Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 14-августундагы № 469
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 712 токтому менен бекитилген |
Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга шайкештикти баалоо иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктар берилет:
- Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө болбогон өлкөлөрдөн алынган шайкештикти баалоонун натыйжаларын таануу боюнча;
- техникалык регламенттердин талаптарына.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Ыйгарым укук алууга талапкер болгон шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдын: Кыргыз Республикасында жайгашкан юридикалык жак статусу; ыйгарым укук берүү жааты менен чектеш багытта аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестаты; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жоопкерчилиги болуш керек.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга карата талаптар
4. ЕАЭБге мүчө болбогон өлкөлөрдөн алынган шайкештикти баалоо жыйынтыктарын таануу боюнча ыйгарым укук алууга талапкер болгон шайкештикти баалоочу (ырастоочу) орган төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
1) сертификациялоо боюнча орган:
- ыйгарым укуктуу тармакта ишти жүзөгө ашыруу үчүн сертификацияланган эксперттердин болушу;
- көз карандысыз болушу жана сертификациялоого арыз берүүчү менен түз жана кыйыр байланыштын болбошу;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Сертификациялоо боюнча орган өзүнүн ишинде мамлекеттик көзөмөлдүн (контролдун) функцияларын айкалыштырбашы керек, ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдүн (контролдун) ишине тартылган персоналдын сертификациялоо процессине катышуусуна жол бербеши керек;
2) сыноо лабораториясы:
- сыноолордун жыйынтыгына кызыкдар тараптарга көз каранды болбошу;
- иштин ыйгарым укуктар берилүүчү тармагында ченөөлөрдү туура жүргүзүү үчүн зарыл болгон сыноо жана ченөө жабдууларына жана приборлоруна ээ болушу;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
4-1. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укук алууга талапкер болгон шайкештикти баалоочу (ырастоочу) орган төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо жана/же сертификат берүү боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алууга талапкер болгон сертификат берүүчү органда (уюмда) төмөнкүлөр болууга тийиш:
- туруктуу негизде иштөөчү ыйгарым укук берилген жаатта иш жүргүзүү үчүн органдын штатында экиден кем эмес сертификаттуу эксперттердин болушу;
- көз карандысыз жана калыс болууга, сертификат алууга билдирме бергендер менен түз же кыйыр байланышта болбоого;
- ыйгарым укук берилген жаатта иш жүргүзүү боюнча документтештирилген техникалык жол-жоболор, сапат боюнча колдонмо жана алар менен байланышкан жол-жоболордун болушу;
- иштөөчү жайлардын болушу, ыйгарым укуктуу жаатта ишин жүзөгө ашыруу үчүн аккредиттелген сыноо лабораторияларында сертификатталган сыноолорду жүргүзүүнү камсыздоо;
- купуялуулукту камсыз кылуу жана коммерциялык жана кесиптик сырларды сактоо.
Сертификат берүү жана/же шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алууга талапкер орган өз ишинде мамлекеттик (контролдоо) көзөмөлдөө функциясын айкалыштырбоого тийиш.
Сертификат берүү жана/же декларацияларды каттоо боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алууга талапкер орган 2 жылдан ашпаган мөөнөткө ыйгарым укук алат;
2) ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде каралган шайкештикти баалоонун башка чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алууга талапкер органда:
- туруктуу негизде иштөөчү ыйгарым укуктуу жаатта иш жүргүзүү үчүн штатында экиден кем эмес сертификатталган эксперттин болушу керек;
- техникалык жактан компетенттүү жана көз карандысыз болушу, кызмат көрсөтүлүп жаткан билдирме ээлери менен түз же кыйыр байланышта болбоого;
- ыйгарым укук берилген жаатта иш жүргүзүү боюнча документтештирилген техникалык жол-жоболор, сапат боюнча колдонмо жана алар менен байланышкан жол-жоболор болууга;
- ыйгарым укуктуу жаатта иш жүргүзүү үчүн иштөөчү жайлар, жабдуулар (зарыл болгон учурда белгиленген тартипте ишенимдүү/калибрленген) болууга;
3) иштин регламенттелген чөйрөсүндө ыйгарым укук алууга талапкер болгон сыноо лабораториясы төмөнкүдөй болууга тийиш:
- техникалык жактан компетенттүү жана көз карандысыз болууга, кызмат көрсөтүлүп жаткан билдирме ээлери менен түз же кыйыр байланышта болбоого;
- туруктуу негизде иштөөчү ыйгарым укуктуу жаатта жогорку техникалык билими бар экиден кем эмес кызматкердин штатта болуусу;
- ыйгарым укук берилген жаатта иш жүргүзүү боюнча документтештирилген техникалык жол-жоболор, сапат боюнча колдонмо жана алар менен байланышкан жол-жоболор болууга.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүүнүн жол-жобосу
5. ЕАЭБге мүчө болбогон өлкөдөн алынган шайкештикти баалоо жыйынтыктарын таануу боюнча ыйгарым укуктарды алууга талапкер болгон шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча орган ыйгарым укук алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй тиешелүү документтерди берет:
1) сертификациялоо боюнча орган:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирмени;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты;
- ыйгарым укуктарды берүү тармагында зарыл болгон сыноолорду жүргүзүү үчүн сыноо лабораториялары менен кызматташуу жөнүндө келишимдердин тизмесин;
- уюмдун уюштуруу документтеринин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн;
- аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсүн;
2) сыноо лабораториялары:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирмени;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты;
- уюмдун уюштуруу документтеринин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн;
- аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
5-1. Техникалык регламенттердин талаптарын аткаруу боюнча ыйгарым укук алууга талапкер болгон шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча орган ыйгарым укуктарды алуу жол-жоболорунан өтүү үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй тиешелүү документтерди берет:
1) сертификаттоо жана/же шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алуу үчүн:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирмени;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты;
- сертификатталган сыноолорду жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу же аккредитацияланган сыноо лабораториялары менен келишимдердин тизмесин (продукцияны сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү учурунда);
- юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана уюмдун уюштуруучу документтеринин көчүрмөлөрүн;
- жеке маалыматтарынын (адистер жөнүндө маалымат) тизмесин, тиешелүү жаатта базалык билимин ырастоочу дипломдорунун, компетенттүүлүк сертификаттарынын жана ишке орношкондугун ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү менен;
- аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсү;
2) ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде каралган шайкештикти баалоонун башка чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү берет:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирмени;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты;
- юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана уюмдун уюштуруучу документтеринин көчүрмөсүн;
- жеке маалыматтарынын (адистер жөнүндө маалымат) тизмесин, тиешелүү жаатта базалык билимин ырастоочу дипломдорунун, компетенттүүлүк сертификаттарынын жана ишке орношкондугун ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү менен;
- аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсүн;
3) иштин регламенттелүүчү чөйрөсүндө ыйгарым укук алууга талапкер сыноо лабораториясы ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү берет:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирмени;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты;
- уюмдун уюштуруу документтеринин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн;
- жеке маалыматтарынын (адистер жөнүндө маалымат) тизмесин, тиешелүү жаатта базалык билимин ырастоочу дипломдорунун жана ишке орношкондугун ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү менен;
- ишенимдүү/калибрлөө жөнүндө күбөлүктөрү менен (зарыл болгон учурда) сыноо жабдуулары менен жабдылгандыгы жөнүндө маалыматты;
- өндүрүш жайларынын абалы жөнүндө маалыматты (зарыл болгон учурда);
- аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан эксперттик комиссия түзүлөт.
Эксперттик комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
7. Эксперттик комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, аккредитациялоо, стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын өкүлдөрү, иштин билдирилген тармагындагы эксперттер киргизилет. Эксперттик комиссиянын төрагасы ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынан дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Эксперттик комиссиянын төрагасы эксперттик комиссиянын ишин жетектейт, эксперттик комиссиянын жыйындарын даярдайт жана өткөрөт.
9. Эксперттик комиссия:
- шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдардын документтеринин ушул Жобонун 4 жана 5-пункттарынын талаптарына шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
- шайкештикти баалоонун натыйжаларын таануу боюнча ыйгарым укук алууга талапкер орган үчүн - аккредитациялоо боюнча улуттук орган менен ыйгарым укук берүү жааты макулдашат;
- шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдын өндүрүштүк жайларынын абалын жана тийиштүү шарттарды, ошондой эле техникалык жактан жабдылышын жана персоналдын квалификациясын түздөн-түз жерине барып баалайт (мындан ары - жеринде баалоо).
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Документтердин экспертизасы терс жыйынтыкка ээ болсо, эксперттик комиссия документтерди кайрадан иштеп чыгууга жөнөтөт. Документтерге экспертиза жүргүзүүдө терс жыйынтыкка ээ деп таанылган критерийлерге төмөнкүлөр кирет:
- ыйгарым укук берүүгө билдирмени туура эмес тариздөө;
- шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдын ушул Жобонун 4 жана 5-пункттарынын талаптарына шайкеш келбегендиги.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Документтерге экспертиза жүргүзүүнүн жана жеринде баалоонун мөөнөтү документтерди алган күндөн тартып 10дон көп эмес жумуш күндү түзөт.
12. Шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдын документтерге экспертиза жүргүзүүсүнүн жана жеринде баалоосунун жыйынтыгы боюнча эксперттик комиссия ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык формада корутундуну тариздейт жана ыйгарым укуктуу органга берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Эксперттик комиссиянын оң корутундусунда ыйгарым укуктуу орган шайкештикти баалоо боюнча иш жүргүзүү үчүн, ошондой эле ЕАЭБге мүчө болбогон өлкөлөрдөн алынган шайкештикти баалоонун жыйынтыктарын таануу боюнча иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органга ыйгарым укук берүү жөнүндө буйрук (мындан ары - ыйгарым укук берүү жөнүндө буйрук) чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Эксперттик комиссиянын терс корутундусунда ыйгарым укуктуу орган корутунду чыккан күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен кабыл алынган чечим жөнүндө укукту берүүдөн баш тартууну толук негиздөө менен билдирүүчүгө жазуу жүзүндө маалымдайт.
15. Ыйгарым укуктуу орган шайкештикти баалоо боюнча иш жүргүзүү үчүн, ошондой эле ЕАЭБге мүчө болбогон өлкөлөрдөн алынган шайкештикти баалоонун жыйынтыктарын таануу боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органга (мындан ары - шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган) ыйгарым укук берүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө кабарлоо
16. Ыйгарым укуктуу орган расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жарыялайт.
5. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын ишин билдирилген тармакта токтотуу
17. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын ишин билдирилген тармакта токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- ыйгарым укуктуу органга тийиштүү билдирмени берүүдө;
- аккредитациялоо боюнча улуттук органдын аккредитациялоо аттестатын суратып алууда.
18. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын ишин билдирилген тармакта токтотуу үчүн ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйрукту жокко чыгарат.
19. Мында ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйрукту жокко чыгаргандыгы тууралуу чечим кабыл алган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө өзүнүн чечими жөнүндө шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө билдирет.
20. Ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу орган жалпыга маалымдоо каражаттарына жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жарыялайт.
|
| Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
БИЛДИРМЕ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
______________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы, дареги, тел., факс)
иш жүргүзүү боюнча органга ыйгарым укуктарды берүүнү суранат
______________________________________________________________________________________
(иш тармагынын аталышы)
Тиркеме:
билдирилген тармактагы иш үчүн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобого ылайык ыйгарым укуктарды алуу үчүн берилген документтердин комплекти.
Жетекчи | ____________________ | __________________________________ |
М.О. | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| "Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Макулдашылды |
|
| Билдирүүчү органдын жетекчиси |
|
| __________________________________ |
|
|
|
Ыйгарым укуктарды берүү тармагы _______________________________________________________________ (шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдын аталышы)
№ | Продукциянын түрлөрүнүн аталышы | ЕАЭБдин ТЭИ ТН | Продукциянын конкреттүү көрсөткүчтөрү (мүнөздөмөлөрү) | Көрсөткүчтөрдү (мүнөздөмөлөрдү) белгилөөчү техникалык регламенттеги же ченемдик документтеги белгилер жана пункттар | Сыноо методдорун белгилеген стандартташтыруу боюнча техникалык регламентти же документтерди белгилөө |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Жетекчи: | __________________________ | __________________________________ |
М.О. | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Макулдашылды |
|
| Билдирүүчү органдын жетекчиси |
|
| ____________________________________ |
Ыйгарым укуктарды берүү тармагы ___________________________________________________________________ (шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдын аталышы)
№ | Продукциянын аталышы | Изилдөөлөрдүн түрлөрүнүн аталыштары | Изилдөө методдоруна документтерди/нускамаларды белгилөө | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Жетекчи: | ________________________ | ___________________________________ |
М.О. | (колу) | (аты-жөнү)". |
|
| Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобонун 4-тиркемеcи |
Форма
Эксперттик комиссиянын КОРУТУНДУСУ
_______________________________________________________________________________________
(иштин түрү (түрлөрү)),
жүргүзүү укугуна талапкер болгон __________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
_______________________________________________________________________________________,
документтерди экспертизалоонун жана шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдын өндүрүштүк жайларынын абалын жана тийиштүү шарттарды, ошондой эле техникалык жактан жабдылышын жана персоналдын квалификациясын түздөн-түз жеринде баалоонун негизинде төмөнкүдөй корутунду чыгарылды:
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
Төрага: | _____________________ колу | _____________________________________ (аты-жөнү) |
Эксперттик комиссиянын мүчөлөрү: | _____________________ колу | _____________________________________ (аты-жөнү) |
| _____________________ колу | _____________________________________ (аты-жөнү) |
| _____________________ колу | _____________________________________ (аты-жөнү) |
| Датасы 201__-ж. ______________ | |