Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195, 2025-жылдын 26-августундагы № 525, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын жол чарбасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкарган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнө бекитилген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, расмий жана мамлекеттик тилде аталышы жазылган мөөрү, өзүнүн эмблемасы, штампы, фирмалык бланктары, негизги жана жүгүртүлүп жаткан каражаты, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында эсептери бар.
4. Департаменттин уюштуруу укуктук формасы - мекеме.
5. Департаментти кармоого кете турган чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Департаменттин юридикалык жак статусуна ээ ведомстволук уюмдары бар.
8. Департамент Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берет (мындан ары - Министрлик).
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Министрлик Департаменттин штаттык санын, чыгашалар сметасын, түзүмүн, башкаруу схемасын, анын борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын штаттык расписаниесин Министрликтин белгиленген штаттык санынын чегинде бекитет.
10. Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти";
- расмий тилде: "Департамент дорожного хозяйства при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Департаменттин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Жол чарба департаменти";
расмий тилде: "Департамент дорожного хозяйства".
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42.
2. Департаменттин максаты
12. Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү.
3. Департаменттин милдеттери жана функциялары
13. Департаменттин милдеттери:
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча автотранспорт каражаттарынын коопсуз жана үзгүлтүксүз кыймылын камсыздоо;
- автомобиль жолдорунун сапатынын транспорттук-эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн, туруктуулугун, кызмат кылуу мезгилин, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун күн сайын тейлөөнү жана күтүүнү камсыздоо.
14. Департамент өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун башкарууну;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, жол кыймылынын коопсуздугуна аудит жүргүзүү, оңдоо жана күтүү жана жол чарбасынын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү маселелери, жол жана жол четиндеги сервистердин объекттерин жайгаштырууну, ошондой эле жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү;
- республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, капиталдык, орточо жана күнүмдүк оңдоо боюнча жол чарба жаатындагы мамлекеттик, тармактык максаттуу программаларды, долбоорлорду, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын аткарууну;
- жол жумуштарын техникалык көзөмөлдөөнү камсыздоону;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана андагы жасалма курулмаларды куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштери менен аяктаган участокторду пайдаланууга берүүнү;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун сервис объекттери менен жабдууда аталган объекттерди долбоорлоо ченемдерине, курулуш пландарына жана жайгаштыруунун башкы схемаларына ылайык чара көрүү, алардын ишин уюштурууну;
- жол жана жол четиндеги сервистин объекттерин жайгаштыруу үчүн долбоорлоого техникалык шарттарды берүүнү;
- ведомстволук уюмдардын ишин координациялоону;
- жолдордун сакталышын камсыздоо, алардын өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу, ыңгайлаштыруу жана экологиялык коопсуздук, алардын транспорттук-эксплуатациялык абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүнү;
- автожолдордун транспорттук-эксплуатациялык абалын диагностикалоо жана баалоо, ошондой эле автомобиль жолдорун инвентаризациялоо жана паспорттоштурууну;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоону жүргүзүү жана күтүү планын даярдоону жана иштеп чыгууну жана белгиленген тартипте Министрликке бекитүү үчүн берүүнү;
- техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына ылайык долбоордук документтерди макулдашуу жана экспертизадан өткөрүүнү;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана андагы жасалма курулмаларды куруу, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча долбоордук документтерди бекитүүнү;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана андагы жасалма курулмаларды куруу, реконструкциялоо жана оңдоонун көлөмүн жана келишимдик милдеттерин аткарууга мониторинг жүргүзүүнү;
- Министрлик белгилеген индикаторго ылайык Департаменттин ведомстволук уюмдарынын ишине финансы-чарбалык, техникалык талдоону жана баалоону жүргүзүү, баалоонун жыйынтыктарын бекитүүнү;
- бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну контролдоону;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтүүнү;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүргөн транспорттук каражаттар келтирген зыяндын суммасын эсептөө жана төлөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш процессинде топтолгон архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсебин алуу жана пайдалануу боюнча иштерди;
- автомобиль жолдорун куруу, оңдоо жана күтүү боюнча иштердин сапатын контролдоону камсыздоону;
- илим жана техниканы өнүктүрүү, иштин тиешелүү чөйрөсүндө жаңы технологияларды ишке киргизүүнү;
төмөнкүлөргө катышуу:
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун, жол чарбасын башкаруу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүнүн тармактык программаларын жана концепцияларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана жол чарбасын долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, оңдоону жана күтүүнү жыл сайын каржылоосун түзүүгө жана жол чарбасынын бюджетин даярдоого жана болжолдоого;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү долбоорлорун даярдоого;
- курулуш жана оңдоо иштерине бааларды түзүү методологиясын даярдоого;
- эл аралык автомобиль жолдору жөнүндө түзүлгөн макулдашуулардын (келишимдердин) алкагында жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмаларды долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жана Министрликтин милдеттерин өз компетенциясынын чегинде аткарууга;
- жол чарбасынын чөйрөсүндө укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун, автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана оңдоону техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү сунуштоочу мүнөздөгү документтерди, улуттук стандарттарды, жол тармагындагы ченемдик документтерди, анын ичинде эрежелерди, жоболорду өз компетенциясынын чегинде даярдоого;
төмөнкүлөрдү уюштуруу:
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунун абалы техникалык регламенттин жана башка ченемдик укуктук документтердин талаптарына ылайык келүүсүн камсыздоону;
- жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорундагы жана алардын жасалма курулмаларындагы өзгөчө кырдаалды жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди;
- белгиленген тартипте жер участокторун акысыз пайдалануу, алып салуу, анын ичинде сатып алуу жолу менен жана жер участокторун бекитүү, ошондой эле жол чарбасынын объекттерин куруу, автомобиль жолдорун жайгаштыруу, анын ичинде жер участокторунун жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн башка объекттеринин менчик ээлери жана укуктуу ээлери менен келишим түзүү максатында мамлекеттин муктаждыгы үчүн жерлерди же жер участокторун резервдөө боюнча, ошондой эле аталган жер участокторуна жана объекттерге тиешелүү укуктарды каттоо боюнча иштерди;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунун жана андагы жасалма курулмалардын техникалык-экономикалык эсептерин, оңдоого, курууга, реконструкциялоого жана ченемдик тейлөө боюнча иштерге долбоордук документтерди белгиленген тартипте иштеп чыгууну;
- автомобиль жолдоруна аталыштарды, идентификациялык номерлерди ыйгаруу боюнча сунуштарды даярдоону, алардын узундугун эсептөөнү, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунун тизмесин түзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аны бекитүү, өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүнү;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларын акы төлөө негизинде эксплуатациялоо жана жол тармагынын чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды даярдоону;
- каражаттарды пайдалануу боюнча отчетторду камсыздоону;
- жол чарбасын өнүктүрүүгө багытталган илимий-изилдөө, инновациялык, долбоордук-технологиялык жумуштарды уюштуруу боюнча иштерди;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунун абалына мониторинг жүргүзүүнү;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын абалы жөнүндө, алардын айрым участокторундагы кыймылдын шарттары тууралуу пайдалануучуларга маалымат берүүнү;
- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун атласын басып чыгарууну;
- жеке жана юридикалык жактардын каттары, арыздары жана даттануулары менен ишти.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195, 2025-жылдын 26-августундагы № 525 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Департамент өзүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жүктөлгөн башка функцияларды жүзөгө ашырат.
4. Департаменттин укуктары
16. Департаменттин ушул Жобо менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй укуктары бар:
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана жол чарбасын башкаруу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү белгиленген тартипте түзүү;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартуу;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө кеңешме жана эксперттик органдарды (техникалык кеңештерди жана комиссияларды) түзүү;
- түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жана ведомстволук уюмдардын жоболорун бекитүү;
– жол кыймылынын коопсуздугуна аудит жүргүзүү үчүн аккредиттелген адистерди жана уюмдарды дайындоо, координациялоо жана тартуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды ишке ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Департаменттин мүлкү, каржылоо булактары, эсепке алуусу жана отчеттору
17. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы баланста көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
18. Департаментте оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлк мамлекеттик мүлк болуп эсептелет.
Департамент мүлктүн ээсинин макулдугу менен гана өзүнө бекитилген мүлктү ээликтен ажыратууга же башкача ыкма менен башкарууга укуктуу.
19. Департамент мүлктүн сакталуусун жана натыйжалуу пайдаланууну анын эксплуатациялоо ченемдерин жана эрежелерин аткаруу менен камсыздайт.
20. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте бухгалтердик эсепке алат жана отчетторду берет, ошондой эле статистикалык отчетторду жүргүзөт.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
21. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Департаменттин жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери мыйзамда белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
23. Департаментте директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган. Директордун орун басарлары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басарлары директорго түздөн-түз баш иет, Департаменттин ишин бөлүштүрүлгөн милдеттерине ылайык уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Департаменттин директору:
- бирдиктүү башкаруу принцибинде Департаменттин ишин жалпы башкарат жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жеке жоопкерчиликтүү болот;
- Департаменттин кызматкерлерин мыйзамда белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартипке чакыруу чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, мекемелери, ишканалары жана уюмдары, чет мамлекеттер менен мамиле түзүүдө өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаментти көрсөтөт;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболорун жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;
- директордун орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт, Департаменттин компетенциясына кирүүчү оперативдүү, уюштуруучу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну тапшырат;
- Департаментти жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн штаттык ырааттамасын жана башкаруу схемасын, Департаменттин ведомстволук бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине бекитүүгө киргизет;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- өз компетенциясынын чегинде Департаменттин аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү буйруктарын жана башка буйрутмаларын чыгарат;
- Департаменттин ведомстволук уюмдарынын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктарын жана буйрутмаларын жокко чыгарат, күчүн токтотот;
- ведомстволук бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин баяндамаларын жана билдирүүлөрүн угат, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга көрсөтүү үчүн сунуштарды киргизет;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин атынан ишеним кат берет, мүлктү жана каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. Директор жок учурда, анын милдетин орун басарларынын бири аткарат.
26. Департаменттин кызматкерлерин ишке алуу, иштен бошотуу, эмгек ишин укуктук жөнгө салуу, аларды укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына жана Министрликтин актыларына ылайык жүргүзүлөт.
27. Департаменттин кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздик) жасаганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, административдик, тартипке чакыруу жана материалдык жоопкерчиликти тартат.
7. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
28. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
29. Департамент жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
30. Департаменттин ишин токтоткон учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.