Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 251
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана тиешелүү чектөө грифи бар башка аскердик түзүлүштөрдүн дарегине келип түшүүчү жардамды кошпогондо, эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жүктүн гуманитардык мүнөзү жөнүндө корутундуну алган гуманитардык жардамды алуучуларды каттоо Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасында (СЖКМС) жүргүзүлөт жана алар алган гуманитардык жардам тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда, ошондой эле өзгөчө окуялар болгон учурларда Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жүктүн гуманитардык мүнөзү жөнүндө корутунду берүүсү жүккө болгон коштоочу документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-1 жана 18-2-пункттар менен толукталсын:
"18-1. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун гуманитардык жардамды бөлүштүрүүсү дарегине гуманитардык жардам келип түшкөн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун Коомдук кеңештеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт (өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы, ошондой эле өзгөчө окуялар болгон учурлардагы улуттук коопсуздук органдарын кошпогондо).
18-2. Дарегине гуманитардык жардам келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий жана билим берүү уюмдарынын гуманитардык жардамды бөлүштүрүүсү коммерциялык эмес уюмдардын жана жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүзөгө ашырылат.";
- Жобонун 26-пунктунун тиркемесинде келтирилген Гуманитардык жардамды алуучулардын отчёт тапшырууларынын формасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобого тиркеме |
_______________________________________ мезгили үчүн гуманитардык жардамды алуучулардын отчёт тапшырууларынын ФОРМАСЫ
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу маморгандын корутундусунун № жана датасы | Гуманитардык жардамды алуучу | Бөлүштүрүү | Гуманитардык жардамдын (товардын) аталышы | Өлчөө бирдиги | План боюнча | Иш жүзүндө бөлүштүрүлгөн | __________ калдык/резерв (ӨК үчүн) | |||||||
Гуманитардык жардамды алган уюм | Региону | Дареги | Салмагы | Суммасы(*) (сом) | Салмагы | Суммасы(*) (сом) | Салмагы | Суммасы(*) (сом) | Салмагы | Суммасы(*) (сом) | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Уюмдун жетекчисинин аты-жөнү | колу |
|
Датасы:
М.О.
(*) суммасы бажы максаттары үчүн гана донор тарабынан көрсөтүлгөн.".