Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 187 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 340 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) ыкчам башкаруу укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
4. Ишкананын фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Инфо-Система" при Государственном комитете информационных технологий и связи Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Инфо-Система" МИ
- расмий тилде: ГП "Инфо-Система".
5. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн өзү каржылоо принцибинде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарды сатып алууга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жооп берүүчү болууга укуктуу.
6. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары жана башка атрибуткасы бар.
8. Ишкананын юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 "а".
9. Ишкана финансылык сектор, фискалдаштыруу, бажы жана салыктык администрациялоо, соода, техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо, мамлекеттик мүлктү башкаруу, мамлекеттик сатып алуулар, айыл чарба сектору, тамак аш өнөр жайы, отун-энергетикалык сектор, токой чарбасы, суу ресурстары, ветеринардык, фитосанитардык, экологиялык жана техникалык коопсуздук, транспорт жана коммуникациялар, архитектура жана курулуш (мындан ары - мамлекеттик органдар) чөйрөсүндө маалыматтык системаларды иштеп чыгууну жана коштоону жүзөгө ашырат.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
10. Ишкананын максаты мамлекеттик органдардын ишин автоматташтыруу процессин башкаруу, ошондой эле маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана коштоо болуп эсептелет.
11. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу;
- электрондук башкаруу, маалыматтоо, электрондук маалыматтык жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана башка электрондук тиркемелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
12. Ишкананын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- электрондук башкаруу тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- документтерди техникалык баалоо жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча жумуш аткаруучуларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо жана алар менен подряд келишимдерин түзүү;
- жаңыдан өз алдынча түзүлүүчү жана тандалган подрядчылар тарабынан жүзөгө ашырылуучу маалыматтык системаларды иштеп чыгууда жана киргизүүдө иштерди координациялоо жана долбоорду башкаруу;
- мамлекеттик органдардын пайдаланууга берилген маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо;
- техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо;
- пайдалануучуларды мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын эксплуатациялоого окутуу;
- мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын пайдалануучуларды колдоо боюнча ишти камсыздоо;
- мамлекеттик органдарда маалыматтык системаларды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актылардын жана уюштуруу-тескөө документтеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (мындан ары -МКТ) жаатындагы, анын ичинде МКТ-продуктуларынын жана сервистердин функционалдык шайкештигин камсыз кылуу боюнча улуттук стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- мамлекеттик органдарга жана башка жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык технологиялар жаатындагы консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
- конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка иш-чараларды өткөрүү;
- маалыматтык технологиялар жаатындагы илимий изилдөө, билим берүү жана инновациялык иштерди жүргүзүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
13. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- коммерциялык уюмдар үчүн рыноктун конъюнктурасына жараша товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого, мында монополияга каршы ыйгарым укуктуу орган аныктаган нарктан төмөн эмес;
- кеңешме, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
- өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк же мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жооп берүүчү болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишим түзүүгө;
- Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жеке жактарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарылдыгына жараша эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;
- зарылдыгына жараша белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- ыкчам башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка мүлктөрдү юридикалык жана жеке жактарга менчик ээсинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
- белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык Ишкананын ишин камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
14. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана үчүн жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоого;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн милдеттерин аныктоо, мөөнөтүн, бюджеттерин баалоо үчүн санариптештирүү жаатындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шартын камсыз кылууга жана алардын саламаттыгына жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян боюнча белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- Ишкананын керектүү отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө жана салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджет жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;
- ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктү сактоого;
- коммерциялык уюмдар үчүн аныкталган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
15. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин да мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын жекече турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
16. Ишкананы директор башкарат.
17. Директор Ишкананын жетекчиси болуп эсептелет. Директорду электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
18. Ишкананын директору:
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш жүргүзөт, келишимдерди түзөт;
- ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- каражаттарды тескөө укугу менен пайдаланат;
- белгиленген тартипте Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Ишкананын кызматкерлерин белгиленген тартипте жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот, эмгектенүүгө дем берүү маселелерин чечет.
19. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
20. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
21. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
22. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин аныктайт.
23. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
5. Эсепке алуу, пландаштыруу жана отчет берүү
24. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен макулдашылган жылдык иш планынын негизинде же 3 жана андан ашык жылга түзүлгөн узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүзөгө ашырат.
25. Ишкананын иш планынын негизин жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
26. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын аныктоодо өз алдынчалыкка ээ.
27. Ишкана өз ишинин жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алат жана мамлекеттик статистика жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчетту жүргүзөт.
28. Ишкана тескеген мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин отчет берет.
29. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
30. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
31. Ишкананын иши белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде текшерилет.
6. Ишкананын мүлкү жана финансы
32. Ишкана мамлекеттик мүлктү ыкчам башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдаланууга негиз болуп мамлекеттин менчиги болгон жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлк объектилерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү ыкчам башкаруу укугу эсептелет.
33. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
34. Ишкананын мүлкү төмөнкү булактардан түзүлөт:
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз мүлкүн пайдалануудан алынган пайда.
35. Ишкананын өздүк финансылык-чарбалык ишинен алынган кирешелердин же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат.
36. Ишкананын ыкчам башкаруудагы мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган таза пайдасы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бөлүштүрүлөт.
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
37. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгуу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
38. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
39. Ишкананын иш процессинде түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.