КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 161
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 22-майындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин символика белгилерин, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин айырмалоочу белгилеринин жана фурнитураларынын үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
"МАИ" кызматкерлери үчүн айырмалоочу төш белги" позициясы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 12-пункттун алтынчы абзацындагы "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "техникалык регламенттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |