Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 356 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 35 токтому менен бекитилген |
Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди (мындан ары - спорттук бирикме) аккредитациялоодон өткөрүүнүн, ошондой эле аккредитациялоо жөнүндө аттестат (мындан ары - аттестат) берүү, аттестаттын жарактуулугун токтото туруу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуунун тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
спорттун түрү - спорттун курамдык бөлүгү, анын негизин спортчулардын эң жогорку спорттук көрсөткүчтөргө жетишүүсү максатында ар дайым машыгуулары жана мелдештерге катышуулары түзөт;
Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясы - спорттук разряддар менен наамдарды ыйгаруунун принциптерин, эрежелерин жана тартибин белгилөөчү документ;
аккредитациялоо жөнүндө аттестат - спорттук бирикменин аккредитациялоо алгандыгын ырастаган документ;
маалыматтар банкы - дене тарбияны жана спортту башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан түзүлүүчү аккредитацияланган спорттук бирикмелер жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык система;
Дүйнөлүк допингге каршы агенттик (ДДКА) - Эл аралык олимпиадалык комитеттин (ЭОК) колдоосунда түзүлгөн, спортто допинг колдонууга каршы күрөштү координациялоочу көз карандысыз уюм.
2. Аккредитациялоонун максаты жана принциптери
3. Спорттук бирикмелерди аккредитациялоо төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
- спорттук бирикмелердин иштерин ирээтке келтирүү жана республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- спорттун белгилүү бир түрүн өнүктүрүүдө спорттук бирикмелердин компетенттүүлүгүн ырастоо.
4. Спорттук бирикмелерди аккредитациялоо төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат:
- ыктыярдуулук;
- аккредитациялоо жол-жобосунун ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
- аккредитациялоо алууга талапкер болгон спорттук бирикмелер үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу;
- аккредитациялоодон өткөн эки спорттук бирикменин спорттун бир түрү боюнча шайкеш келүүсүнө жол бербөө.
5. Аккредитацияланган спорттук бирикме гана республикалык бюджеттен финансылык колдоо алууга укуктуу.
3. Аккредитациялоо жөнүндө жарыялоо
6. Аккредитациялоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда жарыяланат:
- спорттук бирикме ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга спорттун тиешелүү түрү боюнча аккредитациялоо алуу үчүн спорттун ушундай түрү боюнча аккредитацияланган спорттук бирикменин маалыматтар банкында жок болгон учурда кайрылса;
- спорттун тиешелүү түрү боюнча спорттук бирикмени аккредитациялоонун жарактуулук мөөнөтү аяктаса.
Аккредитациялоо ушул пунктта каралган жагдайлар пайда болгон күндөн тартып, 10 жумуш күнүнүн ичинде жарыяланат.
7. Аккредитациялоо тууралуу жарыя тиешелүү чечим менен таризделет, ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кол коёт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
8. Ушул Жобонун 11-пунктунда каралган арыз жана документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аккредитациялоону жарыялоо жөнүндө документте белгиленген мөөнөттө спорттук бирикме тарабынан берилет.
4. Аккредитациялоо жөнүндө аттестат алууга талапкер болгон спорттук бирикмелерге коюлуучу талаптар
9. Аккредитациялоо жөнүндө аттестат алууну каалаган спорттук бирикмелер, республикалык маанидеги. статуска ээ болууга жана Кыргыз Республикасынын кеминде 3 облусунда. ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында филиалдары (өкүлчүлүктөрү) болууга тийиш.
10. Спорттук бирикме көрсөтүүчү спорттун түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын спортунун жана спорттук сабактарынын түрлөрүнүн Улуттук реестрине киргизилүүгө тийиш.
5. Аккредитациялоо жөнүндө аттестат алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
11. Аттестат алуу үчүн спорттук бирикме ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген форма боюнча спорттук бирикменин аккредитациялоо жөнүндө арызы;
- спорттук бирикменин менчигинде же ижарада (дарегин көрсөтүү менен) дене тарбия жана спорт объекттеринин, машыктыруучу-окутуучу кадрлардын, спорттук шаймандардын жана жабдуулары болушу жөнүндө маалымат;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр:
спорттук бирикмелерди түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимдери;
спорттук бирикменин уставы;
спорттук бирикмени мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
- эл аралык федерациянын курамында спорттук бирикменин ишинин мыйзамдуулугу жөнүндө Улуттук олимпиадалык комитетинин же Улуттук паралимпиадалык комитетинин жазуу жүзүндөгү ырастоосу (бул талап спорттун улуттук жана олимпиадалык эмес түрлөрүнө жайылтылбайт);
- спорттук бирикменин эл аралык спорттук бирикмеге мүчөлүгүн ырастаган документ (көчүрмөсү) (бул талап спорттун улуттук түрлөрүнө жайылтылбайт);
- спорттук бирикме өнүктүргөн спорттун түрү боюнча спортсмендерди тандап алуу жана аларды спорттук курама командалардын курамына киргизүүнү тартипке салган документтин долбоору;
- төрт жылга спорттун тиешелүү түрүн өнүктүрүү программасы жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы. Аккредитациялоо өткөрүү учуруна карата спорттун тиешелүү түрүн өнүктүрүү Программасын жүзөгө ашыруу мөөнөтү аяктаган учурда Программанын долбоору кийинки 4 жылга берилет;
- спорттук бирикменин ишин каржылоо булактары жөнүндө маалымат;
- арыз берилген күндөн кийинки жыл ичинде спорттук бирикме өткөргөн спорттук мелдештердин протоколдору (көчүрмөлөрү);
- эл аралык федерациялар тарабынан бекитилип, спорттук бирикме кабыл алган спорттун түрү боюнча мелдештерди өткөрүү тартиби. Спорттун улуттук түрлөрүнүн эрежелери спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерация тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте бекитилет;
- спорттук бирикменин мүчөсү болгон, Олимпиадалык оюндарда, Паралимпиадалык оюндарда, дүйнөнүн чемпионаттарында жана биринчиликтеринде, Азия чемпионаттарында жана биринчиликтеринде натыйжаларга ээ болгон спортчулар жөнүндө маалымкат.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда баардык берилген документтерди карабастан спорттук бирикмеге кайра кайтарат:
- ушул Жобонун 11-пунктуна ылайык келбеген арыз жана документтер берилгенде;
- арыз жана документтер аккредитациялоо жана жарыялоо жөнүндө документте белгиленген мөөнөттү бузуу менен берилгенде.
6. Аккредитациялоо боюнча комиссия
13. Спорттук бирикмени аккредитациялоо маселелерин кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитациялык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзөт.
14. Комиссия 7 кишиден туруп, ага Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Улуттук олимпиадалык комитетинин жана Улуттук паралимпиадалык комитетинин, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү жогорку окуу жайынын өкүлдөрү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Коомдук кеңешинин мүчөлөрү кирет.
Комиссиянын курамы Комиссия кабыл алган чечимдерге таасир этиши мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусу болбогудай болуп түзүлөт.
15. Эгерде Комиссиянын жыйындарына Комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса комиссиянын чечимдери мыйзамдуу деп табылат.
16. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат, Добуштар тең чыгып калган учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
17. Комиссия мүчөлөрүнүн сырттан добуш берүү менен чечим кабыл алуусуна, ошондой эле өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка адамдарга өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
18. Комиссиянын жыйынында кабыл алынган чечим протокол менен таризделет жана ага Комиссиянын төрагасы менен катчысы кол коёт. Протоколдун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аккредитациялоо жөнүндө аттестат берүү (берүүдөн баш тартуу) тууралуу буйругу чыгарылат.
7. Спорттук бирикмени аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу
19. Спорттук бирикмени аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди Комиссия ушул Жобонун 11-пунктунда каралган арызды жана документтерди спорттук бирикме берген мөөнөт аяктаган күндөн тартып 2 айдын ичинде кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын аймагында бир спорттун түрү боюнча бир гана спорттук бирикме аккредитациялоодон өтүшү мүмкүн.
20. Эгерде бир эле спорттун түрү боюнча бир нече спорттук бирикме арыз берсе, анда Комиссия берилген арыздарды төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:
- эл аралык спорттук аренада спорттук жетишкендиктери;
- спорттук бирикмелердин балансында дене тарбия жана спорттук объектилердин болуусу;
- региондук филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) саны;
- эсептик каттоодон өтүү тууралуу күбөлүгү бар машыктыруучу-окутуучулардын саны;
- спорттук бирикменин курамына кирген спортчулардын саны;
- өткөн жыл ичинде өткөрүлгөн республикалык мелдештердин саны.
21. Кабыл алынган чечим тууралуу билдирүү Комиссия аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечимин кабыл алган күндөн тартып, спорттук бирикмеге 3 жумуш күнүнүн ичинде жиберилет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
22. Спорттук бирикмелерди аккредитациялоо мөөнөтү төрт жыл.
23. Спорттук бирикмени аккредитациялоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Жобонун 11-пунктунда каралгандай спорттук бирикме берген документтерде туура эмес маалыматтар болгондо;
- спорттук бирикмени аккредитациялоо жөнүндө аттестаттын колдонулушун жокко чыгарууга негиз болгон эреже бузууларды спорттук бирикменин четтетпегендиги;
- ушул Жобонун 20-пунктунда бекитилген критерийлердин негизинде Комиссия спорттун бир эле түрү боюнча башка спорттук бирикмени аккредитациялоо тууралуу чечим кабыл алганда.
24. Ушул Жобонун 23-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча спорттук бирикмени аккредитациялоодон баш тартылган учурда, мындай уюм баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди четтеткенден кийин аккредитациялоо алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрадан, бирок ушундай спорттук бирикмени аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алган күндөн тартып бир жылдан кийин кайрылса болот.
25. Комиссия тарабынан аккредитациялоо тууралуу чечим кабыл алынган спорттук бирикмеге аттестат берилет.
26. Аттестат аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде берилет.
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген аттестаттардын, ошондой эле жана алардын колдонулушу убактылуу токтотулган же жокко чыгарылган спорттук бирикмелер тууралуу маалыматтардын эсебин алат. Маалыматтар банкына мындай маалыматтар киргизилет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат.
8. Спорттук бирикмени аккредитациялоо жөнүндө аттестаттын колдонулушун убактылуу токтотуу, кайра жаңылоо, жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алуу
28. Спорттук бирикменин аттестатынын колдонулушу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда токтотулат:
- аккредитациялоо алуу үчүн берилген документтерде туура эмес же бурмаланган маалыматтар табылганда;
- спортчуларды дайындоо маселелери, курама команданын курамын түзүү жана спорттук бирикмени башкарууга укукту аныктоо боюнча спорттук бирикменин ичинде же башка спорттук бирикмелер менен соттук тартипте соттун биротоло чечими чыкканга чейин спорттук талаштарды кароодо.
29. Спорттук бирикменин аттестатынын колдонулуу мөөнөтүн убактылуу токтотуу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аттестаттын колдонулушун кайра жандандырат.
30. Спорттук бирикменин аттестатынын колдонуу мөөнөтүн убактылуу токтотуу аны колдонуу мөөнөтүн узартууга алып келбейт.
31. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган спорттук бирикменин аттестатынын колдонулушун төмөнкү учурларда жокко чыгарат:
- аныкталган эреже бузууларды четтетүүгө спорттук бирикмени милдеттендирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарбаганда;
- спорттук бирикме кайра уюштурулганда же жоюлганда;
- ДДКАнын тыюу салынган препараттарынын реестринде көрсөтүлгөн допингдик препараттарды аккредитациядан өткөн спорттук бирикменин спортчулары колдонгондугу аныкталганда.
32. Спорттук бирикменин аттестатынын колдонулушун убактылуу токтотуу, кайра жаңылоо, жокко чыгаруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул пункттун биринчи абзацында аталган тиешелүү буйрукка кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде спорттук бирикменин аттестатынын колдонулушун убактылуу токтотуу, кайра. жаңылоо, жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү спорттук бирикмеге кабарлайт.
9. Аккредитацияланган спорттук бирикмеге коюлган талаптар
33. Аккредитациялоодон өткөн спорттук бирикмелер төмөнкүлөрдү жасоого тийиш:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясынын жоболорун сактоого;
- спорттук иштер жана спорттун тийиштүү түрүн өнүктүрүү жагында Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык ченемдерди жана эрежелерди сактоого;
- санитардык-гигиеналык, экологиялык, өрткө каршы жана башка ченемдер менен эрежелерге туура келген объекттерде мелдештерди, окуу-машыгуу сабактарын өткөрүүгө;
- окуу-машыгуу сабактарын, мелдештерди өткөрүүдө коопсуздук техникасынын эрежелерин аткарууга;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө мамлекеттик бюджеттен алынган каражаттар жөнүндө финансылык отчётторду берүүгө;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө спорттук иш-чаралардын планын жана аларды өткөрүүгө болжолдуу чыгымдар сметасын берүүгө.