Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 145
Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык)
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттуу сертификацияланган үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-2022-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик дотация төлөө системасын киргизүүнү караган ченемдик укуктук акт бекитилгенден кийин республиканын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация төлөөгө каражат караштырсын:
- 2-тиркемеге ылайык 2018-2022-жылдар мезгилинде себүү максатында дыйкандарга жана фермерлерге сатуу үчүн экинчи репродукциядагы күздүк жана жаздык буудайдын үрөнүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын өндүрүү көлөмүнө жараша;
- 3-тиркемеге ылайык 2018-2022-жылдар мезгилинде республиканын үрөнчүлүк чарбаларында сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу үчүн буудайдын, арпанын жана беденин суперэлита жана элита үрөнүн өндүрүү жана сатуу көлөмүнө жараша.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- үрөнчүлүк чарбаларын жүргүзүү үчүн жерлерди ижарага берүү мөөнөтүн 20 жылга чейин узартуу;
- 4-тиркемеге ылайык 2018-2022-жылдар мезгилине үрөн жана көчөт материалдарын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларына кошумча сугат айдоо жерлерин бөлүп берүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте кароо.
4. КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча 2018-2019-жылдар мезгилине тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын, анын ичинде ыңгайсыз жана пайдаланылбай жаткан жерлерде өстүрүү максатында мөмө питомнигин түзүү боюнча иш-чаралар планын даярдашсын жана беришсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
2-тиркеме
2018-2022-жылдар мезгилинде себүү максатында дыйкандарга жана фермерлерге сатуу үчүн экинчи репродукциядагы күздүк жана жаздык буудайдын үрөнүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын өндүрүү КӨЛӨМДӨРҮ
Жылдар | Күздүк жана жаздык буудайдын үрөнүн өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмү (миң тонна) |
2018 | 20,7 |
2019 | 24,2 |
2020 | 28,6 |
2021 | 32,2 |
2022 | 36,0 |
Баардыгы | 141,7 |
3-тиркеме
2018-2022-жылдар мезгилинде республиканын үрөнчүлүк чарбаларында сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу үчүн буудайдын, арпанын жана беденин суперэлита жана элита үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу КӨЛӨМДӨРҮ
Жылдар | Үрөн өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмү (тонна) | |||||
Буудай | Арпа | Беде | ||||
Суперэлита | Элита | Суперэлита | Элита | Суперэлита | Элита | |
2018 | 40 | 440 | 31,5 | 322 | - | 3 |
2019 | 40 | 440 | 31,5 | 322 | 0,6 | 3 |
2020 | 40 | 440 | 31,5 | 322 | 0,6 | 3 |
2021 | 40 | 440 | 31,5 | 322 | 0,6 | 6 |
2022 | 40 | 440 | 31,5 | 322 | 0,6 | 6 |
4-тиркеме
2018-2022-жылдар мезгилине үрөн жана көчөт материалдарын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларына кошумча сугат айдоо жерлерин бөлүп берүү
Облустардын аталышы | 1-январга карата иш жүзүндө бар жерлер (га) | Республиканын үрөнчүлүк чарбаларына кошумча бөлүнүүчү сугат айдоо жерлеринин аянты, облустар боюнча (га) | ||||
2017 | 2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | |
Баткен облусу | 435 | 500 | 600 | 700 | 750 | 800 |
Жалал-Абад облусу | 1400 | 1600 | 1900 | 2100 | 2300 | 2500 |
Ош облусу | 1598 | 1800 | 2100 | 2300 | 2500 | 2700 |
Ысык-Көл облусу | 2474 | 2550 | 2650 | 2800 | 2900 | 3000 |
Нарын облусу | 1847 | 2000 | 2100 | 2200 | 2400 | 2500 |
Талас облусу | 2069 | 2100 | 2200 | 2300 | 2400 | 2500 |
Чүй облусу | 18432 | 20000 | 22000 | 24000 | 25000 | 26000 |
Баардыгы: | 28255 | 30550 | 33550 | 36400 | 38250 | 40000 |