Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-апрели № 199
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
"Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:
- 1-пункту ''Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу" деген сөздөрдөн кийин "жана күбөлөндүрүү борборлорунун ачык ачкычтарынын бирдиктүү инфратүзүмүн түзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункту "саясатын" деген сөздөн кийин ", ошондой эле электрондук санариптик кол тамга жаатындагы саясатты" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пунктунун төртүнчү абзацындагы "бирдиктүү мейкиндигин" деген сөздөр "бирдиктүү инфратүзүмүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктунда:
а) пунктчасында:
экинчи абзац "Кызматтын" деген сөздөн мурун "электрондук санариптик кол тамга маселелеринен тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кароосуна электрондук санариптик кол тамга маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;";
б) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- күбөлөндүрүү борборлорунун кол тамга ачкычтарынын сертификаттарынын бирдиктүү мамлекеттик жалпыга жеткиликтүү реестрин жүргүзөт;";
г) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- электрондук санариптик кол тамга ачык ачкычына сертификаттарды күбөлөндүрүү борборлоруна берет;".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 11-пунктунда:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- күбөлөндүрүү борборунун базасында жеке жана юридикалык жактардын кол тамга ачкычтарынын берилген сертификаттарынын реестрин жүргүзүү;";
төмөнкүдөй мазмундагы отуз үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- күбөлөндүрүү борборунун базасында электрондук санариптик кол тамга ачык ачкычына сертификаттарды жеке жана юридикалык жактарга берүү;".
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |