Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 158
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана туристтик жагымдуулугун жогорулатуу максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Иран Ислам Республикасы(*)";
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"(*) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын "ишкердик" жана "туристтик" категорияларына гана карата.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |