КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты № 185
Кыргыз Республикасында туунду баалуу кагаздардын түрлөрү, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары, ошондой эле алардын базалык активине коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында туунду баалуу кагаздардын түрлөрү, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары, ошондой эле алардын базалык активине коюлуучу талаптар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |