Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 105
“Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
“Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2012-жылдын 17-августу, № 73-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
- экинчи абзацындагы “үрп адаттар” деген сөздөр “үрп-адаттар, салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү,” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү жана жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“салттуу оюндар - кыргыз элинин маданий, социалдык жана рухий баалуулуктарын эске алган улуттук салттарынын негизинде тарыхта калыптанган мелдештик иш-аракет формасындагы оюндар;
спорттун улуттук түрү - адамды ар тараптуу өнүктүрүү, анын ден соолугун чыңдоо жана жекече жигердүүлүгүн өркүндөтүү максатында коомдо пайдаланылуучу, кыргыз элинин маданиятынын курамдык бөлүгү катары түзүлгөн жана тарыхында калыптанган спорттун түрү.”;
3-беренеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:
“8) салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү.”;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
“3. Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрүнүн болушунун жана өнүктүрүүнүн укуктук негиздери “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат”.”
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти