Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 284
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Б.Э.Төрөбаев жана А.У.Жапаров демилгелеген "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 284 токтому менен жактырылган |
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Б.Э.Төрөбаев жана А.У.Жапаров демилгелеген "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) менен колдонуудагы Мыйзамдын 5-1-беренесине айыл чарба продукцияларын сатуудан түшкөн жалпы каражаты товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем эмесин түзгөн айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү айыл чарба кооперативдери жана башка айыл чарба өндүрүүчүлөрү (дыйканчылык жана мал чарбачылык) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин жеңилдетилген ставкаларын белгилөөнү караган толуктоо киргизилүүдө.
Мыйзамдын долбоорунун ишкердик ишке тиешеси бар экендигин эске алуу менен бул мыйзамдын долбооруна "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлүшү керектигин белгилейбиз.
Мында, мыйзамдын долбоору жалпысынан "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын ченемдеринин талаптарына шайкеш келбей тургандыгын белгилейбиз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинде эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендиги белгиленген.
Бирок, каралып жаткан мыйзамдын долбоорун кабыл алуу учурунда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлгөн эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын талдоонун жыйынтыгы боюнча бул мыйзамдын долбоору менен кайра каралууга тийиш болгон чечимдер аныкталган жок, буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү ченемдик укуктук актынын юридикалык күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат.
Муну менен бирге, ченемдик укуктук актыны ал расмий жарыяланган күнү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүнү камсыздоо мүмкүн эмес, анткени ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине расмий жарыялангандан кийин гана 7 күндүн ичинде Реестрге киргизүү үчүн берилет.
Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына шайкеш келбейт - анда коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар; кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан улам келип чыгуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолу; эл аралык кызматташтык маселелери жок. Негиздеме-маалымкатта ошондой эле мыйзамдын долбоорунун коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында жайгаштырылганы жана коомдук талкуулоонун, ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга шайкеш келишине жана жөнгө салуу таасирине талдоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар; финансы-экономикалык эсептөөлөр, аны каржылоо булактарынын болушу жөнүндө маалыматтар камтылган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган мыйзамдын долбоорун аталган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.