Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 177
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Аквапарктарды жана бассейндерди, мончолорду, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерин жана сауналарды, кир жуугуч жайларды жана мончо-кир жуугуч комбинаттарды, химиялык тазалоо жайларын, мейманканаларды, жатаканаларды, көрүстөндөрдү жана сөөк коюу объекттерин жайгаштырууга, жабдууга, иштетүүгө жана алардын түзүлүшүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 22-тиркемеге ылайык.";
- 4-пункттагы "билим берүү, маданият жана спорт" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 22-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
"Аквапарктарды жана бассейндерди, мончолорду, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерин жана сауналарды, кир жуугуч жайларды жана мончо-кир жуугуч комбинаттарды, химиялык тазалоо жайларын, мейманканаларды, жатаканаларды, көрүстөндөрдү жана сөөк коюу объекттерин жайгаштырууга, жабдууга, иштетүүгө жана алардын түзүлүшүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
1. Негизги жоболор жана колдонуу жааты
1. Бул "Аквапарктарды жана бассейндерди, мончолорду, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерин жана сауналарды, кир жуугуч жайларды жана мончо-кир жуугуч комбинаттарды, химиялык тазалоо жайларын, мейманканаларды, жатаканаларды, көрүстөндөрдү жана сөөк коюу объекттерин жайгаштырууга, жабдууга, иштетүүгө жана алардын түзүлүшүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" Санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - Санитардык эрежелер) аквапарктарды жана бассейндерди, мончолорду, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерин жана сауналарды, кир жуугуч жайларды жана мончо-кир жуугуч комбинаттарды, химиялык тазалоо жайларын, мейманканаларды, жатаканаларды, көрүстөндөрдү жана сөөк коюу объекттерин (мындан ары - объекттер) долбоорлоого, жайгаштырууга, суу менен камсыздоого, саркынды сууларды чыгарууга, жарык берүүгө, желдетүүгө, жайларды, жабдууларды күтүүгө, эмгек шартына санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана кызматкерлердин жеке гигиена эрежелерин сактоону белгилейт.
2. Санитардык эрежелер баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабай долбоорлонуучу, реконструкциялануучу жана иштеп жаткан объекттерге карата жайылтылат.
3. Объекттердин мурда курулган имараттары алардын долбооруна ылайык эксплуатацияланат.
4. Ушул Санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
5. Ушул Санитардык эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
2.Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул Санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) аквапарк - өз курамында суу аттракциондору бар бассейн же бассейндер комплекси (дөбөчө, жасалма толкундар, агымдар, шаркыратма, фонтандар, гидроаэромассаждык түзүлүштөр ж.б.), эс алуу зоналары (пляждар, эс алып жаткан жерлер, ж.б.), ошондой эле башка төмөнкүлөр менен мүнөздөлгөн башка функционалдык объекттер:
- эркин келүү жана ордун которуу режими менен;
- чоңдордун жана балдардын бир убакта жүрүүсү менен;
- айрым бассейндердин жана аттракциондордун жөнгө салынбаган жүктөмү менен;
2) мончо - адамдар жуунууга жана бууга отурууга арналган атайын жай;
3) ден соолукту чыңдоочу мончо комплекси - келүүчүнүн денесин тазалоого жана жашартууга, анын саламаттыгын чыңдоого байланыштуу гигиеналык, сууга түшүүчү, ден соолукту чыңдоочу - алдын алуу функцияларын бириктирген көп функционалдуу комплекс;
4) мончо-кир жуугуч комбинат - мончонун жана кир жуугучтун кызматтарын көрсөткөн ишкана;
5) бассейн - сууга сүзүү, сууга түшүү жана спорттун суудагы түрлөрү менен машыгуу үчүн арналган гидротехникалык курулма;
6) бассейндик суу - бассейндердин ванналарындагы суу;
7) акма тибиндеги бассейн - адамдар сууга түшкөн мезгилде суу үзгүлтүксүз келип турган, ал эми суунун ашыкчасы канализацияга кетип турган бассейн;
8) суу чыгуу тибиндеги бассейн - ар бир келүүчүдөн же келүүчүлөр тобунан кийин суу толугу менен кетирилип турган, сууну тазалоо системасы жок бассейн;
9) аквапарктын суу зонасы - кийим чечүүчү жайдан жана душтан чыккан аквапарктын келүүчүлөрүнө жеткиликтүү бассейндер, суу аттракциондору жана пляж зоналары;
10) сууну даярдоо - бассейндеги сууну тазалоого жана зыянсыздандырууга арналган ыкмалардын, жабдуулардын жана материалдардын жыйындысы;
11) жалпы тазалап жыйноо - булганган бөлмөлөрдү максимумдук тазалоо боюнча чаралар, анын ичинде туруктуу тактарды кетирүү, эмеректерди, терезелерди жана жабдууларды тазалоо;
12) мейманкана - адамдардын убактылуу жашап турушуна арналган ишкана;
13) дезинфекция - бул айлана-чөйрөдөгү объекттерден инфекцияны жугузуу фактору болуучу инфекциялык (мите курт) оорулардын козгогучтарын өлтүрүүгө жана жок кылууга багытталган иш-чаралар комплекси;
14) дезинсекция - инфекциялык ооруларды алып жүрүүчү, ошондой эле адамга тигил же бул зыян тийгизүүчү муунак буттууларга каршы багытталган иш-чаралар комплекси;
15) дератизация - адамга эпидемиологиялык же экономикалык зыян келтирүүчү кемиргичтерге каршы багытталган иш-чаралар комплекси;
16) көрүстөн мезгили - сөөктөрдүн чирүү жана минералдаштыруу мезгили;
17) көрүстөн - сөөк көмүү үчүн атайын бөлүнгөн аймак;
18) колумбарий - өрттөлгөндөн кийин күлү бар кутуларды сактоо;
19) крематорий - каза (курман) болгондордун сөөгүн өткө өрттөп кремациялоого арналган ритуалдык курулма;
20) кремация - каза болгондун сөөгүн өрттөө (өрт аркылуу көмүү);
21) микроклимат - адамдын организминин жылуулук алмашуусуна жана ден соолугуна таасир тийгизген имараттын ичиндеги чөйрөнүн физикалык факторлорунун комплекси;
22) жатакана - иштеген, кызмат өтөгөн же окуган мезгилде адамдардын убактылуу жашай турган жери;
23) коомдук бөлмөлөр - калкты тейлөө ишин жүргүзүүгө арналган бөлмөлөр;
24) сөөк коюу багытындагы объекттер - аза күтүү ырым-жырымын өткөрүү үчүн кызматтарды көрсөтүү жана товарларды сатуу объекттери;
25) сөөк - өлүктүн бузулбаган калдыгы;
26) калдык эркин хлор - сууда ар түрдүү химиялык бирикмелер менен кошулган хлордун реакциясынан кийин калган НОСl хлордуу кислотанын, Осl гипохлориттүү ион жана Сl2 молекулярдуу хлордун суммасы;
27) калдык байланышкан хлор - азот камтыган бирикмелер менен кошулган хлордун реакциясынан кийин сууда пайда болгон монохлорамин NH2CI, дихлорамин NHCl2 жана трихлорамин NCl2 суммасы;
28) калдык жалпы хлор - калдык эркин жана байланышкан хлордун суммасы;
29) сөөк көмүү (сөөк коюу) - өлгөндүн сөөгүн жерге берүү (бейитке, көргө) же өткө өрттөө (кремация) сөөктүн күлү бар кутуну көргө көмүү менен, санитардык, жаратылышты коргоочу, шаар куруу же башка эрежелерге жана ченемдерге каршы келбеген каада-салттар менен каза болгондун диний ишенимине, каалоосуна ылайык көргө коюу боюнча ырым-жырым иш-аракеттери;
30) даярдалган суу - суу даярдыгынан өткөн суу;
31) кир жуугуч жай - кийим-кечекти жууган жана андан кийин иштеткен ишкана;
32) бассейндин же аквапарктын өткөрүү жөндөмдүүлүгү - суткасына жалпысынан бассейнге же аквапаркка келүүчүлөрдүн саны;
33) санитардык эрежелер жана ченемдер, санитардык эрежелер, гигиеналык ченемдер - адам үчүн анын жашоо чөйрөсүндөгү факторлордун коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын санитардык-эпидемиологиялык критерийлерин жана талаптарын, анын жашоо тиричилигиндеги жагымдуу шарттарды камсыз кылуу талаптарын белгилөөчү ченемдик актылар;
34) сауна - кургак буусу менен бууландыруучу жайы бар мончо;
35) склеп - гроб, саркофаг же урнага сөөктү коюуга арналган жер үстүндөгү же жер алдындагы жай;
36) сууга даярдоонун технологиялык регламенти - сууга даярдоонун ирети жана параметрлери көрсөтүлгөн документ;
37) химиялык тазалоо - тазалоонун химиялык жана физикалык методдорун колдонуу менен кийимди жана башка буюмдарды тазалоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү ишкана.
3. Объекттерди жайгаштырууга талаптар
7. Объекттер шаардык жана айылдык калк отурукташкан пункттарды пландоого жана курууга коюлган талаптарга ылайык, ошондой эле санитардык-коргоо зоналарына коюлган гигиеналык талаптарга ылайык турак имараттарынын аймагында жайгаштырылууга тийиш.
8. Объекттер өз алдынча турган имараттарда, кошулуп курулган имараттарда, коомдук имараттарда өз алдынча кирүүсү болгондо жана ушул санитардык эрежелерде аталган ар кандай багыттагы объекттердин өзгөчөлүктөрүн сактоо менен жайгаштырылышы керек.
4. Аймактарга, имараттарга, бөлмөлөргө талаптар
9. Объекттердин аймагы көрктөндүрүлөт, жарык берилет жана таза күтүлөт. Аймакты күн сайын тазалоо керек, адамдар же транспорт жүргөн жер күн жылуу мезгилде сугарылат, кышкы мезгилде кардан жана муздан тазаланат.
10. Таштандыны топтоо үчүн үч тарабынан тосулган, төшөлмөсү катуу аянтта орнотулган контейнерлер колдонулат. Аянтча имараттардан, балдардын оюн аянтчасынан, эс алуу жана спорт менен алектенүү жерлеринен 25 м аралыкта алыс жайгаштырылат.
11. Объекттердин имараттарын долбоорлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жетүүсү үчүн түзүлүштөр каралат.
12. Объекттердин өндүрүштүк жана тиричилик бөлмөлөрү кол жуу үчүн раковиналар менен жабдылат.
13. Турак бөлмөлөрдүн алдынан сантүйүндөрдү, жуунчу жерлерди жайгаштырууга, турак бөлмөлөрдүн жана адамдар дайыма турган жайлардын алдында таштанды камераларын жайгаштырууга, ошондой эле турак бөлмөлөрдүн же аларга чектеш жайгашкан бөлмөлөргө таштанды өткөргүчтөрүн жана электр щиттерин туташтырууга жол берилбейт.
14. Объекттердин жайларын түз функционалдык эмес багытта колдонууга тыюу салынат.
15. Объекттердин жайларында келемиш, чычкан, кене жана курт-кумурскалар болбошу керек.
16. Дезинсекция жана дератизация боюнча иш-чараларды иштин ушул түрү менен алектенүүгө укугу бар адамдар өткөрүшөт. Дезинсекция жана дератизация боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрүү күнү, колдонулган каражаттардын аталышы жана саны администрация тарабынан эсепке алуу документтеринде катталат.
5. Суу менен камсыздоого жана канализацияга талаптар
17. Имарат суу менен камсыздоо жана канализация системалары менен камсыздалышы керек. Ички суу түтүгүн орноштуруусуз имаратта объекттерди жайгаштырууга жол берилбейт.
18. Объектте колдонулган ичүүчү суу адамдардын ден соолугу үчүн коопсуз болушу керек жана "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
19. Борборлоштурулган ысык суу менен камсыздоо болбогон учурда суу түтүгү системасына кошуу менен агым сууну ысытуучу жабдуулар орнотулат.
20. Объекттерден агынды сууларды тазалоо жана зыянсыздандыруу агынды сууларды натыйжалуу тазалоого жана зыянсыздандырууга кепилдик берген жалпы шаардык же башка канализациялык тазалоо курулмаларында жүргүзүлөт. Жалпы шаардык же башка тазалоо курулмалары жок болгон учурда агынды суулар долбоорлоо документтерине ылайык жергиликтүү курулмаларда толук биологиялык тазалануудан жана зыянсыздандыруудан өтүүгө тийиш.
21. Канализациялык эмес калк отурукташкан пункттарда суюк калдыктардан тазалоо ассенизация жолу менен жүргүзүлөт, ал кир-кокторду суу өткөрбөй турган чуңкурда топтоону жана курчап турган чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы менен жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча атайын бөлүнгөн жерге ассенизациялык транспорт менен андан ары ташып чыгарууну карайт.
22. Короодогу дааратканалар суу өткөрбөй турган чуңкур менен жасалат жана имараттан 25 метр аралыкта орнотулат. Септиктер өз убагында көлөмдөн үчтөн экисинен ашырылбастан толтурулганда тазаланат жана дезинфекцияланат. Жергиликтүү тазалоо орнотмолору өндүрүүчүнүн техникалык документтерине ылайык жабдылат. Санитардык-техникалык тармактар, түзүлүштөр жана приборлор оң абалда болууга тийиш.
6. Бөлмөлөрдү жылытууга, желдетүүгө, алардын микроклиматына жана абасына талаптар
23. Объекттердин имараттары жылуулук менен жабдуу, желдетүү, кондиционерлөө системалары менен камсыздалат.
24. Ар кандай багыттагы объекттердин бөлмөлөрүндөгү микроклиматтын параметрлери ушул Санитардык эрежелердин 72, 107, 119, 137, 164, 176-пункттарында келтирилген санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык келиши керек.
7. Бөлмөлөргө жарык берүү талаптары
25. Адамдар жана персонал дайыма келип турган жайларга табигый жарык берилип турууга тийиш.
26. Табигый жарык берилбей же экинчи жарык берүү менен микроклиматтын ченемделүүчү көрсөткүчтөрүн жана аба алмаштыруунун орток бөлүнүүсүн камсыздоо шартында төмөнкүлөрдү жайгаштырат:
а) дене тарбия-ден соолукту чыңдоо иштери жана спорт үчүн жайлар, массаж, бууландыргыч жайлар, жабык ванналар жана душ кабиналары, кургак ысык мончолору, чыгдан, буфет, чечинүүчү жайлар, кызматкерлер үчүн гардеробдор, жуучу жана дезинфекциялоочу аралашманы даярдоо үчүн жайлар, санитардык түйүндөр, санитардык өткөргүчтөр;
б) техникалык жана инженердик жайлар (жылуулук пункттары, насостор, компрессорлор, желдетүүчү камералар, имаратты колдонуу боюнча чеберканалар, серверлер).
8. Бөлмөлөрдүн ички жасалгасына талаптар
27. Бөлмөлөрдүн ички жасалгасы үчүн зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруунун булагы болбогон турак жай жана коомдук имараттардын курулушунда колдонууга уруксат берилген курулуш материалдары пайдаланылат.
28. Нымдуу иш режимине жана дезинфекциялоого тийиш болгон жайлардын дубалдарынын, полдорунун жана шыптын үстү жылмакай болуп, нымдуу тазалоого жеткиликтүү жана жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонгондо туруктуу болууга тийиш.
9. Бөлмөлөрдү санитардык күтүү
29. Объекттердин бөлмөлөрү тазалыкта күтүлүшү керек.
30. Объекттердин бардык бөлмөлөрүн күн сайын нымдуу жыйноо өткөрүлөт, күн ичинде жуучу, тазалоочу, дезинфекциялоочу каражаттар колдонулат. Жалпы тазалоо айына бир жолудан кем эмес өткөрүлүүгө тийиш, мончолордо, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринде жана сауналарда 7 күндө бир жолу өткөрүлөт.
31. Негизги жана көмөкчү жайларды, ошондой эле дааратканаларды тазалоо үчүн атайын маркалануучу жана атайын бөлүнгөн жерде өз алдынча сакталуучу өзүнчө шайман бөлүнүшү керек. Тазалоо аяктаганда шаймандарды жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалап чыгат жана алар кургатылат.
10. Эмгек шартына жана персоналдын жеке гигиенасына талаптар
32. Аквапарктардын жана бассейндердин, мончолордун, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринин жана сауналардын, кир жуугуч жайлардын жана мончо-кир жуугуч комбинаттардын, химиялык тазалоо жайларынын, мейманканалардын, жатаканалардын персоналын жумушка алууда жана андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 токтому менен бекитилген Ишке кирүүдө милдеттүү жана мезгил-мезгили менен медициналык текшерилүүгө тийиш болгон декреттелген контингенттин тизмесине ылайык медициналык текшерилүүдөн өтөт.
33. Медициналык текшерилүүгө тийиш ар бир кызматкерге белгиленген үлгүдөгү медициналык китепче ачылат, ага медициналык текшерүүлөрдүн, лаборатордук изилдөөлөрдүн жана гигиеналык билимдерди аттестациялоонун жыйынтыктары жазылат.
34. Аквапарктардын жана бассейндердин, мончолордун, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринин жана сауналардын, кир жуугуч жайлардын жана мончо-кир жуугуч комбинаттардын, химиялык тазалоо жайларынын, мейманканалардын, жатаканалардын персоналы саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын базасында 2 жылда 1 жолу гигиеналык окуудан өтөт.
35. Объекттердин жумушчулары атайын кийим, жеке коргонуу каражаттары (кол кап, респиратор, фартук) менен жетиштүү көлөмдө жана жүргүзүлгөн иштердин мүнөзүнө жараша тиешелүү өлчөмдө камсыздалат. Жумушчулардын атайын кийимин жана жеке кийимин өз алдынча сактоо үчүн өзүнчө шкафтар каралат.
36. Кош бойлууларга жана бала эмизген аялдарга дезинфекциялоочу каражаттар менен иштөөгө тыюу салынат.
37. Теринин, көздүн, жогорку дем алуу жолдорунун кесиптик ооруларын алдын алуу максатында жумушчуларга төмөнкүлөр зарыл:
- жумушчу дезинфекциялоочу эритмени борборлоштуруп даярдоону жасалма же табигый агым-соргуч желдеткичи бар атайын жайларда өткөрүү;
- кургак дезинфекциялоочу каражаттарды атайын идишке салып акырындык менен сууну кошуу;
- жумушчу дезинфекциялоочу эритмеси бар идишти капкак менен бекем жабуу. Алар менен бардык иштерди резина кол кабын кийип жасашат;
- эмгекти коргоо боюнча иш-чаралар жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу менен (респиратор, маска) колдонулган дезинфекциялоочу каражаттар жөнүндө нускамага ылайык аткарылышы керек.
38. Объекттер нашатыр спиртин, йод тундурмасын, таңуучу материалдарды, күйгөндө колдонуучу каражаттарды камтыган биринчи медициналык жардамдын аптечкасы менен камсыз кылынат.
39. Объекттердин администрациясы кызматкерлердин медициналык текшерүүдөн өтүүсүн контролдойт жана жумушчулардын саламаттыгына өндүрүштүк факторлордун жагымсыз таасиринин алдын алуу боюнча зарыл шарттарды камсыздайт.
40. Колдонулган жана жумушчу кийимди жууп-тазалоо кир жуучу жайларда же ысык жана муздак суусу бар, атайын жабдуулары менен бөлүп берилген жай болгон объекттерде жүргүзүлөт жана каршы агымдарды болтурбаган жана кир жана таза кийимди аралаштырбаган жууп-тазалоонун технологиялык процесстеринин ирети (агымы) сакталат.
41. Дезинфекциялоочу эритмелер каражаттын аталышын, эритменин концентрациясын жана аны даярдоо күнү көрсөтүлгөн маркалоосу бар атайын идиште сакталат. Даярдалган дезинфекциялоочу эритмелер колдонулган дезинфекциялоочу каражат жөнүндө нускамага ылайык белгиленген концентрацияга шайкеш болушу керек.
42. Жумушчу орундары болуп эсептелген жайларда тамеки тартууга тыюу салынат. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тамеки тартууга толук тыюу салынган жерлерде тамеки тартууга тыюу салынгандыгы тууралуу белгилер жана атайын тамеки тартуу үчүн жайлар бөлүнгөндүгү тууралуу маалымат жайгаштырылат.
11. Өндүрүштүк контролдоо
43. Санитардык эрежелерди жана санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды аткарууну өндүрүштүк контролдоо боюнча иш-чараларды юридикалык жана жеке жактар жүргүзөт. Өндүрүштүк контролдоону өз убагында уюштурууга, анын толуктугуна жана аныктыгына жоопкерчиликти юридикалык жана жеке жактар тартат.
44. Лаборатордук изилдөөлөрдүн номенклатурасы, көлөмү жана мезгили объекттин санитардык-эпидемиологиялык мүнөзүн, зыяндуу өндүрүштүк факторлордун орун алышын, алардын адамдын ден соолугуна таасир этүү деңгээлин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Санитардык эрежелерди сактоо жана санитардык-эпидемиялык (профилактикалык) иш-чараларды аткаруунун сакталышына өндүрүштүк контролду уюштуруу жана өткөрүү" санитардык эрежелерине ылайык лаборатордук изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен аныкталат.
45. Жумушчу жерлерде химиялык заттарга контролду жүргүзүүдө химиялык тазалоо жана кирди жууш үчүн колдонулган химиялык материалдардын (курамдардын), бассейндеги сууну дезинфекциялоо жана жумушчу зонанын абасына кошула турган химиялык заттарды аныктоо менен эмеректин жана инвентардын тизмеси түзүлөт. Контроль юридикалык жана жеке жактар жайдын ортосунда жана четтеринде жайгашкан өзүнчө жумушчу орундарында тандалмалуу (20% кем эмес) жүргүзүлөт.
12. Аквапарктарга жана бассейндерге санитардык-эпидемиологиялык талаптар
46. Аквапарктар турак жай, парктык же рекреациялык зонада обочолонгон аймакта жайгаштырылат, өзүнүн курамында суу аттракциондору жана эс алуу зоналары болот.
47. Бассейндер коомдук имараттын кошумча курулган (же туташып курулган) жайларында, өзүнчө турган имаратта жайгаштырылат.
48. Бассейндин/аквапарктын жайларынын ички пландалышы келүүчүлөрдүн жүрүү иретин камсыздашы керек (гардероб - чечинүүчү жай - душ - санитардык түйүндөр - бассейндин ваннасы/аквапарктын суу зонасы).
49. Бассейндин/аквапарктын жайларынын курамына төмөнкүлөр кирет: гардеробу бар чоң далис, эркектердин жана аялдардын чечинүүчү жайлары, душ бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр, ваннасы бар зал, персонал үчүн тиричилик жайлары, спорттук инвентарды сактоо үчүн кампалар, тазалоочу инвентарь, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар үчүн кампалар, административдик жайлар, медициналык персонал үчүн кабинет.
50. Бассейндердин ванналарынын көлөмү бассейнде сүзгөн бир адамга эсептелген: чоңдор үчүн - 5 м2 кем эмес, балдар үчүн 4 м2 кем болбойт.
51. Бассейндин/аквапарктын кийим чечүүчү жайлары кийимдерди салган жеке шкафтар жана отурганга ыңгайлуу отургучтар менен жабдылат.
52. Бассейндин/аквапарктын четиндеги келүүчү жолдор, дубалдар жана ваннанын түбү суу өткөрбөй турган материалдардан жасалат, ванналар залынын ички үстүнкү конструкциясы - нымга туруктуу материалдардан капталат, жээктеген жолдорду материалдары, бассейндин ваннасынын түбү колдонулуучу химиялык реагенттердин жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу болот.
53. Душтан бассейндин/аквапарктын ваннасына келүү жолунда аккан суусу бар бут ваннасы жайгаштырылат. Душтан бассейндин четиндеги жолго түздөн түз чыкканда бут ванналардын жоктугуна уруксат берилет.
54. Бассейндин/аквапарктын душ кабиналары өтмө жерде, чечинүүчү жайдан четтеги жолго өтүү жеринде жайгашат, муздак жана ысык суу түтүктөрү бар чачыратма, гигиена каражаттары үчүн түзүлүштөр, сүлгү жана мочалка менен жабдылышы керек.
55. Бассейндин ваннасы суу куюучу кобулдун четине чейин суу менен толтурулат, аны толук толтурбай туруп колдонууга болбойт.
56. Бассейн суусунун үстүнкү булганган катмарын кетирүү куюучу кобул аркылуу суу бөлүп чыгаруу системасы менен жүргүзүлөт.
57. Көлдүн суусу бар бассейндер/аквапарктар үчүн суу топтоонун ордун тандоо санитардык кырдаалды жана суунун сапатын, жаан жана агынды суулардын кирлерин чыгаруу булактарынын, дарыя агызып келген нерселердин, кеме токтоочу жайлардын, пляждардын булгануусунун таасирин эске алуу менен жүргүзүлөт.
58. Бассейндерде рециркуляциялык (жүгүртүү), акма же сууну толугу менен алмаштыруу колдонулат. Чакан бассейндерде (ваннанын аянты 70 м ашык эмес) суунун үзгүлтүксүз агымы колдонулат. Көлдүн суусу бар бассейндерде рециркуляциялоочу системаларды колдонууга тыюу салынат.
59. Сезондук бассейндерде суу түтүгүнөн суу болбогондо, аны күн сайын алмаштыруу шартында үстүнкү же жер алдындагы булактардын суусун колдонууга жол берилет.
60. Аквапарктагы суу аттракциондору бассейндик же даярдалган суу менен камсыздалышы керек.
61. Рециркуляциялоочу алмаштырууда бассейндин ишинин ар бир 8 саатына эсептегенде 10 пайыздан (мындан ары - %) кем эмес жаңы суу түтүгүндөгү сууну үзгүлтүксүз кошуу менен суу тазартылат жана зыянсыздандырылат.
62. Жүгүртүүчү жана агуучу типтердеги бассейндердин суусун толук алмаштыруу убактысы 4 сааттан ашпайт.
63. Аквапаркттардын/бассейндердин суусун тазалоо, зыянсыздандыруу жана бөлүштүрүү үчүн курулмалар иштин натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыздашы керек. Ар бир ванна суунун туруктуу температурасын жана реагенттердин автоматтык дозалоосун камсыздаган суу даярдоонун өз системасына ээ болушу керек.
64. Бассейндин суусу менен байланышта болгон реагенттер, материалдар, алардын сапатын жана коопсуздугун ырастоочу документтер болгондо колдонулат.
65. Бассейндердин ванналарына зыянсыздандырылган (хлордолгон, бромдолгон, озондолгон, ультрафиолет нурлануусу) суу берилет.
66. Суусу үзгүлтүксүз акма бассейндер үчүн зыянсыздандыруунун (ультрафиолет нурлануу) физикалык ыкмалары колдонулат.
67. Акма типтеги жана суусу алмаштырылып турган бассейндер үчүн кошумча зыянсыздандыруусуз, ичүүчү суу менен камсыздоонун борборлошкон системасынан келген суу колдонулат.
68. Бассейндердин ванналары рециркуляциялык системасына түшкөн, ваннага берилүүчү сууну, кошулуучу жаңы сууну эсепке алуу боюнча эсептегич жана изилдөөгө суунун сынамын алуу крандар менен жабдылат.
69. Сууну чыгаруу системасынан бассейндердин ванналарына суу агымынын кайра келүүсүнө тыюу салынат.
70. Бассейндерден суунун чыгышы, фильтрден чайкоодон, полдон жана четиндеги жолдордон, дубалдарды жууганда жана бассейндин түбүн жууганда чыккан суунун канализацияга же атайын бөлүнгөн жерге кетирилишин курчап турган чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашып жүргүзүү керек.
71. Бассейндердин ванналарынын залы, даярдык көрүү, хлоратордук же озонатордук жайлар келүүчү жана сорулуучу желдеткичтин өз алдынча системасы менен жабдылат.
72. Жабык аквапарктардын/бассейндердин жайларынын микроклиматынын параметрлери ушул Санитардык эрежелердин 1-таблицасында көрсөтүлгөндөргө ылайык келүүгө тийиш.
1-таблица
Жабык бассейндердин негизги жайларынын микроклиматынын параметрлерине гигиеналык талаптар
Жайлардын багыты | Абанын температурасы, °С | Салыштырмалуу нымдуулук, % |
Бассейндердин ванналарынын залдары | Суу температурасынан 1-2° жогору | 65 чейин |
Сабактарга даярдоо залдары | 18 | 60 чейин |
Чечинүүчү жайлар | 25 | 60 чейин |
Душ | 25 | 60 чейин |
Массаж | 22 | 60 чейин |
73. Ачык бассейндерде суунун температурасы жайкысын +27°С деңгээлинде, кышкысын +28°С деңгээлинде, сүзгөндү үйрөнүүчүлөр үчүн +29°С деңгээлинде кармалат.
74. Сууда сүзүү боюнча ар бир сабактын алдында көрсөткүчтөр контролдонууга тийиш: ваннасы жана чечинүүчү жайы бар залда абанын нымдуулугу жана температурасы, суунун температурасы жана бассейндеги ваннанын суусунда дезинфекция каражаттарынын калдык концентрациясы.
124. Сүзүүчүлөрдүн дем алуу зонасындагы абада эркин хлордун концентрациясы куб. метрге 0,1 миллиграммдан ашпаган (мындан ары - мг/м3), озон 0,16 мг/м3 ашык эмес.
125. Аквапарктын суу зонасындагы абанын сапатынын көрсөткүчтөрү ушул Санитардык эрежелердин 2-таблицасында көрсөтүлгөнгө ылайык келиши керек.
2-таблица
Аба сапатынын көрсөткүчтөрү
Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Ченем |
Хлороформ | мг/м3 | 0,05 ашык эмес |
Хлор | мг/м3 | 0,1 ашык эмес |
Температура | °C | 1°C дан ашык аянттагы бассейндин суусундагы температурадан жогору |
Салыштырмалуу нымдуулук | % | 65 ашык эмес |
Кыймылдуулук | м/с | 0,2 ашык эмес |
77. Бассейндеги сабактардын башында суунун сапатынын көрсөткүчтөрү ушул Санитардык эрежелердин 3-таблицасында көрсөтүлгөнгө ылайык келүүгө тийиш.
3-таблица
Бассейндин ваннасындагы суунун сапатынын көрсөткүчтөрү жана ченемдери (эксплуатациялоо процессинде)
| Көрсөткүчтөр | Ченемдер |
1. Физикалык-химиялык көрсөткүчтөр | ||
| Киргилдик | 2 мг/л ашык эмес |
| Түстүүлүк | 20 градустан ашык эмес |
| Жыт | 3 баллдан ашык эмес |
| Хлориддер (аш тузунун электролизинен алынган сууну гипохлорид натрий менен зыянсыздандырганда) | 700 мг/л ашык эмес |
| Калдык эркин хлор (хлордоодо) | 0,3 мг/л кем эмес - 0,5 мг/л ашык эмес (хлордоодо) |
| Калдык бром (бромдогон учурда) | 0,8 мг/л - 1,5 мг/л |
| Калдык озон (озондогон учурда) | 0,1 мг/л ашык эмес (бассейндин ваннасына түшөөр алдында) |
| Хлороформ (хлордогон учурда) | 0,1 мг/л ашык эмес |
| Формальдегид (озондогондо) | 0,05 мг/л ашык эмес |
2. Микробиологиялык көрсөткүчтөр | ||
| Негизгилер: |
|
| 100 мл жалпы колиформдук бактериялар | 1 ашык эмес |
| 100 мл термотолеранттык колиформдук бактериялар | жок |
| 100 мл колифагдар | жок |
| 100 мл алтын түстүү стафилококк (Staphylococcus aureus) | жок |
| Кошумчалар: |
|
| Ичеги инфекцияларын козгоочулар | жок |
| 100 мл көк ириңдүү таякча (Pseudomonas aeruginosa) | жок |
3. Паразитологиялык көрсөткүчтөр | ||
| 50 л лямблия цистасы (Giardia intestinalis) | жок |
| 50 л гельминтеттердеги жумурткалар жана личинкалар | жок |
Эскертүү.
1. 7 жашка чейинки балдар үчүн бассейндин ваннасында, негизги микробиологиялык жана паразитологиялык көрсөткүчтөр боюнча ченемдерди сактоо шартында, эркин калдык хлордун камтылышы - 0,1-0,3 мг/л ашпайт.
2. Ультрафиолет нурланууну жана хлордоону же озондоону жана эркин калдык хлордун камтылышын хлордоону биргелештирип колдонууда - 0,1-0,3 мг/л чегинде.
3. Көлдүн суусу бар бассейндерде хлориддер нормага салынбайт.
4. Өзгөчө учурларда эпидкөрсөткүчтөр боюнча бассейндеги сууда эркин калдык хлорду 0,7 мг/л чейин жогорулатууга уруксат берилет.
5. Сууда калдык эркин хлордун камтылышы 0,3 мг/л ашканда бассейндин келүүчүлөрүн сүзүүгө арналган коргоочу көз айнектерин кийүү сунушталат.
78. Суу үстүнө жарык берүү - 100 лк кем эмес, сууга секирүү үчүн бассейндерде - 150 лк, суудагы поло үчүн - 200 лк. Бассейндерде жумуштагы жарык берүүдөн тышкары, 5 лк кем эмес суу үстүнө жарык берүүнү камсыздоочу автономдук авариялык жарык берүү болушу керек.
79. Бассейндер жайгашкан залдарда ызы-чуунун деңгээли 60 децибелден (мындан ары - дБА) жогору болбошу керек, көнүгүүлөрдү өткөргөн учурда - 82 дБА жана таймаш учурунда - 110 дБА чейин болот, аквапарктын суу зонасында 82 дБА ашык болбойт.
80. Бассейндин ваннасын дезинфекциялоо сууну төккөндөн жана ваннаны дезинфекциялоочу каражаттар менен эки жолу тазалап агызуу ыкмасы менен механикалык тазалоодон кийин өткөрүлөт. Күчтүү хлордун эритмесин жууп салуу аны сүрткөндөн бир сааттан кийин жылуу суу менен ишке ашырылат.
81. Бассейнди эксплуатациялоодо узакка созулган тыныгуу мезгилинде (6 саат жана андан ашык) бассейндердин ванналарындагы сууда эркин хлордун калган концентрациясы куб. дециметр (мындан ары - мг/дм3) аянтына 1,5 миллиграммдан жогору болбошу керек. Сууну аш тузунун электролизинен алынган гипохлорит натрий менен зыянсыздандырган учурда бассейндин ваннасындагы сууда хлориддин камтылышы 700 мг/дм3 чейин болууга тийиш.
82. Суусун алмаштырып турган бассейндер үчүн санитардык иштетүү механикалык тазалоону жана бассейндин ваннасын дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоону камтыйт.
83. Жайларды жана аквапарктын/бассейндин ваннасын күн сайын жыйноо иш күнүнүн соңунда, зарылдыгына жараша смена арасындагы тыныгууларда өткөрүлөт. Жайларды жыйноо менен бир убакта бассейндин четиндеги жолдор, полу, отургучтар, килемчелер, эшиктин кармагычтары, таянчыктар жана башкалар дезинфекцияланат.
84. Бассейнге жана аквапаркка келген адамдардын сууга түшүүчү костюму (плавка, купальник), нымга туруктуу материалдан алмаштыруучу бут кийимге, сүлгү, денесин жуучу каражат, губка (мочалка), резина шапкасы (бассейндин ваннасында чачтардын кирдөөсүн болтурбоо үчүн) болушу керек, бассейндин залына чыгаар алдында жуунчу каражаттарды колдонуу менен душка (сууга түшчү костюмсуз) түшүүсү керек.
85. Бассейнде/аквапаркта гигиена эрежелери аткарылышын контролдоону бассейндин/аквапарктын администрациясы жана медициналык кызматкери камсыздайт.
86. Бассейндерде/аквапарктарда өндүрүштүк контролдоо иштелип чыккан программага ылайык жүргүзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бассейндеги суунун, абанын сапатына, жарык берилишине жана ызы-чуунун деңгээлине лабораториялык контролду;
- сууну даярдоонун технологиялык регламентин аткарууну контролдоону;
- жеке медициналык китепчелерди тапшыруу менен жумушчулардын медициналык кароосун уюштурууну;
- жумушчулардын кесиптик жана гигиеналык даярдыгын;
- колдонулган материалдардын жана реагенттердин коопсуздугун ырастоочу документтердин болушун контролдоону;
- Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жагымсыз санитардык-эпидемиялык кырдаалды түзгөн технологиялык процесстердин бузулушу жана авариясы тууралуу өз убагында маалымат берүүнү;
- жумушчулардын эмгекти коргоо жана анын гигиенасы боюнча эрежелеринин эмгекти коргоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык аткарылышын контролдоону;
- санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чаралардын аткарылышын жана ушул Санитардык эрежелердин сакталышын контролдоону;
- аныкталган тартип бузууларды жоюуга багытталган иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну.
87. Бассейнде/аквапаркта өндүрүштүк лаборатордук контролдоону жүргүзгөн лаборатория жок болгон учурда, контролдоо аккредитацияланган лабораторияларды тартуу менен өткөрүлөт.
88. Бассейндин ваннасындагы суунун сапатын лаборатордук контролдоо төмөнкү көрсөткүчтөрдү аныктоо боюнча изилдөөлөрдү камтыйт:
а) органолептикалык (киргилттиги, түсү, жыты) - күндүз же түнкү мезгилде суткасына 1 жолу;
б) зыянсыздандыруучу реагенттердин (хлор, бром, озон) калдыгы, ошондой эле суунун жана абанын температурасы - бассейндин иши башталар алдында жана кийин ар бир 4 саатта;
в) негизги микробиологиялык көрсөткүчтөр (жалпы колиформдук бактериялар, термотолеранттуу колиформдук бактериялар, колифагдар жана алтын түстүү стафилококк) айына 2 жолу;
г) паразитологиялык - кварталда 1 жолу;
д) хлороформдун (хлордогон учурда) же формальдегиддин (озондогондо) камтылышы - айына 1 жолу.
89. Анализге суунун сынамын тандоо суунун үстүнөн 20-30 см тереңдикте бассейндин 2ден кем эмес жеринде (тайыз жана терең жагында) жүргүзүлөт.
90. Даярдоонун этаптары боюнча сууну лаборатордук контролдоо суунун сынамын алуу менен жүргүзүлөт:
- түшүүчү (суу түтүгүнөн келүүчү) - рециркуляциялоочу жана акма типтеги бассейндерде, ошондой эле мезгили-мезгили менен сууну алмаштырган учурда;
- фильтрлерге чейин жана кийин - рециркуляциялоочу типтеги бассейндерде жана көл суусу бар жерлерде;
- сууну ваннага берүүнүн алдында зыянсыздандыруудан кийин.
91. Аквапарктардын жана бассейндердин жайларын жана инвентарын учурдагы жыйноонун жана дезинфекциялоонун натыйжалуулугун баалоо үчүн 3 айда 1 жолу микробиологиялык жана паразитологиялык анализдер жалпы колиформдук бактериялардын, стафилокктордун болушуна жана гельминттердин жумурткалары менен уруктануусуна жуулган суусуна өткөрүлөт.
92. Жуулган суусу таянчыктардан, чечинүүчү жерлердеги отургучтардан, душтагы полдон, санитардык түйүндөрдүн эшигинин туткасынан, аквапарктын инвентарынан - жатуучу жабдык, айланма, мат ж.б. алынат. Бассейндин/аквапарктын администрациясы микробиологиялык же паразитологиялык көрсөткүчтөр боюнча жуулган суунун анализдери канааттандырарлык болбогондо алганда жайларды жана инвентарды дезинфекциялоо боюнча кошумча иш-чараларды өткөрүү менен анализдер кийинчерээк кайрадан алынат.
93. Ваннадагы суунун сапаты канааттандырарлык эместиги жөнүндө кабар берген негизги микробиологиялык жана (же) паразитологиялык көрсөткүчтөр боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын алганда аквапарктын/бассейндин администрациясы төмөнкүлөрдү камтыган иш-чараларды өткөрөт:
- чыпкаларды жууп-тазалоо;
- берилген жаңы суунун көлөмүн көбөйтүү;
- зыянсыздандырылган агенттин дозасын жогорулатуу;
- жайларды башынан аягына чейин тазалоо;
- келүүчүлөрдүн санын кыскартуу;
- сапаттуу тазалоону өткөрүү үчүн сменалар ортосунда (же алар бар болгондо узактыгын көбөйтүү) тыныгууларды киргизүү;
- бардык жайларда жана жабдууларга дезинфекциялоочу иш-чараларды өткөрүү;
- келүүчүлөрдүн жуунушуна (душ кабыл алуусуна) контролду күчөтүү;
- мите курт ооруларын козгоочуларды суунун сынамында тапкан учурда кайрадан текшерүүгө маалымкат берүү керек.
94. Микробиологиялык жана/же паразитологиялык көрсөткүчтөр боюнча анализдер кайрадан канааттандырарлык болбогондо, аквапарктын/бассейндин администрациясы ваннаны механикалык тазалоо менен бассейндеги сууну толук алмаштырып, былжырларды тазалап жана түбүндөгү тунмаларды жок кылат, ванналарды, фильтрлерди дезинфекциялайт жана кийин анализди өткөрөт.
95. Ушул Санитардык эрежелердин 93 жана 94-пункттарында көрсөтүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоо жана акыркы чечимин чыгаруу үчүн суунун контролдук сынамы негизги гана эмес, кошумча да микробиологиялык, ошондой эле паразитологиялык көрсөткүчтөр боюнча изилденет. Колифагдарды тапкан учурда сууда вирустардын болушуна лаборатордук изилдөөлөр жүргүзүлөт.
96. Негизги микробиологиялык жана (же) паразитологиялык көрсөткүчтөр боюнча сууну изилдөөнүн жыйынтыктары канааттандырарлык болбогондо, бассейндин администрациясы суу алмаштыруунун акма системасы менен бассейндин, анын ичинде суусу 100 м2 ашпаган аянты бар чакан бассейндердин, ошондой эле көл суусу бар бассейндердин ваннасында сууну алмаштыруу боюнча чараларды көрөт.
97. Суунун жана жуулган суунун сынамында ичеги инфекциясынын жана (же) мите курт оорулардын жана (же) көк ириңдүү таякчанын козгоочуларын табуу бассейндин жана суу алмаштыруу системасынын түрүнө карабастан ваннада сууну толук алмаштыруу жана жумушчуларда патогендик бактерияларга, гельминттердин жумурткаларына жана ичегинин жөнөкөй цисттерине анализдерди жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелет.
98. Ушул Санитардык эрежелердин 96 жана 97-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу 4-таблица келтирилген суу аркылуу жугуучу грибоктук, вирустук, бактериялык жана мите курт ооруларына карата эпидемиялык коопсуздукту камсыздайт.
4-таблица
Бассейндердин суусу аркылуу жуккан инфекциялык оорулар
| Оорулар | Суу фактору менен байланышы |
1 | Аденовирустук фарингдик-конъюнктивдик калтыратма | +++ |
2 | Эпидермофития ("сүзүүчүлөрдүн котуру") | +++ |
3 | А вирустук гепатити | ++ |
4 | Коксаки инфекциясы | ++ |
5 | Дизентерия | ++ |
6 | Отиттер, синуситтер, тонзиллиттер | ++ |
7 | Теринин кургак учугу | ++ |
8 | Теринин грибоктук оорулары | ++ |
9 | Легионеллез | ++ |
10 | Энтеробиоз | ++ |
11 | Лямблиоз | ++ |
12 | Криптоспоридиоз | ++ |
13 | Амебалык менингоэнцефалит | + |
14 | Полиомиелит | + |
15 | Трахома | + |
16 | Контагиоздук моллюск | + |
17 | Гонорреялык вульвовагинит | + |
18 | Аскаридоз | + |
19 | Трихоцефалез | + |
20 | Өткүр сальмонеллездук гастроэнтериттер | + |
21 | Стронгилоидоз | + |
Эскертүү.
Суу фактору менен байланыш:
+++ - жогорку;
++ - кыйла;
+ - боло турган.
13. Мончолорго, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерине жана сауналарга санитардык-эпидемиологиялык талаптар
99. Мончолор, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстери жана сауналар өзүнчө турган имараттарда, же кир жуучу жай менен бир имаратта, ошондой эле өзүнчө кире бериши болгон коомдук имараттарда жана өндүрүштүк ишканалардын тиричилик корпустарында жайгашат.
100. Мончолорду, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерин жана сауналарды балдар лагериндеги уктоочу корпустарда, жалпы билим берүү уюмдарында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо уюмдарында, трибуна алдында, ошондой эле 100 кишиден ашык жашаган жайларда жана аларга туташкан жайларда, көп батирлүү турак үйлөрдө жана аларга кошулган жайларда, жеке турак жайларды кошпогондо, жайгаштырууга тыюу салынат.
101. Мончолордо төмөнкүлөрдү жайгаштырууга уруксат берилет:
- маникюр жана педикюр кызматтарын, массаж, чач тарач жана косметикалык кызматтарды көрсөтүүчү жайларды;
- кир жуучу жайларды;
- коомдук тамактануу объекттерин;
- өздүк гигиена буюмдарын жана башка товарларды сатуу боюнча киоскторду;
- жеке буюмдарды сактоо камераларын;
- бассейндерди.
102. 100 жана андан ашык орундуу ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринде эс алуу бөлмөлөрүн, фотарий кабиналарын, душ жана бууга отуруучу жайлары менен ден соолукту чыңдоо гимнастикасы менен алектенүү залдарды, бассейндерди жана ушул Санитардык эрежелердин 101-пунктунда көрсөтүлгөн жайларды жайгаштырууга уруксат берилет.
103. Мончолордун жана ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринин негизги жайларынын ички пландоосу келүүчүлөрдүн ырааттуу кыймылын караган (гардероб, чечинүүчү жай, самындануучу, бyyгa отуруучу жай) агымдуулук гигиеналык принцибине ылайык келиши керек. Санитардык түйүндөр чечинүүчү жайда жана күтүп туруучу жабык ванналарда жана душ кабиналарында бөлүмгө 1ден санитардык түйүн жайгаштырылат.
104. Мончолордун, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринин жана сауналардын жайларынын курамына төмөнкүлөр кирет: гардеробу бар чоң далис, чечинүүчү жай, санитардык түйүндөр, жуунчу жай, душтар, бууга отурчу жайлар, кызматкерлер үчүн тиричилик жайлары, жыйноочу инвентарь, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар үчүн кампалар, бууга отуруучу жайдын жанында денени муздатуу үчүн бассейндер (суунун температурасы 10°C дан 35°C чейин).
105. 200 жана андан ашык орундуу мончолордо жана ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринде суу үстүнүн аянты 10 м2 жана тереңдиги 0,25 м ашпаган бассейни бар балдар бөлүмү каралат. Балдар бөлүмүндө бууга отуруучу жайларды орнотууга уруксат берилбейт.
106. Стационардык дезинфекциялоочу камералары бар санитардык өткөргүч катары колдонулган мончолордун жабдуусу долбоор менен курулуштун жүрүшүндө аныкталат.
107. Мончолордун, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринин жайларында орус мончосу үчүн оптималдуу температура - 60-70 °C, абанын нымдуулугу - 90%, түрк мончосу үчүн - 50°C жогору эмес, нымдуулук - 100%, финн мончосу үчүн - 70-110 °C, абанын нымдуулугу - 10-15%.
Самындануучу жерлерде абанын температурасы +25°C төмөн эмес, чечинүүчү жайда +25°C дан +28°C чейин, кызматтык-тиричилик жайларында +18°C дан +20°C чейин болууга тийиш. Самындануучу жана душ жайгашкан жайлардагы абанын салыштырмалуу нымдуулугу 95%, кургак абада бууга отуруучу бөлмөдө 30%, ваннасы бар чечинүүчү жайларда, сүзүүчү бассейндерде - 70%, кызматтык-тиричилик жайларында - 60% болушу керек.
108. Мончолордо, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринде жана сауналарда жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарга туруктуу материалдан даярдалган катуу же жарым-жартылай катуу эмерек орнотулат, чечинүүчү жана душта резина килемчелери салынат. Жыгач шатыларды колдонууга жана жайды жумшак эмерек менен жабдууга тыюу салынат.
109. Мончолордун, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринин жана сауналардын чечинүүчү жайлары келгендердин ар биринин кийими жана жеке буюмдары үчүн жеке шкафтар менен жабдылат.
110. Самындануучу жерлер суу бөлүштүрүүчү колонка жана аралашмасы бар душ кабиналары менен төмөнкү эсепте жабдылат: бир суу бөлүштүрүүчү колонка 6 орунга, бир жуунчу душ 12 орунга; дубалдарды, жабдууларды жана полду жууш үчүн ысык жана муздак суусу бар өзүнчө кран, нымга жана дезинфекциялоочу каражаттарга туруктуу материалдардан жасалган отургучтар менен жабдылат.
111. Коррозияга жана дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоого туруктуу материалдардан жасалган ванналар жана чаралар колдонулат. Буттарды жууш үчүн чаралар "бут үчүн" деп маркаланат.
112. Мончолордун, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринин жана сауналардын жумушчуларынын бөлмөлөрү жеке кийимдерин жана жумушчунун атайын кийимдерин өзүнчө сактоо үчүн жеке шкафтар менен жабдылат.
113. Шейшептер жана сүлгүлөр мончолордун, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринин жана сауналардын керектөөчүлөрүнө таңгакталып берилиши керек. Таза жана колдонулган буюмдарды сактоо үчүн өзүнчө жайлар бөлүнөт. Таза буюм жабык шкафтарда, колдонулган кирлер капкагы бекем жабылган челектерде сакталат.
114. Жеке гигиенанын буюмдарын (самынды, мочалканы, щетканы, шыпыргыны, таракты, тапичкени, сууда сүзүү костюмдарын, шапкени) убактылуу колдонуп туруу үчүн берүүгө тыюу салынат.
115. Мончолордун, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстеринин жана сауналардын жайларында кир жууганга жана кирди кургатканга тыюу салынат.
14. Кир жуучу жайларга жана кир жуучу-мончо комбинаттарына санитардык-эпидемиологиялык талаптар
116. Турак жайлардан кир жуучу жайларга жана кир жуучу-мончо комбинаттарына чейинки санитардык-коргоо зонасынын аралыгы 100 метрди түзүшү керек.
117. Кир жуучу жайлардын жана кир жуучу-мончо комбинаттарынын пландоосу технологиялык процесстин ырааттуулугун (агымын) болжолдойт, таза жана кир буюмдардын аралашуусуна жол берилбейт.
118. Өзү тейлеген кир жуучу жайларды жана кирди кабыл алуу-кайра берүү пункттарын кошпогондо, турак үйлөрдө кир жуучу жайларды жайгаштырууга тыюу салынат. Турак жай имараттарында кабыл алуу-кайра берүү пункттарын жайгаштырууда аларды турак жай бөлүгүнөн обочолотушат.
119. Жылуулук менен камсыздоо, желдетүү жана абаны кондиционерлөө системалары абанын сапатынын, ызы-чуу деңгээлинин жана вибрациянын гигиеналык ченемдерин, ошондой эле кир жуучу жайларда микроклиматтын уруксат берилген параметрлерин камсыздайт. Кир жуучу жайдагы абанын температурасы жылытуу мезгилинде +18ден +22°C чейин, салыштырмалуу нымдуулук - 30-65% болууга тийиш.
120. Кир жуугучтардан жана кургатуучу-үтүктөөчү цехтерден абаны жогору зонадан чыгаруу керек. Агым келүү сорулуудан көбүрөөк болушу керек. Аба жогорку зонага полдон 1,5-1,7 м аралыкта берилет.
121. Кир буюмдарды сорттоо жана убактылуу сактоо цехинде абаны чыгаруу төмөнкү зонадан жүргүзүлүшү керек, ал эми жогорку зонадан берилүүгө тийиш.
122. Кир жуучу жайлардын жана кир жуучу-мончо комбинаттарынын кабаттарынын ортолорун буудан, жылуулуктан жана добуштан башка жайларды обочолонтот.
123. Кир жуучу жайлардын кир жуугуч жана кургатуучу бөлмөлөрүнүн терезелери, алардын үстүндө коомдук жайлардын терезелери жайгашкан учурда туюк болуп, чыгаруучу фрамуга жана форточкасы болбойт.
124. Кир жуучу жайда жана кир жуучу-мончо комбинаттарында бейтаптын кирлерин жууган учурда атайын технологиялык линия бөлүнөт, анда башка буюмдар менен бейтаптын кирин аралаштырууга мүмкүндүк берилбейт. Чылоо үчүн алынган инфекциялуу кирди жүктөө кирди алуу бөлмөсүндө жүргүзүлөт. Кир жууганга чейин жана жууган мезгилде кир зыянсыздандырылат.
125. Таза жана кир буюмдарды сактоо жайларында стационарлардын функционалдык бөлүмдөрүн көрсөтүү менен стеллаждар бөлүнөт.
Кир жуучу жайлардын жарыктануусу табигый, жасалма жана айкалышкан жарыктандыруунун гигиеналык талаптарына ылайык келиши керек. Терапевттик, хирургиялык, обсервациялык, инфекциялык багыттагы бөлүмдөрдө буюмдарды сактоо өзүнчө болушу керек. Ар бир кирди алмаштыргандан кийин стеллаждардын жана жабдуулардын үстү дезинфекцияланат.
126. Буюмдарды ташуу болушунча механизацияланат. Кир буюмдарды ташуу үчүн арабанын сигналдык маркалоосу болот, арабаларды үстүнкү бети жылмакай, нымдын таасирине жана дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоого туруктуу болушу керек.
127. Кир жуучу жайлардын кабыл алуу-өткөрүү пункттарынан кир жуучу өндүрүштүк жайларына чейин жана кир жуучу жайлардан кабыл алуу-өткөрүү пункттарына чейин жуулган буюмдарды ташуу жабык каптарда же пакеттерде жүргүзүлөт. Буюм кардарларга таңгакталган түрдө берилет.
15. Химиялык тазалоо жайларына санитардык-эпидемиологиялык талаптар
128. Өндүрүмдүүлүгү сменада 160 кг ашуун буюмдарга химиялык тазалоо жүргүзгөн жайлар турак жайлардан жана коомдук имараттардан 100 метр аралыкта, ал эми сменада 160 кг чейинкилер 50 метр аралыкта жайгашат.
Химиялык тазалоо жайлары өзүнчө турган имараттарда, тиричилик кызматынын комплекстүү ишканаларынын, уюмдарынын жана өндүрүштүк ишканаларынын курамында жайгаштырылат.
129. Ири соода-оюн зоок борборлорунда, мейманканаларда, гипермаркеттерде өндүрүмдүүлүгү сменасына 160 кг чейин, зыян заттардын бууларын тартып алуу системалары жана заманбап технологиялык жабдыктар менен жабдылган химиялык тазалоо жайын жайгаштырууга уруксат берилет.
130. Химиялык тазалоонун өндүрүштүк, көмөкчү жана санитардык-тиричиликтик жайлары агымдуу-соруучу желдеткич менен жабдылат. Башка багыттагы имараттарда жайгашкан химиялык тазалоонун желдетүү системасы бул имараттарды желдетүү системасынан автономдуу жабдылат.
131. Ири соода-оюн зоок борборлорунда, мейманканаларда жана гипермаркеттерде жайгашкан чакан химиялык тазалоо жайларында желдетүүнүн автономдуу системасы жана өзүнчө кирүү жана чыгуу жери болууга тийиш. Химиялык тазалоо жайынын өзүнчө кирүү жана чыгуу жерин орнотууга мүмкүн болбогон учурда, ал азык-түлүк жана балдар товарлары (кийим-кечек, оюнчук, оюн, мектеп-жазуу буюмдары), ошондой эле бейтаптарды багуучу дары каражаттары жана буюмдар менен соода жүргүзүлбөгөн зонада жайгашуусу керек.
132. Химиялык тазалоонун кабыл алуу-берүү пункттары өзүнчө турган имараттагы турак жай кварталында жана башка (турак жана турак эмес) багыттагы имараттарга кошумча курулган, туташкан, улай курулган жайларда жайгаштырууга уруксат берилет. Турак жай имараттарында кабыл алуу-өткөрүү пункттарын жайгаштырууда алардын бөлмөлөрү турак жай бөлүгүнөн өзүнчө кире бериши болууга тийиш.
133. Бир жайда буюмдарды кабыл алуу жана өткөрүүгө уруксат берилет, кир буюмдар таза буюмдарга аралашпоосу үчүн кабыл алуу жана берүү процесстери өзүнчө болушу керек.
134. Химиялык тазалоонун өндүрүштүк жайларын (цехтерин) имаратты вертикалдуу пландоону жана дүүлүктүрүүчү таасири бар колдонулуучу химиялык заттарды эске алуу менен бир кабаттуу имараттарда же көп кабаттуу имараттын биринчи кабатында, ошондой эле кир жана таза буюмдардын агымы кайчылаш кетүүгө жол бербегидей жайгаштырууга уруксат берилет. Кийинки кабаттарда көмөкчү жана административдик жайлар орун алышы мүмкүн.
135. Санитардык-тиричиликтик жайлардын курамына душ, гардероб, санитардык түйүндөр, жумушчулардын тамак ичүүчү жана эс алуучу бөлмөсү, ошондой эле аялдардын өздүк гигиенасы үчүн бөлмө кирет (штаттык санында 50% ашык аялдар иштеген химиялык тазалоо ишканаларында каралат).
136. Химиялык заттарды бөлүп чыгаруу булагы бар иш орундары, ошондой эле тактарды чыгаруу, нымдуу-жылуулук иштеп чыгуу боюнча жумуштар иш зонасында микроклиматтын көрсөткүчтөрү боюнча аба чөйрөсүнүн жумуш зонасындагы абада зыяндуу химиялык заттардын камтылышынын ченемдик параметрлерин камсыздаган жергиликтүү сордуруучу жабдыктар болгондо жүргүзүлөт.
137. Химиялык тазалоо машинасынан жана башка жабдуулардан технологиялык сордуруу системалары жалпы алмаштыруучу желдетүү системасынан өзүнчө иштейт. Желдетүүчү жабдуулар ызы-чууларды баскан жана вибрацияны болтурбаган түзүлүштөр менен жабдыла турган желдетүүчү камераларга орнотулушу керек.
Химиялык тазалоо жайларында абанын температурасы жылытуучу мезгилде +18тен +22°C, салыштырмалуу нымдуулугу - 30-65%.
138. Өндүрүштүк жайлардын аянттарын технологиялык процесстердин, өндүрүштүк жабдуулардын санына, түрүнө жана иштегендердин санына жараша аныкташат. Өндүрүштүк жайлардын көлөмү, технологиялык жабдууларды эске алуусуз бир иштөөчүгө 15 куб.м кем эмес, аянты 4,5 м2 болушу керек.
139. Тамак ичүүчү бөлмөнүн аянты сменада 1 жумушчуга 1 м2 эсебинде аныкталат. Тамак ичүүчү бөлмөдө тамак-ашты убактылуу сактоо жана ысытуу үчүн жабдуулар жана кол жуугуч орнотулушу керек.
140. Негизги жана көмөкчү өндүрүштүк жайларда дубалды, потолокту жана полду өзүнө сиңирбеген, зыяндуу химиялык заттарды топтобогон, нымдын, температуранын, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу материалдардан жасалат.
141. Полдун үстүн жабуу үчүн материалдар химиялык жактан туруктуу жана сууну өткөрбөгөндөй болушу керек.
142. Жабдуулардан агынды сууларды канализацияга куюуну жабык ыкмада жасоо керек. Өндүрүштүк жайдын полуна агынды сууларды кетирүү, ошондой эле канализацияга агызуу үчүн ачык кобулду жайгаштырууга тыюу салынат.
143. Эритүүчүнүн буусун камтыган химиялык тазалоо машинасын суу бөлүп чыгаруучулардан пайдаланган сууну кетирүү "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токсиндүү таштандылар катары утилизацияланат.
144. Химиялык тазалоо жайларында абаны рециркуляциялоого тыюу салынат. Жумушчулары туруктуу же туруксуз келген бардык өндүрүштүк жайлардын жумушчу зонасындагы абада зыяндуу заттардын камтылышынын көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдерине ылайык келиши керек.
145. Өндүрүштүк жайлар жалпы жарык берүү системалары жана/же комбинациялуу жана авариялык жарык берүү системалары менен жабдылат.
146. Эритүүчүлөрдү колдонуу менен буюмдарды кургак химиялык тазалоону жүргүзүү үзгүлтүксүз жана жабык цикл боюнча бардык операцияларды аткаруу менен камсыздалат.
147. Буюмдарды химиялык тазалоонун технологиялык процессинде колдонулган реагенттердин, заттардын жана препараттардын сапаты жана коопсуздугу тууралуу документтери болушу керек.
148. Химиялык реагенттер, заттар жана препараттар стеллаждар, поддондор, жергиликтүү сордуруучу желдеткич менен жабдылган, кислоталардын жана жегич заттардын таасирине туруктуу полу бар кампаларда сакталат.
149. Өндүрүштүк участоктордогу химиялык материалдар суткалык ченемден ашпаган өлчөмдө сакталат.
150. Жумушчулар атайын кийим жана бут кийим, аткарган ишине жараша жеке коргонуучу каражаттар (чаңга каршы респираторлор, тиешелүү типтеги чыпкалоочу противогаздар, кол каптар жана мээлейлер, коргоочу майлар, пасталар, кол үчүн крем) менен камсыздалат.
151. Технологиялык процесстер, анын ичинде кийимди жана башка буюмдарды цехтин ичинде ташуу болушунча механизацияланган жана автоматташтырылган болушу керек. Эркектер үчүн жумуш сменасында дайыма уруксат берилген (бир жолку) оордукту көтөрүү жана башка орунга жайгаштыруу 15 кг түзөт, аялдар үчүн - 7 кг.
152. Химиялык тазалоодон өткөн буюмдарда хлорорганикалык эритүүчүлөрдүн калдыктары жумушчу зонанын абасында (10 мг/куб.м) эритүүчүлөрдүн буусунун чектүү жол берилген концентрациясынан (ЧЖК) ашпоого тийиш.
153. Ымыркайлардын кийимдерин жана жумшак оюнчуктарын атайын химиялык препараттар менен тазалоого жана органикалык эритүүчүлөр чөйрөсүндө тазалоого тыюу салынат.
154. Кабыл алуу-өткөрүү пункттарынан химиялык тазалоо уюмдарынын өндүрүштүк жайларына чейин жана химиялык тазалоо уюмдарынын жайларынан кабыл алуу-өткөрүү пункттарына чейин буюмдарды ташуу жабык каптарда же пакеттерде жүргүзүлөт. Келүүчүлөргө буюмдар таңгакталган түрдө берилет.
155. Жашы жетпегендерди жана кош бойлуу аялдарды өндүрүштүк чөйрөнүн зыяндуу факторлору бар ишке тартууга жол берилбейт.
156. Химиялык тазалоо уюмдарында I жана II кооптуулук классындагы химиялык заттар менен, ошондой эле репротоксиканттар (репродуктивдүү функцияга терс таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү химиялык заттар) менен байланышта иштөөгө бала төрөй турган курактагы аялдарга тыюу салынат.
157. Санитардык-коргоо зонасынын жана химиялык тазалоо уюмунун таасир этүү зонасынын чегинде жана иш орундарында химиялык, биологиялык жана физикалык табияттагы зыяндуу өндүрүштүк факторлору өндүрүштүк контролдоого жатат.
158. Өндүрүштүк контролдоодо өндүрүштүк чөйрөнүн лаборатордук-инструменттик изилдөө факторлорун өткөрүүнүн мезгили жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн жыйынтыктарына жараша колдонулган химиялык заттарды, технологиялык процессти эске алуу менен белгиленет.
3. Мейманканаларга санитардык-эпидемиологиялык талаптар
159. Мейманканалар өзүнчө турган имаратта жана өзүнчө кире бериши бар башка багыттагы имараттардын курамында жайгаштырылат.
160. Өзүнчө кире бериши, автономдуу инженердик системалары жана жашоо шартында таасир этүүнүн жагымсыз факторлору болбогондо мейманкананы башка багыттагы имараттарда жайгаштырууга уруксат берилет.
161. Жеңил автомобилдер үчүн токтотмо жана парковканы мейманкананын имаратында жайгаштырууга, аны автотоктотмо менен мейманкананын турак жай бөлүгүнүн ортосунда тураксыз кабат болгон шартта гана уруксат берилет. Мында жер алдындагы гараж-токтотмонун желдетүүчү аба чыгышы имараттын эң бийик бөлүгүндөгү чатырдын төбөсүнөн 1,5 м бийик болуп долбоорлонушу керек.
162. Бир жашоочуга турак аянты мейманканада 6 квадрат метрден кем эмес болууга тийиш.
163. Мейманканалардын турак кабаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Жумушчу орунда, турак үйлөрдүн, коомдук имараттардын жайларында жана турак жай курулушунун аймагындагы ызы-чуу" Санитардык эрежелеринде жана ченемдеринде белгиленген талаптарга ылайык турак жайларды ызы-чуудан обочолотуу жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашырбоо шартында коомдук тамактануу жайларынын (барлар, кафелер, буфеттер) жайгашуусуна жол берилет.
164. Мейманкана инженердик системалар жана жабдуулар менен жабдылышы керек, алар төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- ысык жана муздак суу менен камсыз кылуу (күнү-түнү); суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган райондордо суткасына керектелген суунун минимумдук запасы үчүн идиштерди;
- канализацияны;
- мейманканалардын турак жана коомдук жайларында жылытуу, микроклиматтын ченемделген параметрлери жылдын суук мезгилинде +18°C ден +24°C чейин; жылдын жылуу мезгилинде +20°C ден +28°C чейин, абанын тийиштүү нымдуулугу 60-65% ашпайт;
- номерлерге жана коомдук жайларга бөтөн жыттардын өтүүсүн болтурбаган, абанын туура циркуляциясын камсыздаган желдетүү (табигый же мажбурлоочу);
- табигый жана жасалма жетиштүү жарык берүү (номерлерде табигый жарык берүүнүн коэффициенти 0,5% төмөн эмес, жасалма жарык берүү - 150 лк, жумушчулардын жайларында - 200 лк);
- үндү басуу.
165. Килемдердин чаңы чыгарылат, жумшак эмерек чаң соргуч же атайын щетка менен тазаланат. Мейманкананын номеринде даараткананы тазалоо номердин бардык башка зоналарын тазалоо аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
166. Шейшептер ар бир келүүчүнүн алдында салынат, андан ары - 5 күндө 1 жолудан кем эмес, сүлгү - 3 күндө 1 жолудан кем эмес алмаштырылат.
167. Шейшептерди жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо адистештирилген уюмдарда же мейманканаларда жайгашкан кир жуучу жайларда жүргүзүлөт.
Кир жуучу өндүрүш цехтеринде кирди тазалоонун технологиялык агымы камсыздалат. Таза жана кир буюмдардын агымын аралаштырууга тыюу салынат.
168. Жумшак инвентарь (матрастар, жаздыктар, жууркандар) эпидемиологиялык көрсөтүүлөр боюнча камералык дезинфекцияга зыянсыздандырылат.
169. Мейманкананын жумушчулары 2 комплекттен кем эмес атайын кийим менен камсыздалат.
170. Мейманкананын жумушчулары таза жана колдонулган кирди ташууга араба менен, номерлерди жыйноо каражаттары, таштандыны топтоо үчүн бир жолку пакеттер менен камсыздалат. Арабанын экипировкасы өзүнчө жайда өткөрүлөт, колдонулган кир пакеттерге жана каптарга топтолот. Таза кирди ачык түрүндө ташууга тыюу салынат.
17. Жатаканаларга санитардык-эпидемиологиялык талаптар
171. Жатакананын аймагында эс алуу, спорт менен машыгуу үчүн аянтча, балдары бар үй-бүлөлөр үчүн балдардын оюн аянттары жана меймандардын автотранспортуна токтотмо каралат жана жабдылат.
172. Жатаканада коомдук тамактануунун, тиричилик жана медициналык жактан тейлөө уюмдарын жайгаштырууга ызы-чуунун, инфрадобуштун, вибрациянын, электромагниттик талаанын деңгээлинин гигиеналык ченемдери сакталган шартта жол берилет.
173. Жатакананын курамына турак бөлмөлөрү жана жалпы пайдалануудагы жайлар кирет:
- даараткана, жуунчу жайлар, душ бөлмөсү, аялдардын гигиена бөлмөсү, кир жуучу жерлер, кир үтүктөөчү жерлер, кир кургатуучу жерлер, ашкана, жыйноо инвентарын тазалоо жана сактоо үчүн жайлар;
- чарбалык инвентарды сактоо үчүн кампалар, кир коюла турган бөлмөлөр (таза жана кир буюмдарды өзүнчө сактоо үчүн бөлмөлөр), кийимди жана бут кийимди кургатуу үчүн жайлар, өздүк буюмдарды сактоо үчүн камералар жана башка көмөкчү жайлар;
- өз алдынча иштөө үчүн бөлмөлөрү;
- эс алуу жана көңүл ачуу бөлмөлөрү;
- жатаканада жашаган балдар үчүн оюн бөлмөлөрү;
- тарбиячынын бөлмөсү, дарыгердин кабинети, изолятор (дарылоо мекемесине аны жаткырганга чейин бейтапты убактылуу изоляциялоо үчүн).
174. Жатакананын цоколь жана подвал кабатында турак жайларды жайгаштырууга тыюу салынат. Турак жайларга жана ашканага табигый жана жасалма жарык берилүүгө тийиш. Турак бөлмөлөрдө жана ашканада табигый жарыктын коэффициенти 0,5% кем эмес, жасалма жарык берүү - 150 лк кем эмес.
175. Жылытуу жана желдетүү системасы жайлардын микроклиматынын ченемделген деңгээлин камсыздашы керек.
176. Жатаканалардын турак бөлмөлөрүндө жылдын суук мезгилинде аба температурасынын ченемделген параметри +18°C ден +24°C ге чейин болсо, жылуу мезгилде +20°C дан +28°C ге чейин салыштырмалуу нымдуулугу 60-65% ашпайт.
177. Форточка жана желдетүүчү каналдар аркылуу табигый желдетүү абанын нормадагы циркуляциясын камсыздашы керек. Жатаканалардын имаратына кошо курулган же туташкан коомдук багыттагы объекттер турак жайларга бөтөн жыттарды өткөрбөгөн желдетүүнүн автономдуу системасына ээ болууга тийиш. Ашкананын жана санитардык түйүндөрдүн желдетүүчү каналдарын кошууга тыюу салынат.
178. Жатаканалардын турак бөлмөлөрүнүн аянты бир адамга эсептегенде 6 м2 кем эмес аныкталат.
179. Ар бир турак бөлмөсү катуу жана жумшак инвентарь, кийим жана бут кийим үчүн шкафтар, жууркан-төшөктөр менен камсыздалышы керек. Турак бөлмөлөрүндөгү тумбочкалардын, отургучтардын жана керебеттердин саны жашагандардын санына туура келүүгө тийиш.
180. Шейшептер 7 күндө бир жолудан кем эмес алмаштырылат.
181. Жумшак инвентарь (матрас, жаздык, жууркан) эпидемиялык көрсөтүүлөр боюнча, ошондой эле жыл сайын жана ар бир жашоочу чыккандан кийин адистештирилген уюмдар жана мекемелер тарабынан дезинфекцияланууга тийиш.
182. Ашканалар газ же электр плиталары, жуугучтар, столдор, шкафтар менен жабдылат. Жалпы ашканаларда бекем жабыла турган жана оңой тазалана турган тамак-аш калдыгы үчүн кутулар орнотулат.
183. Көп кабаттуу жатаканаларда ар бир кабатта көмөкчү жана санитардык-тиричилик жайлары (даараткана, жуунчу жай, кир жуучу жана кирди кургатуучу жайлар, жалпы ашкана, тазалоочу инвентарды сактоо үчүн жайлар (орун)) болушу керек.
184. Медициналык пункттун жайлары 1-кабатта жайгашат, маданий-массалык иш-чаралар үчүн жайлар, тиричилик тейлөө жайлары турак жайлардан обочолотуп, 1 же 2-кабатта жайгашат.
185. Цоколдук кабатта жалпы кир жуучу, душ, чарбалык инвентарды сактоо үчүн кампа, таза жана кир буюмдар өзүнчө коюлган жайлар, кийимди жана бут кийимди кургатуу үчүн жайлар, техникалык жана башка көмөкчү жайларды жайгаштырууга уруксат берилет.
186. Кир жуучу жайлар коридордон шлюз менен бөлүнөт, муздак жана ысык суусу берилген ванна менен жабдылат, сырты сууга туруктуу столдор же отургучтар, стеллаждар, дагара; кирди жана кийимди кургатуу үчүн жайлар, кирди кургатуу жана үтүктөө үчүн түзүлүштөр менен жабдылат.
187. Кир жуучу жайларда кир жууганга жабдуулар (кир жуучу машина, ванна, дагара), ысык жана муздак суусу болушу керек.
188. Жатаканаларда маркаланган тазалоочу инвентарь анын багытына жараша жыйноо үчүн колдонулат.
18. Көрүстөндөргө жана сөөк коюу багытындагы объекттерге санитардык-эпидемиологиялык талаптар
189. Көрүстөнгө бөлүнгөн участок төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
- калк отурукташкан пунктка, ачык көлмөлөргө каршы турган тарапка багытталуусу;
- суу ташкынына кабылбагандай;
- жер кыртышындагы суулардын максимумдук деңгээлине жеткенде жер кыртышындагы суулардын деңгээли жер үстүнөн эки метрден кем болбоого тийиш. Жердин үстүнөн эки метр жогору деңгээлде участокту кремациядан кийин коюу үчүн көрүстөн жайгаштырууга пайдалануу үчүн уруксат берилет;
- 1,5 м тереңдикте жана андан төмөн, топурактын нымдуулугу 6-18% чегинде кургак, борпоң (кум аралаш, кумдуу) топурак болушу керек.
190. Көрүстөндү төмөнкү аймактарда жайгаштырууга уруксат берилбейт:
1) борборлоштурулган суу менен камсыздоо булактарынын жана минералдуу булактардын санитардык коргоо зонасынын биринчи жана экинчи алкактарында;
2) курорттордун санитардык коргоосунун биринчи зонасында;
3) карсталган, жаракасы көп тектер ачыкка чыккан жерлерде жана жер кыртышындагы суу горизонту чыккан жерлеринде;
4) жер көчкүгө жана уранды болушу мүмкүн болгон, саздуу жерлерге;
5) дарыя, көл жана башка ачык көлмөлөрдүн жээктеринде, калк тарабынан чарбалык-тиричилик муктаждыктарда, сууга түшүү жана маданий-ден соолукту чыңдоо максатында пайдаланган суу сактоочу зоналарда жана тилкелерде;
6) күйдүргү боюнча жагымсыз стационардык пункттарда;
7) ачык жерде дозанын кубаттуулугу саатына 0,2 микрозиверттен жогору гамма-нурлануунун натыйжалуу дозасынын кубаттуулугунда.
191. Маркумдун сөөгүн жерге берүү (көргө коюу, көмүү) жолу менен сөөк койгон көрүстөндү төмөнкү аралыкта жайгаштырат:
- ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык классификациясына жана санитардык-коргоо зоналары боюнча санитардык эрежелерине ылайык турак жана коомдук имараттардан, ден соолукту чыңдоочу спорттук жана санаторийлик-курорттук зоналардан (аянты 20дан 40 га чейин аралаш жана салттуу көмүү көрүстөндөрү үчүн 500 м кем эмес, 10дон 20 га чейин - 300 м кем эмес, 10 га чейин - 100 м кем эмес, жабык көрүстөндөр жана мемориалдык комплекстер, кремациядан кийин көмгөн көрүстөндөр, айылдык көрүстөндөр үчүн - 50 м кем эмес);
- калкты суу менен камсыздоонун борборлоштурулган булагынын суу топтоо курулмаларынан суу булагын санитардык коргоо зонасынын алкактарын жана чыпкалоо убактысын эсептөө менен аралыгынын жетиштүүлүгүн ырастаганда - 1000 метрден кем эмес.
192. Каза болгондордун сөөгүн көмүү, аларды көмүүгө даярдоо, коштошуу ырасымын өткөрүү үчүн жайлардын курамында болгон имараттар жана курулмалар турак жай имараттарына, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына, ден соолукту чыңдоочу спорттук, маданий-агартуу мекемелерине жана социалдык камсыздоо мекемелерине 50 метрден кем эмес аралыкта жайгашууга тийиш.
193. Сөөк коюу бюросу, аза күтүүнү тейлөө дүкөндөрү турак жана коомдук имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкта өзүнчө турган имараттарда жайгашат.
194. Көрүстөндөрдүн, крематорийлердин жана сөөк коюуга багытталган объекттердин аймагында аталган объекттерди тейлөө менен байланышпаган имараттарды жана курулмаларды, маданий жана каада-салттык объекттерди кошпогондо, курууга уруксат берилбейт.
195. Көрүстөндөрдүн жана крематорийлердин санитардык-коргоо зоналарынын аймагынан шаардын жана башка калктуу пункттардын эли үчүн чарбалык-ичүүчү максатта колдонулган, борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо тармактарын төшөөгө уруксат берилбейт.
196. Көрүстөндөрдүн, крематорийлердин жана сөөк коюуга багытталган объекттердин участокторунда жашыл көчөттөрдү отургузуу зонасын, автокатафалктарды жана автотранспортту токтотуучу жерлерин, таштанды чогултуу үчүн урналарды, таштанды топтоо үчүн аянтты аларга барган жолу менен караштыруу керек.
197. Көрүстөндөрдө жана крематорийлерде сугаруучу жана тазалоочу иштерди өткөрүү үчүн аларга жакын жайгашкан өндүрүштүк ишканалардын суу түтүктөрүнө жана техникалык суу чыгарган жерлерине кошулуу менен же суу менен өз алдынча камсыздоо системасын караштыруу керек. Суу менен камсыздоонун борборлоштурулган системасы жок учурда сугаруу үчүн шахталык кудуктарды орнотууга уруксат берилет.
198. Көрүстөндөрдөн жана крематорийлерден тазаланбаган агынды сууларды ачык аянттарга, кюветке, арыктарга, траншеяга чыгарууга уруксат берилбейт.
199. Бир тууган, үй-бүлөлүк (туугандык) көрүстөндөрдө көмүүгө гидрогеологиялык, климаттык шарттарды, жер кыртышындагы суулардын бийиктигин эске алуу менен уруксат берилет:
- жер кыртышындагы суунун деңгээли жер кыртышындагы суу максимумга жеткенде жер үстүнөн 2,5 метрден кем болбогондо;
- сөөк коё турган жай жердин үстүнөн 1 метрден кем эмес тереңдикте болууга тийиш;
- көрдүн түбү жер кыртышындагы суунун деңгээлинен 0,5 метрден жогору болушу керек;
- сөөктөрдү эки деңгээлде көмгөндө тереңдиги 2,5 метрден кем болбоого тийиш.
200. Склепке сөөк табыт, саркофаг же кремациядан кийинки күлү салынган урнада көмүлөт. Склеп желдетүүчү шахта жана дренаждык катмары бар пол менен жабдылат.
201. Кремациядан кийин сөөктү (күлдү) көмүү колумбарий жана көрүстөндөрдө өткөрүлөт.
202. Колумбарийлерди жана өлгөндүн күлү бар урнаны көмүү үчүн аза күтүү дубалдарын көрүстөндөгү атайын бөлүнгөн жер участогунда же көрүстөндүн аймагынан сырткары турак жай имараттарынын, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын, ден соолукту чыңдоочу спорттук, маданий-агартуучу жана оюн-зоок мекемелеринин аймагынан, дача участокторунан, социалдык тейлөө уюмдарынын жана мекемелеринен 50 м кем эмес аралыкта жайгаштырылат.
203. Биологиялык калдыктарды (органдарды, ткандарды жана башкаларды) жыгач кутучаларда көрүстөндүн атайын бөлүнгөн участогунда көмүү же кремациялоо керек.
204. Каза болгон адамдын өзгөчө кооптуу инфекциялык оорусу (күйдүргү, конго-крым геморрагиялык калтыратма жана башкалар) болбогондо, аны кайра көмүү көмгөн учурдан тартып үч жылдан кем эмес, кум аралаш жерде - бир жылдан эрте эмес Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте берген документти көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
205. Сөөк алынган учурда көр ырасымдык кызмат көрсөткөн атайын кызматтардын жумушчулары тарабынан дезинфекцияланат жана жер менен толтурулат, ал эми көрдөгү сөөк капкагы бар кутуларга которулат, табыт кутуга салынат жана жаңы жерге которулат. Көмүлгөн табыт жабыркаган (сакталбаган) учурда, табыттын калдыктары атайын бөлүнгөн жерде өрттөлөт.
206. Аймакты санитардык коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү талап кылган өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардан же белгисиз этиологиядагы инфекциядан каза болгондун сөөгүн көмүүгө жиберген учурда Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын уруксатын алуу керек.
207. Өзгөчө кооптуу инфекциялардын жана белгисиз этиологиядагы инфекциялардын козгогучтары (саламаттык сактоо уюмдарында каза болгондор же ачып союу үчүн патолого-анатомиялык бөлүмгө түшкөн) жуккан сөөктүн өзгөчө кооптуу инфекциялык ооруларын таркатпоо максатында, ошондой эле өзгөчө кооптуу инфекциялардын жана белгисиз этиологиядагы инфекциялардын козгогучтары жуккан биологиялык таштандылар Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын компетенттүү адистеринин коштоосунда эвакобригада менен көмүүгө жиберилет. Ачылган өлүктү 3% хлорамин эритмеси же хлордуу акиташ менен жуушат, дезинфекциялык эритмеге чыланган шейшепке орошот жана металл же жыгач табыптын ичинен клеенкага ороп жайгаштырышат. Түбүнө хлор акиташын 10 см кемитпей себишет.
208. Каза болгондор көмүү жерине атайын транспорт менен жеткирилет. Каза болгондорду ташуу үчүн автотранспорттун башка түрүн колдонууга уруксат берилет, буга тамак-аш азыгын жана продукттарды ташуу үчүн колдонулган автотранспорт кирбейт.
209. Каза болгондорду ташуу жана көмүү үчүн транспортту пайдаланган жеке жана юридикалык жактар милдеттүү түрдө пайдаланган транспортту жыйнап, дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалашы керек.
210. Башка мамлекеттерде каза болгондон кийин жеткирип келгендердин сөөгүн Кыргыз Республикасынын аймагында көмүү үчүн каза болгондо өзгөчө кооптуу инфекциялык оорунун жана башка белгисиз этиологиядагы оорулардын жоктугун ырастаган документти берүү керек.
211. Кайра көмүү менен алектенген ырасым жана көмүү кызматтарынын жумушчулары:
1) тырышма жана күйдүргүгө каршы эмделиши керек;
2) атайын кийимдер жана атайын бут кийим, жеке коргонуу каражаттары (резина өтүктөр, резина кол каптары, респиратор же оозду жана мурунду жапкан марли таңгыч, комбинезон) менен камсыздалышы керек.
212. Эксгумация боюнча иштер аяктаганда атайын кийим жана бут кийим атайын бөлүнгөн жерлерде тазаланууга жана дезинфекцияланууга тийиш же өрттөлөт. Марли таңгычтар (респираторлор жана жеке коргонуунун бир жолку каражаттары) эксгумация боюнча иштер аяктаганда өрттөлөт.
213. Үй шартында атайын кийимди жууп тазалоого жана зыянсыздандырууга тыюу салынат. Иш жасаганда колдонулган инструмент көрүстөндөн тышка чыгарылбайт.
214. Көрүстөндөрдү жана белгисиз сөөк көмүлгөн жерлерди которгон учурда аймактар (участоктор) рекультивацияланат. Турак жай аймагын пландоо үчүн жоюлган сөөк көмүлгөн жерлерден жер кыртышын пайдаланууга тыюу салынат.
215. Курулуш иштерин жүргүзүүдө мурда белгисиз сөөк көмүлгөн жерди тапкан учурда сөөктөрдү кайрадан көмүү жана аймакты рекультивациялоо жүргүзүлөт.
216. Көрүстөндөрдүн аймагын аны которгон учурдан тартып отуз жыл өткөндөн кийин колдонууга уруксат берилет. Мындай учурларда аймак жашыл көчөттөр үчүн гана колдонулат.
217. Мештерде каза болгондун сөөгүн кремациялоо (өрттөө) жолу менен көмүү крематорийде жүргүзүлөт. Бирден ашык меш болгондо крематорийлерди турак жана коомдук имараттардан 1000 м аралыкта, бир камералуу меши бар даярдоосуз жана каада-салттык аракеттер аткарылбаган крематорийлер - 500 м жайгаштырат.
218. Крематорийдин курамында жайлардын төмөнкү топтору каралат:
- каза болгондорду тамбур, вестибюль, муздаткыч камерасы жана кремацияга чейин каза болгондорду сактоо жайларына кабыл алуу жерлери;
- өлгөндөрдү кремациялоо, кремациялык зал менен тазалоо жана сактоо жайлары, кремацияланган сөөктү иштетүүчү жайы, күлү бар урналарды сактоочу жери, газды тазалоочу жайы, оңдоочу чеберкана, инженердик-техникалык кызматтардын жайы, санитардык-техникалык жайлары, эс алуу бөлмөсү.
219. Крематорийдин каада-салттык жана тейлөөчү бөлүгүнүн курамында төмөнкү жайларды кароо керек:
- вестибюль, санитардык түйүндөр, көмөкчү жана кошумча жайлары бар кирүү жери;
- аза күтүү (ырасымдык) залы бар үрп-адат бөлмөсү, шлюз, патологоанатомдун кабинети, медициналык кабинет, көмөкчү жана кошумча жайлар;
- адаптациялоо бөлмөсү жана холл менен чыгуу жери;
- жайлардын транспорттук тобу.
220. Сөөктү көмүүгө катышкан адамдар үчүн жайларды көрүстөндүн жана сөөк көмүү багытындагы объекттердин жумушчуларынын ишине арналган жайлардан обочолонтот.
221. Крематорийлердин курамына кирген бардык жайлар механикалык иштөөчү агуучу-соргуч желдетүү системасы менен жабдылат. Абаны рециркуляциялоо системасын колдонууга жол берилбейт.".