Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-августу № 427
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Караңыз:
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 23-июлу, № 61) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
- он алтынчы абзац "консулдук кызмат орундарды ээлеген" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле дипломатиялык кызмат органдарында административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"акчалай камсыздоо - ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЧУИ жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматчыларына акчалай төлөмдөр;";
- берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери - ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЧУИ жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматчылары;
дипломатиялык кызматтын кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрү - жубайы, он сегиз жашка чыга элек балдары, ошондой эле дипломатиялык кызматтын кызматкери болгон ата-эненин же ата-эненин биринин багуусундагы бул курактан жогорку жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматчылары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде техникалык жумуштарды аткаруу/кызматтарды көрсөтүү үчүн эмгек келишиминин/контракттын негизинде Кыргыз Республикасынын жана/же чет мамлекеттердин жарандарынын ичинен келген мамлекеттеги чет өлкөдөгү мекеме тарабынан жалдануучу кызматчылар.";
2) 11-беренеде:
- аталышындагы "жана дипломатиялык кызмат органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-бөлүктөгү "жана мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-бөлүктөгү "алууга акчалай каражаттарды берүү тартиби" деген сөздөр "алуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 13-берененин 2-бөлүгүндө:
- 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери;
2) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген, өз каалоосу менен иштен бошотулган же дипломатиялык кызмат органдарынан Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына которулган дипломатиялык кызматтын мурунку кызматкерлери;";
- 3, 5, 6 жана 10-пункттардагы "жана мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пункттагы "дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункт "2 жылдан кем эмес" деген сөздөрдөн кийин "үзгүлтүксүз" деген сөз менен толукталсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө бош кызмат ордун ээлөөгө өткөн конкурстун жыйынтыгы боюнча өтүү баллын алган, бирок бош кызмат ордуна дайындоого сунушталбаган Кыргыз Республикасынын жарандары;";
4) 14-беренеде:
- 1-бөлүктүн төртүнчү абзацы "жаш адистерди тартуунун зарылчылыгын эске алуу менен," деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле кадрлар резервинен же башка мамлекеттик органдардан которуу тартибинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-бөлүктөгү "органдын түзүмүн бекитүүгө жана өзгөртүүгө, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр "дипломатиялык кызмат органдарынын түзүмүн бекитүүгө жана өзгөртүүгө, ошондой эле" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЧУИ жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкери Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин, эгерде анын ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда каралган тартиптик жаза чарасы жок болсо, ЧУИ кеткенге чейин ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес кызмат ордуна дайындалышы керек.
Ылайыктуу бош орун жок болгон учурда Кыргыз Республикасына ЧУИ кайтып келген кызматкер ЧУИ кеткенге чейинки ээлеген кызмат ордунан төмөн кызмат ордуна, бирок бир баскычтан төмөн эмес жана өзүнүн макулдугу менен гана дайындалышы мүмкүн.";
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Чет өлкөдөгү мекемедеги дипломатиялык кызматтын кызматкери ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө же ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган башка мөөнөттө ЧУИ Кыргыз Республикасына кайтып келиши жана ыйгарым укуктуу органга келиши керек.
Эгерде чет өлкөдөгү мекемедеги дипломатиялык кызматтын кызматкери ЧУИ Кыргыз Республикасына белгиленген мөөнөттө кайтып келбесе, ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык ишке орноштуруу боюнча милдеттенме өз күчүн жоготот.";
5) 15-беренеде:
- аталышындагы ", убактылуу айкалыштыруу" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-бөлүктө:
биринчи абзацтагы ", убактылуу айкалыштыруу" деген сөздөр алып салынсын;
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысынын кызмат орду бош болгон учурда же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысы белгилүү бир жагдайларга байланыштуу өз функцияларын аткара албаса, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысынын убактылуу милдетин аткаруучуну анын улук кызмат адамдарынын ичинен дайындайт.";
- 3-бөлүк жана 4-бөлүктүн биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 16-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "жана мамлекеттик кызматчыларды" жана "жана мамлекеттик кызматчылардын" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-бөлүктүн биринчи абзацындагы "Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары," деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү ", мамлекеттик кызматчы" деген сөздөр "(ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө финансылык иштин маселелерин тейлеген мамлекеттик кызматчылардан тышкары)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктөгү ", мамлекеттик кызматчылардын" деген сөздөр "(ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө финансылык иштин маселелерин тейлеген мамлекеттик кызматчылардан тышкары)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин, анын ичинде Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ЧУИ жиберилген кызматкерлеринин ЧУИ мөөнөтү - 3 жыл.";
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көрсөтүлгөн мөөнөт кызматтык зарылдыкка байланыштуу аттестациялык-конкурстук комиссиянын сунуштамасы боюнча жана дипломатиялык кызматтын кызматкеринин макулдугу менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок бир жылдан ашык эмес убакытка.";
- 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. ЧУИ мөөнөтүнө дипломатиялык кызматтын кызматкеринин, анын ичинде Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнөн иш сапарга жиберилген кызматкердин Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде болгон жалпы үзгүлтүксүз мөөнөтү келген мамлекетине жана ээлеген кызмат ордуна карабастан, ЧУИ келген датадан тартып кошулат.";
- 7-бөлүктүн биринчи абзацында:
"же мамлекеттик кызматчынын" деген сөздөр алып салынсын;
"7" деген цифра "8" деген цифра менен алмаштырылсын;
- 8-бөлүктөгү "Ыйгарым укуктуу органдан которуу тартибинде" жана "жана мамлекеттик кызматчы" деген сөздөр алып салынсын;
7) 17-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "жана дипломатиялык кызмат органдарында административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик кызматкерлерди" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин аттестациялоо аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан ишке ашырылат.";
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Аттестациялык-конкурстук комиссиянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен бекитилген Аттестациялык-конкурстук комиссия жөнүндө жобо менен аныкталат.";
8) 18-беренеде:
- 1-бөлүктө:
биринчи абзацтагы "Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери же ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацта:
биринчи сүйлөмдөгү "Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери же ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмдөгү "жана мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-бөлүктөгү "же мамлекеттик кызматчы" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүктөгү "жана мамлекеттик кызматчылардын" деген сөздөр алып салынсын;
9) 19-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине ээлеген кызмат орундарын эске алуу менен" деген сөздөр "Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "Мамлекеттик кызматчыларга" деген сөздөр "Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 21-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери үчүн ар бир дипломатиялык рангда болуунун мөөнөтү төмөнкүлөрдөн кем эмес мөөнөттү түзөт:";
- 2-бөлүк "Дипломатиялык" деген сөздөн кийин "жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык" деген сөздөр менен толукталсын;
11) 22-беренеде:
- 1-бөлүктө:
"Дипломатиялык" деген сөздөн кийин "жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык" деген сөздөр менен толукталсын;
"кезексиз ранг" деген сөздөрдөн кийин ", бирок бир баскычтан кийинкиден жогору эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктө:
биринчи абзац "Дипломатиялык" деген сөздөн кийин "жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацтагы "Дипломатиялык кызматтын кызматкерин" деген сөздөр "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүк "дипломатиялык" деген сөздөн кийин "жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-бөлүктө:
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын" деген сөздөр "дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 27-беренеде:
- 1-бөлүктө:
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ЧУИ мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу;";
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) иштен бошотуу.";
- 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 29-берененин 13-бөлүгүндөгү "ЧУИ кайтуусу боюнча аларга төлөнүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
14) 30-берененин 5-бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 31-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчыларынын" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчыларынын" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктөгү "Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерине жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчыларына" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 34-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар.";
- 2-бөлүктөгү "дипломатиялык же консулдук кызмат ордуна" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
- 1-бөлүктүн г) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан узак мөөнөттүү чет өлкөлүк иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин жана кызматчыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен келген мамлекетинде жалданып иштеген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматчыларынын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн - 15,25 пайыз өлчөмүндө. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан узак мөөнөттүү чет өлкөлүк иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин дипломатиялык кызматынын кызматкерлери жана кызматчылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен келген мамлекетинде жалданып иштеген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматчылары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Фонддор боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүштүрүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
- 2-бөлүктүн в) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан узак мөөнөттүү чет өлкөлүк иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине жана кызматчыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен келген мамлекетинде жалданып иштеген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматчыларына - ушул пунктун "а", "а-1" жана "б" пунктчаларына ылайык.
Ушул пунктчада аталган кызматкерлердин жана кызматчылардын камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын резиденти |
|
|