Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 14-августундагы № 469
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-декабры № 712
Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |