Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралы № 82
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Улуттук экономиканын өсүшүнө дем берүү, экспортту натыйжалуу өнүктүрүү жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
4-пунктундагы "мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору" деген сөздөр "мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пунктундагы "мамлекеттик комитетинин жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин" деген сөздөр "мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планында:
1) 3-бөлүмүнүн биринчи-үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программа (мындан ары - ТӨӨП) менен тышкы соода жаатындагы мамилелердин максаты туруктуу экономикалык өсүү үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү экспорттук потенциалды түзүү болуп саналат.";
2) 5-бөлүмүндө:
"1-багыт. Соода маалыматтарына жетүү жана экспортту илгерилетүү" бөлүмчөсүндө:
- алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги (мындан ары - АЧММ" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (мындан ары - АЧТММ)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"Дүйнөлүк туристтик уюмдун маалыматтары боюнча акыркы жылдардын аралыгында Кытай көчмө туризм чөйрөсүндөгү дүйнөдөгү ири керектөөчү-өлкө болуп саналат. 2015-жылы Кытай көчмө туристтердин саны, ошондой эле чет өлкөдөгү туристтердин чыгымдары боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлеген. Алсак, кытайлыктар туризмге 292 млрд. АКШ долларын коротушкан, бул 2014-жылга салыштырмалуу 25 пайызга көп, мында 128 млн. адам саякатта болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча чет жакка чыга турган кытай жарандарынын саны 2025-жылы 220 млн. адамга жетет, ал эми кытай туристтеринин чыгымдары жылына 450 млрд. АКШ долларын түзөт.
Кыргызстан кытай туристтеринин сандык артыкчылыгын жана жогорку сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүн пайдаланышы жана чет өлкөлүк туристтердин ушул категориясын тартуу саясатын жүргүзүүсү керек.";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы-отузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- СКИ сайттарында электрондук версияларды жайгаштыруу менен артыкчылыктуу товарлардын ар бир түрү боюнча ЕБ рыногуна экспортту илгерилетүү боюнча кадамдык колдонмону иштеп чыгуу, республиканын региондоруна андан ары жөнөтүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги колдонмонун ар бир түрүнүн 70тен кем эмес нускасын чыгаруу;
- Кытайга продукцияны экспорттоо маселелерин иштеп чыгуу (атап айтканда балды, аны Кытайда алдын ала сертификаттоо менен, ошондой эле эт жана сүт азыктарын, унду жана төө буурчакты);
- Кыргыз Республикасынан Кытайга этти, эт азыктарын, сүттү жана сүт азыктарын, балыкты жана балык азыктарын экспорттоо жөнүндө протоколдорду макулдашуу жана кол коюу;
- мөмө-жемиш, жашылча азыктарын жана унду экспорттоо жөнүндө протоколдорго кол коюу маселесин кытай тарабы менен иштеп чыгуу;
- ЕАЭБге, ВСП+ статусун колдонуу менен ЕБга, Кытайга экспортту илгерилетүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын региондорунда семинарларды өткөрүү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз үчүнчү-кыркынчы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын ири экспорттоочуларына экспорттук продукцияны илгерилетүүдө туруктуу көмөк көрсөтүү;
- ЕБ өлкөлөрүндөгү көргөзмөлөрдө улуттук стендди түзүү;
- "Жылдын мыкты экспорттоочусу" улуттук конкурсту өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясы жана Кыргыз Республикасындагы туризм жөнүндө кыскача маалыматты даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын чет элдик мекемеси жайгашкан өлкөдө республиканын экспорттук потенциалы жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык кампанияларды өткөрүү;
- компания-ритейлер түрүндө бизнес-өнөктөштөрдү жана чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясынын потенциалдуу сатып алуучуларын издөөдө Кыргыз Республикасынын экспорттоочуларына колдоо көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн Кытайга жеткирүүгө квотаны Кыргыз Республикасына берүү жөнүндө маселени Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги менен иштеп чыгуу;
- Кытайдан туристтерди тартуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу.";
"2-багыт. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү" бөлүмчөсүндө:
- он алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- он тогузунчу-жыйырма үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- жыйырма төртүнчү абзацындагы "Экинчи" деген сөз "Биринчи" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жыйырма бешинчи абзацындагы "экинчи" деген сөз "биринчи" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу-отуз үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин, анын ичинде тарифтик саясаттын негиздерин колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу макулдашууга кол коюу;
- ДСУнун алкагында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишти уюштуруу;
- 2019-жылдын январынан баштап ВСП+ алкагында ЕБнын өлкөлөрүнө экспорттоодо товардын чыккан өлкөсүн өзү декларациялоонун жаңы системасына өтүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын берүү системасын киргизүү.";
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз бешинчи-отуз алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- тышкы рынокторго ата мекендик продукцияны илгерилетүү үчүн оптималдуу транспорттук коридорлор менен Кыргыз Республикасын камсыз кылуу максатында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ИИАБ финансы ресурстарын тартуу маселесин иштеп чыгуу;
- "Кашгар" ЭЭЗ түзүүдө колдонулуучу инновациялык мамилелерди колдонуу менен "Нарын" ЭЭЗ аймагында соода-логистикалык борборду (ЕАЭБ жана ЕБ өлкөлөрү үчүн хаб катары) түзүүгө кытай инвестицияларын тартуу боюнча ишти жүргүзүү.";
"3-багыт. Сапат инфратүзүмүн колдоо жана өнүктүрүү" бөлүмчөсүндө:
- жыйырма жетинчи жана жыйырма тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи абзац менен толукталсын:
"- продукциянын сапатын шайкеш келтирүү, лабораторияга болгон муктаждыкты аныктоо, коопсуздук системаларын киргизүү жана ветеринардык тармакты өнүктүрүү маселелеринде Кыргыз Республикасынын ишканаларына көмөк көрсөтүү.";
- отуз экинчи-отуз алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- кыркынчы жана кырк биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- элүүнчү абзацындагы "АЧММ" деген аббревиатура "АЧТММ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы элүү биринчи-элүү үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- ВСП+ алкагында ЕБнын аймагына Кыргыз Республикасынан товарларды экспорттоо максатында республиканын артыкчылыктуу тамак-аш ишканаларында ХАССП тамак-аш коопсуздугу системасын киргизүүгө көмөк көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорлору ишке киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын учурдагы абалын баалоо боюнча Эл аралык эпизоотикалык бюронун отчётуна ылайык Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматтарын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу;
- ЕБ (ВСП+ алкагында), ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Кытайга ж.б. Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясын жеткирүү үчүн лабораторияларга Кыргыз Республикасынын муктаждыктарын эске алуу менен "жол картасын" иштеп чыгуу.";
"4-багыт. Финансы каражаттарына жетүү" бөлүмчөсүндө:
- отуз үчүнчү абзацындагы "жана бул чыгымдарды кыскаруусуз, артыкчылыктуу же корголгон берене катары бюджетке киргизүү" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз төртүнчү-отуз бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ЧОИ субъекттерине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн "Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү каржылоо" долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү;
- кредит алуу үчүн зайымчылар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына берүүчү документтерди тариздөөгө талаптарды жеңилдетүүчү кредиттөөнүн маселелери боюнча КРУБ башкармасынын токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү.";
3) Кыскартуулардын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
"ИИАБ | Инфратүзүмдүк инвестициялардын Азия банкы"; |
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Инвестиция агенттиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттиги"; |
- жыйырма жетинчи-жыйырма тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"АЧТММ | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ТЖМ | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ЭСӨМ | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги"; |
- отуз алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ОЭЖМК | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети"; |
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз сегизинчи абзац менен толукталсын:
"ЖМА | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар"; |
- төмөнкүдөй мазмундагы кырк төртүнчү абзац менен толукталсын:
"КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү"; |
4) Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча 2015-2017-жылдарга карата планынын тиркемесинде:
- бүткүл тексти боюнча "Жооптуулар" графасында:
2.2.1-2.2.3-пунктчаларынан тышкары "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Инвестиция агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"АЧММ" деген аббревиатура "АЧТММ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
"ТКМ" деген аббревиатура "ТЖМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
"ЭМЖМ" деген аббревиатура "ЭСӨМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
"ЭӨМ" деген аббревиатура "ОЭКМА" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
1.1-пунктунда:
"Жооптуулар" графасынын 1.1.2-пунктчасындагы "ЭӨМ," деген аббревиатура алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 1.1.8-1.1.12-пунктчалар менен толукталсын:
"
1.1.8 | Артыкчылыктуу товарлардын ар бир түрү үчүн ЕБ рыногуна экспорт боюнча кадамдык колдонмону иштеп чыгуу
| Колдонмолор даярдалды
| ЭМ, Инвестиция агенттиги, СӨП (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-октябры | Донордук жардамды тартуу |
| СКИ сайттарында колдонмонун электрондук версияларын жайгаштыруу
| КР экспорттоочулары үчүн маалыматка жетүү камсыздалды |
| 2017-жылдын 5-ноябры |
|
| Мамлекеттик жана расмий тилдердеги колдонмонун ар бир түрүнүн 70тен кем эмес нуска чыгаруу жана КР региондоруна жөнөтүү |
|
| 2017-жылдын 1-декабры |
|
1.1.9 | Продукцияны Кытайга экспорттоо маселесин иштеп чыгуу (атап айтканда балды, аны алдын ала Кытайда сертификациялоо менен, эт жана сүт азыктарын, унду жана төө буурчакты) | Техникалык жөнгө салуу (сертификациялоо) чөйрөсүндө ташып киргизилген продукцияга кытай тарабынан талаптары жөнүндө маалымат даярдалган жана КР экспорттоочуларына жеткирилген | АЧТММ, ВФКМИ, ЭМ, ТИМ | 2017-жылдын 1-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.1.10 | КРдан Кытайга этти, эт азыктарын, сүттү жана сүт азыктарын, балыкты жана балык азыктарын экспорттоо жөнүндө протоколдорду макулдашуу жана кол коюу | Протоколдорго кол коюлду
Ташып киргизилген продукцияга кытай тарабынын ветеринардык талаптары жөнүндө маалымат КР экспорттоочуларына жеткирилген | ВФКМИ | 2017-жылдын 1-ноябры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.1.11 | Мөмө-жемиш, жашылча азыктарын жана унду экспорттоо жөнүндө протоколдорго кол коюу маселесин кытай тарабы менен иштеп чыгуу | Протоколдордун долбоорлору иштелип чыкты | ВФКМИ | 2017-жылдын 30-ноябры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.1.12 | ЕАЭБге, ВСП+ статусун колдонуу менен ЕБга, Кытайга экспортту илгерилетүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын региондорунда семинарларды өткөрүү | 7ден кем эмес семинар өткөрүлдү | Инвестиция агенттиги, АЧТММ, СӨП (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу |
";
1.2-пунктунда:
"Жооптуулар" графасынын 1.2.1-1.2.3-пунктчаларында "ЭӨМ," деген аббревиатура алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 1.2.7-1.2.13-пунктчалар менен толукталсын:
"
1.2.7 | Профилдик министрликтер жана ведомстволор, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча) ири экспорттоочулардын бекитилген реестрине ылайык экспорттук продукцияны илгерилетүүдө КР ири экспорттоочуларына дайыма көмөк көрсөтүү | КР экспортун өнүктүрүүдө жана илгерилетүүдө пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө КР ири экспорттоочуларына көмөк көрсөтүлдү | Министрликтер жана ведомстволор, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.2.8 | ЕБ өлкөлөрүндөгү көргөзмөлөрдө улуттук стендди түзүү | КР экспорттук продукциясынын белгилүү болуу деңгээли жогорулатылды | СӨП (макулдашуу боюнча), Инвестиция агенттиги, ТИМ | 2017-жылдын 15-декабры | Донордук жардамды тартуу |
1.2.9 | "Жылдын мыкты экспорттоочусу" улуттук конкурсту өткөрүү, мыкты экспорттоочулар жана алардын экспорттук продукцияларын көрсөтүү менен брошюраны иштеп чыгуу, брошюраны чет өлкөнүн аймагына таркатуу | Продукциясын тышкы рынокторго илгерилетүүдө КРнын 20 экспорттоочу компанияларына көмөк көрсөтүлдү | ЭМ, Инвестиция агенттиги, ТИМ | 2017-жылдын 1-апрели | Донордук жардамды тартуу |
1.2.10 | КРнын экспорттук продукциясы, КРда туризмди өнүктүрүү жөнүндө кыскача маалыматты даярдоо жана аны социалдык медиа-ресурстардын веб-сайттарына жайгаштыруу
| КР чет өлкөдөгү мекемелери аркылуу КРда туризмди жана КР экспорттук продукциясын активдүү илгерилетүү | Инвестиция агенттиги, ММТМ, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
| КРнын чет элдик мекемеси жайгашкан өлкөдө республиканын экспорттук потенциалы жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык кампанияларды өткөрүү |
| ТИМ | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.2.11 | Компания-ритейлер түрүндө бизнес-өнөктөштөрдү жана чет өлкөдө КРнын экспорттук продукциясынын потенциалдуу сатып алуучуларын издөөдө КРнын экспорттоочуларына колдоо көрсөтүү | КРнын экспорттук продукциясынын көлөмү жогорулатылды | Инвестиция агенттиги | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.2.12 | КРнын айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн Кытайга жеткирүүгө квотаны КРга берүү жөнүндө маселени Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги менен иштеп чыгуу | Макулдашуунун долбоору иштелип чыкты | ЭМ, АЧТММ, ВФКМИ | 2017-жылдын 30-июну | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.2.13 | Кытайдан туристтерди тартуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | Иш-чаралар планы бекитилди | ММТМ | 2017-жылдын 30-августу | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
";
2.1-пункту жана 2.1.1-2.1.4-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
2.2-пунктунда:
"Мөөнөтү" графасынын 2.2.2-пунктчасындагы "2016-жылдын 1-июлу" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын 31-декабры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 2.2.5-2.2.8-пунктчалары менен толукталсын:
"
2.2.5 | Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин, анын ичинде тарифтик саясаттын негиздерин колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу макулдашууга кол коюу | Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу КРге/КРден ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрүнө/мүчө өлкөлөрдөн темир жол транспорту менен транзит аркылуу ташылган жүктөргө карата бир түргө келтирилген темир жол тарифинин Казакстан Республикасы тарабынан колдонуусу максатында Макулдашууга кол коюлду | ТЖМ, "Кыргыз темир жолу" УК" МИ | 2017-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
2.2.6 | ДСУнун алкагында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишти уюштуруу | ДСУнын алкагында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуунун беренелерин ишке ашыруу | МЭ | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
2.2.7 | 2019-жылдын январынан баштап ВСП+ алкагында ЕБнын өлкөлөрүнө экспорттоодо товардын чыккан өлкөсүн өзү декларациялоонун жаңы системасына өтүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | ВСП+ алкагында ЕБнын өлкөлөрүнө экспорттоодо товардын чыккан өлкөсүн өзү декларациялоонун жаңы системасына өтүү боюнча кадамдар жасалды | ЭМ, МБК, СӨП (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 15-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
2.2.8 | Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын берүү системасын киргизүү | Визасыз режим өлкөлөрүнүн тизмесине кирбей калган өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза берүү жол-жоболорун жеңилдетүү максатында КР электрондук визаларын берүү системасы ишке киргизилди | ТИМ | 2017-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
";
2.3-пунктунда:
"Мөөнөтү" графасынын 2.3.2-пунктчасындагы "2016-жылдын 1-майы" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын 1-декабры" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 2.3.5-2.3.6-пунктчалары менен толукталсын:
"
2.3.5 | Тышкы рынокторго КРнын продукциясын илгерилетүү үчүн оптималдуу транспорттук коридорлор менен КРны камсыз кылуу максатында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ИИАБ финансы ресурстарын тартуу маселесин иштеп чыгуу
| Бул маселе боюнча позиция иштелип чыкты | ТЖМ, ФМ, Инвестиция агенттиги, ЭМ, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
| ИИАБ менен кызматташуу жана финансылык жардамдарды тартуу боюнча, анын ичинде инфратүзүмдүк долбоорлордун ТЭНин даярдоого гранттарды алуу үчүн зарылдыгына жараша инвестициялык долбоордук сунуштарды даярдоо | Инвестициялык долбоордук сунуштар даярдалды |
| 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
2.3.6 | "Кашгар" ЭЭЗ түзүүдө колдонулуучу инновациялык мамилелерди колдонуу менен "Нарын" ЭЭЗ аймагында соода-логистикалык борборду (ЕАЭБ жана ЕБ өлкөлөрү үчүн хаб катары) түзүүгө кытай инвестицияларын тартуу боюнча ишти жүргүзүү
| Соода-логистикалык борборду түзүүгө кытай инвестицияларын тартуу боюнча кытай тарабы менен сүйлөшүүлөр башталды | Инвестиция агенттиги, ЭМ, "Нарын" ЭЭЗ (макулдашуу боюнча), МБК, АЧТММ, ВФКМИ, ТЖМ, ФМ, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
| "Нарын" ЭЭЗинин аймагына соода-логистикалык борборду түзүү боюнча инвестициялык долбоорду (ТЭН) даярдоо жана кытай инвесторлорунун кароосуна жөнөтүү | Кытай инвесторлоруна инвестициялык долбоор (ТЭН) берилди |
| 2017-жылдын 31-сентябры |
|
";
3.1-пункту жана 3.1.1-3.1.4-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
3.2-пунктунун 3.2.4 жана 3.2.5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
"Иш-чаралар" графасынын 3.2.14-пунктчасындагы "АЧММ" деген аббревиатура "АЧТММ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3.2.15-3.2.17-пунктчалар менен толукталсын:
"
3.2.15 | ВСП+ алкагында ЕБнын аймагына Кыргыз Республикасынан товарларды экспорттоо максатында республиканын артыкчылыктуу тамак-аш ишканаларында ХАССП тамак-аш коопсуздугу системасын киргизүүгө көмөк көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорлору ишке киргизүү | КРнын артыкчылыктуу тамак-аш ишканаларында ХАССП тамак-аш коопсуздук системасы киргизилди | МЭ | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамдарды тартуу |
3.2.16 | Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын учурдагы абалын баалоо боюнча Эл аралык эпизоотикалык бюронун отчётуна ылайык Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматтарын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу | КРнын ветеринардык контролдоо системасынын ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүнүн системасына эквиваленттүүлүгү таанылды жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-казакстан участогунда ветеринардык контроль жоюлду | ВФКМИ | 2017-жылдын 31-июлу | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
3.2.17 | ЕБ (ВСП+ алкагында), ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Кытайга ж.б. КРнын экспорттук продукциясын жеткирүү үчүн лабораторияларга КРнын муктаждыктарын эске алуу менен "жол картасын" иштеп чыгуу | Лабораторияларга болгон артыкчылыктуу муктаждыктар аныкталды | ВФКМИ, ЭМ АЧТММ, ССМ | 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
";
4.1-пунктунда:
"Күтүлүүчү натыйжа" графасынын 4.1.2 жана 4.1.3-пунктчаларындагы "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Инвестиция агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 4.1.7-4.1.8-пунктчалар менен толукталсын:
"
4.1.7 | Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ЧОИ субъекттерине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн "Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү каржылоо" долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | КР Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды | Инвестиция агенттиги, ЭМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), "Кепилдик фонду" ААК (макулдашуу боюнча), РКӨФ (макулдашуу боюнча), КР коммерциялык банктары (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-августу | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
4.1.8 | Кредит алуу үчүн зайымчылар КРнын коммерциялык банктарына берүүчү документтерди тариздөөгө талаптарды жеңилдетүүчү кредиттөөнүн маселелери боюнча КРУБ башкармасынын токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | КРын коммерциялык банктарынан кредиттерди алуу үчүн талаптар жеңилдетилди | КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
";
4.2-пункттун 4.2.2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4.2.2 | КНСти кайтаруу үчүн мамлекеттик бюджетте жетишээрлик сумманы караштыруу максатында КРнын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо | КНСти кайтаруу үчүн республикалык бюджетте жетишээрлик сумма караштырылды | ФМ | 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |