчүн кызматтык маянанын 50 пайыз өлчөмүнө чейин кошумча акы төлөнөт;
4) административдик-башкаруу персоналына өндүрүштүк план аткарылган учурда, иштин татаалдыгы, сапаты жана натыйжалары үчүн кызматкердин жеке салымын эске алуу менен кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүнө 1,1ден 2,3кө чейинки эмгекке катышуу коэффициенттери (КТУ) колдонулат;
5) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга төмөнкүдөй кошумча акылар төлөнөт:
- автомашиналардын айдоочуларына иш күнүнүн ченемделбегендиги үчүн - кызматтык маянанын 25 пайызы;
- кароолчуларга түнкү убакытта иштеген ар бир сааты үчүн -жогорулатылган өлчөмдө, сааттык тарифтик ставканын бир жарым эсе өлчөмүнөн кем эмес;
- кызматтык жана өндүрүштүк жайлардын, коомдук ажатканалардын тазалоочуларына синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн - кызматтык маянанын 25 пайызы;
- ысык электр мешинин жана бышыруучу шкафтардын жанында иштегендиги үчүн ашкана жумушчуларына - кызматтык маянанын 25 пайызы;
6) кызматкерлерге бийик тоолуу жана алыскы жерлерде иштегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук коэффициенттерге кошумчалар эсептелет.
3. Республикалык мекеменин административдик-башкаруучу персоналына эмгек өргүүгө чыгууда эмгек акынын эки айлык фондунан төмөн эмес өлчөмдө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнөөрү белгиленсин.
4. Республикалык мекеменин жетекчисине эмгек акы төлөө фондунун жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттарын эмгектин жогорку жана сапаттуу натыйжалары, өндүрүштүк план аткарылгандыгы, кесиптик жана чыгармачылык демилге көтөргөндүгү жана сарамжалдуу сунуштарды бергендиги үчүн кызматкерлерге көтөрмөлөөчү төлөмдөрдү төлөөгө жумшоого укук берилсин.
Аталган көтөрмөлөөчү төлөмдөр кызматкерлердин жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча орточо эки айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө төлөнөөрү белгиленсин.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Ушул токтом 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
өлчөмдөрү
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси | ||
1 | Директор | 13900 |
2 | Башкы инженер | 13200 |
3 | Директордун орун басары | 13100 |
4 | Башкы бухгалтер | 13000 |
5 | Өндүрүш - пландоо бөлүмүнүн начальниги | 12800 |
6 | Цехтин начальниги | 11600 |
7 | Медициналык-техникалык бөлүмдүн башчысы | 11500 |
8 | Финансылык иштер боюнча улук экономист, улук финансист | 11400 |
9 | Экономист, материалдар боюнча бухгалтер | 9800 |
10 | Кадрлар бөлүмүнүн башчысы | 9800 |
11 | Улук товар адиси | 9500 |
12 | Технолог | 9100 |
13 | Өндүрүштү модернизациялоо боюнча адис | 9100 |
14 | Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер, эмгекти ченемдөө боюнча инженер | 9000 |
15 | Механикалык цехтин мастери, гараждын башчысы | 9000 |
16 | Даяр продукция кампасынын башчысы, борбордук материалдык кампанын башчысы | 9000 |
17 | Чарба башчы | 8900 |
18 | Улук техник | 9200 |
19 | Техник, балдар техниги, психолог | 9000
|
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы | ||
1 | Директор | 11600 |
2 | Өндүрүштүн начальниги | 10600 |
3 | Улук бухгалтер | 10200 |
4 | Врач-ортопед | 8000 |
5 | Кампанын башчысы | 7600 |
6 | Техник | 7200 |
7 | Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер | 3500 (0,5 ставка) |
________________________________________________________________
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин негизги жумушчуларынын (адис усталары) тарифтик ставкаларынын өлчөмдөрү
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Разряд | Тарифтик ставка (сом менен) | |
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси | ||||
Жумуштун аткарылышына жараша төлөнүүчү негизги жумушчулар | ||||
1 | Протез жасоочу слесарь, кайышчы, бычуучу-блаковкалагыч, гипс үлгүлөрүнүн моделчиси, бандажчы, фрезерлөөчү, калып боюнча комлекттөөчү, калыптардын модельери, бычмачы, ортопедиялык бут кийимдин модельери, даярдоочу, өтүкчү, слесарь, жыгач уста, чактоо боюнча протездөөчү-слесарь. | 3-разряд | 5300 | |
4-разряд | 5600 | |||
5-разряд | 5900 | |||
6-разряд | 6600 | |||
2 | Протездөөчү-техник, кол боюнча протездөөчү, жыгач боюнча протездөөчү | 4-разряд | 6000 | |
5-разряд | 6600 | |||
6-разряд | 7200 | |||
Эмгек акыны саатына иштеп алган негизги жумушчулар | ||||
3 | Нитролактагыч, никелдегич, кургак ыкма менен жылмалагыч, протез оңдоочу - уста, буюмдарды чактоо боюнча бандаждоочу, протездерди комплекттөөчү | 4-разряд | 5000 | |
5-разряд | 5400 | |||
6-разряд | 5900 | |||
4 | Негизги өндүрүштүн окуучусу |
| 4000 | |
5 | Устаканалардагы протездик-ортопедиялык буюмдарды оңдоо боюнча протезчи уста |
| 3000 (0,5 коюм) | |
|
|
|
|
|
Эскертүү:
1. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин негизги жумушчуларына - протездик-ортопедиялык буюмдарды жана атайын, татаал бут кийим жасоо боюнча адис усталарга эмгек акы жумуштун аткарылышына жараша жана саатына иштөөчү эмгек акы боюнча төлөнөт.
2. Адис усталарга окуучуларды окутканы үчүн адис устанын тарифтик ставкасынын 30дан 50 пайызга чейинки өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
3. Адис усталарга комиссия (мекеменин буйругунун негизинде түзүлгөн) тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү квалификациялык талаптарга ылайык разряддар берилет.
________________________________________________________________
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын
өлчөмдөрү
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси | ||
Техникалык тейлөөчү персонал | ||
1 | Тапшырык столунун диспетчери | 8700 |
2 | Кассир | 8500 |
3 | Тапшырык столунун каттоочусу | 8200 |
4 | Катчы-машинечи | 7000 |
5 | Электр ширетүүчү, токарь, электрик, сантехник, жабдууну оңдоо боюнча уста, жабдууну жөнгө салгыч, желдетүү тутумун тейлөө жана оңдоо боюнча уста, жыгач уста, имаратты оңдоо боюнча жумушчу | 5400 |
6 | Ашпозчу | 5200 |
7 | Айдоочу | 5000 |
8 | Оңдоочу уста | 4000 |
9 | Байланыш боюнча механик | 3800 |
10 | Лифтер | 2000 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
1 | Кампачы | 5400 |
2 | Жүктөөчү | 5000 |
3 | Кароолчу | 4700 |
4 | Ашканадагы жумушчу | 4500 |
5 | Багбанчы, аймакты тазалоочу | 4200 |
6 | Кызматтык жана өндүрүштүк жайларды тазалоочу | 4100 |
7 | Устакана жайларын тазалоочу | 2000 |
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы | ||
Техникалык тейлөөчү персонал | ||
1 | Кассир | 6300 |
2 | Катчы-машинечи, тапшырык столунун каттоочусу | 5000 |
3 | Сантехник | 4000 |
4 | Электрик | 3000 (0,5 коюм) |
5 | Жабдууну оңдоо боюнча уста | 3000 (0,5 коюм) |
6 | Ашпозчу | 5000 |
7 | Айдоочу | 5000 (0,5 коюм) |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
1 | Кампачы | 4400 |
2 | Аймакты тазалоочу, кароолчу | 4000 |
3 | Кызматтык жана өндүрүштүк жайларды тазалоочу | 3500 |
4 | Устакана жайларын тазалоочу | 500 (0,5 коюм) |
Эскертүү: - Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары кесиптик билими, көндүмдөрдү жана ыктарды талап кылуучу иштин татаалдыгына жараша белгиленген.
________________________________________________________________
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине карата
квалификациялык талаптар
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Квалификациялык талаптар | |
1 | 2 | 3 | |
1 | Директор | Жогорку экономикалык, юридикалык, инженердик-техникалык билим жана жетектөөчү кызмат орундарында 5 жылдан ашык эмгек стажы | |
2 | Башкы инженер | Жогорку инженердик-техникалык билим жана адистиги боюнча 5 жылдан ашык эмгек стажы | |
3 | Директордун орун басары | Жогорку экономикалык, юридикалык, инженердик-техникалык билим жана жетектөөчү кызмат орундарында 5 жылдан ашык эмгек стажы | |
4 | Башкы бухгалтер | Жогорку финансы-экономикалык билим жана адистиги боюнча 5 жылдан ашык эмгек стажы | |
5 | Өндүрүш - пландоо бөлүмүнүн начальниги | Жогорку финансы-экономикалык билим жана адистиги боюнча 3 жылдан ашык эмгек стажы | |
6 | Цехтин начальниги | Жогорку же орто технологиялык, финансы-экономикалык, техникалык билим жана адистиги боюнча 3 жылдан ашык эмгек стажы | |
7 | Медициналык-техникалык бөлүмдүн башчысы, ортопед врач | Жогорку медициналык билим жана адистиги боюнча 3 жылдан ашык эмгек стажы | |
8 | Финансылык иштер боюнча улук экономист, экономист | Жогорку финансы-экономикалык билим, орто-кесиптик экономикалык билим | |
9 | Улук финансист, материалдар боюнча бухгалтер, улук бухгалтер | Жогорку финансы-экономикалык билим, орто финансы- экономикалык билим | |
10 | Кадрлар бөлүмүнүн башчысы | Жогорку билим жана адистиги боюнча 3 жылдан ашык эмгек стажы | |
11 | Өндүрүштү модернизациялоо боюнча адис | Жогорку билим, эмгек стажына талаптар коюлбайт | |
12 | Гараждын башчысы | Орто техникалык билим | |
13 | Даяр продукциянын кампасынын башчысы, материалдар кампасынын башчысы | Орто кесиптик билим, эмгек стажына талаптар коюлбайт | |
14 | Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер | Жогорку техникалык билим, эмгек стажына талаптар коюлбайт, орто-техникалык билим жана адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес эмгек стажы | |
15 | Эмгекти ченемдөө боюнча инженер | Жогорку экономикалык, финансы-экономикалык, техникалык билим, эмгек стажына талаптар коюлбайт, орто кесиптик, техникалык, экономикалык билим жана адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес эмгек стажы | |
16 | Технолог | Жогорку же орто-кесиптик билим жана адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес эмгек стажы | |
17 | Механикалык участоктун устасы | Орто кесиптик билим | |
18 | Улук техник | Орто кесиптик медициналык билим, эмгек стажына талаптар коюлбайт | |
19 | Техник, балдар техниги | Орто кесиптик медициналык билим, эмгек стажына талаптар коюлбайт | |
20 | Психолог | Жогорку атайын кесиптик билим жана адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес эмгек стажы | |
21 | Протездөөчү уста, кайышчы, бычуучу-блаковкалагыч, гипс үлгүлөрүнүн моделчиси, бандаждоочу, фрезерлөөчү, калып боюнча комлекттөөчү, калыптардын модельери, бычмачы, ортопедиялык бут кийимдин модельери, даярдоочу, өтүкчү, слесарь, жыгач уста, чактоо боюнча протездөөчү уста | 3-разряд | Ушул кесипке талап кылынуучу иштердин бардык комплексин аткаруу, мастердин тапшырмасы боюнча иштерди акыркы жыйынтыгына чыгаруу талап кылынат, белгиленген бир убакытта иштөөнүн минималдуу ченемдерин аткаруу |
22 | Протездөөчү уста, кайышчы, бычуучу-блоковкалагыч, гипс үлгүлөрүнүн моделчиси, бандажчы, фрезерлөөчү, калып боюнча комлекттөөчү, калыптардын модельери, бычмачы, ортопедиялык бут кийимдин модельери, даярдоочу, өтүкчү, слесарь, жыгач уста, чактоо боюнча протездөөчү уста, протездөөчү техник, кол боюнча протездөөчү, жыгач боюнча протездөөчү, нитролактагыч, никелдегич, кургак ыкма менен жылмалагыч, протез оңдоочу- уста, буюмдарды чактоо боюнча бандажчы, протездерди комплекттөөчү | 4-разряд | Ушул кесипке талап кылынуучу иштердин бардык комплексин аткаруу, иштерди акыркы жыйынтыгына чыгаруу талап кылынат, белгиленген бир убакытта иштөөнүн ченемдерин жогорулатуу жана чыгарылуучу продукциянын сапатын жакшыртуу менен |
23 | Протездөөчү уста, кайышчы, бычуучу-блаковкалагыч, гипс үлгүлөрүнүн модельчиси, бандажчы, фрезерлөөчү, калып боюнча комлекттөөчү, калыптардын модельери, бычмачы, ортопедиялык бут кийимдин модельери, даярдоочу, өтүкчү, слесарь, жыгач уста, чактоо боюнча протездөөчү уста, протездөөчү техник, кол боюнча протездөөчү, жыгач боюнча протездөөчү, нитролактагыч, никелдегич, кургак ыкма менен жылмалагыч, протез оңдоочу - уста, буюмдарды чактоо боюнча бандажчы, протездерди комплекттөөчү | 5-разряд | Ушул кесипке талап кылынуучу иштердин бардык комплексин аткаруу, иштерди акыркы жыйынтыгына ылдам чыгаруу талап кылынат, белгиленген бир убакытта иштөөнүн ченемдерин жогорулатуу жана чыгарылуучу продукциянын сапатын жакшыртуу менен |
24 | Протездөөчү уста, кайышчы, бычуучу-блаковкалагыч, гипс үлгүлөрүнүн модельчиси, бандажчы, фрезерлөөчү, калып боюнча комлекттөөчү, калыптардын модельери, бычмачы, ортопедиялык бут кийимдин модельери, даярдоочу, өтүкчү, слесарь, жыгач уста, чактоо боюнча протездөөчү уста, протездөөчү техник, кол боюнча протездөөчү, жыгач боюнча протездөөчү, нитролактагыч, никелдегич, кургак ыкма менен жылмалагыч, протез оңдоочу- уста, буюмдарды чактоо боюнча бандажчы, протездерди комплекттөөчү | 6-разряд | Ушул кесипке талап кылынуучу иштердин бардык комплексин аткаруу, белгиленген бир убакытта иштөөнүн ченемдерин жогорулатуу менен, буюмдардын татаалдыгынан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир адамга жеке мамиле кылып, чыгарылуучу продукцияны өркүндөтүү жана сапатын жакшыртуу менен |
25 | Негизги өндүрүштүн окуучусу | Окутуу мөөнөтүнө активдүү катышуу жана ушул кесипке талап кылынуучу 3-разряддагы (минимум) квалификацияга ээ болуу | |
26 | Устаканалардагы протездик-ортопедиялык буюмдарды оңдоочу протезчи слесарь | Протездерди жана ортопедиялык бут кийимди анча оор эмес оңдоо боюнча иштердин комплексин аткаруу | |
________________________________________________________________
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акыларынын өлчөмдөрү
№ | Эмгек стажы | Пайыздык кошумча акынын өлчөмдөрү (%) |
1 | Бирден үч жылга чейин | 5 |
2 | Үчтөн беш жылга чейин | 10 |
3 | Бештен он жылга чейин | 15 |
4 | Ондон он беш жылга чейин | 20 |
5 | Он бештен жыйырма жылга чейин | 25 |
6 | Жыйырмадан жыйырма беш жылга чейин | 30 |
7 | Жыйырма беш жылдан жогору | 40 |
Эскертүү:
1. Иштеген жылдары үчүн кошумча акы башка үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү эсепке албастан кызматтык маянага кошулат.
2. Иштеген жылдарына ар айлык кошумча акы төлөө үчүн эмгек стажы эмгектик стажын аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Эмгек стажын аныктоо боюнча комиссиянын курамы мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
3. Эмгек стажын аныктоо боюнча комиссия квалификациялуу кадрларды тартуу максатында өзгөчө учурларда иштеген жылдары үчүн кошумча акы эсептөө үчүн кесиби боюнча иштеген мезгилин эмгек стажына кошуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
4. Иштеген жылдары үчүн кошумча акы ай сайын, дифференциялоо менен, ушул үстөктү алууга укук берүүчү эмгек стажына жараша төлөнөт.
________________________________________________________________