Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-декабры № 704
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407, КР МК 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:
- 11-пунктта:
төмөнкүдөй редакциядагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- берилген транспорт каражатынын тибин жактыруу, шассинин тибин жактыруу, транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүгүнүн бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт;";
- он экинчи жана он үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- шайкештик сертафикаттарынын бланктарын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарын, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктарын, тиркемелердин көчүрмөлөрүнүн бланктарын, шайкештик белгисинин сүрөтү тартылган голографиялык маркаларды берет;
- Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигинин ырастаган, шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын, транспорттук каражаттын тибин жактыруу бланктарынын, транспорттук каражаттын тибин жактырууга тиркемелердин бланктарынын, транспорттук каражаттын тибин жактырууга карата кошумча баракчаларынын бланктарынын, шассинин тибин жактыруу бланктарынын, шассинин тибин жактырууга тиркемелердин бланктарынын, шассинин тибин жактырууга карата кошумча баракчаларынын бланктарынын, техникалык регламентке шайкештигин тастыктаган документти жокко чыгаруу жөнүндө билдирүүнүн бланктарынын, транспорттук каражаттын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктүн бланктарынын жана конструкциясына өзгөртүү киргизилген транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүктүн бланктарынын, конструкциясына өзгөртүү киргизилген транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө күбөлүккө кошумча баракчалардын бланктарынын бирдиктүү формаларын берет;".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- 1-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, онунчу, он биринчи, он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- тогузунчу абзацтагы "токтом" деген сөз "токтомдун 1, 2 жана 4-пункттары" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 "Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 8-пункттагы "300 (үч жүз)" деген цифралар жана сөздөр "1000 (миң)" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын.
6. Ушул токтом 2017-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кире турган 1-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |