Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 174
Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планы жөнүндө
Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана тышкы рынокто ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V “2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программаны бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программаны аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Утвердить План Правительства Кыргызской Республики по развитию экспорта Кыргызской Республики на 2015-2017 годы (далее - План) согласно приложению.
2. Возложить на Совет по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве Кыргызской Республики (далее - Совет) функции по координации реализации Плана.
3. Определить Министерство экономики Кыргызской Республики рабочим органом Совета в части координации реализации Плана.
4. Министерствам, государственным комитетам, административным ведомствам, полномочным представителям Правительства Кыргызской Республики в областях, местным государственным администрациям и органам местного самоуправления (по согласованию) ежеквартально, не позднее 15 числа месяца, следующего за отчетным периодом, представлять информацию об исполнении Плана в Министерство экономики Кыргызской Республики для обобщения.
(В редакции постановления Правительства КР от 8 февраля 2017 года № 82)
5. Министерству экономики Кыргызской Республики, ежеквартально, не позднее 30 числа месяца, следующего за отчетным периодом, представлять в Аппарат Правительства Кыргызской Республики обобщенную информацию о ходе исполнения Плана.
6. Установить персональную ответственность руководителей министерств, государственных комитетов, административных ведомств, полномочных представителей Правительства Кыргызской Республики в областях, местных государственных администраций и органов местного самоуправления (по согласованию) за качественное и своевременное выполнение Плана.
(В редакции постановления Правительства КР от 8 февраля 2017 года № 82)
7. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на отдел экономики и инвестиций Аппарата Правительства Кыргызской Республики.
8. Настоящее постановление вступает в силу по истечении семи дней со дня официального опубликования.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экспортун илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга планы (мындан ары – План) төмөнкүлөрдө аныкталган максаттарга жана милдеттерге жетүүгө багытталган:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V ««2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программаны» бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программада.
Пландын маселелери соода маалыматтарына, чарбалык субъекттердин жана соода өткөрүү институттардын потенциалын (дареметин) күчөтүүнү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү, сапаттын улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана колдоону, салык оорчулугун жеңилдетүүнү жана финансылык ресурстарга экспортёрлордун жетүүсүн камсыздоо боюнча чараларды караган төрт багыттын алкагында чечилет.
Пландын өзгөчөлүгү негизинен чакан жана орто ишкердикке (мындан ары - ЧОИ) шарттарды түзүү жана аларды колдоо, экспорттук продукцияларды өндүрүү үчүн керектүү потенциалды түзүүгө багытталганы менен белгиленет.
2. Учурдагы кырдаалды талдоо жана көйгөйлөр
Кыргыз Республикасынын тышкы соода көлөмүнүн олуттуу өсүшү жана анын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр 2000-жылдан тартып байкала баштаган. Мында импорт көлөмү экспорт көлөмүнө салыштырмалуу бир кыйла тез көбөйүп, соода балансынын терс сальдосунун жана бүтүндөй төлөм балансынын тартыштыгынын өсүшүн шарттады (1-сүрөт). 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча терс соода сальдосу 4 млрд. АКШ долларынан ашыкты түздү. Мындай кырдаал эң башкысы, алтынды, сүт азыктарын, тигилген кийимдерди экспорттоонун кыскарышына жана мунайзаттардын, буудайдын, көмүрдүн импортунун өсүшүнө байланыштуу келип чыкты.
1-сүрөт. Товарларды экспорттоонун жана импорттоонун динамикасы, сальдо, млн. АКШ доллары
Экспорттолуучу продукциялардын көлөмү жана экспорт багытындагы өлкө-пункттардын саны - өлкөнүн атаандаштык жөндөмүнүн деңгээлин аныктоочу маанилүү маалымат. Эки көрсөткүч боюнча Кыргыз Республикасы орто дүйнөлүк мааниден ылдыйкы орунду ээлейт. Дүйнөнүн дээрлик 145 өлкөсү менен соода операциялары жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, негизги экспорттук берүүлөр товарлардын чектелүү санын гана камтыйт (2-сүрөт) жана бир нече өлкөнүн рыногунда жүзөгө ашырылат (3 жана 4-сүрөттөр). Экспорттоонун олуттуу үлүшүн алтын түзөт (36,5%). Калган товарлар кыйла аз үлүшкө ээ: жашылча жана жемиштер 7-4%; кийимдер жана ага таандык буюмдар - 5,4%; айнек - 1,4%; электр энергиясы, пахта буласы, кара металл жана сыныктар, сүт жана сүт азыктары - ар бири 1% жакынды түзөт. Дагы эле болсо ошол продукциялардан жана салттуу рыноктордон көз карандылык бир кыйла таасирлүү. Жаңы продуктылар бөлүгүндө, жана ошондой эле жаңы рыноктор бөлүгүндө да диверсификациялоо мүмкүнчүлүгү анчалык өздөштүрүлө элек.
2-сүрөт. Экспорт түзүмүнүн динамикасы, млн. АКШ долл.
Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигине (мындан ары - КМШ) кирген өлкөлөрдүн ичинен Россия, Казакстан жана Өзбекстан Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөштөрү болуп саналат. Мында төмөнкүдөй динамика калыптанды: Россияга экспорттун үлүшү 2005-жылы 44,3%дан 2013-жылы 19,3%га чейин төмөндөгөн. Ошол мезгилдин ичинде Казакстанга экспорттун үлүшү 38,3%дан 49,7%га чейин, ал эми Өзбекстанга 5,6%дан 20,4%га чейин өскөн.
2013-жылы Россияга 153,6 млн. АКШ доллары суммасында товарлар алынып кеткен. Негизги берилүүчү товарлар кийимдер жана ага тиешелүү буюмдар, авиакеросин, пахта, жашылча-жемиштер жана такта айнеги болгон. Россияга товарларды экспорттоонун 2012-жылга салыштырмалуу кыскарышы (30%) жашылча-жемиштерди, кийим жана ага тиешелүү буюмдарды берүүлөрдүн азайышына байланыштуу болду.
Казакстанга товарлар экспортунун көбөйүүсү кийим жана ага тиешелүү буюмдарды, кендерди жана баалуу металл аралашмасын, жашылча-жемиштерди, органикалык эмес химиялык заттарды берүүлөрдүн өсүшү менен шартталды (3-сүрөт). Кийимдер жана ага тиешелүү буюмдардын, жашылча-жемиштердин экспортунун жогорулоосу Бажы союзунун (мындан ары - БС) талаптарын аткаруу менен шартталат. Казакстанга сүт азыктарын экспорттоо 98% айланасында жиберилет. Ушуну менен бирге, 2013-жылы электр энергиясын экспорттоо дээрлик 2 эсеге азайган.
3-сүрөт. КМШ өлкөлөрү боюнча товарларды экспорттоо, млн. АКШ долл.
Өзбекстанга негизинен жүк ташуучу унаалар, унаа тетиктери жана ага тиешелүү буюмдар, металл жана резина буюмдары, электр энергиясы жана кызытма лампалар экспорттолот.
Өлкөнүн экспортунда КМШдан тышкары Швейцария, Кытай жана Түркия мамлекеттери республиканын негизги соода өнөктөштөрү болуп саналат (4-сүрөт). Мында КМШга кирбеген өлкөлөрдүн арасынан Швейцариянын салыштырма салмагы 49,8% (алтын берүү 99,4%) түзөт. Кытай - 3,5%, Түркия - 11,8%. Бириккен Араб Эмираттарына алтын берүү эсебинен экспорттоо (үлүшү 21,7%) көбөйдү.
4-сүрөт. Алыскы чет өлкөлөр боюнча товарлардын экспорту, млн. АКШ долл.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн эсебинен Кыргызстандын өз соода тартыштыгын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү бар - бул чөйрө эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн баштап туруктуу өсүү тенденциясына ээ (5-сүрөт). Саякат чөйрөсүндөгү экспорттун көлөмү, анын ичинде туризмдин чакан секторлорунун көпчүлүк бөлүгүнүн жогорулаганы белгиленди.
5-сүрөт. Кызмат көрсөтүү экспортунун динамикасы, млн. АКШ долл.
Туризмди өнүктүрүү көп сандагы жумуш орундарын түзүүгө түрткү берди. Азыркы убакта, туризм секторунда кызмат көрсөтүү үлүшү ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 4,7 пайызына жакынды түзөт жана анда эмгекке жөндөмдүү калктын 4,5%ы иш менен камсыз болгон.
Активдүү туризм жана коомдошууга негизделген туризм сыяктуу креативдүү кызмат көрсөтүүнүн экспорту менен катар, кызмат көрсөтүү экспорту, экспорт көлөмүн жогорулатуу максатында өсчү жана андан ары өсүүнүн өзөктүү кыймылдаткыч күчү болуп саналат, Өткөн жүз жылдыктын 1990-жылдарынын ортосунан тартып туризм секторунан тышкары кызмат көрсөтүү экспорту кыскарууда. Бул тенденцияны жеңүү - өлкөнүн соода балансын жакшыртуунун жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн шарттарын камсыз кылуу болуп саналат. Камсыздандыруу, финансы жана телекоммуникация жагында кызмат көрсөтүү азыркы убакта жетиштүү өнүгө элек, бирок ал ишенимдүү потенциалга ээ. Бул секторлорду өнүктүрүү Кыргызстандын соода туруктуулугун жогорулатууга, түзүмдүктү жана товарлар жана энергия ресурстары менен соода жүргүзүүнүн чоң көлөмүн диверсификациялоонун жыйынтыгы катары жардам берет.
Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуу
Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна (мындан ары - ДСУ) кириши эл аралык рынокторго жетүүнү жакшыртууга жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөнү түзүүнү камсыздады. Өлкөдө соода тутумун болжолдоонун негизи түптөлүп, тышкы соода жүгүртүүнүн географиясы кеңейип жана түзүмү өзгөрдү.
Преференциялардын жалпы системасына мүчө болуу
Кыргызстан 1993-жылдан тартып Европа союзунун (мындан ары - ЕС) Преференцияларынын жалпы системасынын бенефициары болуп саналат. Бирок, аталган схеманы пайдалануу деңгээли өтө төмөн жана жакшыртууну талап кылат. ЕСтин рыногуна жетүү ЕСтин жаңы схемасына - экспорт жетиштүү диверсификацияланбаган начар өлкөлөргө багытталган, туруктуу өнүгүүгө стимулдаштыруу жана преференциялардын жалпы системасынын + (мындан ары - ПЖС +) адилеттүү башкаруу схемасына кошулуу жолу менен кеңейтилиши мүмкүн. ЕС ПЖС + схемасы туруктуу өнүгүү жана ак ниет башкаруу принциптерин сактоо боюнча өз милдеттерин алган өлкөлөр үчүн пайдалуу тарифтик режимди алдын ала карайт. ЕС ПЖС + жаңы схемасы ЕС жана Түркияга Кыргызстандын экспорттоосуна оң таасирин бериши мүмкүн жана ушуну менен бирге тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча өлкөнүн потенциалын жакшыртат.
Евразия экономикалык союзуна мүчө болуу
2014-жылдын 29-майында Астана шаарында БСга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык союзу (мындан ары - ЕАЭК) жөнүндө Келишимге кол коюшкан, ал 2015-жылдын 1-январынан баштап иштей баштады.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишимге 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган.
БСга Кыргызстандын кошулуу "жол картасы" боюнча төмөнкү негизги багыттар каралган:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын БСтын Макулдашууларына ылайык келтирүү;
- өткөрмө жана лаборатория пункттарын жабдуу, модернизациялоо, инфратүзүмдүк өзгөртүү;
- кириш бажы алымдарынын суммасын БС мүчө мамлекеттер ортосунда чегерүү жана бөлүштүрүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы бажы контролун алып салуу;
- БСнын техникалык регламенттери күчүнө киргенге чейин өткөөл мезгилдин мөөнөттөрүн аныктоо;
- ДСУ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана башкалар.
Кыргыз Республикасынын БЭМге кирүү боюнча жол картасы иш-чаралардын 115 пунктун камтыган 15 бөлүмдөн турат:
1. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо чөйрөсү
2. Макроэкономика чөйрөсү
3. Валюталык саясат чөйрөсү
4. Кызматты сатуу, уюштуруу, ишмердик жана инвестицияларды жүзөгө ашыруу
5. Финансылык рыноктор чөйрөсү
6. Атаандаштык саясат чөйрөсү
7. Табигый монополия чөйрөсү
8. Энергетика чөйрөсү
9. Транспорт жана инфратүзүм чөйрөсү
10. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсү
11. Интеллектуалдык менчик чөйрөсү
12. Өнөр жай чөйрөсү
13. Агро өнөр-жай комплекси чөйрөсү
14. Эмгек миграциялар чөйрөсү
15. Жалпы жоболор.
Бүткүл БСтин келишимдик-укуктук базасы товарларды өткөрүү маселелерин жөнгө салат: бажылык башкаруу, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык талаптар, техникалык регламенттер.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭКга катышуусу, анын ичинде ЕАЭК катышкан өлкөлөргө товарларды жана кызматтарды экспорттоону көбөйтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. ЕАЭК катышкан өлкөлөрдүн чек араларында бажы жол-жоболорунун жоктугу негизги артыкчылык болот. ЕАЭК өлкө-катышуучуларынын чоң рыногуна чыгуу келечеги алыскы чет өлкөлүк инвесторлор үчүн, анын ичинде Кытай, Түркия, Түштүк Корея жана башка инвесторлорго Кыргызстанды жагымдуу өлкө кылат. Сыноо лабораторияларын модернизациялоо өндүрүлгөн ата мекендик товарлардын сапатын контролдоону жакшыртууга мүмкүндүк берип, тышкы рыноктордо атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга алып келет.
Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн жумушка орношуу жана социалдык тейлөөлөргө жетүү бөлүгүндөгү шарттар жакшыртылат жана жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Экспортту илгерилетүүнүн негизги көйгөйлөрү:
1) Кыргызстандын экспорттук агымы Казакстанга жана Россияга багытталган. Башка өлкөлөр менен соода мамилеси анча маанилүү жана туруктуу эмес бойдон калууда (алтын берүүлөрдү эске албаганда);
2) экспорттоочулар, өзгөчө ЧОИ өз кардарлар базасын диверсификациялоо үчүн өндүрүштүк потенциалга ээ эмес, ошоңдой эле жаңы рыноктун сапаттык жана сандык талаптарына жай көңүл бурат;
3) өздөштүрүлбөгөн рынокко кирип жана бекемделүү боюнча ЧОИге көрсөтүлүп жаткан институттук колдоо азырынча өтө чектелүү;
4) транспорттук кызмат, жүктөрдү иштетүү, сертификациялоонун сапатынын жетиштүү эмес деңгээли;
5) сапат менеджменти жагындагы институттук потенциалдын чектелүүлүгү белгисиздикти күчөтөт жана эреже боюнча, экономикалык өнүккөн рыноктордо мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууда кошумча чыгымдарга алып келет, Метрология, сыноо институттарынын ролу жана европалык рынокко жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (мындан ары - ЭКӨУ) өлкөлөрүнүн рыногуна кирүүдө баалардын ылайык келиши өзгөчө маанилүү;
6) экспорттук кредиттерди жана камсыздандырууну кошо, финансылык ресурстарга жетүүнүн түрдүү механизмин төмөнкү деңгээлде пайдалануу.
3. Пландын максаттары жана милдеттери
2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программа (мындан ары - ТӨӨП) менен тышкы соода жаатындагы мамилелердин максаты туруктуу экономикалык өсүү үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү экспорттук потенциалды түзүү болуп саналат.
Мында өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу максаттар коюлган:
- жагымдуу тышкы соода режимине жетүү үчүн базалык негиз түзүү;
- товарлардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- чыгарылган продукциялар үчүн өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин, жогорулатуу.
Аталган максаттарды эске алуу менен ушул План соода маалыматтарына жетүү, чарбалык субъекттердин жана соода өткөрүү институттарынын потенциалын күчөтүү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, сапат инфратүзүмүн өнүктүрүү жана колдоо, салык оорчулугун жеңилдетүү жана экспортерлордун финансылык ресурстарга жетүүсүн камсыздоочу иш чөйрөлөрүндөгү конкреттүү маселелерди чечүүгө багытталды.
4. Артыкчылыктуу секторлорду аныктоо
Орто мөөнөттүү келечекте экспортту кеңейтүү мүмкүнчүлүгү, иштеп жаткан секторлордун эсебинен жүзөгө ашырылат. Экспортун калыптанган динамикасына жана түзүмүнө жүргүзүлгөн талдоо экспортту илгерилетүү үчүн өзгөчө шарттарды талап кылбаган жана туруктуу суроо-талапта турган продукциялардын бар экендигин көрсөтөт. Мындай продукциялардын түрүнө алтын, электр энергиясы, пахта, жашылча-жемиш жана башка товарлар кирет. Ошондой эле динамикалык өнүккөн секторлор да бар жана экспорттук берүүлөрдүн, мисалы, тигилген кийимдерди экспорттоо туруктуу өсүп баратканы байкалууда.
Ири ишканалар, экспорттук продукцияларга коюлган талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү ресурска ээ. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоо боюнча чет өлкөлүк компаниялар иштешет, алар мисалы, пахта жана тамеки товарларын экспорттоого байланышкан бардык чыгымдарды өз мойнуна алат.
Бир кыйла экспорттук потенциал ЧОИ чөйрөсүндө бар. 2012-жылы ЧОИнин экспорттук берүүлөрү 7,9% өсүп жана экспорттун жалпы көлөмүнүн 35,6% түздү. Республикадагы көптөгөн ЧОИлер мамлекеттик колдоосуз тышкы рыноктордо атаандаша алгыдай жетиштүү потенциалга ээ эмес.
Ресурстардын чектелүү шарттарында артыкчылыктуу секторлорду тандай алуу керек. Мындай секторлорду тандоо экспорттун түптөлгөн түзүмү менен чектелбеш керек, бирок экспортту диверсификациялоонун потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү жана ошол секторлор өлкөнүн экономикасына, ошондой эле калктын жашоо деңгээлине таасирин тийгизээрин эске алуу керек.
Мамлекеттик колдоого муктаж болгон, артыкчылыктуу секторлорду аныктоо үчүн, он алты иштеп жаткан секторлорго төрт көрсөткүч боюнча салыштырмалуу талдоо жүргүзүлдү: 1) экспорттун учурдагы абалына; 2) ички сунуш шарттарына; 3) дүйнөлүк рыноктогу тенденцияларга; 4) өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө сектордун тийгизген таасирине. Бул көрсөткүчтөрдү эске алуу менен төмөнкү секторлор тандалып алынды: туризм, жашылча-жемиш, эт жана сүт азыктары, текстиль жана тигилген кийимдер, бөтөлкөгө куюлган суу.
"Экспорттук потенциал" термини кеңири мааниде пайдаланылат жана экспортту кеңейтүү жөндөмдүүлүгүн түшүндүрөт. Айрым тармактар жогорку потенциалдуу катары каралышы мүмкүн, анткени аларда ийгиликтүү экспорттун бириктирилген тарыхы жана аны кеңейтүү үчүн потенциалы бар: бар болгон экспорттук потенциал, мисалга, акыркы жылдардагы жогорку экспорттук көлөмдөр же жогорку өсүү темпи көз карашында каралышы мүмкүн (мисалы, тигилген кийимдер, мөмө-жемиштер, эт жана сүт азыктары) (6 жана 9-сүрөттөр).
6-сүрөт. Жашылча-жемиштердин экспорту, миң АКШ долл.
7-сүрөт. Эт азыктарынын экспорту, миң АКШ долл.
8-сүрөт. Сүт азыктар экспорту, миң АКШ долл.
9-сүрөт. Тигилген кийимдер экспорту, миң АКШ долл.
Экспорттук продукциялардын аз көлөмүн түзгөн секторлор бар, бирок керектүү шарттарды түзгөндө экспорт көлөмү бир кыйла өсүшү мүмкүн (мисалы, туризм, маалыматтык технологиялар (мындан ары - МТ) жагында кызмат көрсөтүү). Жалпы социалдык-экономикалык өнүгүүгө кошкон салым сектордо иш менен камсыз болуу деңгээли, ошондой эле жакырчылыкты кыскартууга жана курчап турган чөйрөнү коргоого кошулган салымын эске алуу боюнча бааланат. Салыштырмалуу талдоонун корутунду жыйынтыгы Эл аралык соода борбору (мындан ары - ЭСБ) тарабынан 2013-жылы алынган (1-таблица).
1-таблица
Артыкчылыктуу секторлорду тандоо
| Экспорттук потенциал | ||
Социалдык-экономикалык өнүгүү | Төмөн | Орто | Жогорку |
Жогорку | - | Туризм | Тигилген кийимдер |
Орточо-жогорку | Кол өнөрчүлүк | Мөмө-жемиштер, жаңгактар; сүт жана эт азыктары | Иштетилген жашылча-жемиштер Бөтөлкөгө куюлган суу |
Орточо | - | МТ кызматтары | Пахта |
Орточо-төмөн | Жаныбарлардын жүнү | Жаныбарлардын териси | Минералдык отун ресурстары жана металлдар |
Төмөн | - | - | - |
ЭСБ маалыматтары
Артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү иштеп жаткан жана жаңы тармактык программалардын алкагында жүзөгө ашырылат.
Эт, сүт, жашылча-жемиштер өндүрүшүнө мамлекеттик колдоо анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин 2013-жылдын 29-майындагы № 17-36 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015 жана 2016-жылдарга болжолу жөнүндө" чечими менен бекитилген 2014 жана 2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунда каралып аныкталган программалардын жана өнүктүрүүгө эл аралык жардамдын эсебинен жүзөгө ашырылат:
- дыйканчылыкка мамлекеттик колдоо. Максаты: өлкө калкын сапаттуу жана жеткиликтүү дыйканчылык азыктары менен камсыз кылуу, айыл чарба азык-түлүгүнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу;
- мал чарбасына мамлекеттик колдоо. Максаты: өлкөнүн айыл чарбасында туруктуу иштеген жана өнүккөн мал чарба комплексин уюштуруу жолу менен өлкө калкынын керектөөлөрүн мал чарба азыктары менен канааттандыруу;
- мамлекеттик ирригациялык фондго жана мелиорацияга колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү. Максаты: агрардык сектордун натыйжалуу иштешин колдоо үчүн сууну пайдалануучу бардык субъекттердин суу ресурсуна болгон керектөөсүн камсыз кылуу;
- айыл чарбасын мамлекеттик колдоо - "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоору. Максаты: 2015-жылы жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү жана мал чарбасын, айыл чарбасын кайра иштетүү секторун, үрөн жана асыл тукум чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыя каражаттары менен камсыздоо жолу менен андан ары өнүктүрүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд (мындан ары - АӨЭФ) 2013-жылдын сентябрь айында "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-I" айыл чарба долбооруна 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлгөн. Бул долбоорду ишке ашыруу 2013-жылдын күз айынан тартып Ысык-Көл жана Нарын облустарында башталган. АӨЭФ долбоорду ишке ашыруунун географиялык камтуу зонасын кеңейтүү максатында, "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II" долбоорун каржылоо жөнүндө чечим кабыл алган. Аталган долбоор Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарын камтыды. Долбоордун максаты мал чарбанын азыктуулугун жана чыгарылган продукцияларды сатуу рыногун өнүктүрүү боюнча шарттарды жакшыртууга жетүү үчүн айыл тургундарына жардам көрсөтүү болуп саналат.
2015-жылы Дүйнөлүк банк менен (мындан ары - ДБ) каржылануучу жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну өркүндөтүү боюнча долбоорду ишке ашырууну баштоо пландаштырылууда. Долбордун максаты жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин күч-аракеттери менен жайыттарды, жаныбарлардын ден соолугун жана мал чарбасын башкарууну өркүндөтүү жана Талас, Чүй облустарында жеке ветеринардык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (мындан ары - БУУ ФАО) жаныбарларды идентификациялоо боюнча улуттук стратегиянын жана иш пландын долбоорун иштеп чыгууга Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтөт. Жаныбарларды идентификациялоо жана алардын жүрүшүн байкоо системасы жаныбарлардын статистикасын, ветеринария системасын, секторлордо жана жайыттарда өндүрүштү башкарууну жана жаныбарлардын генетикасын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Мындай колдоо Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун жогорулашына жана жаныбарлардын илдеттерин контролдоо жана мониторингдөө системасынын өркүндөтүлүшүнө, мал чарба азыктарын экспорттоого чектөөлөрдүн азайышына, жаныбарлардын ден соолугун, жайыттарды пайдалануунун жакшыртылышына жана жаныбарлардын азыктуулугун жогорулатуунун эсебинен фермерлердин жана башка кызыкдар тараптардын кирешесинин көбөйүшүнө шарт түзөөрү күтүлүүдө.
Ошондой эле БУУ ФАО менен Кыргызстанга асыл-тукум малды сактап калууга 20 млн. АКШ долларын бөлүп берүү жөнүндө сүйлөшүүлөргө жетишилди.
Ислам өнүктүрүү банкы (мындан ары - ИӨБ) Кыргыз Республикасында малдын тукумун жакшыртуу үчүн үй жандыктарын жасалма жол менен уруктандыруу ишин өнүктүрүүгө 1 млн. 380 миң АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүп берет. Ошондой эле республикалык бюджеттен да кошо каржылоо бөлүнөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 367 "Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдары асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы ишке ашырылууда.
Кийим тигүү өндүрүшүн мамлекеттик колдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасына ылайык жүзөгө ашырылууда. Бул документте төмөнкүдөй артыкчылыктар аныкталган: экспортту диверсификациялоо жана кеңейтүү жолу менен текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу; текстиль өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; региондордо текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү жана социалдык диалогду, ЧОИ менен мамлекеттик органдардын өнөктөштүгүн активдештирүү.
Туризмди өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо үчүн 2015-2017-жылдарга туризм тармагын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын алкагында Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки программасын иштеп чыгуу пландаштырылууда.
Бөтөлкөгө куюлган суу секторуна мамлекеттик колдоо үчүн да атайын документти иштеп чыгуу пландаштырылууда. Бул сектордун өзгөчө жагымдуу факторлорунун бири болуп ички жана тышкы рыноктордун олуттуу өсүү потенциалы саналат. Ички жана региондук суроо-талаптын көбөйүшүнө, анын ичинде керектөөчүлөрдүн кирешесинин өсүшүнө алып келүүчү бир катар факторлор, ошондой эле турмуштун сергек жашоосуна умтулуу тенденциясы бар. Эксперттик баа берүү боюнча рыноктун ички потенциалы анын учурдагы өлчөмүнөн 14 эсеге жогору. Өркүндөп өсүп бараткан бөтөлкөгө куюлган суу өндүрүшүнүн сектору экономикага гана эмес, калктын жалпы саламаттыгына жана бакубат жашоосуна таасирин берери шексиз. 10-сүрөттө берилген маалымдарга ылайык, суунун экспорту өнүгүүнүн баштапкы баскычында турат. Бөтөлкөгө куюлган суу өндүрүшүн көбөйтүү импортту кыскартууга мүмкүндүк түзөт.
10-сүрөт. Минералдык жана кант кошулбаган газдалган суунун экспортунун, импортунун динамикасы, миң литр
5. Пландын багыттары
План бардык артыкчылыктуу секторлор үчүн жалпы болуп саналган маселелерди чечүүгө башталган. Ушуну менен бирге Пландын милдеттери бул секторлордун, ошондой эле жана ЧОИнин экспорттук потенциалдарын өнүктүрүүнү эске алуу менен аныкталган.
Пландын милдеттери 4 багыттын алкагында аткарылат.
1-багыт. Соода маалыматтарына жетүү жана экспортту илгерилетүү
Учурда тышкы экономикалык иштердин катышуучулары соода маалыматын жана кызматын түрдүү булактардан алуу мүмкүнчүлүктөрү бар, алар ассоциациялар, сооданы колдоо институттары (мындан ары - СКИ), "Союзтекстиль" текстиль өнөр жай ишканаларынын союзу, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору, Маалымат-маркетинг борбору коомдук фонду, мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - КРУБ), өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр.
Тышкы экономикалык ишке (мындан ары - ТЭИ) катышуучуларга кызмат көрсөтүүчү көп сандуу маалымат булактарынын жана уюмдардын бар экендигине карабастан, чаржайыттык, чектелгендик, соода маалыматтарын берүү жана экспортту илгерилетүү боюнча координациянын жоктугу байкалат.
Соода маалыматтарын чогултуу, таркатуу жана пайдалануу персоналдын квалификациясына жараша болот. Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли жумуш берүүчүлөрдүн (мамлекеттик органдар, бизнес ассоциациялар, жеке бизнес) учурдагы талаптарына дайыма. ылайык келе бербейт, Квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн коммерциялык негизде көп сандаган окутуучу уюмдар беришет.
Бизнес ассоциациялар негизинен өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда окутуучу семинарларды жана тренингдерди өткөрүшөт. Эреже катары мындай тренингдер акысыз негизде, иштеп жаткан адистер үчүн жүргүзүлөт. Бирок, квалификацияны жогорулатуу боюнча көп сандуу кызмат көрсөтүүлөргө карабастан фрагменттүүлүктүн жана квалификацияны жогорулатуу маселеси боюнча координациялоонун жоктугун белгилесек болот.
Мындай окшош кырдаал кыргыз продукциясын тышкы рынокко өткөрүүдө байкалат, тактап айтканда: экспортерлордун адистештирилген көргөзмө-жарманке иш-чараларына катышуусу. Тармактык ассоциациялар сооданы илгерилетүү боюнча, башкача айтканда адистештирилген соода жарманкелерине, өзгөчө региондук жана салттуу рынокторго катышуу жолу менен ар кандай кызмат көрсөтүп жатышат. Алсак, Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр-жай ишканалар ассоциациясы "Легпром" жыл сайын эки жолу Бишкек шаарында "Мода индустриясы" эл аралык көргөзмөсүн, ошондой эле КМШга катышкан өлкөлөрдүн жана алыскы чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү адистештирилген көргөзмө иш-чараларга жеке сектордун (текстиль жана даяр кийимдердин) өкүлдөрүнүн жамааттык катышуусун жыл сайын уюштурат. Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы (КТОА) Кыргыз Республикасынын ишкерлерине (туроператорлорго) Германиянын, Япониянын ж.б. өлкөлөрдүн адистештирилген көргөзмө иш-чараларына катышууга жардам көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы ЧОИнин "ЭКСПО" бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө, КМШнын мааракелик көргөзмөлөрүнө катышуусун уюштурат.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (мындан ары - ЭМ) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (мындан ары - АЧТММ) менен бирдикте Эл аралык кызматташтык боюнча герман коомунун (мындан ары - GIZ) колдоосунда кыргыз экспортерлорунун Германиянын Берлин шаарында өткөрүлүүчү "Жашыл жумалык" Эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө катышуусун уюштурууда. ЭМ ошондой эле ЧОИнин Үрүмчү (Кытай Эл Республикасы) шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү "ЭКСПО" региондук көргөзмөгө катышуусуна колдоо көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти Россия Федерациясында, Казакстан Республикасында өткөрүлүүчү адистештирилген туристтик иш-чараларга катышууну уюштурат, ошондой эле "Ысык-Көл" көргөзмөсүн уюштурат жана өткөрөт.
Ар кандай көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин көптүгүнө карабастан, кыргыз экспортерлору финансылык ресурстун чектелгенине байланыштуу бул иш-чараларга толук кандуу катыша алышпайт.
Экспортту илгерилетүүдө улуттук брендинг маанилүү роль ойнойт. Азыркы учурда, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн программаларды илгерилетүүгө жардам кылган өзгөчө тармактык бренддер бар. Бирок, улуттук бренд маселелерин чечүү жана илгерилетүү боюнча иш системалуу негизде жүзөгө ашырылбай келет.
Дүйнөлүк туристтик уюмдун маалыматтары боюнча акыркы жылдардын аралыгында Кытай көчмө туризм чөйрөсүндөгү дүйнөдөгү ири керектөөчү-өлкө болуп саналат. 2015-жылы Кытай көчмө туристтердин саны, ошондой эле чет өлкөдөгү туристтердин чыгымдары боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлеген. Алсак, кытайлыктар туризмге 292 млрд. АКШ долларын коротушкан, бул 2014-жылга салыштырмалуу 25 пайызга көп, мында 128 млн. адам саякатта болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча чет жакка чыга турган кытай жарандарынын саны 2025-жылы 220 млн. адамга жетет, ал эми кытай туристтеринин чыгымдары жылына 450 млрд. АКШ долларын түзөт.
Кыргызстан кытай туристтеринин сандык артыкчылыгын жана жогорку сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүн пайдаланышы жана чет өлкөлүк туристтердин ушул категориясын тартуу саясатын жүргүзүүсү керек.
Соода маалыматын берүү жана экспортту илгерилетүү жагындагы негизги көйгөйлөр:
- соода маалыматтарын чогултуу жана таркатууга жооптуу органдын персоналынын жетишсиз квалификациясы;
- экспорт үчүн соода маалыматтарынын маанилүүлүгү жөнүндө жеке сектордун кабарсыздыгы;
- экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча түрдүү мамлекеттик мекемелер жана жеке сектордун ортосунда системалуу жана сапаттуу аркы-терки байланыштын жоктугу;
- экспортту илгерилетүү жана соода маалыматтарын берүүчү жооптуу органдарды координациялоонун жоктугу.
Бул багыттын алкагында төмөнкү маселелер чечилет:
- соода маалыматына жетүүнү жакшыртуу;
- сооданы илгерилетүү механизмдерин өркүндөтүү.
Соода маалыматына жетүүнү жакшыртуу боюнча биринчи маселени чечүүнү төмөнкү чараларды жүзөгө ашыруунун эсебинен камсыздоо белгиленүүдө:
- экспорттук операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн соода маалыматтарын алмашуу жана таркатуу чөйрөсүнө изилдөө жүргүзүү жана көйгөйлөр тизмегин аныктоо;
- соода маалыматтарын чогултуу, талдоо жана берүү боюнча СКИнин потенциалын күчөтүү;
- ЭМ жана бизнес-ассоциациялардын ортосунда экспортту илгерилетүү маселеси боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүү;
- соода маалыматтарын алмашуу жана берүү боюнча чет элдик Сооданы илгерилетүүчү уюмдары (мындан ары - СИУ) менен кызматташууну камсыздоо;
- максаттуу рынокторго артыкчылыктуу секторлордун продукцияларын илгерилетүү боюнча маркетингдик изилдөө жүргүзүү (Кыргыз Республикасынын ЕАЭС өтүүсүн эске алып);
- СКИнин соода маалыматтарынын бирдиктүү порталын түзүү жана анын ишин камсыздоо;
- туристтик маалыматтардын бирдиктүү порталын түзүү жана анын ишин камсыздоо.
- СКИ сайттарында электрондук версияларды жайгаштыруу менен артыкчылыктуу товарлардын ар бир түрү боюнча ЕБ рыногуна экспортту илгерилетүү боюнча кадамдык колдонмону иштеп чыгуу, республиканын региондоруна андан ары жөнөтүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги колдонмонун ар бир түрүнүн 70тен кем эмес нускасын чыгаруу;
- Кытайга продукцияны экспорттоо маселелерин иштеп чыгуу (атап айтканда балды, аны Кытайда алдын ала сертификаттоо менен, ошондой эле эт жана сүт азыктарын, унду жана төө буурчакты);
- Кыргыз Республикасынан Кытайга этти, эт азыктарын, сүттү жана сүт азыктарын, балыкты жана балык азыктарын экспорттоо жөнүндө протоколдорду макулдашуу жана кол коюу;
- мөмө-жемиш, жашылча азыктарын жана унду экспорттоо жөнүндө протоколдорго кол коюу маселесин кытай тарабы менен иштеп чыгуу;
- ЕАЭБге, ВСП+ статусун колдонуу менен ЕБга, Кытайга экспортту илгерилетүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын региондорунда семинарларды өткөрүү.
Сооданы илгерилетүү механизмдерин жакшыртуу боюнча экинчи маселелерди төмөнкү чараларды жүзөгө ашыруу жолу менен чечүү болжолдонууда:
- тышкы соода саясатын түзүү жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна өтүүсүн эске алуу менен кызмат көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдар үчүн экспортту илгерилетүү боюнча окутуучу семинарларды уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна өтүүсүн эске алуу менен жеке сектордун өкүлдөрү үчүн экспортту илгерилетүү маселелери боюнча окутуучу семинарларды уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна өтүүсүн эске алуу менен бизнес-ассоциациялар үчүн экспортту илгерилетүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча окутуучу семинарларды уюштуруу;
- артыкчылыктуу секторлор үчүн кадрларды даярдоочу окуу программасын иштеп чыгуу;
- жеке секторго адистештирилген көргөзмө жана жарманкелерди уюштурууга жана ага катышууга жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын ири экспорттоочуларына экспорттук продукцияны илгерилетүүдө туруктуу көмөк көрсөтүү;
- ЕБ өлкөлөрүндөгү көргөзмөлөрдө улуттук стендди түзүү;
- "Жылдын мыкты экспорттоочусу" улуттук конкурсту өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясы жана Кыргыз Республикасындагы туризм жөнүндө кыскача маалыматты даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын чет элдик мекемеси жайгашкан өлкөдө республиканын экспорттук потенциалы жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык кампанияларды өткөрүү;
- компания-ритейлер түрүндө бизнес-өнөктөштөрдү жана чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясынын потенциалдуу сатып алуучуларын издөөдө Кыргыз Республикасынын экспорттоочуларына колдоо көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн Кытайга жеткирүүгө квотаны Кыргыз Республикасына берүү жөнүндө маселени Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги менен иштеп чыгуу;
- Кытайдан туристтерди тартуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу;
- улуттук жана тармактык бренддерди түзүү жана өркүндөтүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
2-багыт. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү - чет элдик рынокторго өз товарын алып чыгуу максатында чарбалык субъекттер өтүүгө тийиш болгон бардык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү (логистика, бажы жол-жоболору, чек арадагы контролдон, башка контролдоочу органдардын жол-жоболорунан өтүү), ошондой эле, транспорт инфратүзүмүн жакшыртуу катары каралат. Бул жол-жоболордун натыйжалуу саясаты чыгымдарды, бизнес жүргүзүүдөгү реалдуу жана ыктымалдуу тобокелдерди, продукцияны дайындалган акыркы пунктуна чейин жеткирүүгө кеткен убакытты азайтууга мүмкүндүк берет. Ушунун бардыгы, өлкөнүн атаандашуу жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына өбөлгө болот.
Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча бир катар иш-чаралар донордук программалардын алкагында жүргүзүлдү. Демилге ДБ, Азия өнүктүрүү банкы (мындан ары - АӨБ), Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги (мындан ары - ЮСАИД) жана GIZ тарабынан колдоого алынууда. АӨБдүн колдоосу астында, соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча чаралардын бири болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин автоматташтыруу жана маалыматтык-коммуникация технологияларынын (мындан ары - МКТ) негизинде тышкы соода чөйрөсүнө "бирдиктүү терезе" принцибин жайылтуу. Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - "БТБ" МИ) маалымат системасын интеграциялоо жана аларды андан ары өнүктүрүү тышкы экономикалык иштин катышуучуларына кагазсыз документтерди тариздөөгө жана маалыматтарды алмашууга өтүүгө мүмкүндүк берет. Аталган жол-жоболордон өтүүгө жана кардарларга кеткен убакытты кыскартуу, ошондой эле ата мекендик компанияларга суроо-талаптын шартына ийкемдүү көңүл бурууга жардам берет, бул рынокко натыйжалуу ыкма менен чыгууга жана жаңы коммерциялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарт түзөт.
Учурда, өлкөдө, транспорт жана фасилитация менен байланышкан долбоорлорду кошкондо, Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташуунун (мындан ары - БАРЭК) алкагында ондон ашык долбоорлор ишке ашырылууда. Транспорт, сооданы өнүктүрүү жана соода саясаты сыяктуу артыкчылыктуу чөйрөлөрдө региондук кызматташууну илгерилетүү жана ага шарт түзүү аркылуу БАРЭК Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө улам интеграцияланып бараткан Евразиядагы олуттуу потенциалдарды ишке ашырууга жардам көрсөтүүдө.
Соода ишинин чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөр:
- тышкы соода ишин жүзөгө ашырууга уруксат берген документтерди алуудагы узак жана кээде татаал жол-жоболор экспорттоочу ишканалардын чыгымдарынын көбөйүшүнө жана жеткирүүлөрдүн кечигүүсүнө алып келүүдө;
- бажы жана чек ара пункттары аркылуу товарларды алып өтүүдөгү узакка созулган процесстер чакан жана орто ишканалардын рынокко натыйжалуу аралашуу мүмкүнчүлүгүнө кедергисин тийгизүүдө;
- айкындыктын жоктугу жана экспорттун айрым стадияларында орун алган коррупция жана чыгымдарды көбөйтүүдө;
- натыйжасыз административдик жол-жоболор ишканалардын өз рынокторун тейлөө мүмкүнчүлүгүн азайтууда;
- өнүкпөгөн логистика инфратүзүмү, ошондой эле логистика компанияларынын начар потенциалы, экспорттук сектордогу ишканалардын бизнести жүргүзүүдөгү чыгымдарынын көбөйүшүнө алып келүүдө.
Ашыкча административдик тоскоолдуктар, начар транспорттук, логистикалык жана соода ишинде көйгөйлөрү бар телекоммуникациялык инфратүзүм ата мекендик экспорттоочуга олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда.
Көпчүлүк учурларда Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарлар, натыйжасыз соода жол-жоболору жана начар транспорттук инфратүзүмү менен шартталган көп чыгымдарга байланыштуу тышкы рыноктордо баа боюнча атаандаша алышпайт. АӨБдүн баалоосу боюнча экспорттун наркынан 13% жана импорттун наркынан 10% транспорттук чыгымдарга туура келет.
Учурда, тышкы соода чөйрөсүн жөнгө салуу натыйжасыз. Ыйгарым укуктуу мекемелер бирдей эле документтерди жана маалымдарды талап кылышат, ушуну жана маалыматтарды өз ара алмашышпайт. Бул бажы жол-жобосун татаалдантып жана чыгымдарды көбөйтөт, керектүү документтерди тариздөөгө убакытты көбөйтөт. Системанын натыйжасыздыгы пара алууну жана коррупцияны жаратууда. Ошондой эле өткөрмө пункттардан өтүү жол-жоболору көп убакытты талап кылат. Дүйнөлүк банктын "Бизнести жүргүзүү жөнүндө" отчетуна ылайык, Кыргызстанда 2014-жылда экспорттук документтерди даярдоо үчүн 23 күн жана 210 АКШ доллары жана техникалык контролду кошуп, бажылык тазалоого 3 күн жана 300 АКШ доллары сарпталаары көрсөтүлгөн.
Экспорттоочу ишканалар, темир жол, автоунаа жана аба жол каттамын кошо ар кандай транспорттук каттамдарды пайдаланышат, жүктөрдүн көпчүлүк бөлүгү жүк ташуучу автоунаалар менен ташылат. Жүк ташуу инфратүзүмүнүн эскилиги жана эл аралык стандарттарга ылайык келбегендиги бар. Эксплуатациялык көрсөткүчтөр жана транспорттук агымдардын негизги багыттары боюнча ата мекендик автожолдордун техникалык деңгээли учурдун талабына жооп бербейт. Күйүүчү-майлоочу материалдарга чыгымдын көптүгү, транспорттук каражаттардын эскиргендиги, жолдордун начардыгы кошумча транспорттук чыгымдарды жаратып, региондук рыноктордо ата мекендик товарлардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн азайтууда.
Дүйнөлүк соода уюмунун 2013-жылдын 30-ноябрындагы Соода жүргүзүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү тууралуу макулдашууну кабыл алышына байланыштуу, келерки жылдарда соода жол-жоболорун жеңилдетүү маселелери бир кыйла актуалдуу болот. Бул Макулдашууга катышуу чек арадан өтүү жол-жоболорун жеңилдетет жана ачык-айкындыкты камсыз кылат, бул өз кезегинде, тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууда чыгымдардын азайышына алып келет.
Жогоруда белгиленген көйгөйлөрдү эске алуу менен бул багыттардын алкагында төмөнкү маселелер чечилет:
- (16-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- экспорттук процесстерге кеткен убакыт жана чыгымдар азаят;
- экспортко багытталган транспорт жана инфратүзүмүнүн сапаты жакшырат.
(19-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (20-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (21-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомунаылайык күчүн жоготту)
- (22-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (23-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Биринчи маселе соода жол-жоболоруна байланышкан убакытты жана чыгымдарды азайтууга багытталган. Бул маселени чечүү артыкчылыгы жол-жоболордун жана кызмат көрсөтүүнүн айкындыгын жана болжолдоо мүмкүндүгүн жогорулатуу жана ошол эле учурда эрежелердеги жана жоболордогу өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды өз убагында таркатууну камсыздайт. Ушуга ылайык документтерди берүү жана өтүү жол-жоболоруна талап кылынган убакытты жана чыгымдарды азайтуу боюнча иштер жүргүзүлөт. "Бирдиктүү терезе" механизми аркылуу жүзөгө ашырыла турган маанилүү кадам, документтерди жана төлөмдөрдү тариздөөнүн борборлоштурулган системасын түзүү болуп саналат. Тышкы сооданы жөнгө салууга тартылган ведомстволордун ушул иши жөнөкөйлөтүлөт жана кардарларга багытталат. Ошондой эле Европа союзунун рынокторуна чыгуу үчүн тоскоолдуктарды азайтуу боюнча жумуштар жүргүзүлөт.
Биринчи маселени чечүү үчүн, төмөнкү чараларды аткаруу пландаштырылат:
- өлкөнүн бардык аймагында тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" механизмин пайдалануу менен тышкы соода операциялары үчүн документтерди жана кызматтарга төлөөлөрдү тариздөөнүн борборлоштурулган системасын киргизүү;
- тышкы сооданы жөнгө салууга тартылган органдардын бизнес-процесстерин талдоо жана реинжиниринг жүргүзүү, ошондой эле алардын бизнес-процесстерине унификация жана автоматташтыруу жүргүзүү;
- тышкы соодалык операцияларга талап кылынган документтерге жана маалыматтарга стандартташтыруу жана бирдейлештирүү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасы үчүн бенефициар ВСЦ+ статусун алуу үчүн Европа союзуна арыз берүү;
- темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин, анын ичинде тарифтик саясаттын негиздерин колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу макулдашууга кол коюу;
- ДСУнун алкагында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишти уюштуруу;
- 2019-жылдын январынан баштап ВСП+ алкагында ЕБнын өлкөлөрүнө экспорттоодо товардын чыккан өлкөсүн өзү декларациялоонун жаңы системасына өтүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын берүү системасын киргизүү.
Акыркы маселеде логистикалык кызмат жана инфратүзүмдү жакшыртуу топтолгон. Маселенин алкагында жаңы транспорттук жана логистикалык компанияларды уюштурууга дем берилет. Мындагы маанилүү кадам, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында транспорт жана логистика инфратүзүмүн өнүктүрүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу, транспорт терминалдарынын жана жол тармактарынын инфратүзүмүн жаңыртуу боюнча жумуштар жүргүзүлөт. Артыкчылыктуу маселелердин бири болуп, соода-логистикалык борборлорду түзүү, алар кампалар жана транспорттук терминалдар катары кызмат кылат. Бул маселени чечүү үчүн төмөнкү чаралар каралган:
- тышкы соода операцияларында пайдаланылуучу транспорттук каражаттардын сапатын жакшыртууга жүк ташуучуларды стимулдаштыруу;
- товар өткөрүүчү, анын ичинде транспорттук терминалдар жана тез бузулуучу продукциялар системаларынын инфратүзүмүн жакшыртуу;
- мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жана соода-логистикалык борборлорду түзүү үчүн укуктук негиздерди даярдоо;
- товарлар жана кызмат көрсөтүү экспортун илгерилетүүнү эске алуу менен жолдорду куруу жана калыбына келтирүү боюнча ар жылдык пландын даярдалышын камсыздоо;
- тышкы рынокторго ата мекендик продукцияны илгерилетүү үчүн оптималдуу транспорттук коридорлор менен Кыргыз Республикасын камсыз кылуу максатында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ИИАБ финансы ресурстарын тартуу маселесин иштеп чыгуу;
- "Кашгар" ЭЭЗ түзүүдө колдонулуучу инновациялык мамилелерди колдонуу менен "Нарын" ЭЭЗ аймагында соода-логистикалык борборду (ЕАЭБ жана ЕБ өлкөлөрү үчүн хаб катары) түзүүгө кытай инвестицияларын тартуу боюнча ишти жүргүзүү.
3-багыт. Сапат инфратүзүмүн колдоо жана өнүктүрүү
Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын реестрине 91 лаборатория киргизилген, анын ичинде:
- ИСО/МЭК 17025 боюнча аккредиттелген сыноо лабораториялары - 86;
- ГОСТ ИСО15189 боюнча аккредиттелген медициналык сыноо лабораториясы - 2;
- ГОСТ ИСО/МЭК 17025 боюнча аккредиттелген калибрлөөчү лаборатория - 3;
- аккредиттелген контролдоо органдары - 18, анын ичинде 17си жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык жактан кароо боюнча диагностикалык борборлор (ИСО/МЭК 17020 боюнча);
- республика боюнча продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча органдар - 13;
- Лабораториялар аралык салыштыруу программаларынын провайдерлери (МЛСИ) - 4.
Кыргыз Республикасында сапаттын заманбап инфратүзүмүнүн өнүгүүсүн жана калыптанышын өнүктүрүү боюнча эл аралык финансылык өнөктөштөр олуттуу жардам беришти. Өздөштүрүлгөн долбоорлордун ичинен Дүйнөлүк банк, GIZ тарабынан каржыланган "Соода жана ишкердикте техникалык тоскоолдуктарды азайтуу" долбоору жана Экономика боюнча Швейцариянын мамлекеттик катчылыгынын (мындан ары - SECO) колдоосу астында ишке ашырылып жаткан "Кыргыз Республикасында сооданы илгерилетүү" долбоорун белгилесек болот.
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы соодадагы техникалык тоскоолдуктар жана санитардык жана фитосанитардык чаралар боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун Макулдашууларына ылайык, продукцияларга милдеттүү жана ыктыярдуу талаптар системасын реформалоого түрткү берди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын кабыл алынуучу техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программаларынын негизинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 40тан ашуун жаңы техникалык регламенттер кабыл алынды.
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, метрология системасы эл аралык талаптарга шайкеш келтирилет.
Сапат менеджментинин улуттук системасы дагы деле жетишээрлик натыйжада эмес, бул чакан жана орто ишканалардын тышкы рыноктордо атаандаша турган ата мекендик товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн азайтууда.
Сапат инфратүзүмүн жана менеджмент системасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөр төмөнкүлөр менен шартталат:
- көпчүлүк продукциянын түрү үчүн сыноолорду өткөрүүдө эскирген стандарттардын колдонулушу;
- сапат менеджментине заманбап практикасын жайылтуу керектиги жөнүндө чакан жана орто ишканаларда маалыматтын жоктугу;
- улуттук сыноо лабораториялары үчүн жабдууларды жаңылоо жана адистерди даярдоо үчүн каражаттардын жетишсиздиги;
- финансылык каражаттардын чектелүү жана чакан жана орто ишканаларда колдонуу маанилүү экендигин түшүнбөгөндүктүн кесепетинен Тобокелдиктерди жана опурталдуу чекиттерди талдоо системасын (мындан ары - ХАССП) жайылтуу шарттарынын жоктугу;
- шайкештикти баалоо жагында компетенттүү техникалык эксперттерди тандоодогу кыйынчылыктар;
- аккредитациялоонун ролун жеткиликтүү түшүнбөгөндүк жана кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусун болтурбоо зарылчылыгына тиешелүү ынануунун жоктугу;
- көзөмөлдөө системасын реформалоонун зарылдыгы;
- көзөмөлдөө (инспекция) системасын көп учурда даяр продукцияны текшерүүгө багыттоо;
- тиешелүү базалык технологиялык билими бар, анын ичинде азык-түлүк продукциясы боюнча, азык-түлүк микробиологиясы жана азык-түлүк химиясы, ХАССП системасын адекваттуу текшерүү үчүн продукцияны жасап чыгаруу боюнча тамак-аш технологиясы боюнча билими жана иш тажрыйбасы бар инспекторлордун жоктугу.
Сапаттын улуттук системасын өнүктүрүүнү колдоо чөйрөсүндөгү ушул Пландын алкагында төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- өндүрүүчүлөрдүн акталбаган чыгымдарын азайтуу жана ата мекендик товарларды экспорттоо көлөмүн жогорулатуу;
- техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндө түшүнүктүү жана ачык-айкын эрежелерди жана жол-жоболорду түзүү;
- керектөөчүлөрдүн жашоо шартын жана ден соолугун, флора, фауна жана курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн продукциялардын жана аны өндүрүү процесстеринин (ыкмаларынын) коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуу жана ишенимдүү системасын түзүү;
- метрология, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар жагында Бажы союзунун мүчө-өлкөлөрү менен техникалык жөнгө салуу системасынын шайкештигин түзүү.
Бул багыттардын алкагында негизги маселелер аныкталды:
- техникалык жөнгө салуу жана санитардык, фитосанитардык, ветеринардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча чаралар планын ("жол картасын") аткаруу;
- эл аралык рынокторго ата мекендик товарлардын чыгуусун жеңилдетүү үчүн сооданы колдоо институттарынын потенциалын күчөтүү.
Биринчи маселени чечүү төмөнкү чараларды ишке ашыруунун эсебинен жетишилет:
- 2010-жылдын 18-ноябрындагы Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Россия Федерациясында техникалык-жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга, 2009-жылдын 11-декабрындагы Бажы союзунун бажылык аймактарында шайкештикти милдеттүү баалоого (тастыктоо) жаткан продукцияларды жүргүзүү тууралуу макулдашууга жана 2009-жылдын 11-декабрындагы Шайкештикти баалоо (тастыктоо) боюнча жумуштарды аткаруучу сертификациялоо (шайкештикти баалоо (тастыктоо) жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдардын аккредитациясын өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кошулуу боюнча жумуштарды жүргүзүү;
- 2009-жылдын 11-декабрындагы Бажы союзунун Санитардык чаралар боюнча макулдашуусуна кошулуу боюнча жумуштарды жүргүзүү;
- 2009-жылдын 11-декабрындагы Бажы союзунун Ветеринардык-санитардык чаралар боюнча макулдашуусуна кошулуу боюнча жумуштарды жүргүзүү;
- 2009-жылдын 11-декабрындагы Бажы союзунун Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө макулдашуусуна кошулуу боюнча жумуштарды жүргүзүү.
Экинчи маселени чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды аткаруу пландаштырылууда:
- эталондук базаны кармоо жана мүчөлүк взносторду төлөө үчүн республикалык бюджеттен 0,04%дан кем эмес өлчөмдө каражатты жыл сайын бөлүүнү караган "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" жана "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу актылардын долбоорлорун даярдоо;
- ИСО/МЭК 17020 стандарты боюнча контролдоо, сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдар боюнча документтерди даярдоо;
- эл аралык таанууларга жетүү үчүн калибрлөө лабораторияларын аккредитациялоо боюнча эл аралык таанылган органдан аккредитациядан өтүү үчүн ресурстарды тартуу;
- шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын базасында Продукцияларды тестирлөө боюнча борборду түзүү;
- ведомстволук сыноо лабораторияларын шайкештикти баалоо боюнча көз карандысыз органга өзгөртүп түзүү;
- эл аралык стандарттардын талаптарына санитардык жана фитосанитардык талаптарды кошо, тамак-аш азыктарынын шайкештигин баалоо сапатын жеткиликтүү камсыздоо боюнча, сыноо лабораторияларынын потенциалын күчөтүү үчүн ресурстарды тартуу;
- сапатты контролдоо зарылчылыгы жөнүндө ЧОИ кабардар болуусун жогорулатуу жана алардын продукцияларынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу потенциалын күчөтүү;
- эл аралык стандарттар жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз жаңылоону жүзөгө ашыруу жана колдонулуп жаткан стандарттардын жана техникалык регламенттердин электрондук маалымдоо базасын түзүү жана колдоо: 1) электрондук каталогу; 2) стандарттардын жана техникалык регламенттердин электрондук маалымат базасы;
- ХАССП тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо системасы боюнча чакан жана орто ишканаларды окутуу жана ага консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн техникалык жардамдарды тартуу;
- ИСО 9001 стандарттарын же анын бөлүгүн чакан жана орто ишканаларга жайылтуу боюнча окутуу жана консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн техникалык жардамдарды тартуу;
- чакан жана орто ишканалар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн ИСО 14001 боюнча кабардуулугун, окутууну жана консультация берүүнү жогорулатуу үчүн техникалык жардамдарды тартуу;
- ветеринария жана ветеринардык-санитардык экспертизаны жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеке секторго өткөрүп берүү;
- Эл аралык эпизоотиялык бюро Кодексинин талаптарын, анын ичинде ветеринардык статуардык органды түзүү жөнүндө талаптарын эске алган "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө актынын долбоорун даярдоо;
- Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин сайтына сертификатталган ветеринардык дары-дармектердин тизмегин жайгаштыруу.
4-багыт. Финансы каражаттарына жетүү
Компанияларды сурамжылоого негизделген, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (мындан ары - ЕРӨБ) жана Дүйнөлүк банктын "Ишкердик жагдай жана 2013-жылга ишканалардын иш жыйынтыктары" (BEEPS) боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында ишкердик жагдайдын айрым жакшыруулары белгиленет. Атап айтканда, финансы каражаттарына жетүү мүмкүнчүлүгү кыйла же олуттуу тоскоолдук деп эсептешкен ишкерлердин үлүшү 2008-жылы 28%дан 2013-жылы 6%га чейин азайган.
Ошондой болсо да, каржылоого жетүүнүн чектелгендиги экспортту өнүктүрүү жана сооданы өстүрүүнүн бирден бир негизги тоскоолдуктары болуп саналат. Кредиттер боюнча пайыздык чендердин 2005-жылы 25,4%дан 2013-жылы 21,3%га чейин төмөндөгөнүнө карабастан, бул деңгээл дале болсо бир кыйла, өзгөчө чакан жана орто ишканалар үчүн оорчулук келтирет. Пайыздык чени жогору кредитти алуудан баш тартуунун негизги себеби катары белгилешкен ишканалардын үлүшү 2008-жылы 24%дан 2013-жылы 37%га чейин көбөйдү.
Бул жеңилдетилген кредиттерге чакан жана орто ишканалардын суроо-талабынын бийиктигин аныктайт. Бирок ресурстардын чектелүү шартында мамлекет бюджеттен көбүрөөк каражат бөлүп бере албайт. Дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит берүү боюнча иштеп жаткан программага 3 млрд. сомго жакын каражат бөлүнөт.
Пайыздык ченди төмөндөтүү көбүнчө, экономиканын жалпы абалына, банк системасындагы атаандаштыктын жана финансы мекемелерине карата ишенимдүүлүктүн деңгээлине жараша аныкталат. Бул көйгөйлөр тиешелүү стратегиянын жана программалардын алкагында орто мөөнөттүү келечекте чечилет. Ал эми финансы ресурстарына жетүүнү кеңейтүүнүн башка мүмкүнчүлүктөрү жагынан айрыкча чакан жана орто ишканалар үчүн ар кандай финансылык механизмдерди киргизүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыргыз Республикасында Сынамык долбоордун алкагында исламдык финансылык кызмат көрсөтүүлөр индустриясын ишке киргизүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызматтарын жайылтуу абдан келечектүү болуп саналат.
Финансы ресурстарын тартуу лизинг жана гарантиялык фонддор системасын андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзө алат.
Азыркы учурда, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр Кыргызстанда финансылык каражаттарга жетүүнү илгерилетүү жана жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырып жатышат. Мындай долбоорлор кредиттерди баалоо жана тобокелдиктерди башкаруудан баштап жана жөнгө салуучу реформаларды жүргүзүүнү бүтүрүүгө чейинки бир катар кеңири маселелерди камтыйт. Ошондой эле бир катар донорлор, чакан жана орто ишканалар үчүн же сооданы каржылоого кызмат көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу тике гарантияларды же жергиликтүү финансылык мекемелерге заемдорду (насыяларды) берет.
Эл аралык финансы корпорациясы (мындан ары - ЭФК) финансы инфратүзүмүн чыңдоо жана микрокаржылоо институттарын трансформациялоону колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырат. Ал финансы инфратүзүмүн жана жөнгө салуу чөйрөсүн өркүндөтүү жолу менен жеке керектөөчүлөрдүн жана чакан, орто ишканалардын каржылоого жетүүсүн камсыздоого багытталган.
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен ЕРӨБ жергиликтүү чакан жана орто ишканаларын каржылоо үчүн узак мөөнөттүү кредиттерди берди. Ал эми GIZ микрокаржылоо секторунун инфратүзүмүн чыңдоого багытталган Борбордук Азияда микрокаржылоону илгерилетүү боюнча, долбоорду ишке ашырды.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы да каржылоого жетүүнү жогорулатуу боюнча долбоорду ишке ашырып жатат.
Акыркы беш жылдын ичинде салык алуу режимине мамиле жакшырды. Салыктык ставкаларды орчундуу же өтө эле олуттуу көйгөй деп эсептешкен ишкерлердин үлүшү 2008-жылдагы 49%дан 2013-жылы 29%га чейин азайды. Бул тенденция салык саясаты жагындагы реформаны чагылдырат. 2007-жылы юридикалык жактарга киреше салыгынын ставкасы 20%дан 10%га чейин төмөндөсө, ошол эле убакта социалдык чегерүүлөр 19%дан 17%га чейин азайды. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодекси ишке киргизилди, анда салыктын саны 16дан 8ге чейин кыскартылып, ошондой эле жеңилдетилген салык салуунун атайын режимдери аныкталган. Ушул мезгилде бааланган жалпы салык ставкасы кирешеден 61,4%дан 33,4%га чейин кыскарды. Айылдык товар өндүрүүчүлөр салык салуу боюнча бир катар преференцияларга ээ, атап айтканда наркка кошулган салык (мындан ары - КНС). Жабдууларды импорттоодо преференциялар берилди.
Кырдаалдын жакшыруу тенденцияларына карабастан, салыктык ставкалар бизнес үчүн олуттуу тоскоолдук бойдон калууда. Атап айтканда, экспортерлор үчүн өзгөчө сатуудан салык жана КНСтин ордун толтуруп берүү кыйла оорчулукту жаратат.
Финансы ресурстарына жетүүнүн негизги көйгөйлөрү төмөнкүлөр менен шартталат:
- учурда кредиттөө сектору жеткиликтүү өнүккөн эмес, бул атаандаштыктын төмөн деңгээлине алып келүүдө;
- чакан жана орто ишканалар секторуна ыңгайлаштырылган финансылык продукттардын чектелиши;
- чет элдик экспорттук-импорттук банктардын ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- негизги жабдуулар лизингинин чектелген варианттары;
- күрөөгө коюлган бийик талаптар жана пайыздык ставкалар заемдун күнүмдүк инструменттерин жана варианттарын заемчулар үчүн жагымсыз кылууда;
- ыңгайсыз инвестициялык жагдай финансы секторундагы кредиттөө боюнча иштерге терс таасирин тийгизүүдө.
Финансы системасын өнүктүрүү жагындагы стратегиялык максаттар жана маселелер ТӨӨПтө аныкталган, атап айтканда, узак мөөнөттүү жана жеткиликтүү кредиттерге калктын жана ишкерлердин муктаждыктарын канааттандыруу жана финансылык ресурстарын мобилизациялоого жөндөмдүү, финансы-кредит мекемелеринин туруктуу жана натыйжалуу системасын түзүү максаты коюлган.
Ушуга байланыштуу бул багытта төмөнкү маселелерди чечүүгө айрыкча басым жасалат:
- экспорттук жол-жоболорду каржылоо механизмине жетүүнү кеңейтүү;
- экспортер ишканаларга, өзгөчө чакан жана орто ишканаларга салык оорчулугун жеңилдетүү.
Маселелердин чечилишине төмөнкү чараларды ишке ашыруунун эсебинен жетишүүгө болот:
- айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча экспорттоочу-ишканаларды "Айыл чарбаны каржылоо-3" программасына киргизүү;
- чет өлкөлүк Эксим банкы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу;
- бизнести колдоого багытталган донор өлкөлөрдүн жана эл аралык финансылык уюмдардын финансылык жана техникалык жардамы тууралуу маалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу;
- "онлайн" режиминде күрөөнү каттоо системасын жайылтуу;
- гарантиялык фонддорду мындан ары өнүктүрүү;
- экспорттук кредиттөө механизмдерин пайдалануу.
Экинчи маселени чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды аткаруу пландаштырылууда:
- чакан жана орто бизнес үчүн экспорттук берүүлөр боюнча КНСтин ашкан суммалары өз учурунда кайтарылышын жана ордун жабууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик бюджетте КНСти кайтарып берүү үчүн жеткиликтүү сумманы караштыруу;
- экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ЧОИ субъекттерине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн "Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү каржылоо" долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү;
- кредит алуу үчүн зайымчылар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына берүүчү документтерди тариздөөгө талаптарды жеңилдетүүчү кредиттөөнүн маселелери боюнча КРУБ башкармасынын токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү.
1 жана 4-багыттарда каралган чараларды ишке ашыруу 2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча тиркелген чаралар Планынын тиркемесине ылайык ишке ашырылат.
6. Планды ишке ашырууну ресурстук жактан камсыздоо
Планда коюлган маселелерди натыйжалуу ишке ашыруу жана чечүү максатында, мамлекеттик бюджетти да, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосун да мобилизациялоо пландаштырылууда.
Пландагы иш-чараларды аткаруу, ченемдик укуктук базаны түзүү, ошондой эле уюштуруу чаралары боюнча жумуштар алардын күндөлүк ишинде каралган бюджеттик каражаттардын чегинде министрликтер жана ведомстволор менен жүргүзүлөт.
Учурда өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү катышуусу төмөнкү багыттар боюнча белгиленет:
- билим берүү (USAID, GIZ, WB, ADB, Aga-Khan Foundation, EU);
- текстиль жана тигүү өндүрүшү (USAID, GIZ, SECO, Aga-Khan Foundation, KFW, EU);
- айыл чарбасы (USAID, JICA, GIZ, SECO, EU, FAO);
- туризм (USAID, EBRD, ADB, EU, GIZ, FAO);
- жеке секторду жана микрокаржылоону өнүктүрүү (USAID, SECO, DFID, IFC, SECO, JICA, IFC, Нидерланд элчилиги, EBRD, GIZ);
- бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү (USAID, GIZ, ДБ, EBRD, ЕЭК ООН, SECO, SIDA, ADB, JICA);
- экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода жүргүзүү (USAID, GIZ, WB, ADB);
- чакан жана орто ишканаларды каржылоо (ADB, IFC, EBRD).
2014-2016-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүк болжолуна ылайык, артыкчылыктуу секторлор, айрыкча Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун каржылоонун эсебинен колдоого алынат. Бул мезгилдин ичинде: "Ички чарбалык сугаруунун экинчи долбоору" (ДБ), "Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү" (МФСР), "Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экинчи долбоору" (ДБ), "Айыл чарба өндүрүүчүлөргө көмөктөшүү" (ДБ) долбоорлорун каржылоо колдоого алынат.
Финансы секторунда "Айыл жеринде каржылоо системасын өнүктүрүү-I жана II" KFW долбоорлору ишке ашырылат.
Региондор аралык соода жана экономикалык иштерди кеңейтүү үчүн төмөнкү долбоорлорду улантуу жана баштоо пландаштырылууда: "Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реабилитациялоо - II-III" АБР, "Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо III" ИБР, СФР, "Ош-Исфана автожолун реабилитациялоо" ДБ, "Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо" (ИБР, СФР, КФАЭР, ОПЭК фонду, АДФ), "Финансы секторун өнүктүрүү" ДБ жана башкалар, бул долборлорду ишке ашыруу жүргүнчү жана жүк ташуулардагы өсүп келе жаткан керектөөлөрдү андан ары камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт.
Ресурстарды мобилизациялоо Пландын артыкчылыктары менен макулдашылган донорлордун коммуникациялары жана долбоордук сунуштарды/тапшырыктарды түзүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Мындай мамиле ушул Планды туруктуу ишке ашырууну камсыздаган, ар кандай булактардан, улуттук ресурстарды, тышкы жардамдарды жана жеке инвестицияларды кошо, ресурстарды тартууга өбөлгө түзөт.
7. Планды ишке ашырууну башкаруу
Планды ишке ашырууну башкаруу системасы мамлекеттик башкаруунун өкүлдөрүн, бизнес-ассоциациялар менен жеке сектордун өкүлдөрүн кошо, экспортту өнүктүрүү процессинин катышуучулары менен тыгыз кызматташуу принциптерине негизделет. Планды координациялоо боюнча функцияны ресурстарды кыйла натыйжалуу жана жыйынтыктуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешине (мындан ары - Кеңеш) жүктөлөт. Программаны координациялоо ишиндеги Кеңештин жумушчу органы болуп, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталган, мында анын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- Планды жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана Кеңешке берүү үчүн мониторинг жөнүндө регулярдуу отчетторун даярдоо;
- Пландын натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн баалоо;
- Кеңештин чечимдеринин ишке ашырылышын камсыздоо;
- Планды ишке ашыруу үчүн ресурстарды мобилизациялоого көмөктөшүү;
- "Соодага көмөктөшүү" демилгеси жана соода чөйрөсүнө техникалык жардам программалары боюнча жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишин координациялоого жардам көрсөтүү;
- Планды ишке ашыруу үчүн керектүү ресурстарды бөлүштүрүү боюнча сунуштамаларды даярдоо;
- Планды ишке ашыруу боюнча демилгелер, өнүктүрүү боюнча улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу, ошондой эле учурдагы жана келечектеги потенциалдуу өнөктөштөр жана долбоорлор жөнүндө маалымат чогултуу жана талдоону жүзөгө ашыруу.
8. Планды ишке ашырууда күтүлгөн жыйынтыктар
Пландын иш-чараларын ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк түзөт:
- соода маалыматтарына жетүүнү жакшыртат;
- сооданы илгерилетүү механизмдерин өркүндөтөт;
- экспортко кеткен убакытты жана чыгымдарды азайтат;
- экспортко багытталган транспорт жана инфратүзүм кызматынын сапатын жакшыртат;
- эл аралык рынокторго ата мекендик экспорттун жетүүсүн жеңилдетүү үчүн сооданы колдоо институттарынын потенциалын күчтөө;
- экспорттук жол-жоболорду каржылоо механизмдерине чыгууну кеңейтүү;
- экспортчу ишканалар үчүн салык оорчулугун төмөндөтөт.
Планды ийгиликтүү ишке ашыруу жеке секторго маанилүү таасирин берет, айрыкча: өндүрүштүк потенциалы жогорулайт, бизнес жүргүзүүгө чыгымдар азаят, административдик жол-жоболор жеңилдейт, финансылык каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү жакшырат.
Кыскартуулардын тизмеси:
ИИАБ | Инфратүзүмдүк инвестициялардын Азия банкы |
АӨБ | Азия өнүктүрүү банкы |
АӨФ | Азия өнүктүрүү фонду |
ДБ | Дүйнөлүк банк |
ПЖС+ | Преференциялардын жалпы системасы+ |
ДСУ | Дүйнөлүк соода уюму |
ТЭИ | Тышкы экономикалык ишмердик |
МЖӨБЭММА | КРӨгө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
Инвестиция агенттиги | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттиги |
ВФКМИ | КРӨгө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
МСК | КРӨгө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
"БТБ" МИ | КР Экономика министрлигине караштуу "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы |
МКК | КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
МБК | КРӨгө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ТД ММТМ | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти |
ЕС | Европа союзу |
ЕРӨБ | Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы |
БЭМ | Бирдиктүү экономикалык мейкиндик |
ИӨБ | Ислам өнүктүрүү банкы |
МКТ | Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар |
СКИ | Сооданы колдоо институттары |
МТ | Маалыматтык технологиялар |
Кыргызпатент | КРӨгө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
АЭӨКФ | Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду |
КАБ | КР Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору |
ССМ | КР Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ЧОИС | Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери |
АЧТММ | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ТЖМ | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ЭСӨМ | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги"; |
ЭСБ | Эл аралык соода борбору |
АЧӨЭФ | Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду |
ФМ | КР Финансы министрлиги |
ОЭЖМК | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
ЮМ | КР Юстиция министрлиги |
КРУБ | КР Улуттук банкы |
КНС | Кошумча нарк салыгы |
ЖМА | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар"; |
УСК | КР Улуттук статистика комитети |
ЖӨБО | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
СИУ | Сооданы илгерилетүү боюнча уюм |
ЭКӨУ | Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму |
ТӨӨП | 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү программасы |
ӨСФ | Өнүктүрүүнүн Сауд фонду |
КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү"; |
КМШ | Көз карандысыз мамлекеттердин шериктиги |
СӨП | КР Соода-өнөр жай палатасы |
БС | Бажы союзу |
БУУ АТАЧУ | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму |
Фонд ОПЕК | Нефтини экспорттоочу өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн эл аралык фонду |
ЮСАИД | Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги |
БАРЭК (ЦАРЭС) | Борбордук-Азиялык региондук экономикалык кызматташуу |
ХАССП | Тобокелдиктерди жана опурталдуу чекиттерди талдоо системасы |
СМБ | КР Экономика министрлигине караштуу Стандарттар жана метрологиялар борбору |
DFID | Эл аралык өнүктүрүү боюнча департамент (Улуу Британия) |
EU | Кыргыз Республикасындагы Европа союзунун өкүлдөрү |
GIZ | Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коому |
IFC | Эл аралык финансы корпорациясы |
JICA | Эл аралык кызматташуунун Жапон агенттиги |
KFW | Немис мамлекеттик банкы |
SECO | Экономика боюнча Швейцария мамлекеттик катчылыгы |
SIDA | Эл аралык кызматташуу боюнча Швед агенттиги |
|
| Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата планына тиркеме |
Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча 2015-2017-жылдарга карата ПЛАН
1-багыт: Соода маалыматтарына жетүү жана экспортту илгерилетүү
| Милдеттер | Индикаторлор | Жооптуулар | Мөөнөтү |
|
1.1 | Соода маалыматтарын алууну жакшыртуу | Окутуудан өткөндөрдүн саны Кол коюлган макулдашуулардын саны Өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн саны | Экономика министрлиги | 2017-жылдын 31-декабры |
|
| Иш-чаралар: | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуулар | Мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо |
1.1.1 | Экспорттук операцияларды ишке ашыруу үчүн соода маалыматтарын алмашуу жана жайылтуу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдүн тизмесин аныктап жана изилдөө жүргүзүү | 1. Изилдөө жүргүзүлгөндүгү жөнүндө отчет. 2. Көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштар | ЭМ | 2015-жылдын 31-июлу | Донордук жардамды тартуу |
1.1.2 | Соода маалыматын жыйноо, талдоо жана берүү боюнча сооданы колдоо институттарынын потенциалын жогорулатуу | Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырды | Экономика. министрлиги, АЧТММ, Энергетика министрлиги, ММТ | 2016-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу |
1.1.3 | ЭМ жана бизнес-ассоциациялардын ортосунда экспортту илгерилетүү маселеси боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүү | 1. Экспортту өнүктүрүү процессинде мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүк мамилеси түзүлдү. | ЭМ, Инвестиция агенттиги | 2015-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде |
2. Үзгүлтүксүз жолугушуулар өткөрүлүп турат (кварталда 1 жолудан кем эмес) | 2017-жылдын 31-декабры | ||||
1.1.4 | Соода маалыматтарын алмашуу жана берүү боюнча чет мамлекеттик соода жүргүзүүнү илгерилетүү уюму менен кызматташууну камсыздоо | Чет мамлекеттик соода жүргүзүүнү илгерилетүү уюму менен кызматташуу жөнүндө макулдашуулар түзүлдү. Чет мамлекеттик соода жүргүзүүнү илгерилетүү уюму тарабынан берилген соода маалыматтарынын болушу жана жаңыланышы | Инвестиция агенттиги | 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде |
1.1.5 | Максаттуу рынокторго приоритеттүү секторлордун продукцияларын илгерилетүү боюнча маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү (анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуусун эске алуу менен) | Жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча отчеттор, сунуштар | ЭМ, Инвестиция агенттиги, министрликтер жана ведомстволор | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу |
1.1.6 | Соода жүргүзүүнү колдоо институттарынын бирдиктүү порталын түзүү жана анын ишин камсыздоо | 1. Соода порталы түзүлгөн жана иштеп жатат. | Инвестиция агенттиги | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде |
2. Маалыматтар дайыма жаңыртылып турат | Туруктуу негизде | ||||
1.1.7 | Туризм боюнча бирдиктүү маалымат порталын түзүү жана анын ишин камсыздоо | 1. Соода порталы түзүлгөн жана иштеп жатат | ММТ, ММТ Туризм департаменти | 2015-жылдын 31-июлу | Донордук жардамды тартуу |
2. Маалыматтар дайыма жаңыланып турат | Туруктуу негизде | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | |||
1.1.8 | Артыкчылыктуу товарлардын ар бир түрү үчүн ЕБ рыногуна экспорт боюнча кадамдык колдонмону иштеп чыгуу
| Колдонмолор даярдалды
| ЭМ, Инвестиция агенттиги, СӨП (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-октябры | Донордук жардамды тартуу |
| СКИ сайттарында колдонмонун электрондук версияларын жайгаштыруу
| КР экспорттоочулары үчүн маалыматка жетүү камсыздалды |
| 2017-жылдын 5-ноябры |
|
| Мамлекеттик жана расмий тилдердеги колдонмонун ар бир түрүнүн 70тен кем эмес нуска чыгаруу жана КР региондоруна жөнөтүү |
|
| 2017-жылдын 1-декабры |
|
1.1.9 | Продукцияны Кытайга экспорттоо маселесин иштеп чыгуу (атап айтканда балды, аны алдын ала Кытайда сертификациялоо менен, эт жана сүт азыктарын, унду жана төө буурчакты) | Техникалык жөнгө салуу (сертификациялоо) чөйрөсүндө ташып киргизилген продукцияга кытай тарабынан талаптары жөнүндө маалымат даярдалган жана КР экспорттоочуларына жеткирилген | АЧТММ, ВФКМИ, ЭМ, ТИМ | 2017-жылдын 1-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.1.10 | КРдан Кытайга этти, эт азыктарын, сүттү жана сүт азыктарын, балыкты жана балык азыктарын экспорттоо жөнүндө протоколдорду макулдашуу жана кол коюу | Протоколдорго кол коюлду
Ташып киргизилген продукцияга кытай тарабынын ветеринардык талаптары жөнүндө маалымат КР экспорттоочуларына жеткирилген | ВФКМИ | 2017-жылдын 1-ноябры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.1.11 | Мөмө-жемиш, жашылча азыктарын жана унду экспорттоо жөнүндө протоколдорго кол коюу маселесин кытай тарабы менен иштеп чыгуу | Протоколдордун долбоорлору иштелип чыкты | ВФКМИ | 2017-жылдын 30-ноябры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.1.12 | ЕАЭБге, ВСП+ статусун колдонуу менен ЕБга, Кытайга экспортту илгерилетүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын региондорунда семинарларды өткөрүү | 7ден кем эмес семинар өткөрүлдү | Инвестиция агенттиги, АЧТММ, СӨП (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу |
Милдеттер | Индикаторлор | Жооптуулар | Мөөнөтү |
| |
1.2 | Сооданы илгерилетүү механизмдерин жакшыртуу | Семинарларда окутуудан өтүшкөн катышуучулардын саны, анын ичинде мамлекеттик мекемелердин, бизнестин жана коомдук уюмдардын жетекчилери. Уюштурулган жарманкелердин/ көргөзмөлөрдүн катышуучуларынын саны. Уюштурулган жарманкелердин/ көргөзмөлөрдүн саны | ЭМ | 2017-жылдын 31-декабры |
|
| Иш-чаралар | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуулар | Мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо |
1.2.1 | Тышкы соода жана кызмат көрсөтүү саясатын иштеп чыгууга тартылган мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуусун эске алуу менен экспортту илгерилетүү боюнча окутуу семинарларын уюштуруу | Тышкы соода жана кызмат көрсөтүү жагында саясатты түзүү сапатын жакшыртуу | ЭМ, АЧТММ, Энергетика министрлиги, ММТ, Мамлекеттик бажы кызматы | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу |
1.2.2 | Жеке сектордун өкүлдөрү үчүн экспортту илгерилетүү маселелери боюнча окутуу семинарларынын Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуусун эске алуу менен уюштуруу | Окутуудан өткөн ишканалардын продукциясын экспорттоо көлөмүнүн өсүшү | ЭМ, АЧТММ, Энергетика министрлиги, ММТ | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу |
1.2.3 | Бизнес-ассоциациялар үчүн экспортту илгерилетүү жагында мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча окутуу семинарларын Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуусун эске алуу менен уюштуруу | Экспортту илгерилетүү маселелерин чечүүдө бизнес- ассоциациялардын ролун күчөтүү | ЭМ, АЧТММ, Энергетика министрлиги, ММТ | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу |
1.2.4 | Приоритеттүү секторлор үчүн кадрларды даярдоонун окутуу программаларын актуалдаштыруу (иштеп чыгуу) | 1. Приоритеттүү секторлор үчүн квалификациянын тармактык чектери иштелип чыккан. | БИМ, ЭСӨМ | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу |
2. Окуу программалары тармактык квалификациялык чектердин талаптарына ылайык келет | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | ||||
1.2.5 | Жеке секторго адистештирилген көргөзмөлөрдү жана жарманкелерди уюштурууга жана ага катышууга өбөлгө түзүү | Республикада өндүрүлгөн продукцияларды тышкы рынокко алып чыгуу | ЭМ, АЧТММ, Энергетика министрлиги, ММТ, Соода-өнөр жай палатасы (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу. Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.2.6 | Улуттук жана тармактык бренддерди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | 1. Программа иштелип чыккан. | Соода-өнөр жай палатасы (макулдашуу боюнча), ЭМ, АЧТММ, Энергетика жана министрлиги, ММТ | 2015-жылдын 31-декабры | Донордук жардамды тартуу |
2. Сапаттуу продукция чыгарган өлкө катары Кыргызстандын имиджи көтөрүлдү | 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |||
1.2.7 | Профилдик министрликтер жана ведомстволор, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча) ири экспорттоочулардын бекитилген реестрине ылайык экспорттук продукцияны илгерилетүүдө КР ири экспорттоочуларына дайыма көмөк көрсөтүү | КР экспортун өнүктүрүүдө жана илгерилетүүдө пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө КР ири экспорттоочуларына көмөк көрсөтүлдү | Министрликтер жана ведомстволор, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.2.8 | ЕБ өлкөлөрүндөгү көргөзмөлөрдө улуттук стендди түзүү | КР экспорттук продукциясынын белгилүү болуу деңгээли жогорулатылды | СӨП (макулдашуу боюнча), Инвестиция агенттиги, ТИМ | 2017-жылдын 15-декабры | Донордук жардамды тартуу |
1.2.9 | "Жылдын мыкты экспорттоочусу" улуттук конкурсту өткөрүү, мыкты экспорттоочулар жана алардын экспорттук продукцияларын көрсөтүү менен брошюраны иштеп чыгуу, брошюраны чет өлкөнүн аймагына таркатуу | Продукциясын тышкы рынокторго илгерилетүүдө КРнын 20 экспорттоочу компанияларына көмөк көрсөтүлдү | ЭМ, Инвестиция агенттиги, ТИМ | 2017-жылдын 1-апрели | Донордук жардамды тартуу |
1.2.10 | КРнын экспорттук продукциясы, КРда туризмди өнүктүрүү жөнүндө кыскача маалыматты даярдоо жана аны социалдык медиа-ресурстардын веб-сайттарына жайгаштыруу
| КР чет өлкөдөгү мекемелери аркылуу КРда туризмди жана КР экспорттук продукциясын активдүү илгерилетүү | Инвестиция агенттиги, ММТМ, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
| КРнын чет элдик мекемеси жайгашкан өлкөдө республиканын экспорттук потенциалы жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык кампанияларды өткөрүү |
| ТИМ | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.2.11 | Компания-ритейлер түрүндө бизнес-өнөктөштөрдү жана чет өлкөдө КРнын экспорттук продукциясынын потенциалдуу сатып алуучуларын издөөдө КРнын экспорттоочуларына колдоо көрсөтүү | КРнын экспорттук продукциясынын көлөмү жогорулатылды | Инвестиция агенттиги | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.2.12 | КРнын айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн Кытайга жеткирүүгө квотаны КРга берүү жөнүндө маселени Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги менен иштеп чыгуу | Макулдашуунун долбоору иштелип чыкты | ЭМ, АЧТММ, ВФКМИ | 2017-жылдын 30-июну | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
1.2.13 | Кытайдан туристтерди тартуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | Иш-чаралар планы бекитилди | ММТМ | 2017-жылдын 30-августу | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
2-багыт: Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
| Милдеттер | Индикаторлор | Жооптуулар | Мөөнөтү |
|
2.1 | Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуусу боюнча бажылык башкаруу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат-коммуникация технологиялары, өткөрмө пункттары жана транспорттук контролдук пункттары тармактарында иш-чаралар планын ("жол картасы") ишке ашыруу | Кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын үлүшү Маалымат системасы аркылуу берилген документтердин жана маалыматтардын үлүшү ЕАЭСтин мыйзамдарынын талаптарына жооп берген өткөрмө пункттарынын үлүшү | ЭМ | Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна өтүү боюнча иш-чаралар планына ("жол картасы") ылайык |
|
| Иш-чаралар | Натыйжалар | Жооптуулар | Мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо |
2.1.1 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
2.1.2 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
2.1.3 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
2.1.4 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
| Милдеттер | Индикаторлор | Жооптуулар | Мөөнөтү |
|
2.2 | Экспортко кеткен убакытты жана сарптоолорду кыскартуу | Экспортко кеткен мөөнөттөр жана сарптоолор | ЭМ | 2017-жылдын 31-декабры |
|
| Иш-чаралар | Натыйжалар | Жооптуулар | Мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо |
2.2.1 | Өлкөнүн бардык аймагында тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин пайдалануу менен тышкы соода операциялары үчүн документтерди тариздөө жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча борборлоштурулган системаны киргизүү | Өлкөнүн бардык региондорунда тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" механизмин колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн | ЭМ, "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы, тышкы сооданы жөнгө салууга тартылган органдар | 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
2.2.2 | Тышкы сооданы жөнгө салууга тартылган органдардын бизнес-процесстерине талдоо жана реинжиниринг жүргүзүү, ошондой эле алардын бизнес-процесстерин бир өңчөйлөштүрүү жана автоматташтыруу жагында иштерди жүргүзүү | Тышкы соода операцияларын жүргүзүү үчүн документтерди алуу жол-жоболору жөнөкөйлөтүлгөн, бир өңчөйлөштүрүлгөн жана автоматташтырылган | ЭМ, "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы, тышкы сооданы жөнгө салууга тартылган уюмдар | 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
2.2.3 | Тышкы соода операцияларына талап кылынган документтерди жана маалыматтарды стандартташтырууну жана бир өңчөйлөштүрүүнү жүргүзүү | Тышкы соода операцияларын жүргүзүү учурунда уруксат алуу үчүн талап кылынган зарыл документтердин жана маалыматтардын саны кыскартылган | ЭМ, "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы, тышкы сооданы жөнгө салууга тартылган уюмдар | 2015-жылдын 1-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
2.2.4 | Кыргыз Республикасы үчүн (ВСП+) бенефициары статусун алуу үчүн Европа союзуна билдирме берүү | Европа союзунун рынокторуна аралашуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү | ЭМ | 2015-жылдын 31-августу | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
2.2.5 | Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин, анын ичинде тарифтик саясаттын негиздерин колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу макулдашууга кол коюу | Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу КРге/КРден ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрүнө/мүчө өлкөлөрдөн темир жол транспорту менен транзит аркылуу ташылган жүктөргө карата бир түргө келтирилген темир жол тарифинин Казакстан Республикасы тарабынан колдонуусу максатында Макулдашууга кол коюлду | ТЖМ, "Кыргыз темир жолу" УК" МИ | 2017-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
2.2.6 | ДСУнун алкагында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишти уюштуруу | ДСУнын алкагында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуунун беренелерин ишке ашыруу | МЭ | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
2.2.7 | 2019-жылдын январынан баштап ВСП+ алкагында ЕБнын өлкөлөрүнө экспорттоодо товардын чыккан өлкөсүн өзү декларациялоонун жаңы системасына өтүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | ВСП+ алкагында ЕБнын өлкөлөрүнө экспорттоодо товардын чыккан өлкөсүн өзү декларациялоонун жаңы системасына өтүү боюнча кадамдар жасалды | ЭМ, МБК, СӨП (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 15-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
2.2.8 | Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын берүү системасын киргизүү | Визасыз режим өлкөлөрүнүн тизмесине кирбей калган өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза берүү жол-жоболорун жеңилдетүү максатында КР электрондук визаларын берүү системасы ишке киргизилди | ТИМ | 2017-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
Милдеттер | Индикаторлор | Жооптуулар | Мөөнөтү |
| |
2.3 | Экспортко багытталган транспорттун жана инфратүзүмдүн сапатын жакшыртуу | Жүктөрдү өз убагында жана сапаттуу ташуу | ТЖМ | 2017-жылдын 31-декабры |
|
| Иш-чаралар | Натыйжалар | Жооптуулар | Мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо |
2.3.1 | Тышкы соода операцияларында пайдаланылуучу транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жүк ташуучуларды стимулдаштыруу боюнча механизмди иштеп чыгуу | Жүк ташуучулардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты | ТЖМ | 2017-жылдын 1-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
2.3.2 | Товар өткөрүү системасынын, анын ичинде транспорттук терминалдар жана тез бузулуучу продукцияларды тейлөө системаларынын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча чараларды көрүү | Жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүү сапаты | ЭМ, ТЖМ | 2016-жылдын 1-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
2.3.3 | Мыйзамга талдоо жүргүзүү жана соода-логистикалык борборлорду түзүү боюнча укуктук негиздерди даярдоо | Соода-логистикалык борборлорду түзүү планы | ЭМ, ТЖМ, АЧТММ, Мамлекеттик бажы кызматы | 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
2.3.4 | Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун илгерилетүүнү эске алуу менен курулуш жана жолдорду реабилитациялоо боюнча жылдык пландардын даярдалышын камсыз кылуу | План бекитилген. Пландын аткарылышы боюнча жылдык отчет | ЭМ, ТЖМ, ММТМ | Жыл сайын | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
2.3.5 | Тышкы рынокторго КРнын продукциясын илгерилетүү үчүн оптималдуу транспорттук коридорлор менен КРны камсыз кылуу максатында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ИИАБ финансы ресурстарын тартуу маселесин иштеп чыгуу
| Бул маселе боюнча позиция иштелип чыкты | ТЖМ, ФМ, Инвестиция агенттиги, ЭМ, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде |
| ИИАБ менен кызматташуу жана финансылык жардамдарды тартуу боюнча, анын ичинде инфратүзүмдүк долбоорлордун ТЭНин даярдоого гранттарды алуу үчүн зарылдыгына жараша инвестициялык долбоордук сунуштарды даярдоо | Инвестициялык долбоордук сунуштар даярдалды |
| 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
2.3.6 | "Кашгар" ЭЭЗ түзүүдө колдонулуучу инновациялык мамилелерди колдонуу менен "Нарын" ЭЭЗ аймагында соода-логистикалык борборду (ЕАЭБ жана ЕБ өлкөлөрү үчүн хаб катары) түзүүгө кытай инвестицияларын тартуу боюнча ишти жүргүзүү
| Соода-логистикалык борборду түзүүгө кытай инвестицияларын тартуу боюнча кытай тарабы менен сүйлөшүүлөр башталды | Инвестиция агенттиги, ЭМ, "Нарын" ЭЭЗ (макулдашуу боюнча), МБК, АЧТММ, ВФКМИ, ТЖМ, ФМ, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде. Донордук жардамды тартуу |
| "Нарын" ЭЭЗинин аймагына соода-логистикалык борборду түзүү боюнча инвестициялык долбоорду (ТЭН) даярдоо жана кытай инвесторлорунун кароосуна жөнөтүү | Кытай инвесторлоруна инвестициялык долбоор (ТЭН) берилди |
| 2017-жылдын 31-сентябры |
|
3-багыт: Сапат инфратүзүмүн колдоо жана өнүктүрүү
| Милдеттер | Индикатор | Жооптуулар | Мөөнөтү |
| |
3.1 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
| Иш-чаралар | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуулар | Мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо | |
3.1.1 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
3.1.2 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
3.1.3 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
3.1.4 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
| Милдеттер | Индикатор | Жооптуулар | Мөөнөтү |
| |
3.2 | Эл аралык рынокторго кыргыз экспортунун чыгышын жеңилдетүү үчүн сооданы колдоо институттарынын потенциалын бекемдөө | Ар жылдык бюджеттен каржылоо көлөмү | ЭМ | 2017-жылдын 31-декабры |
| |
| Иш-чаралар | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуулар | Мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо | |
3.2.1 | "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" жана "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз . Республикасынын мыйзамдарына жыл сайын республикалык бюджеттен 0,04% кем эмес өлчөмдө бюджеттик каражаттарды бөлүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө актылардын долбоорун даярдоо | Актылардын долбоорлорун даярдоо | ЭМ, ФМ | 2015-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
3.2.2 | Сертификаттоо органдарынын ИСО/МЭК 17020 стандартына ылайык келишин аккредитациялоо боюнча документтердин пакетин даярдоо | Жол-жоболорду бекитүү жөнүндө Кыргыз аккредитациялоо борборунун буйругу | Кыргыз аккредитациялоо борбору | 2015-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
3.2.3 | Өлчөө натыйжаларынын эл аралык деңгээлде таанылышына жетүү үчүн калибрлөө лабораторияларын аккредитациядан өткөрүү боюнча эл аралык таанымал органдан аккредитациядан өтүү үчүн ресурстарды тартуу. Өлчөө каражаттарын калибрлөөдөн өткөрүү боюнча окутуу жана ишканаларга консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн техникалык жардамдарды тартуу | Аккредиттелген лабораториялардын саны. Окутуудан өткөн жана өлчөө каражаттарын калибрлөөнү колдонууга киргизген ишканалардын саны | ЭМ, Стандартташтыруу жана метрология борбору | Туруктуу негизде | Донордук жардамдарды тартуу | |
3.2.4 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
3.2.5 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
3.2.6 | Тамак-аш продукцияларынын эл аралык стандарттарга, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык талаптарга ылайык келүүсүн толук көлөмдүү баалоо үчүн сыноодон өткөрүү лабораторияларынын потенциалын күчөтүүгө ресурстарды тартуу | Жардам берүү жөнүндө макулдашууларга кол коюлган | ЭМ, АЧТММ, ССМ | Дайыма | Донордук жардамды тартуу | |
3.2.7 | Продукциянын сапатын жана коопсуздугун арттыруу үчүн чакан жана орто ишканалардын потенциалын күчөтүү жана аларга сапатты контролдоо зарылчылыгы жөнүндө маалымдап туруу үчүн ресурстарды тартуу | Жардам берүү жөнүндө макулдашууларга кол коюлган | ЭМ, АЧТММ, ССМ | Дайыма | Донордук жардамды тартуу | |
3.2.8 | Иштеп жаткан стандарттардын жана техникалык жол-жоболордун электрондук маалымдоо базасын түзүү жана колдоо, жана эл аралык жана башка стандарттар тууралуу маалыматтарды дайыма жаңыртып туруу: | Чарба субъекттерине маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыздалган | Стандартташтыруу жана метрология борбору |
| Донордук жардамды тартуу | |
1. Электрондук каталогду | 2015-жылдын 31-декабры | |||||
2. Стандарттардын жана техникалык жол-жоболордун электрондук маалымдоо базасын | 2016-жылдын 30-июну | |||||
3.2.9 | Ишканаларга азык-түлүк продуктуларынын коопсуздугун камсыз кылуунун ХАССП системасы боюнча окутуучу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн техникалык жардамдарды тартуу | ХАССП боюнча окутуудан өткөн жана аны ишке киргизишкен ишканалардын саны | ЭМ, АЧТММ, ССМ | Дайыма | Донордук жардамды тартуу | |
3.2.10 | Ишканаларда ИСО 9001 стандарттарын жана/же анын бөлүктөрүн жайылтуу боюнча окутуу жана консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн техникалык жардам тартуу | Окутуудан өтүшкөн жана сапаттын менеджменти системасын жана экологиялык менеджмент системасын ишке киргизишкен ишканалардын саны | ЭМ, Энергетика министрлиги | Дайыма | Донордук жардамды тартуу | |
3.2.11 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрүндө жана ишканаларда ИСО 14001 боюнча маалымат алууну жогорулатуу, окутуу жана консультация берүү боюнча техникалык жардам тартуу | Окутуудан өтүшкөн ишканалардын жана мамлекеттик органдардын саны | ЭМ | Дайыма | Донордук жардамды тартуу | |
3.2.12 | Ветеринария боюнча кызмат көрсөтүү жана ветеринардык-санитардык экспертизаны жеке секторго өткөрүп берүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоо | Ветеринария боюнча кызмат көрсөтүү жана ветеринардык-санитардык экспертиза жеке секторго өткөрүлүп берилди | АЧТММ, ЭМ, Ветеринардык жака фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | 2015-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
3.2.13 | "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына эл аралык Эпизоотиялык бюронун кодекстеринин талаптарын эске алган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун даярдоо | Мыйзам долбоорун жактыруу | АЧТММ, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | 2015-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
3.2.14 | АЧТММнын сайтында сертификатталган ветеринардык препараттардын тизмегин жарыялоо | Маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган | АЧТММ, Ветеринардык дары каражаттарын сертификациялоо борбору, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
3.2.15 | ВСП+ алкагында ЕБнын аймагына Кыргыз Республикасынан товарларды экспорттоо максатында республиканын артыкчылыктуу тамак-аш ишканаларында ХАССП тамак-аш коопсуздугу системасын киргизүүгө көмөк көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорлору ишке киргизүү | КРнын артыкчылыктуу тамак-аш ишканаларында ХАССП тамак-аш коопсуздук системасы киргизилди | МЭ | 2017-жылдын 31-декабры | Донордук жардамдарды тартуу | |
3.2.16 | Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын учурдагы абалын баалоо боюнча Эл аралык эпизоотикалык бюронун отчётуна ылайык Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматтарын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу | КРнын ветеринардык контролдоо системасынын ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүнүн системасына эквиваленттүүлүгү таанылды жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-казакстан участогунда ветеринардык контроль жоюлду | ВФКМИ | 2017-жылдын 31-июлу | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
3.2.17 | ЕБ (ВСП+ алкагында), ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Кытайга ж.б. КРнын экспорттук продукциясын жеткирүү үчүн лабораторияларга КРнын муктаждыктарын эске алуу менен "жол картасын" иштеп чыгуу | Лабораторияларга болгон артыкчылыктуу муктаждыктар аныкталды | ВФКМИ, ЭМ АЧТММ, ССМ | 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
4-багыт: Финансылык каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү
| Милдеттер | Индикаторлор | Жооптуулар | Мөөнөтү |
| |
4.1 | Экспорттук жол-жоболорду каржылоо механизмдерине жетүүнү кеңейтүү | Каржылоонун жаңы механизмдеринин саны | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | 2017-жылдын 31-декабры |
| |
| Иш-чаралар | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуулар | Мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо | |
4.1.1 | Айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү боюнча экспорттоочу ишканаларды "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбооруна киргизүү | Экспорттоочу ишканалар "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбооруна киргизилди | ЭМ, АЧТММ, ФМ | 2015-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
4.1.2 | Чет өлкөлүк Эксимбанктар менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтарга жетүүнү камсыздоо | Маалыматтарды ЭМ жана Инвестиция агенттигинин сайттарында жайгаштыруу | ЭМ, Инвестиция агенттиги | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
4.1.3 | Донор өлкөлөрдүн жана эл аралык финансылык уюмдардын бизнести колдоого багытталган финансылык жана техникалык жардамы тууралуу маалыматка кеңири жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо | Маалыматты ЭМ, Инвестиция агенттигинин сайттарында жайгаштыруу | ЭМ, Инвестиция агенттиги | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
4.1.4 | Күрөөнү каттоо системасын "Онлайн" режиминде киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актыны даярдоо | 1. Ченемдик укуктук акт кабыл алынды | ЮМ, МКК | 2015-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде, донордук жардамды тартуу | |
2. Күрөөнү каттоо системасы "Онлайн" режиминде киргизилди жана колдонулуп жатат | 2017-жылдын 31-декабры | |||||
4.1.5 | Гарантиялык фонддорду андан ары өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү | Гарантиялык фонддорду өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлдү | ЭМ, Этностор агенттиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын 31-сентябры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде, ыктыярдуу акысыз жардамдар жана кошумчалар гранттар | |
4.1.6 | Экспорттук кредиттөө механизмдерин пайдалануу тууралуу сунуш даярдоо | Экспорттук кредиттөө механизмдерин пайдалануу тууралуу сунуш даярдалды | ЭМ | 2015-жылдын 31-июлу | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
4.1.7 | Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ЧОИ субъекттерине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн "Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү каржылоо" долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | КР Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды | Инвестиция агенттиги, ЭМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), "Кепилдик фонду" ААК (макулдашуу боюнча), РКӨФ (макулдашуу боюнча), КР коммерциялык банктары (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-августу | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
4.1.8 | Кредит алуу үчүн зайымчылар КРнын коммерциялык банктарына берүүчү документтерди тариздөөгө талаптарды жеңилдетүүчү кредиттөөнүн маселелери боюнча КРУБ башкармасынын токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | КРын коммерциялык банктарынан кредиттерди алуу үчүн талаптар жеңилдетилди | КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын 31-марты | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
Милдеттер | Индикаторлор | Жооптуулар | Мөөнөтү |
| ||
4.2 | Экспорттоочу ишканаларга салыктын оорчулугун жеңилдетүү | Кирешелердеги салыктык чегерүүлөрдүн үлүшү | ЭМ | 2017-жылдын 31-декабры |
| |
| Иш-чаралар | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуулар | Мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо | |
4.2.1 | Чакан жана орто ишканалар үчүн экспорттук берүүлөр боюнча КНСтин ашкан суммаларын өз убагында кайра берүүнү жана ордунун жабылышын камсыздоо | КНСтин ашкан суммаларын кайра берүү жана ордун жабуу боюнча белгиленген талаптар аткарылууда | ФМ, МСК | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |
4.2.2 | КНСти кайтаруу үчүн мамлекеттик бюджетте жетишээрлик сумманы караштыруу максатында КРнын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо | КНСти кайтаруу үчүн республикалык бюджетте жетишээрлик сумма караштырылды | ФМ | 2017-жылдын 31-декабры | Бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелердин чегинде | |