Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 786 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 229
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө жободо:
- 46-пунктунун бешинчи абзацындагы "курагы," деген сөз алып салынсын;
- 79-пунктунун биринчи абзацы "дермотолог-венеролог" деген сөздөрдөн кийин ", фтизиатр" деген сөз менен толукталсын;
- 84-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 95-пунктунун сегизинчи абзацындагы ", ошонун ичинде коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик-дарыгердик комиссиясынын аныктамаларын" деген сөздөр алып салынсын;
109-пунктунда:
- үчүнчү абзацтагы "чакырылуучу мобилизациялык резервдин же" деген сөздөр алып салынсын;
- төртүнчү абзацтагы "октябрга" деген сөз "сентябрга" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 115-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"115. Чакырылуучулар аскер кызматына паспорттору-ID-карттары менен кошо чакырылат. Паспорттор-ID-карттар жыйноо пункттарынын жөнөтүү учурунда чакырылуучуларга келишкен аскер бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнө тизме боюнча убактылуу сактоого берилет.
Жөнөтүү үчүн аскер комиссариатына паспорту-ID-карты жок келген чакырылуучу аскердик кызматка жиберилбейт.".
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |