Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 203 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке медициналык ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүүнүн, кайра тариздөөнүн, токтото туруунун, жаңыртуунун жана жокко чыгаруунун тартибин регламенттейт.
2. Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке медициналык иш менен иштөөнү каалаган жеке жана юридикалык жактар "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.
3. Жеке медициналык ишке лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат.
2. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер
4. Иштин тиешелүү түрүнө лицензия алуу үчүн арыз ээси саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди тапшырат:
4.1. жеке жактар үчүн:
1) белгиленген формадагы лицензияны алууга арыз;
2) өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
3) уюштуруу документинин көчүрмөсү (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк);
4) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдарды төккөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
5) арыз ээсине салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (онлайн режиминдеги идентификациялык салык номери менен контролдук-кассалык машинанын карточкасы) ыйгарылгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
6) төмөнкү документтердин көчүрмөсү:
- арызда көрсөтүлгөн иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн жеке менчик же башка мыйзамдын негизинде имараттарга жана жабдууларга ээлик кылуу, пайдалануу укугун ырастоочу (ижара келишими, техпаспорт, сатып алуу-сатуу келишими);
- пациенттер жана медициналык кызматкерлер үчүн медициналык аппаратуралардын жана медициналык техникалардын коопсуздук ченемдерине шайкештигин ырастоочу (метрологиялык корутунду, текшерүү актылары жана режимдик комиссиянын актысы);
- арызда көрсөтүлгөн иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу имараттарга жана жайларга карата санитардык-гигиеналык талаптардын шайкештигин ырастоочу;
- иштин лицензиялануучу түрлөрүн сапаттуу жана коопсуз ишке ашырууну камсыз кылуучу квалификациялык адистердин бар экендигин ырастоочу (медициналык билими тууралуу диплом, клиникалык ординатураны жана акыркы 5 жыл ичинде квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу сертификаттар жана күбөлүк, адистин аттестациялык сертификаты, эмгек китепчеси);
4.2. юридикалык жак үчүн:
- белгиленген формадагы лицензияны алууга арыз;
- уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана Устав);
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдарды төлөгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- арыз ээсине салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (онлайн режиминдеги идентификациялык салык номери менен кассалык машинанын карточкасы) ыйгарылгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
төмөнкү документтердин көчүрмөсү:
- арызда көрсөтүлгөн иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн жеке менчик же башка мыйзамдын негизинде имараттарга жана жабдууларга ээлик кылуу, пайдалануу укугун ырастоочу (ижара келишими, техпаспорт, сатып алуу-сатуу келишими);
- пациенттер жана медициналык кызматкерлер үчүн медициналык аппаратуралардын жана медициналык техникалардын коопсуздук ченемдерине шайкештигин ырастоочу (метрологиялык корутунду, текшерүү актылары жана режимдик комиссиянын актысы);
- арызда көрсөтүлгөн иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу имараттарга жана жайларга карата санитардык-гигиеналык талаптардын шайкештигин ырастоочу;
- иштин лицензиялануучу түрлөрүн сапаттуу жана коопсуз ишке ашырууну камсыз кылуучу квалификациялык адистердин бар экендигин ырастоочу (медициналык билими тууралуу диплом, клиникалык ординатураны жана акыркы 5 жыл ичинде квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу сертификаттар жана күбөлүк, адистин аттестациялык сертификаты, эмгек китепчеси);
5. Лицензия алууга арыздын формасы саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
3. Лицензиянын мазмуну
6. Лицензияда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
2) толук жана кыскартылган аталышы (эгер бар болсо), анын ичинде фирмалык аталышы, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн аталышы, юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасы жана мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн номери;
3) жеке жактын аты-жөнү, өздүгүн ырастоочу документтердеги маалыматтар, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуудагы каттоо номери;
4) иштин лицензиялануучу түрү;
5) лицензиянын жарактуулук мөөнөтү;
6) ишти жүзөгө ашыруу аймагы;
7) берүү датасы жана лицензиянын каттоо номери;
8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
7. Лицензиялардын бланктары типографиялык ыкма менен даярдалат, корголуучу даражага, эсепке алынуучу серия менен номерге ээ. Лицензиялардын бланктары катуу көзөмөлгө алынуучу документтер болуп саналат. Лицензиялардын бланктарын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Лицензия ушул Жобонун 9-главасында белгиленген тартипте лицензиялардын реестрине киргизилет.
9. Лицензия жоголгон же бузулган учурда лицензиат анын дубликатын алууга укуктуу. Дубликат берүү үчүн лицензиатка карата текшерүү, тинтүү, экспертиза жүргүзүү өңдүү иш-аракеттер жүргүзүлбөйт.
4. Лицензиардын укуктары
10. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган төмөнкү ыйгарым укуктарды ишке ашырат:
- ушул Жобонун 3-пунктунда каралган иштин түрүнө карата лицензияларды берет;
- лицензиялардын колдонулушун токтото турат;
- лицензиянын колдонулушун жаңыртат;
- лицензиялардын дубликатын берет;
- лицензияларды берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат;
- "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу жөнүндө чечим кабыл алат;
- лицензияларды кайра тариздөө жол-жобосун жүзөгө ашырат;
- лицензиаттар тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышы үчүн лицензиялык контролду жүзөгө ашырат;
- лицензияларды жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн соттук органдарга доо арыз менен кайрылат;
- лицензиялардын реестрин түзөт жана ал боюнча иш алып барат.
5. Арызды кароо, лицензияны берүү жана кайра тариздөө тартиби жана мөөнөтү
11. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган бардык тиешелүү документтер менен бирге арыз берилген күндөн тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбестен лицензия берүү же лицензия берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.
12. Лицензия берүү жөнүндө чечим саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет.
13. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт ичинде лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
14. Берилген күн тууралуу маалымат реестрге киргизилгенден тартып лицензия расмий түрдө берилген болуп саналат. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган лицензия берилген күнү анын берилгендиги тууралуу маалыматты реестрге киргизет.
15. Эгерде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт ичинде лицензия берүүдөн баш тартуу тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирбесе, анда лицензия берилди деп эсептелет. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган лицензия берүү үчүн мөөнөт бүткөндөн кийинки күндөн кечиктирбей лицензиянын берилгендиги тууралуу маалыматты реестрге киргизүүгө жана арыз ээсине талап кылынган лицензияны берүүгө милдеттүү.
16. Эгерде арыз ээси лицензия берүүдөн баш тартылгандыгы тууралуу кат жүзүндө билдирүүнү албаса же белгиленген мөөнөт ичинде лицензиянын өзүн албаса, лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт бүткөн күндөн тартып отуз календарлык күндүн ичинде, арызында көрсөтүлгөн иштин түрү жүзөгө ашырыла баштагандыгы тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
17. Лицензияны кайра тариздөө төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) юридикалык жак өзгөртүп түзүлгөндө;
2) юридикалык жактын аталышы өзгөргөндө;
3) жеке жактын аты-жөнү өзгөргөндө;
4) лицензиядан ажыратылганда;
5) юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүүдө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз жаралган учурда лицензиат лицензияны кайра тариздөө жөнүндөгү арызы менен саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга кайрылууга милдеттүү.
19. Кайра тариздөө үчүн негизди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү, тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастоочу документтерди тиркөө менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз лицензиат тарабынан кайра тариздөө үчүн негиз пайда болгон күндөн тартып он беш жумуш күнүнөн кечиктирилбей берилет.
20. Лицензияны кайра тариздөө тиешелүү арыз кабыл алынгандан кийин беш жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Лицензияны кайра тариздөөдө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
21. Лицензияны берүүдө, кайра тариздөөдө жана лицензиянын дубликатын берүүдө төмөнкү өлчөмдөгү бир жолку лицензиялык жыйым алынат:
- юридикалык жактан - лицензия алуу жөнүндө документтер тапшырылган күнгө карата белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он эсе өлчөмүндө;
- юридикалык жакты түзбөгөн жеке жактан - лицензия алуу жөнүндө документтер тапшырылган күнгө карата белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш эсе өлчөмүндө;
Лицензия үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине түшөт.
6. Лицензия берүүдөн баш тартуу
22. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) субъекттердин аталган категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга карата мыйзам тарабынан тыюу салуулардын болушу;
2) арыз ээсине иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салуучу соттун чечиминин болушу;
3) арыз ээси тарабынан чындыкка дал келбеген же толук эмес маалыматтардын берилиши;
4) эгерде арыз ээси тарабынан берилген документтер "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүүчү тутум жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келбесе;
5) лицензияны кароо жана берүү үчүн лицензиялык жыйымдар төлөнбөсө.
23. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган баш тартуунун себебин жана негиздерин толук баяндоо менен жазуу жүзүндөгү баш тартууну бир гана жолу берүүгө укуктуу.
24. Лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим, лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз ээсине жазуу жүзүндө жиберилет.
25. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жоюлган учурда арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароо жана лицензия берүү мөөнөтү кайра кароо үчүн арыз берилген күндөн тартып эсептелет.
Арыз ээсинин мурда каралган документтери боюнча баш тартууга жол берилбейт.
26. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда, арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
7. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, токтотуу жана жокко чыгаруу
27. Мурда эскертүү алган же айып төлөгөн субъект тарабынан лицензиялык талаптар үч ирет бузулган учурда саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган лицензиянын колдонулушун токтото туруунун себептерин көрсөтүү жана эреже бузууларды жоюу жөнүндө көрсөтмө берүү менен үч айга чейинки мөөнөткө токтотот.
28. Лицензиянын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жеке ишкер катары иши жеке адам тарабынан токтотулганда;
2) юридикалык жак жоюлганда;
3) иштин лицензиялануучу түрүн ыктыярдуу түрдө токтоткондугу тууралуу лицензиат (лицензиат мураскери) арыз бергенде;
4) иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмесинен иштин айрым түрлөрү алып салынганда;
5) соттун лицензияны жокко чыгаруу тууралуу чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенде;
6) жеке адам каза болгондо.
29. Лицензиянын колдонулушу токтогон учурда лицензиар лицензиянын колдонулушу токтогондугу тууралуу маалыматты реестрге киргизет. Реестрге маалымат киргизилген күндөн тартып лицензиянын колдонулушу токтотулду деп таанылат.
30. Лицензиянын колдонулушу токтогондугу тууралуу маалымат реестрге кирген күндөн тартып лицензиаттагы кагаз жүзүндөгү лицензия жараксыз деп эсептелет.
31. Лицензиардын лицензиянын колдонулушун токтотууга себеп болгон бузуулар жоюлбаган учурда, лицензиардын арызын кароонун негизинде соттун чечими менен лицензия жокко чыгарылат.
8. Лицензиянын колдонулушун жаңыртуу
32. Арыз ээси тарабынан ушул Жободо көрсөтүлгөн лицензиялык талаптардагы эреже бузуулар жоюлган шартта, же лицензиянын колдонулушу токтотулган белгилүү мөөнөт аяктаганга чейин арыз ээси тарабынан мындай эреже бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган шартта саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан лицензиянын колдонулушу токтотулган күндөн кийинки күндөн баштап лицензиянын колдонулушу жаңыртылат.
33. Лицензиялык талаптардагы эреже бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган шартта арыз ээси бул тууралуу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө билдирет жана лицензиялык текшерүү жүргүзүүнү демилгелейт.
34. Бул туурасында реестрге маалымат киргизилген күндөн тартып лицензия жаңыртылган болуп саналат.
35. Арыз ээси саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын лицензиянын колдонулушун жаңыртуудан баш тартуу тууралуу чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттана алат.
9. Лицензиялардын реестри
36. Реестр берилген лицензиялардын бар экендигин, ошондой эле алардын укуктук статусун ырастоочу жападан жалгыз расмий булак болуп саналат.
37. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, лицензиялоону кагаз жүзүндө алып жүрүүчүлөрдө жана электрондук форматта жүзөгө ашырган иштин түрү боюнча реестрди жүргүзөт.
38. Реестрде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде ал бар болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги;
2) жеке жактын аты-жөнү, жашаган жери, өздүгүн ырастаган документтериндеги маалыматтар, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө регистрациялык жазуунун каттоо номери;
3) иштин лицензиялануучу түрү;
4) лицензиянын жарактуулук мөөнөтү;
5) ишти жүзөгө ашыруу аймагы;
6) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
7) берилген күнү жана лицензиялардын каттоо номери;
8) лицензияны токтото туруунун жана колдонулушун жаңыртуунун негизи жана мөөнөтү;
9) лицензиянын колдонулушун токтотууга негиз жана токтотулган күнү.
39. Реестр саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылат жана кызыгдар тараптын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чектөө киргизилген маалыматтарды кошпогондо, андагы маалыматтар менен таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
10. Лицензиялык талаптар
40. Лицензиат жеке медициналык иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө ээ болуусу керек:
1) арыз ээсинин менчиги болгон же башка мыйзамдуу негизде ага таандык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген СанЭжЧке ("Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар") ылайык санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүчү иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имарат - стационардык жай;
2) ушул Жобонун тиркемесине ылайык иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон медициналык жабдуулар, аппаратуралар, медикаменттер;
3) ушул Жобонун 2-главасынын 5-пунктуна ылайык тиешелүү документтер менен ырасталган медициналык билимге, квалификацияга, адистикке жана көндүмдөргө ээ кызматкерлер;
4) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга андан ары маалымат берүү менен төрөткө көмөктөшүүчү мекемелердеги, хирургиялык профилдеги стационарлардын кабыл алуучу жана операциялык блокторундагы байкоо жүргүзүүчү приборлор.
41. Лицензиат жеке медициналык иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууда төмөнкүлөрдү камсыздоого тийиш:
1) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын колдонулуудагы клиникалык протоколдору менен башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатынын тийиштүү деңгээлде болуусу;
2) медициналык документтерге карата эсептик-отчёттук иштерди саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада жүргүзүү;
3) жыл сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен статистикалык отчёттун формасына ылайык иштин ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө отчёт тапшыруу.
42. Лицензиат тарабынан санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана медициналык кызматтардын коопсуздук талаптарынын, шарттарынын аткарылышын контролдоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Мыйзамдардын бузулушу үчүн жоопкерчилик
43. Лицензиат тарабынан лицензиялык талаптар аткарылбаган учурларда саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүүчү тутум жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензиатка карата таасир этүү чараларын колдонот.
|
| Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобого тиркеме |
Жеке медициналык иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон объектилерге лицензиялык талаптар
№ | Кабинеттерди жабдуу | Бар |
1 | Процедура кабинети: |
|
| - кушетка; |
|
| - процедуралык чакан стол; |
|
| - медикаменттер үчүн шкаф; |
|
| - кварц чырагы; |
|
| - муздаткыч; |
|
| - шокко каршы аптечка; |
|
| - стерилизаторлор, бикстер; |
|
| - кыскычтар, шприцтер, пинцеттер, кайчылар, шпателдер, колгаптар; |
|
| - лотоктор; |
|
| - таңуучу материал; |
|
| - кан токтотуучу жгут; |
|
| - ооз кеңейткич, тил кармагыч |
|
2 | Травматологдун кабинети: | Бар |
| - медициналык шкаф; |
|
| - гипстөө үчүн стол; |
|
| - тонометр, фонендоскоп, кварц чырагы; |
|
| - колгаптар, лотоктор, шпателдер, бикстер; |
|
- | - амбулаториялык операциялар үчүн хирургиялык аспаптардын топтому |
|
| - иммобилизация үчүн шиналар; |
|
| - гипсти чечүү үчүн кайчылар; |
|
| - стерилденген аспаптар үчүн стол |
|
3 | Оториноларингологдун кабинети: | Бар |
| - медициналык шкаф; |
|
| - манипуляциялык стол; |
|
| - көлөкөсүз чырак, светильник; |
|
| - ларингоскоп; |
|
| - отоларингологиялык күзгүлөр топтому; |
|
| - мурунга тампон салуу үчүн аспаптардын топтому; |
|
| - аудиометр, камертон, отоскоп; |
|
| - градусниктер, шпателдер, кварц чырагы |
|
4 | Офтальмологдун кабинети: | Бар |
| - жылчыктуу чырак; |
|
| - офтальмоскоп; |
|
| - көздүн курчтугун аныктоо үчүн щит; |
|
| - түстү сезүүсүн текшерүү үчүн полихромдук таблицалар; |
|
| - көз айнек линзаларынын топтому; |
|
| - көз ичиндеги басымды ченөө үчүн топтом; |
|
| - кварц чырагы |
|
5 | Урологдун кабинети: | Бар |
| - гинекологиялык кресло; |
|
| - медициналык шкаф; |
|
| - урологиялык аспаптардын топтому; |
|
| - кварц чырагы |
|
6 | Дерматовенерологдун кабинети: | Бар |
| - гинекологиялык кресло; |
|
| - кушетка жана ширма; |
|
| - гинекологиялык аспаптардын топтому; |
|
| - медициналык шкаф, кварц чырагы; |
|
| - лабораториялык анализдер үчүн стол |
|
7 | Стоматологдун кабинети: | Бар |
| - стоматологиялык кресло; |
|
| - бормашина; |
|
| - тишке пломба коюу үчүн аспаптар топтому; |
|
| - тишти жулуу үчүн аспаптар топтому; |
|
| - кургатып ысытуучу шкаф; |
|
| - стерилденген аспаптар үчүн стол; |
|
| - медициналык шкаф, кварц чырагы |
|
8 | Невропатологдун кабинети: | Бар |
| - кушетка, ширма; |
|
| - неврологиялык балка; |
|
| - тонометр, фонендоскоп; |
|
| - градусниктер, шпателдер, кварц чырагы |
|
9 | Эндокринологдун кабинети: | Бар |
| - медициналык шкаф; |
|
| - тараза жана бой ченегич; |
|
| - глюкометр; |
|
| - градусниктер, шпателдер, кварц чырагы |
|
10 | Кардиолог-ревматологдун кабинети: | Бар |
| - кушетка, ширма; |
|
| - тонометр, фонендоскоп; |
|
| - градусниктер, шпателдер; |
|
| - ЭКГ-аппараты |
|
11 | Гематологдун, пульмонологдун кабинети: | Бар |
| - кушетка, ширма; |
|
| - тонометр, фонендоскоп; |
|
| - градусниктер, шпателдер, кварц чырагы |
|
12 | Рентгенологдун кабинети: | Бар |
| - рентген аппараты; |
|
| - чөнтөк дозиметрлери, жеке коргонуу үчүн коргошун каптоочтор, коргошундан алжапкычтар, юбкалар жана колгаптар, кароо терезедеги Эсу коргошундалган айнек; |
|
| - муздаткыч; |
|
| - реактивдер, бактар комплекти, кургатуу шкафы; |
|
| - негатоскоп, медициналык шкаф, кушетка, ширма |
|
13 | Функционалдык диагностика кабинети: | Бар |
| - медициналык шкаф, кушетка, ширма, кварц чырагы; |
|
| - функционалдык диагностика аппараты (УЗИ, ЭКГ, ФКГ, ФВД, ЭЭГ, велоэргометр жана башка) |
|
14 | Эндоскопия кабинети: | Бар |
| - медициналык шкаф, кушетка, ширма; |
|
| - фиброгастроскоп, бронхоэзофагоскоп, ректомоноскоп ж.б. |
|
15 | УЗИ кабинети: | Бар |
| - УЗИ аппараты; |
|
| - медициналык шкаф, кушетка, ширма; |
|
| - кондиционер, кварц чырагы |
|
16 | Иммунологдун, инфекционисттин кабинети: | Бар |
| - кушетка, ширма; |
|
| - тонометр, фонендоскоп; |
|
| - градусниктер, шпателдер, кварц чырагы |
|
17 | Физиотерапия кабинети: | Бар |
| - физиотерапия жүргүзүү үчүн аппаратура; |
|
| - атайын сааттар; |
|
| - кушетка, ширма, кварц чырагы; |
|
| - отургучтар |
|
18 | Иглорефлексотерапия кабинети: | Бар |
| - медициналык шкаф; |
|
| - кушетка, ширма, кийим илгич; |
|
| - стерилизаторлор, кварц чырагы; |
|
| - иглорефлексотерапия үчүн ийнелер топтому |
|
19 | Дарылоочу дене тарбия кабинети: | Бар |
| - швед стенкасы; |
|
| - велоэргометр; |
|
| - гантелдер, эспандерлер; |
|
| - гимнастикалык таяктар, топтор, обручтар, скакалкалар; |
|
| - ден соолук дисктери; |
|
| - килем, чаң соргуч; |
|
| - кондиционер |
|
20 | Акушер-гинекологдун кабинети: | Бар |
| - кушетка, ширма; |
|
| - гинекологиялык кресло; |
|
| - тонометр, фонендоскоп, стетоскоп; |
|
| - стерилизатор, кварц чырагы; |
|
| - медициналык клеенка, медициналык алжапкыч; |
|
| - кыскычтар, шпателдер, пинцеттер, корнцанг; |
|
| - судналар, лотоктор, колгаптар |
|
21 | Терапевттин кабинети: | Бар |
| - тонометр, фонендоскоп; |
|
| - медициналык шкаф, картотека; |
|
| - ЭКГ аппарат; |
|
| - градусниктер, шпателдер, кварц чырагы; |
|
| - кушетка; |
|
| - бой ченегич, таразалар |
|
22 | Педиатрдын, неонатологдун кабинети: | Бар |
| - медициналык шкаф, картотека; |
|
| - кушетка; |
|
| - тонометр, фонендоскоп; |
|
| - градусниктер, шпателдер, кварц чырагы; |
|
| - баланы орой турган стол; |
|
| - бой ченегич, жерге коймо жана аяк сымал таразалар; |
|
| - неврологиялык балка жана отоскоп |
|
23 | Манипуляциялык кабинет (абортарий): | Бар |
| - медициналык шкаф; |
|
| - операциялык лампа; |
|
| - манипуляциялык стол; |
|
| - гинекологиялык кресло; |
|
| - аборт кылуу үчүн аспаптардын топтому; |
|
| - вакуум-соргуч; |
|
| - кушетка, ширма; |
|
| - стерилизаторлор, бикстер; |
|
| - медициналык алжапкыч, колгаптар; |
|
| - судналар, лотоктор, кварц чырагы |
|
24 | Лаборатория (клиникалык): | Бар |
| - реактивдерди сактоо үчүн шкаф; |
|
| - микроскоп, предметтик айнек; |
|
| - 3000 айланма центрифуга; |
|
| - Сали боюнча гемометр; |
|
| - глюкометр; |
|
| - эсептөө машинкасы; |
|
| - реактивдер, шприцтер; |
|
| - 5, 10 жана 20 мл пробиркалар, штативдер (10 жана 20 уячалуу) |
|
| - суурма шкаф, кварц чырагы |
|
25 | Хирургиялык профилдеги бөлүмдөр үчүн жайлар топтому: | Бар |
| - кароо кабинети; |
|
| - таза (асептикалык) жарат таңуучу жай; |
|
| - шарттуу-жугуштуу жарат таңуучу жай; |
|
| - процедура кабинети; |
|
| - операция бөлмөсү; |
|
| - интенсивдик терапия палаталары; |
|
| - палаталар; |
|
| - ординатор бөлмөсү; |
|
| - медайымдар үчүн кабинет; |
|
| - сан. түйүн, ванна |
|
26 | Операция бөлмөсүн жабдуу (жалпыга бирдей): | Бар |
| - операциялык стол; |
|
| - хирургиялык аспаптар топтому (чакан, чоң); |
|
| - анестезиологдун столу; |
|
| - аспаптар столу; |
|
| - манипуляциялык стол; |
|
| - наркоз аппараты; |
|
| - ИВЛ аппараты; |
|
| - каталка, кресло-каталка, замбилдер; |
|
| - муздаткычтар; |
|
| - бактерициддик чырактар; |
|
| - кургатып ысыткыч шкаф, зарылдыгына жараша, автоклав; |
|
| - электросоргуч, коагулятор; |
|
| - негатоскоп; |
|
| - бикстер; |
|
| - көлөкөсүз чырактар, центрифугалар; |
|
| - рефлектордук светильниктер; |
|
| - аспаптарды дезинфекциялоо үчүн идиштер |
|
27 | ЛОР боюнча операциялык бөлмө үчүн кошумча жабдуулар: | Бар |
| - бөтөн нерселерди алып салуу үчүн электромагнит; |
|
| - шишиктерди жана биопсияларды алып салуу үчүн кардиес кычкачтар; |
|
| - коагулятор; |
|
| - микроскоп-линза; |
|
| - ларингоскоп; |
|
| - оториноларингологиялык операциялар үчүн аспаптар топтому |
|
28 | Офтальмология боюнча операциялык бөлмө үчүн кошумча жабдуулар: | Бар |
| - офтальмологиялык операциялар үчүн аспаптар топтому; |
|
| - операциялык микроскоп; |
|
| - бөтөн нерселерди алып салуу үчүн электромагнит; |
|
| - орбитотомия үчүн комплект |
|
29 | Урология боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: | Бар |
| - урологиялык операциялар үчүн аспаптар топтому; |
|
| - цистоскоп |
|
30 | Травматология боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: | Бар |
| - Елизаров аппараттары; |
|
| - травматологиялык операциялар үчүн аспаптар топтому; |
|
| - иммобилизациялык шиналар; - кресло-каталка; - каталка жана балдактар |
|
31 | Акушер-гинекологиялык профилдеги бөлүмдөр үчүн жайлар топтому: | Бар |
| - чыпка бөлмө; |
|
| - кароо бөлмөсү; |
|
| - ординатор бөлмөсү; |
|
| - акушеркалар кабинети; |
|
| - сан. өткөргүч; |
|
| - төрөткө чейинки палата; |
|
| - төрөт залы; |
|
| - интенсивдик терапия палатасы; |
|
| - манипүляциялык бөлмө; |
|
| - ымыркайлар үчүн интенсивдик палата; |
|
| - төрөттөн кийинки палаталар; |
|
| - процедура бөлмөсү |
|
32 | Жабдуу: | Бар |
| - процедуралык столдор; |
|
| - гинекологиялык кресло, тараза, бой ченегич; |
|
| - функционалдык керебеттер; |
|
| - балдар таразалары жана ванналар, градусниктер; |
|
| - наркоз аппараты; |
|
| - ымыркай үчүн ИВЛ аппараты; |
|
| - коагулятор; |
|
| - электросоргуч; |
|
| - кювездер, чакан керебеттер, жылыткычы менен баланы орой турган стол; |
|
| - тамчылаткычтар үчүн штативдер же инфузоматтар; |
|
| - сүт соргуч; |
|
| - бактерициддик чырактар; |
|
| - манипуляциялар үчүн аспаптар топтому; |
|
| - төрөт жана ымыркайлар үчүн комплекти менен бикстер; |
|
| - тонометр жана фонендоскоп; |
|
| - стетоскоп, жамбаш чарасын өлчөгүч жана сантиметрлик тасма; |
|
| - ымыркайлардын реанимациясы үчүн комплект; |
|
| - кайчы, колгап, тамчылаткычтар, штативдер, подставкалар, чакалар, чаралар ж.б.; |
|
| - вакуумэкскохлеатор; |
|
| - гинекологиялык кароо жана манипуляциялар үчүн аспаптар топтому; |
|
| - каталкалар, кресло-каталкалар, замбилдер |
|
33 | Кечиктирилгис тез жардам жабдуусу (минималдуу топтом): | Бар |
| - салонго багытталган светильниги бар санитардык транспорт; |
|
| - медикаменттер үчүн шкаф, стерилизатор, бикстер, лоткалар, дары каражаттарын инфузиялоо үчүн штативдер, таңуучу материал, жгуттар, зонддор, катетерлер, шпателдер, ооз кеңейткичтер, тонометр, фонендоскоп, термометр; |
|
| - кушетка, каталка, шина ташыгыч, кычкылтек жаздыгы, портативдүү аспиратор, түрдүү өлчөмдөгү аба өткөргүч "Амбу" мешогу ж.б.; |
|
| - медициналык ящик - негизги аспаптар менен, эпидукладкаларды, төрөө пакетин, реанимациялык топтомду, инфузиялык эритмени, шокко каршы аптечканы салуу үчүн кошумча медициналык ящик; |
|
| - портативдүү: глюкометр, электрокардиограф, дефибриллятор, дем алуу аппараттары |
|