Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-декабры № 716
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Мавлянова демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 716 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоорунда Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун (мындан ары - ЭДЧФ) эсебине түшкөн (0,25% өлчөмүндө) каражаттарды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММКФ) каражаттарын 0,25 пайызга көбөйтүү аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды кармоого жана сатып алууга кайра багыттоо каралууда.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун, майыптыгынын, карыгандыгынын, баккан адамынан айрылгандыгынын жана каза болгондугунун натыйжасында камсыздандырылган адамдар өздөрүнүн иштеп тапканын же кирешесин жоготкон учурда жумуш берүүчүлөр менен жарандардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен камсыздоонун мамлекет тарабынан кепилденген түрлөрүнүн системасы болуп эсептелет.
Камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоо милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун бир түрү болуп эсептелет. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттары ушул максаттарга багытталат.
Бирок мыйзамдын долбоорунда болжолдонгон ченемдер камсыздандыруу төгүмдөрүнүн максаттуу багытынын бузулушуна алып келет жана социалдык камсыздандыруунун маңызына каршы келет.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоону уюштуруу боюнча каржылоонун альтернативдүү булактарын карап чыгуу зарыл. Бирок 2016-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө жана орто мөөнөттүү перспективада эмгекчилердин ден соолугун чыңдоого каражат каралган эмес.
Мында саламаттык сактоо чыгымдары жылдан жылга өсүү тенденциясына ээ. Мисалы, чыгымдардын өсүшү 2015-жылы 107,1 пайыз инфляциянын деңгээлинде 121,4 пайызды түздү. 2016-жылы саламаттык сактоо чыгымдарын мамлекеттик бюджеттен каржылоонун көлөмү 14570,5 млн. сомду түзөт. Бюджеттик каражаттардан сырткары 2016-жылы 1820,0 млн. сом суммасындагы ММКФ каражаттары дагы саламаттык сактоого жумшалат. Жалпысынан саламаттык сактоого чыгымдар 2016-жылы 16390,5 млн. сомду түзөт.
Ушуга байланыштуу финансылык ресурстарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун карамагындагы каражаттардын алкагында саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык жабдууларды сатып алуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мындан сырткары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик ишин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасири талданууга жана коомдук талкуудан өтүүгө тийиш, анын жыйынтыктары негиздеме-маалымкатта чагылдырылышы керек. Жөнгө салуучу таасирин талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлөт жана камсыздалат.
Иштеп чыгуучу тарабынан жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде даярдалган негиздеме берилбесе, ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.