Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралы № 77
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы ушул токтомду ишке ашырууга багытталган чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-июлундагы УӨ № 134 "Кыймылдуу мүлктүн күрөөлөрүн Кыргыз Республикасынын күрөө каттоо кеңселери тарабынан каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |