Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 144
"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Апрель революциясынын Баатырлары чокусу" деген географиялык аталыш ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы, Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан, 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Апрель революциясынын Баатырлары чокусу" деген географиялык аталыш ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Апрель революциясынын Баатырлары чокусу" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Апрель революциясынын Баатырлары чокусу" деген географиялык аталыш ыйгарылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти