Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-сентябры № 477
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдар долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдар долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 477 токтому менен жактырылган
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары - мыйзам долбоору) боюнча.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында байытылган нан унуна карата техникалык регламенттин (техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин ченемдик укуктук актылардын жана стандарттардын) талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзө тургандыгын белгилөө сунушталган. Кайсы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө сөз болуп жатканын тактоо зарыл. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесине ылайык аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткарышына көзөмөлдүктү прокуратура органдары жүргүзө тургандыгына көңүл бурабыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"Жогорку жана биринчи сорттогу импорттолгон ун техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.".
Бул сунуш, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 569 токтому менен бекитилген "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент 2013-жылдын 17-февралында күчүнө киргендигинен улам келип чыгууда. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 184 токтому менен "Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент бекитилген.
"Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент 2013-жылдын 17-февралында күчүнө киргендигине байланыштуу, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"- 5-бөлүк алып салынсын.",
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча.
Астана шаарында 2002-жылдын 20-сентябрында кол коюлган жана 2003-жылдын 13-декабрындагы № 231 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Евразиялык экономикалык коомчулуктун тышкы экономикалык ишинин жалпы товардык номенклатурасы жөнүндө макулдашууга ылайык, тышкы экономикалык ишти тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жүргүзүү, статистикалык эсепке алууну жана статистикалык маалымат алмашууну өркүндөтүү үчүн Кыргызстан Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы катары (мындан ары - ТЭИ ТН), эл аралык классификаторлорго - Дүйнөлүк бажы уюмунун товарларды сыпаттоонун жана коддоонун эриш-аркак системасына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына негизделген Россия Федерациясынын тышкы экономикалык ишинин он цифралуу товардык номенклатурасын кабыл алууну макул тапты.
Бул Макулдашууга ылайык Евразиялык экономикалык коомчулуктун ТЭИ ТНин жүргүзүүнү Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы алып барат, анын ичинде:
- Евразиялык экономикалык коомчулуктун ТЭИ ТНын эл аралык негизге ылайык келтирет;
- Евразиялык экономикалык коомчулуктун ТЭИ ТНына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө чечимди Евразиялык экономикалык коомчулукка катышкан мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын сунуштарынын негизинде караштырат жана кабыл алат.
Аталган Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 460 токтому менен Кыргызстанда 2008-жылдын 1-январынан тартып, КМШ ТЭИ ТНын негизинде, Евразиялык экономикалык коомчулуктун жалпы ТЭИ ТНы колдонууга киргизилген.
ЕврАзЭСтин жалпы ТЭИ ТНне өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө чечим Евразиялык экономикалык коомчулуктун мүчө мамлекеттеринин бажы кызматтары берген сунуштардын негизинде ЕврАзЭСтин ТЭИ ТН жооптуу алып баруучу Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы тарабынан кабыл алынышы керек.
Ошондой эле, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуу маселеси боюнча Жумушчу топтун 6-отурумунда Кыргызстанга 2014-жылдын 1-январынан тартып Бажы союзунун ТЭИ ТНына өтүү сунушталгандыгы жөнүндө маалымдайбыз. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул багытта иш жүргүзүп жатат.
Мындан тышкары, ТЭИ ТНына өзгөртүүлөр киргизүү, анда байытылган унду өзүнчө код менен бөлүп көрсөтүү жогоруда аталган мыйзам долбоорунун максаттарына жетишүүгө көмөк бербейт. Мыйзам долбоорлоруна карата негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөндөй, ундун 95% Кыргызстанга Казакстан Республикасынан импорттолот, аны менен эркин (алымсыз) соода жүргүзүү колдонулат. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында байытылбаган унду алып келүү үчүн коюлган алымдар Казакстандан алып келинген унга карата колдонулбайт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү максатка ылайыктуу эмес деп эсептейбиз.
"Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча (мындан ары - мыйзам долбоору).
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө байытылбаган унду саламаттык сактоо, социалдык коргоо, билим берүү уюмдарына жана башка мекемелерге бергендиги үчүн, ошондой эле байытылган унду сатуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө каралган.
Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда каралган түзөтүүлөргө ылайык жогорку жана биринчи сорттогу нан уну гана милдеттүү түрдө байытылат. Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин аталган бөлүгүнүн үчүнчү абзацында белгиленген айып салуу кайсы субъекттер үчүн белгиленгендигин аныктоону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын алып салууну сунуштайбыз, анткени мамлекеттик көзөмөл жаатындагы ченемдик укуктук актыларга ылайык ун тартуучу өнөр жай объекттери орто же бир аз гана даражадагы коркунучтуу объекттерге кирет, алар 3-5-жылда 1 жолу гана текшерилет.
Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мындай ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимдин негизинде гана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын администрациялык комиссиялары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди караштырууга укугу бар экендиги белгиленген. Буга байланыштуу Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 506-беренесине ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер шаардык, райондук мамлекеттик уюмдардын администрациялык комиссиялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан да караштырыла тургандыгын белгилейбиз. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгү боюнча жана "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү боюнча "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүдө жана анын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп таанууда анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, главаларынын, беренелеринин (пункттарынын) номерлерин өзгөртүүгө жол берилбейт.