Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги (мындан ары - Агенттик) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автомобиль транспортунун ишин жөнгө салууга жана контролдоого, суу транспортунун ишин жөнгө салууга арналган ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө өкмөттөр аралык келишимдерди контролдоо, көзөмөлдөө жана ишке ашыруу функцияларын кошпогондо, транспорт субъекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттар менен жүктөрдү ташуу жагындагы талаптарын аткаруусун контролдоону камсыздайт.
2. Агенттик өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Агенттик юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ, өзүнө бекитилген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өзүнүн эмблемасы, штамптары, фирмалык бланктары жана Казыналык системасында эсептери болот.
4. Агенттикти тейлөөнүн чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
5. Агенттик Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине (мындан ары - Министрлик) отчет берет.
6. Агенттиктин толук аталышы:
мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги";
расмий тилде - "Агентство автомобильного, водного транспорта и весогабаритного контроля при Министерстве транспорта и дорог Кыргызской Республики".
Агенттиктин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Автотранспорт агенттиги";
расмий тилде: "Агентство автотранспорта".
7. Агенттиктин штаттык санын жана башкаруу схемасын, анын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн расписаниесин Министрликтин белгиленген штаттык санынын чегинде Министрлик бекитет.
8. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42.
2. Агенттиктин максаты
9. Автомобиль жана суу транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташуу жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле автомобиль жолдорунун сакталуусун камсыздоо.
3. Агенттиктин милдеттери жана функциялары
10. Агенттиктин милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын автомобиль менен эл аралык жүк ташуусун калыптандыруу жана өнүктүрүү, аны эл аралык транспорттук системага интеграциялоо;
- Кыргыз Республикасынын авто-жүк ташуучуларынын кызыкчылыктарын чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын алдында коргоо;
- автомобиль жана суу транспортунун ишине байланышкан транспорттук жана башка кызмат көрсөтүү рыногунун натыйжалуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүү, транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө таза атаандаштыкты өнүктүрүү;
- юридикалык жана жеке жактардын автомобиль жана суу транспорттору менен ташуу боюнча автомобиль транспорту жана лицензиялык-уруксат берүүчү система чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Агенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде автомобиль жана суу транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты, автомобилдик комплекстеги эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштардын өнүгүүсүнө жана ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү;
- автомобиль жана суу транспорт чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышуу, транспорт комплексиндеги өнүгүү багыттарын мониторингдөө;
- жол кыймылынын коопсуздугу органдары менен макулдашуу боюнча автобустардын маршруттарынын схемаларын иштеп чыгуу жана бекитүү (эл аралык маршруттардын схемаларынан жана Бишкек, Ош шаарларынын маршруттарынын схемаларынан башкасын);
- автомобиль жана суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну уюштуруу жана жөнгө салуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу, ошондой эле жолдордун сакталуусун камсыздоо иштерин координациялоо;
- автомобиль жана суу транспорту чөйрөсүндө жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган ишкердик субъектилеринин ортосунда адилеттүү атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүү;
- чет мамлекеттер менен эл аралык автомобиль каттамдары жагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоо.
2) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- автомобиль жана суу транспортунда (атайын, кызматтык жана технологиялыктардан тышкары) жүргүнчү жана жүк ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;
- автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташууга уруксаттардын бланктарын берүү, ал эми автоташуучулар эл аралык макулдашуулардын талаптарын бузган учурда - аларды берүүгө убактылуу тыюу салуу;
- Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык таразага тартуунун эл аралык сертификаттарын берүү;
- эл аралык жүк ташууну ишке ашырууда чет өлкөлүк жүк ташуучуларга Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорттук каражаттардын өтүүсү үчүн уруксат берүүнү жана кыргыз жүк ташуучуларына - чет мамлекеттердин аймагы боюнча өтүүгө уруксаттарды берүүнү камсыздоо, анын ичинде эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык камсыздоо;
- ыйгарым укуктуу органдарга автомобилде эл аралык жүк ташууга укук берүүчү лицензиялардын жарамдуулугун тастыктоо укугун берүү аркылуу автомобиль менен эл аралык ташуунун катышуучуларына визалык колдоо көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен макулдашууларына жана автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, башка мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча эл аралык автобус маршруттарын ачуу жана бекемдөө;
- шаардык, (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары), шаардын четиндеги жана шаар аралык автобус маршруттарын ачуу, жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, ал маршруттар боюнча автобустардын жүрүшүнүн расписаниесин бекитүү;
- өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыгы боюнча жүк ташуучуларга шаардык, шаар четиндеги жана шаар аралык (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) автобус маршруттарын бекитип берүү;
- шаарлардын мэриялары иштеп чыгуучу жана бекитүүчү шаардык (Бишкек, Ош шаарларынан тышкары) автобус маршруттарынын кыймылынын расписаниесин макулдашуу;
- айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин жана линиядагы жүргүнчү транспортунун графигин макулдашуу;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан автовокзалдардын, автостанциялардын жана кассасы бар автопавильондордун иштерин жөнгө салуу;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан жаңы автовокзалдарды, автостанцияларды жана кассасы бар автопавильондорду курууда жана иштеп тургандарын орун которуштурууда жайгаштырылуучу жерин макулдашуу;
- кеме айдоочуларга Кыргыз Республикасынын аймагында кемелерди башкаруу укугуна аттестация өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 11-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Мамлекеттик суу транспорт инспекциясынын маселелери" жөнүндө токтомуна ылайык кемелерди башкаруу укугуна күбөлүктөрдү берүү;
3) координациялоо жана контролдоо чөйрөсүндө:
- автомобиль жана суу транспорттору менен ташуу боюнча автомобиль транспорту жана лицензиялык-уруксат берүүчү система чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону контролдоо;
- чарбакер субъекттердин эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эл аралык келишимдерди сактоосун контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, анын ичинде чек ара боюндагы жана туруктуу посттордо чарбакер субъекттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын автомобиль жана суу транспорту субъекттеринин иштөө тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыларды, стандарттарды жана ченемдерди сактоосун контролдоо;
- менчигинин формасына жана ведомстволук таандыгына карабастан автовокзалдардын жана автостанциялардын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоосун контролдоо;
- айдоочулар жана жүк ташуучулар транспорттук тартипти сакташын, лицензиянын шарттарын, маршруттарды тейлөөгө контракттарды жана жүргүнчү жана жүк ташууну уюштуруу эрежелерин аткаруусун контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык лицензиаттын квалификациялык жана техникалык стандарттарга жана ченемдерге ылайык келүүсүн текшерүү;
- чет өлкөлүк авто-жүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга жана транзиттик өтүүсүнө уруксаты бар экендигин контролдоо;
- аныкталган эреже бузуулар боюнча протоколдорду жана актыларды түзүү, эреже бузууларды жоюу үчүн эскертүүлөрдү берүү, ошондой эле эреже бузгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчиликке тартуу;
- Евразия экономикалык бирлигинин аймагы боюнча автомобилде эл аралык ташууну ишке ашырууда автотранспорттук каражаттардын айдоочусуна маалымат жана эсептик талон берүү жана маалыматтын берилгени жөнүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоо органына информация берүү;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүктөрдү ташыган жүк ташуучу транспорттук каражаттардын салмак габариттик параметрлерин жогорулатып, белгиленген тартипте киргизилген башка чектөөлөрдү бузуу менен санкциясыз өтүүсүнө жол бербөө;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктөрү бар транспорттук каражаттарды өткөрүү үчүн жыйымдарды толук алууну камсыздоо;
- транспорттук каражаттардын жалпы массасын, жүк огун, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана ченөө үчүн жыйымдардын толук түшүүсүн камсыздоо;
- өлчөөчү приборлор менен, анын ичинде компьютердик жабдуулардын жана автоматташтыруунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен транспорттук каражаттардын салмак габариттик параметрлерин ченөө;
- транспорттук контроль пункттарын, жолдордун аларга баруучу участокторунун техникалык абалына жана сапаттуу тутууга контролду камсыздоо;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорттук контролдун мобилдик топторун уюштурууну камсыздоо;
4) кызмат көрсөтүү жана ишкердикти колдоо чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтүү;
- транспорттук кызмат көрсөтүү, жүк ташууну жана транспорттук контролду уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө жүк ташуучуларга (алардын өтүнүчү боюнча) зарыл болгон маалыматтарды берүү;
- эл аралык автомобилде жүк ташууну ишке ашыруу шарттары жана тартиби жөнүндө кызыкдар адамдарга маалымат берүү;
- авто-жүк ташуучуларга конвенциялардын, макулдашуулардын жоболору жана талаптары жөнүндө түшүндүрмө берүү жана автомобиль менен эл аралык жүк ташууларды ишке ашыруу боюнча документтер менен камсыздоо;
- жеке жана юридикалык жактардын каттары, арыздары жана даттануулары менен иштөөнү уюштуруу;
- оор жүктүү транспорттук каражаттар үчүн убактылуу терминалдарды (токтоочу аянттарды) уюштуруу;
- инженер-техникалык кызматкерлерди, айдоочуларды окутуу курстарын уюштуруу, автомобиль жана суу транспортунда жүк ташууну ишке ашыруу үчүн жүк ташуучуларды аттестациялоодон жана кайталап аттестациялоодон өткөрүү;
- кеме айдоочуларды даярдоо боюнча курстарды уюштуруу, кеме документтерин жана кемелерге мамлекеттик борттук номерлерди берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка функцияларды аткаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Агенттиктин укуктары
12. Агенттик бул Жобо менен аныкталган негизги милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- автовокзалдардан, автостанциялардан жана жүк ташуучулардан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматты, ошондой эле Агенттиктин ишине байланышкан башка маалыматты сурап алууга;
- зарыл болгон учурларда мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле ишканалардан жана уюмдардан транспорттун ишин уюштуруу маселелери боюнча, жолдордун жана көчөлөрдүн айрым участокторунда, темир жол өткөөлдөрүндө, алардагы оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө ж.б. байланышкан кыймылды убактылуу чектөө же тыюу салуу жөнүндө маалыматты сурап алууга;
- кызыкдар мамлекеттик органдар, уюмдар жана илимий мекемелер менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы жүк ташуу процессин өркүндөтүү, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун коопсуздугун арттыруу, автомобиль жана суу транспорту жагындагы илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу темаларын жана багыттарын аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
- жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү коопсуз ташуу үчүн транспорттук каражаттын тиешелүү жабдууларынын бар экендигин текшерүү;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча жана эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык башка мамлекеттер менен автомобилде эл аралык жүк ташууну ишке ашырууга уруксат бланктарын алмашуу;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен тышкы экономикалык жана илимий-техникалык кызматташууну ишке ашыруу;
- мамлекеттик органдарга автомобиль жана суу транспортунда транспорттук кырсыктардын, пайдалануу эрежелерин бузуунун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- юридикалык жана жеке жактар менен жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга жарандык-укуктук бүтүмдөрдү бекитилген тартипте түзүү;
- Министрликке автомобиль жолдорунун сакталуусун камсыздоо жана транспорттук контроль системасын өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүү;
- транспорттук каражаттарды таразага тартуу жана жалпы массасын, жүк огун, өлчөмдөрүн жана линиялык параметрлерин ченөө үчүн жыйымдарды алуу;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча атайын жана ажырагыс жүктөрдү ташууга бир жолку атайын уруксатты берүү;
- атайын жана ажырагыс жүктөрдү ташууда келтирилген зыянды эсептөө жана акы алуу;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорттук контроль пункттарынын ишин белгиленген тартипте уюштуруу;
- жалпы колдонуудагы жолдор боюнча оор салмактагы жүктөрдү ташууну уюштурууга белгиленген талаптарды бузуу фактылары жөнүндө мамлекеттик органдарга маалымат берүү;
- Агенттиктин иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына маалыматтарды жарыялоо;
- Агенттиктин техникалык кеңешин уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашыруу.
13. Агенттиктин кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына жана Евразия экономикалык бирлигинин транспорттук (автомобиль) контролду ишке ашыруу тартибине ылайык автомобиль каттамдары жөнүндө эл аралык келишимдердин жана автомобиль жана суу транспорттору менен ташуу боюнча автомобиль транспорту жана лицензиялык-уруксат берүүчү система чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууну жоюу боюнча чараларды көрүүгө (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 24-тиркемесине № 1-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү камсыздоого чараларды көрүү;
- белгиленген формадагы кийимди кийип жүрүү;
- документтеринин бар экенин текшерүү жана автомобиль жана суу транспорттору менен ташуу боюнча автомобиль транспорту жана лицензиялык-уруксат берүүчү система чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну аныктоо үчүн жолдордо жүк жана жүргүнчү ташыган транспорттук каражаттарды токтотуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Агенттиктин мүлкү, каржылоо булактары, эсеп-кысабы жана отчету
14. Агенттиктин мүлкүн негизги жана иштетилип жаткан каражаттар, ошондой эле наркы баланста чагылдырылуучу материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Агенттикке оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген мүлк мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
Агенттик ага бекитип берилген мүлктү анын менчик ээсинин макулдугу менен гана менчиктен ажыратууга же башкача жол менен тескөөгө укуктуу.
16. Агенттик мүлктү пайдалануу ченемдерин жана эрежелерин тутуу менен аны натыйжалуу пайдаланууну жана сактоону камсыздайт.
17. Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте бухгалтердик эсеп жана отчет, ошондой эле статистикалык жасайт.
6. Агенттиктин ишин уюштуруу
18. Агенттик борбордук аппараттан, аймактык бөлүнүштөрдөн жана транспорттук контроль пункттарынан турат.
19. Борбордук аппараттын кызматкерлери, ошондой эле аймактык бөлүнүштөрдүн кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп эсептелишет.
Агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматына дайындоо, кызмат өтөө жана кызматтан бошотуу, класстык чиндерди берүү, кызматкерлерди укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
20. Транспорттук контроль пункттарынын кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчы болуп эсептелишпейт.
Транспорттук контроль пункттарынын кызматкерлерин кызматка дайындоо, иштөөсү жана кызматтан бошотуу, кызматкерлерди укуктук жана социалдык коргоо эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык эмгек келишиминин негизинде ишке ашырылат.
21. Агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматчылары, ошондой эле Агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматчы болуп эсептелбеген кызматкерлери өздөрүнө тапшырылган кызматтык милдеттерин аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы, укукка каршы аракети (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.
22. Агенттикти директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
23. Агенттиктин директорунун эки орун басары болот. Орун басарлар кызматка Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык дайындалышат жана бошотулушат, түздөн-түз директорго баш ийишет, бөлүнүп берилген милдеттерине ылайык Агенттиктин ишин уюштурушат. Директор жокто анын милдеттерин директордун буйругуна ылайык директордун орун басарларынын бири аткарат.
24. Агенттиктин директору:
- жеке башчылык кылуу принцибинде Агенттиктин ишин жалпы башкарат жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, мекемелери, ишканалары жана уюмдары менен мамиледе өзүнүн компетенциясынын чегинде Агенттиктин атынан чыгат;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду, анын ичинде аймактык бөлүнүштөрдүн түзүмүн жана башкаруу схемасын жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;
- орун басарларынын ыйгарым укуктарын аныктайт, аларга Агенттиктин компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруучу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну тапшырат;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмүн, башкаруу схемасын ошондой эле борбордук аппараттын жана аймактык бөлүнүштөрдүн штаттык ырааттамаларын бекитүүгө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык аймактык бөлүнүштөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Агенттиктин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарын жана башка жарлыктарын өз компетенциясынын чегинде чыгарат;
- Агенттиктин структуралык бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктарын жана жарлыктарын жокко чыгарат;
- борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жана аймактык бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин докладдарын жана билдирүүлөрүн угат, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси боюнча кеңешмелерди өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине мамлекеттик жарандык кызматчыларга класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине Агенттиктин жана транспорттогу чарбакер субъекттердин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды берүүгө көрсөтүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- Агенттиктин атынан ишеним каттарды берет, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мүлктөрдү жана каражаттарды башкарат.
7. Агенттикти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
25. Агенттикти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
26. Жойгондон кийинки калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
27. Агенттик ишин токтоткон учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.