Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы № 281
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө
Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү, жаштар саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө", "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жаштар саясатын ишке ашыруу жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн маселелери боюнча өз ара аракеттенүүлөрүнүн регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдын ала берилген өтүнмөсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бюджетинен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджетине финансылык каражаттарды берүүнү караган сметалык багыттоолорду өзгөртсүн.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда аталган сметалык багыттоолорду өзгөртүү тиешелүү финансылык жылга кайра бөлүштүрүлгөн бюджеттик каражаттардын жалпы көлөмүнө киргизилбей тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 281 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жаштар саясатын ишке ашыруу жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн маселелери боюнча өз ара аракеттенүүлөрүнүн РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартибин белгилөө максатында иштелип чыккан жана региондордо жаштар саясатын жана дене тарбия жана спорт тармагындагы иштерди жакшыртууга багытталган.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамагенттик) жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруунун жана Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт жаатындагы иштеринин алкагында өз ара аракеттенишет.
2. Регламенттин максаттары жана милдеттери
3. Регламенттин максаты Мамагенттиктин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартибин белгилөө болуп саналат.
4. Регламенттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Мамагенттиктин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты жаатында координацияланган өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо;
- жаштар саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
- калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга дайыма тартуу;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында дене тарбия жана спорт жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- бюджеттик каражаттардын натыйжалуу жана сапаттуу пайдаланылышын камсыздоо.
3. Өз ара аракеттенүү тартиби
5. Мамагенттиктин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара аракеттенүүлөрү келишимдик негизде ишке ашырылат.
Келишим Мамагенттик менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Келишимдин предмети болуп тиешелүү аймакта жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жана дене тарбия жана спорт жаатындагы иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга Мамагенттик тарабынан финансылык каражаттарды жана башка каражаттарды өткөрүп берилиши саналат. Келишим Мамагенттик менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын милдеттерин, укуктарын, келишимди түзүүнүн жана аны бузуунун шарттарын камтууга тийиш.
6. Жыл сайын 10-ноябрга чейин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Мамагенттикке келерки жылга спорттук-массалык иш-чаралардын жана жаштар саясаты жаатындагы иш-чаралардын календардык пландарынын долбоорлорун беришет.
7. Мамагенттик 15-декабрга чейинки мөөнөттө спорттук-массалык иш-чаралардын жана жаштар саясаты жаатындагы иш-чаралардын календардык пландарын карайт, бекитет жана аткаруу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жиберет.
Календардык план боюнча пайда болгон маселелер Мамагенттик менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечилет.
8. Мамагенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын чегинде жана өткөрүлүп берилүүчү каражаттардын алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алууга;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан спорттук-массалык иш-чаралардын жана жаштар саясаты жаатындагы иш-чаралардын календардык пландарын аткаруу менен байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суроого.
9. Мамагенттик өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
- спорттук-массалык иш-чаралардын жана жаштар саясаты жаатындагы иш-чаралардын календардык пландарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн багытталган финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө берүүгө;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;
- спорттук-массалык иш-чаралардын жана жаштар саясаты жаатындагы иш-чаралардын календардык пландарынын аткарылышына жана берилген финансылык жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүгө.
10. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар төмөнкүлөргө укуктуу:
- Мамагенттиктен уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардамдарды алууга;
- спорттук-массалык иш-чаралардын жана жаштар саясаты жаатындагы иш-чаралардын календардык пландарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн, багытталган финансылык каражаттардын жана башка каражаттардын өз убагында берилишин талап кылууга.
11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- келишимге жана ушул Регламентке ылайык өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;
- келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн берилген финансылык жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздоого;
- квартал сайын келишимде каралган милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө отчетту Мамагенттикке берүүгө;
- квартал сайын спорттук-массалык иш-чаралардын жана жаштар саясаты жаатындагы иш-чаралардын календардык пландарын ишке ашырууга берилген финансылык каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө финансылык отчетту берүүгө;
- келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайдаланылбаган финансылык жана башка каражаттарды Мамагенттикке кайтарып берүүгө.
4. Өз ара аракеттенүү субъекттеринин жоопкерчиликтери
12. Мамагенттиктин директору жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары ушул Регламенттин талаптагыдай аткарылышы, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.