Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУТиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 77 токтому менен бекитилген |
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү, токтотуу жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укугу жөнүндө Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалымат берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Нускамада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КМТУБМР) - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укуктарынын бирдиктүү электрондук маалыматтар базасы.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы (мындан ары - БККК) - КМТУБМРны жүргүзүүгө жана КМТУБМРда катталуучу күрөө кармоочунун арызынын негизинде күрөө кабарламасына жазууларды киргизүүгө милдеттүү мамлекеттик орган.
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо - электрондук формада жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жол-жобо, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу КМТУБМРда катталат. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо күрөө кармоочунун артыкчылык укуктарын аныктайт.
Арыз - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу жөнүндө негизги маалыматты камтыган, КМТУБМРда катталган, БКККнын күрөө кармоочусу тарабынан берилүүчү белгиленген үлгүдөгү бланк.
Пайдалануучу - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу укугуна ээ болгон адам.
Каттоочу адис - күрөө кармоочунун арызынын негизинде кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоочу, өзгөртүүлөрдү киргизүүчү жана токтотуучу, ошондой эле КМТУБМРдан көчүрмө берүүчү БКККнын кызматкери.
Күрөө кармоочу - негизги милдеттенмелери боюнча талаптары күрөө менен камсыз кылынган жак.
Күрөө кармоочу-каттоочу - КМТУБМРда кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоочу, өзгөртүүлөрдү киргизүүчү жана токтотуучу ыйгарым укуктуу жак (жеке же юридикалык жак).
Маалыматтар базасынын администратору - пайдалануучуга ID номерин ыйгарып, топтордун администраторлорун жана каттоочу адистерди түзүү мүмкүндүгүн берген БККК ыйгарым укуктуу жагы.
Күрөө кармоочу-каттоочулар тобунун администратору - күрөө кармоочулар тобунун администраторун жана күрөө кармоочу-каттоочуларды түзүү мүмкүндүгүн берүүчү ID номери ыйгарылган күрөө кармоочунун ыйгарым укуктуу жагы (жеке же юридикалык жак).
Автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - КМТУБМРнын иштешин камсыз кылуучу программалык камсыздоо.
Авторизация - КМТУБМРда пайдалануучуну идентификациялоо, ал аркылуу маалыматтар базасында белгилүү бир аракеттерди аткарууга укук берилет.
АМСда аутентификациялоо - пайдалануучуну автоматташтырылган маалыматтык системада идентификациялоочу маалыматтын аныктыгын текшерүү жол-жобосу.
Эсептик жазуу - пайдалануучуну аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтар.
Пайдалануучунун ID номери - КМТУБМРда кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоого, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана токтотууга андан ары укук алуу үчүн пайдалануучуну алгачкы ирет каттоодо АМС тарабынан ыйгарылуучу персоналдуу жеке номер.
Логин - пайдалануучуну идентификациялоо жана маалыматтар базасын ачуу үчүн зарыл болгон тамгалардын жана/же цифралардын уникалдуу топтому.
Пароль - пайдалануучунун эсептик жазуусун коргоочу символдордун жашыруун топтому.
Пайдалануучунун жеке кабинети - корголгон байланыш боюнча кире турган АМСдагы өзүнчө бөлүм. Жеке кабинетте кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу, белгиленген бир мезгилдеги иш-аракеттердин саны, пайдалануучунун ID номери жана төлөмдөр жөнүндө маалыматтар камтылган.
Күрөө кабарламасы - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө маалыматтарды камтыган КМТУБМРда катталуучу электрондук формадагы жазуу.
Күрөө кабарламасынын каттоо номери - ушул объектти башка күрөө кабарламаларынан айырмалоо үчүн аны билдирүүчү цифралардын жана/же тамгалардын уникалдуу топтому. Күрөө кабарламасынын каттоо номери маалыматтар КМТУБМРда сакталып жаткан мезгил ичинде өзгөрүүсүз калат. Күрөө кабарламасынын каттоо номери төмөнкүдөй түзүмгө ээ:
КНКАЖ:
КН - катар номери;
КАЖ - күнү, айы, жылы.
Күрөө кабарламасынын каттоо номери ушул Нускамага ылайык катталган ар бир күрөө кабарламасына АМС аркылуу ыйгарылат.
Көчүрмө - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укугу жөнүндө маалыматты камтыган документ.
Электрондук документтерди жүргүзүү - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укугун каттоо процессинде маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды колдонуу менен электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, берүү, алуу, сактоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү, жок кылуу процесстеринин жыйындысы.
2. КМТУБМРда кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоонун жалпы шарттары
3. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоочу адис же күрөө кармоочу-каттоочу каттайт.
4. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу күрөө кабарламасына жазуу киргизүү аркылуу КМТУБМРга даректелген арыздын негизинде катталат.
Күрөө кабарламасына жазуу киргизилгенден кийин КМТУБМРда каттоо жүргүзүлөт, ал автоматтык түрдө каттоо номерин берет жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укугунун датасын (күн, ай, жыл), убактысын (саат, мүнөт жана секунда) аныктайт.
АМС тарабынан КМТУБМРда катталган номери, убактысы жана датасы ыйгарылган учурдан тартып күрөө кабарламасы катталды деп эсептелет.
5. Күрөө кабарламасына жазууларды эсептик жазуусу бар пайдалануучу киргизет.
Эсептик жазууну Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык күрөө кармоочу менен БКККнын ортосунда жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде маалыматтар базасынын администратору каттайт.
6. БККК күрөө кармоочу кайрылган учурдан тартып бир жумуш күнүнүн ичинде эсептик жазууну КМТУБМРда катташы керек.
Эсептик жазууну түзүү үчүн маалыматтар базасынын администратору түзүлгөн келишимдин негизинде күрөө кармоочунун дайындарын маалыматтар базасына киргизип, аны авторизациядан өткөрөт, андан кийин АМС пайдалануучунун ID номерин ыйгарат.
7. Авторизациядан кийин маалыматтар базасынын администратору күрөө кармоочуга пайдалануучунун ID номерин, логинин жана паролун электрондук формада берет.
Пайдалануучунун ID номери, логини жана паролу күрөө кармоочуга мөөр басылып жабылган конвертте берилиши мүмкүн.
Эсептик жазууну андан ары коопсуз пайдалануу максатында күрөө кармоочу убактылуу паролду өзгөртүшү керек.
8. КМТУБМРнын маалыматтар базасына кирүү АМСда күрөө кармоочуну аутенттештирүүчү жана активдештирүүчү логинди жана паролду киргизгенден кийин гана жүргүзүлөт.
9. Пайдалануучунун ID номери күрөө кармоочу-каттоочунун тобунун администраторуна жана маалыматтар базасынын администраторуна жеке кабинетинде күрөө кармоочу-каттоочуларды, каттоочу адистерди жана топтордун администраторлорун кошумча түзүүгө мүмкүндүк берет.
Күрөө кабарламасын каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу боюнча күрөө кармоочу/каттоочу адистердин бардык иш-аракеттери пайдалануучунун жеке кабинетинде чагылдырылат.
10. Логин жана пароль үч жолу катары менен туура эмес киргизилсе, АМС КМТУБМРнын маалыматтар базасына кирүүгө блок коёт. Пайдалануучулардын паролун калыбына келтирүү жана блоктон чыгаруу маалыматтар базасынын администратору же күрөө кармоочу-каттоочулардын топторунун администратору тарабынан пайдалануучунун кайрылуусунун негизинде пайдалануучунун ID номери аркылуу жүзөгө ашырылат.
11. Күрөө кабарламасына жазууларды киргизүү пайдалануучунун жеке кабинети аркылуу жүргүзүлөт.
12. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын КМТУБМРда каттоодо күрөө коюучунун КМТУБМРда анын жекелештирилген маалыматтарын жайгаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдугун алуу зарыл. Күрөө коюучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын токтотуу жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу киргизилгенге чейин күрөө кармоочуда сакталат.
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктары, күрөө коюучунун жекелештирилген маалыматтарын КМТУБМРда жайгаштырууга макулдугу жөнүндө маалымат күрөө кармоочунун арызында көрсөтүлгөн учурда каттоочу адис тарабынан катталат.
3. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун КМТУБМРда каттоочу адис тарабынан каттоо
13. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу КМТУБМРда каттоочу адис тарабынан ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык 1-форма боюнча таризделген күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде катталат. Каттоочу адис БКККнын кызматкери гана болушу мүмкүн.
14. Күрөө кармоочунун арызында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
күрөө кармоочу жөнүндө маалыматтар:
- жеке жактар үчүн - аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери (мындан ары - ЖИН);
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН);
күрөө коюучу жөнүндө маалыматтар:
- жеке жактар үчүн - аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери;
- ишеним каттын негизинде иштеген ыйгарым укуктуу жактын маалыматтары;
- карызкор жөнүндө маалыматтар (эгерде ал күрөө коюучу болбосо);
- жеке жактар үчүн - аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери;
- күрөө жөнүндө келишимди түзүү датасы;
камсыздалган милдеттенменин баяндалышы:
- камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү;
- күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү идентификациялоо үчүн зарыл болгон баяндалышы;
- менчик укугу жөнүндө маалыматтар;
күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса):
- жеке жактар үчүн - аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери;
- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочуларды жазуу жүзүндө кабарлоо каралса, анда кийинки күрөөнүн (кайрадан күрөөгө коюу) мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар;
- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөөгө (кайрадан күрөөгө коюуга) тыюу салуу каралса, анда кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө (кайрадан күрөөгө коюуга) тыюу салынгандыгы жөнүндө маалыматтар;
- күрөө коюучунун жекелештирилген маалыматтарын КМТУБМРда жайгаштырууга берген макулдугу жөнүндө маалыматтар;
- толтурган датасы жана арыз ээсинин колу.
15. Эсептик жазууну түзүү үчүн маалыматтар базасынын администратору каттоочу адисти КМТУБМРда каттайт жана аны авторизациядан өткөрөт, андан кийин АМС ага логин менен паролду ыйгарат.
Күрөө кабарламасын каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу, ошондой эле КМТУБМРдан көчүрмө берүү боюнча каттоочу адистин баардык иш-аракеттери маалыматтар базасынын администраторунун жеке кабинетинде чагылдырылат.
16. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу каттоочу адис тарабынан ушул Нускаманын 21-пунктунда көрсөтүлгөн негиздердин жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз текшерилгенден кийин анын атына берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде катталат.
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу катталгандан кийин каттоочу адис ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык 2-форма боюнча таризделген күрөө кабарламасын күрөө кармоочуга берет, өз учурунда ал кошумчаларды камтышы мүмкүн.
4. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун КМТУБМРда алдын ала каттоо
17. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун КМТУБМРда алдын ала каттоо күрөө коюучунун макулдугу боюнча күрөө коюучу менен күрөө кармоочунун ортосунда күрөө жөнүндө келишим түзүү ниети болгон учурда жүргүзүлөт.
18. Күрөө кабарламасын КМТУБМРда алдын ала каттоодо АМС алдын ала каттоону билдирген айырмалоочу (Р) деген бир латын тамгасын коюп, каттоо номерин ыйгарат.
Кийинки учурларда күрөө жөнүндө келишим түзүүдө кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) артыкчылык талап укугу Кыргыз Республикасынын күрөө мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык КМТУБМРда күрөө кабарламасын каттаган күрөө кармоочуга берилет.
19. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун алдын ала каттоо кыймылдуу мүлккө артыкчылык талап укугун бербейт.
20. Эгерде күрөө кармоочу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун алдын ала каттоо жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу киргизилген күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде КМТУБМРда каттоосун тастыктабаса, анда АМС күрөө кабарламасын алдын ала каттоо жөнүндө жазууну деактивдештирет (жоёт).
Эгерде күрөө коюучу менен күрөө кармоочунун ортосунда күрөө жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилбесе, анда күрөө кармоочу күрөө кабарламасын КМТУБМРда алдын ала токтотуу жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу киргизиши зарыл.
5. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун мамлекеттик каттоодон каттоочу адистин баш тартуусу
21. Каттоочу адис төмөнкү учурларда арызды кабыл алуудан баш тартышы мүмкүн:
- баяндалышы түшүнүктүү болбосо же ушул Нускаманын 14-пунктунда көрсөтүлгөн кээ бир маалымат жок болсо;
- арыз ээсинин же анын ким экендигин ырастоочу документ болбосо;
- күрөө кармоочунун өкүлүнө ишеним кат берилбесе;
- акы төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтер же маалыматтар болбогондо.
22. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоодон баш тартылган учурда БККК ошол эле күнү баш тартуунун себептери жана/же жагдайлары көрсөтүлгөн кабарламаны жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн төлөнгөн сумманы кайтарып берүүгө милдеттүү.
23. БККК тарабынан кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугунун каттоодон баш тартуусуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
6. Күрөө кабарламасы
24. Күрөө кабарламасы - КМТУБМРда электрондук формада катталуучу, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө маалыматтарды камтуучу жазуу.
25. Күрөө кабарламасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- күрөө кармоочу жөнүндө же күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса) жөнүндө, күрөө коюучу жана ал күрөө коюучу болуп эсептелбесе камсыздалган милдеттенме боюнча карызкор жөнүндө маалыматтарды:
- жеке жактар үчүн - аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, туруктуу жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери;
камсыздалган милдеттенменин баяндалышы:
- камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү;
- күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү идентификациялоо үчүн зарыл болгон баяндалышы;
- менчик укугу жөнүндө маалыматтар;
- күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса);
- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочуларды жазуу жүзүндөгү кабарлоо каралган болсо, анда күрөөгө коюлган мүлктүн кийинки күрөөсү (кайрадан күрөөгө коюу) жөнүндө маалыматтар;
- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөөгө (кайрадан күрөөгө коюуга) тыюу салуу каралган болсо, анда кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө (кайрадан күрөөгө коюуга) тыюу салынгандыгы жөнүндө маалыматтар.
Күрөө кабарламасы катталган учурда күрөө предметин өндүрүү жол-жобосун козгоо үчүн күрөө кармоочу өндүрүү жол-жобосунун башталгандыгы жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу киргизиши керек.
26. Күрөө кабарламасына жазууну киргизүү пайдалануучунун жеке кабинети аркылуу жүргүзүлөт.
27. Күрөө кабарламасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо жөнүндө маалыматтар;
- киргизилген бардык өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар;
- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу жөнүндө маалыматтар.
Саналып өткөн маалыматтар статистикалык маалыматтарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
28. Күрөө кабарламасынын толтуруу үчүн милдеттүү болгон саптарды камтыган электрондук формасы бар. Милдеттүү саптар туура эмес же толук толтурулбаган учурда АМС күрөө кабарламасын каттоого мүмкүн эместиги жөнүндө маалымат берет.
29. Күрөө кабарламасы КМТУБМРда катталган учурдан баштап токтотуу жөнүндө жазуу киргизгенге чейин колдонулат.
7. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу тартиби
30. Логиндин жана паролдун жардамы менен күрөө кармоочу-каттоочу же каттоочу адис:
- КМТУБМРнын маалыматтар базасына кире алат;
- КМТУБМРда маалыматтарды издей алат;
- күрөө кабарламасына өзгөртүүлөрдү киргизет;
- күрөө кабарламасын токтотуу жөнүндө жазуу киргизет.
31. Катталган күрөө кабарламасына өзгөртүү киргизүү ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык 3-форма боюнча жүргүзүлөт.
Күрөө кабарламасын издөө каттоо номеринин жардамы менен пайдалануучунун жеке кабинетинде жүргүзүлөт.
Алгачкы катталган күрөө кабарламасында күрөө кабарламасы токтотулганга чейин аткарылган иш-аракеттердин датасы жана убакыты көрсөтүлүп ырааттамасы сакталат.
32. Күрөө кармоочу-каттоочунун же каттоочу адистин күрөө кабарламасында аткарылган баардык иш-аракеттери күрөө кармоочу-каттоочулардын топторунун администраторунун жана маалыматтар базасынын администраторунун жеке кабинеттеринде чагылдырылат.
33. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу каттоочу адис тарабынан катталган учурда, күрөө кабарламасын токтотуу жөнүндө жазуу ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык 4-форма боюнча күрөө кармоочунун арызынын негизинде жүргүзүлөт.
Күрөө кабарламасын токтотуу жөнүндө жазуу күрөө кармоочунун алдындагы бардык милдеттенмелерди күрөө коюучу аткарган учурда күрөө кармоочу-каттоочу жана каттоочу адис тарабынан киргизилет.
Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде күрөө кабарламасын токтотуу каттоочу адис тарабынан жүргүзүлөт.
Колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин күрөө кабарламасы кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укугу менен камсызданган кредит боюнча милдеттенмелер мөөнөтүнө жетпей аткарылган учурда күрөө коюучунун арызы боюнча токтотулушу мүмкүн.
34. АМС 15 календардык күндүн ичинде күрөө милдеттенмеси токтой турган мөөнөттүн жакындагандыгы жөнүндө пайдалануучуларды кабарлайт.
35. Каттоочу адис кабарламаны алган учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө күрөө милдеттенмеси токтой турган мөөнөттүн жакындагандыгы жөнүндө күрөө кармоочуга жазуу жүзүндө же электрондук формада кабарлама жиберүүгө милдеттүү.
Күрөө кармоочу же анын өкүлү каттоочу адистен кабарламаны алгандан кийин күрөө милдеттенмеси токтой турган мөөнөт аяктаганга чейин ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык 3-форма боюнча же болбосо ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык 4-формасы боюнча жазуу жүзүндө арызын жөнөтүүгө милдеттүү.
Күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү арызын алгандан кийин каттоочу адис төмөнкү иш-аракеттердин бирин аткарат:
- күрөө коюучу бардык милдеттенмелерин аткарган учурда күрөө кабарламасына күрөөнү токтотуу жөнүндө жазуу киргизет;
- күрөө коюучу милдеттенмелерин аткарбаган учурда күрөө кабарламасына мөөнөттү өзгөртүү жөнүндө жазуу киргизет.
36. Күрөө кармоочу-каттоочу АМСдан кабарлама алган учурда ушул Нускаманын 36-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык иш-аракеттердин бирин аткарышы зарыл.
8. КМТУБМРда маалымат издөө
37. Жеке жана юридикалык жактар пайдалануу тартиби жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык аныкталган жеке дайындарга таандык болгон маалыматтардан тышкары КМТУБМРдан маалыматты Интернет тармагы аркылуу издейт.
38. Күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктүн издөө сурамы төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
- күрөө предмети (VIN коду, транспорт каражатынын мамлекеттик номери, мүлктүн сериялык номери жана мүлктү идентификациялоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар);
- күрөө кабарламасынын каттоо номери;
- юридикалык жактын ИСНи;
- жеке жактын ЖИНи.
КМТУБМРдан издөө жүргүзүлгөн күрөө кабарламасына киргизилген маалыматтар анык маалыматтарды чагылдыруусу зарыл.
39. Техникалык ката кеткен, күрөө кабарламасына толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар киргизилген учурда каттоочу адис күрөө кармоочунун арызынын негизинде күрөө кабарламасынан мындай маалыматты алып салат же катаны жоёт.
9. КМТУБМРдан көчүрмө берүү
40. КМТУБМРдан көчүрмө ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык 5-форма арыздын негизинде БКККнын расмий бланкында берилет.
41. Көчүрмө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) көчүрмөнүн каттоо номерин, көчүрмө берилген датаны жана убакытты;
б) күрөө кабарламасы катталган номерин, датасын жана убактысын:
кармоочу жөнүндө же күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса) жөнүндө, күрөө берүүчү жана эгерде ал күрөө берүүчү болбосо, камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкор жөнүндө маалыматтар:
- каттоонун орду;
- күрөө коюучу;
- карызкор (эгерде ал күрөө коюучу болбосо);
- күрөө кармоочу;
- күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса);
- күрөөнүн предмети жана анын жайгашкан орду;
- бардык өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча белгилер;
- мурдагы күрөө милдеттенмеси жөнүндө маалыматтар.
42. КМТУБМРдан көчүрмө кызыкдар тараптарга жазуу же электрондук түрдө ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык 6-форма боюнча берилет.
43. Көчүрмө берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:
- акы төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ болбогон;
- баяндалышы түшүнүксүз болгон же арызда керектүү маалыматтар камтылбаган.
10. Кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө
44. БККК тарабынан жүргүзүлүүчү кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө жазууну күрөө кабарламасына киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленген тартипте бир жолку акы төлөө менен жүргүзүлөт.
45. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу, ошондой эле жазуу жүзүндө көчүрмөнү берүү БККК тарабынан акы төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөт.
46. КМТУБМРдан жазуу жүзүндө көчүрмөнү БККК аркылуу алуу акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документти тиркөө менен арыздын негизинде жүргүзүлөт.
11. Жоопкерчилик
47. Күрөө кармоочу-каттоочу жана каттоочу адис КМТУБМРда кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоодо, өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана токтотууда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн, ошондой эле кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоонун жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы же үчүнчү жактарга бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
48. КМТУБМРда издөө жүргүзүлгөн маалыматтар туура эмес киргизилген жана/же КМТУБМРда күрөөнүн предмети, каттоо номери, ИСН жана ЖИН боюнча издөө мүмкүн болбогон жана анын натыйжасында үчүнчү жактын кызыкчылыктарына зыян келтирилген учурда кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) артыкчылыктуу талап укугун талашуу сот тартибинде чечилет.
49. БККК АМСдагы жеке мүнөздөгү маалыматтарга таандык дайындарды сактоо жана купуялуулугун камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
50. Ушул Нускаманын талаптарын аткаруу максатында эсептик жазууларды түзүүнүн, АМС менен иштөөнүн, АМСте жеке кабинеттерди түзүүнүн техникалык өзгөчөлүктөрү БККК тарабынан аныкталат.
|
| Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманын 1-тиркемеси |
1-форма
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоого АРЫЗ
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде
Күрөө кармоочунун (жеке жактын) аты-жөнү __________________________________________
________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Күрөө кармоочу (юридикалык жак) (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Күрөө коюучунун (жеке жактын) аты-жөнү
________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Күрөө коюучу (юридикалык жак) (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишеним каттын негизинде иштеген ыйгарым укуктуу жактын маалыматтары:
________________________________________________________________________________
20__-жылдын "__" ____________ № ____ ишеним кат.
Карызкор жөнүндө маалыматтар (эгерде ал күрөө коюучу болбосо) жеке жактын аты-жөнү ________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
юридикалык жак (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттап берүүңүздү суранам:
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
Келишим түзүлгөн дата ____________________________________________________________
________________________________________________________________________________
Камсыздалган милдеттенменин баяндалышы: ________________________________________
камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү ______________________
________________________________________________________________________________
идентификациялоо үчүн зарыл болгон күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктүн баяндалышы ________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
жеке менчик укугу жөнүндө маалыматтар ____________________________________________
________________________________________________________________________________
күрөөнү башкаруучу (жеке жак) (эгерде дайындалса) ___________________________________
________________________________________________________________________________
аты-жөнү (жеке жак) ______________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
юридикалык жактар үчүн (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочуларды жазуу жүзүндөгү кабарландыруу каралса, анда күрөөгө коюлган мүлктүн кийинки күрөөсүнүн (кайрадан күрөөгө коюу) мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар ____________________________________________
________________________________________________________________________________
эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөөгө коюуга (кайрадан күрөөгө коюуга) тыюу салуу каралган болсо, анда кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөгө коюуга (кайрадан күрөөгө коюуга) тыюу салынгандыгы жөнүндө маалыматтар ___________________________________
________________________________________________________________________________
Күрөө берүүчүнүн маалыматтарын КМТУБМРда жайгаштырууга макулдугу ________________
________________________________________________________________________________
____-жылдын "__" _______________
_______________________________
Арыз ээсинин колу
Административдик жоопкерчилик жөнүндө эскертүү.
Күрөө токтотулгандыгы (күрөө коюучу тарабынан бардык милдеттенмелердин аткарылгандыгы) жөнүндө күрөө кабарламасына жазуулар өз убагында киргизилбеген учурда Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 67-1-беренесине ылайык каралган жоопкерчилик тууралуу эскертилдим.
|
| Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманын 2-тиркемеси |
2-форма
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы
КҮРӨӨ КАБАРЛАМАСЫ
Катталган жери:
Каттоо номери:
Каттоо датасы:
Каттоо убактысы:
Күрөө коюучу: ___________________________________________________________________
аты-жөнү (жеке жак) ______________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
юридикалык жактар үчүн (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Күрөө кармоочу:
жеке жактар үчүн ________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
юридикалык жактар үчүн (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса): ___________________________________________
жеке жактар үчүн _________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
юридикалык жактар үчүн (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Камсыздалган милдеттенменин баяндалышы: ________________________________________
аталышы жана түзүлгөн датасы, камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү
________________________________________________________________________________
Күрөө жөнүндө келишим: __________________________________________________________
түзүлгөн датасы жана жери: _______________________________________________________
________________________________________________________________________________
күрөө предметинин баяндалышы: __________________________________________________
________________________________________________________________________________
күрөө коюлган мүлктүн баяндалышы: _______________________________________________
________________________________________________________________________________
жайгашкан орду, жеке менчик укугу жөнүндө маалыматтар
________________________________________________________________________________
кайрадан күрөөгө коюуга чектөө
________________________________________________________________________________
киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар
________________________________________________________________________________
токтотуу жөнүндө маалымат
________________________________________________________________________________
|
| 2-тиркеменин 2-формасына 1-кошумча |
КҮРӨӨ КАБАРЛАМАСЫНА КОШУМЧА
Катталган жери:
Каттоо номери:
Каттоо датасы:
Алгачкы каттоо: (дата, №)
Каттоо убактысы:
Күрөө коюучу:
аты-жөнү (жеке жак) ______________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
юридикалык жактар үчүн (аталышы жана дареги)
_______________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Күрөө кармоочу:
аты-жөнү (жеке жак) ______________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
юридикалык жактар үчүн (аталышы жана дареги)
_______________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өзгөртүү киргизүүнүн негизи
_______________________________________________________________________________
Киргизилген бардык өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар
_______________________________________________________________________________
Күрөө кармоочу же күрөө кармоочунун ишенимдүү адамы
_______________________________________________________________________________
Аты-жөнү ____________________________________ (колу)
|
| Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманын 3-тиркемеси |
3-форма
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы
Катталган күрөө кабарламасына өзгөртүү киргизүүгө АРЫЗ
Күрөө кармоочунун (жеке жактын) аты-жөнү __________________________________________
________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Күрөө кармоочу (юридикалык жак) (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишеним каттын негизинде иштеген ыйгарым укуктуу жактын маалыматтары ______________
________________________________________________________________________________
20__-жылдын "__" _____________ № _____ катталган күрөө кабарламасына ______________
________________________________________________________________________________
себептерине байланыштуу өзгөртүү киргизүүнү суранам.
20__-жылдын "__" _____________
Күрөө кармоочунун колу: __________________
|
| Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманын 4-тиркемеси |
4-форма
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы
Катталган күрөө кабарламасын токтотууга АРЫЗ
Күрөө кармоочу: _________________________________________________________________
аты-жөнү (жеке жактын) ___________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
юридикалык жак (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишеним каттын негизинде иштеген ыйгарым укуктуу жактын маалыматтары ______________
________________________________________________________________________________
20__-жылдын "__" _____________ № ____ катталган күрөө кабарламасын ________________
________________________________________________________________________________
себептерине байланыштуу токтотууну суранам.
20__-жылдын "__" _____________
Колу: ________________________
|
| Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманын 5-тиркемеси |
5-форма
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө алууга АРЫЗ
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык төмөнкү мүлк күрөөдө тургандыгы же турбагандыгы жөнүндө маалымат берүүңүздү суранам:
Мүлктүн аталышы ________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
Мүлктүн жайгашкан орду __________________________________________________________
________________________________________________________________________________
Күрөө берүүчүгө таандык (аты-жөнү) (жеке жак) _______________________________________
________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
юридикалык жак (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
_____________________________
Арыз ээсинин колу
20__-жылдын "__" _____________
|
| Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманын 6-тиркемеси |
6-форма
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы | (КР герби) | Центральная залоговая регистрационная контора при Министерстве юстиции Кыргызской Республики |
720001, Бишкек ш., Чүй проспекти, 219 тел.: 61-01-03; факс: 61-01-68 ИНН 01108199710088 |
| 720001, г.Бишкек, проспект Чуй, 219 тел.: 61-01-03; факс: 61-01-68 ИНН 01108199710088 |
20__-жылдын "__" _________________
№ _____________________
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен КӨЧҮРМӨ
Каттоо номери:
Каттоо датасы:
Берилген убакыт:
Каттоо номери, катталган датасы жана убактысы: ___________________________________
Катталган жери ________________________________________________________________
Күрөө берүүчү: _________________________________________________________________
Карызкор (эгерде ал күрөө коюучу болбосо): ________________________________________
______________________________________________________________________________
Күрөө кармоочу: ________________________________________________________________
Күрөө башкаруучу (эгерде дайындалса): ___________________________________________
Күрөөнүн предмети жана анын жайгашкан орду: ____________________________________
Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө белгилер: _________________________________________
Башка күрөө милдеттенмесинин бар же жоктугу жөнүндө маалымат: ____________________
______________________________________________________________________________
Каттоочу адис