Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы № 278
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 "Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуу жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 "Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелеринде:
- 3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ведомстволор аралык эксперттик комиссия (мындан ары - эксперттик комиссия) - эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда транспорт каражатына алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын адистеринен турган, жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин буйругу менен бекитилген, жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн алдындагы эксперттик комиссия.";
- 6-пунктунда:
биринчи абзацындагы "КР ИИМ ПМББга" деген аббревиатуралар "жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же анын аймактык бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "КР ИИМ ПМББнын башчысынын" деген аббревиатуралар жана сөздөр "жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктундагы "КР ИИМ ПМББнын" деген аббревиатуралар "жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамы эксперттик комиссиянын төрагасы болуп саналат.";
- 11-пунктундагы "5 жумушчу күндүн ичинде" деген цифра жана сөздөр "3 жумушчу күндүн ичинде" деген цифра жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "3 жумушчу күндүн ичинде КР ИИМ ПМББнын башчысына" деген цифра, сөздөр жана аббревиатуралар "1 жумушчу күндүн ичинде жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн башчысына" деген цифра жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы "15 жумушчу күндүн" деген цифралар жана сөздөр "10 күндүн" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктү берүү тартиби";
- 16-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча транспорт каражатынын ээсине 2 жумушчу күндүн ичинде ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасы берилет.";
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Транспорт каражатынын ээси же анын ишеним берилген адамы транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктү алуу үчүн жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же анын аймактык бөлүмүнө төмөнкү документтерди берет:
- эксперттик комиссиянын корутундусун (эксперттик комиссиянын корутундусу жоголуп кеткен учурда жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан берилүүчү жупнуска жарактуу болот);
- транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча аткарылган жумуштардын көлөмү жана сапаты тууралуу маалымкатты;
- анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасын.";
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Ушул Эрежелердин 17-пунктунда аталган документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же анын аймактык бөлүмү 3 жумушчу күндүн ичинде ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча анын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктү тариздейт, каттайт жана арыз ээсине берет же себептерин көрсөтүү менен аны берүүдөн баш тартат.
Транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктү берүүдөн баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
а) анык эмес маалыматты камтыган документтерди берүү;
б) жасалма белгилери бар, ошондой эле жоголгон (уурдалган) деп саналгандардын арасында болгон документтерди берүү;
в) транспорт каражатынын жоктугу;
г) берилген документтерге транспорт каражатынын шайкеш келбестиги.";
- 19-пунктундагы "зарыл болгон бардык документтер" деген сөздөр "транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Эрежелердин 1 жана 2-тиркемелериндеги түрдүү жөндөмөдөгү "КР ИИМ ПМББнын башчысы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн башчысы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Эрежелер ушул токтомдун ,1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 4 жана 5-тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- ушул токтомдон келип чыгуучу керектүү чараларды көрүшсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтиришсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
|
| "Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуу эрежелеринин 4-тиркемеси |
Форма
Конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатын техникалык кароонун ДИАГНОСТИКАЛЫК КАРТАСЫ
___________________________
(бланктын эсептик номери)
№ _______
Диагностикалык борбор ____________________________________________________________
(аталышы, дареги)
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫНЫН ЭЭСИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ (аты-жөнү же уюмдун аталышы, жашаган жеринин дареги же юридикалык дареги) |
|
МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО БЕЛГИСИ |
|
Идентификациялык номери (VIN) |
|
МАРКАСЫ |
|
Коммерциялык аталышы |
|
ТИБИ |
|
ШАССИСИ (башка даярдоочунун шассисин колдонгондо гана) |
|
ТК кайра жабдуу боюнча жумуштарды жасоочу жана анын дареги |
|
КАТЕГОРИЯСЫ (А, В, С, D, Е) |
|
ЭКОЛОГИЯЛЫК КЛАССЫ |
|
ЧЫГАРЫЛГАН ЖЫЛЫ |
|
КЫЙМЫЛДАТКЫЧТЫН НОМЕРИ (бар болсо) |
|
ШАССИНИН (РАМАНЫН) НОМЕРИ (бар болсо) |
|
КУЗОВДУН НОМЕРИ (бар болсо) |
|
ТҮСҮ |
|
Транспорт каражатын идентификациялоочу документ (сериясы, номери, берилген датасы) |
|
КАТТОО ДОКУМЕНТИ (аталышы, сериясы, номери, берилген датасы) |
|
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫ
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫНЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ (конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин)
Дөңгөлөк формуласы/алдыңкы дөңгөлөктөрү |
|
Транспорт каражатынын топтомо схемасы |
|
Кузовдун тиби/эшиктердин саны (M1 категориясы үчүн) |
|
Алдыңкы/арткы орундардын саны (M1 категориясы үчүн) |
|
Жүктөө мейкиндигин аткаруу (N категориясы үчүн) |
|
Кабина (N категориясы үчүн) |
|
Жүргүнчүлөрдүн батымдуулугу (М2, М3 категориялары үчүн) |
|
Жүк салуу бөлүгүнүн жалпы көлөмү (III класстагы М3 категориясы үчүн) |
|
Отуруу үчүн орундардын саны (М2, М3, L категориялары үчүн) |
|
Рамасы (L категориясы үчүн) |
|
Октордун/дөцгөлөктөрдүң саны (О категориясы үчүн) |
|
Жабдылган абалдагы транспорт каражатынын салмагы, кг |
|
Транспорт каражатынын техникалык жактан жол берилген максималдуу салмагы, кг |
|
Габариттик өлчөмдөрү, мм - узундугу - туурасы - бийиктиги |
|
Базасы, мм |
|
Алдыңкы/арткы дөңгөлөктөрдүн колеясы, мм |
|
Кыймылдаткычы (маркасы, тиби) - цилиндрлердин саны жана жайгашуусу - цилиндрлердин жумуш көлөмү, см3 - кысуу даражасы - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин - 1) - максималдуу айланган учуру, Нм (мин - 1) Отун |
|
Азыктануу системасы (тиби) |
|
От алдыруу системасы (тиби) |
|
От алдыруу системасы (тиби) Трансмиссиясы (тиби) |
|
Сцепление (маркасы, тиби) Ылдамдык которуу коробкасы (маркасы, тиби) |
|
Астына асылмасы (тиби) - алдыңкы - арткы |
|
Рулдук башкаруу (маркасы, тиби) |
|
Тормоздук системалары (тиби) - жумушчу - запастык - токтоочу |
|
Шиналар (белгиси) |
|
Тышкы жарык берүү приборлору |
|
Транспорт каражатынын конструкциясынын башка элементтери |
|
Кайра жабдылган транспорт каражаты Бажы союзунун 018/2011 "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентинин талаптарына ______________________________ (шайкеш келет/шайкеш келбейт)
Диагностикалык борбордун жетекчиси | _______________________________ (аты-жөнү) | ______________ (колу) |
|
|
|
| Берилген датасы 20__-ж. "__" ___________". | |
2-тиркеме
|
| "Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуу эрежелеринин 5-тиркемеси |
Форма
Конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу КҮБӨЛҮК
№ ____________________________
(бланктын эсептик номери)
Жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү ________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(аталышы, дареги)
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫ
МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО БЕЛГИСИ |
|
Идентификациялык номери (VIN) |
|
МАРКАСЫ |
|
Коммерциялык аталышы |
|
ТИБИ |
|
ШАССИСИ (башка даярдоочунун шассисин колдонгондо гана) |
|
Жасап чыгаруучу жана анын дареги |
|
КАТЕГОРИЯСЫ (А, В, С, Д, Е) |
|
ЭКОЛОГИЯЛЫК КЛАССЫ |
|
ЧЫГАРЫЛГАН ЖЫЛЫ |
|
КЫЙМЫЛДАТКЫЧТЫН НОМЕРИ (бар болсо) |
|
ШАССИНИН (РАМ АНЫН) НОМЕРИ (бар болсо) |
|
КУЗОВДУН НОМЕРИ (бар болсо) |
|
ТҮСҮ |
|
Транспорт каражатын идентификациялаган документ (сериясы, номери, берилген датасы) |
|
КАТТОО ДОКУМЕНТИ (аталышы, сериясы, номери, берилген датасы) |
|
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫНЫН ЭЭСИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ (аты-жөнү же уюмдун аталышы, жашаган жеринин дареги же юридикалык дареги) |
|
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫНЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ (конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин)
Дөңгөлөк формуласы/алдыңкы дөңгөлөктөрү |
|
Транспорт каражатынын топтомо схемасы |
|
Кузовдун тиби/эшиктердин саны (M1 категориясы үчүн) |
|
Алдыңкы/арткы орундардын саны (M1 категориясы үчүн) |
|
Жүктөө мейкиндигин аткаруу (N категориясы үчүн) |
|
Кабина (N категориясы үчүн) |
|
Жүргүнчүлөрдүн батымдуулугу (М2, М3 категориялары үчүн) |
|
Жүк салуу бөлүгүнүн жалпы көлөмү (III класстагы М3 категориясы үчүн) |
|
Отуруу үчүн орундардын саны (М2, М3, L категориялары үчүн) |
|
Рамасы (L категориясы үчүн) |
|
Октордун/дөңгөлөктөрдүн саны (О категориясы үчүн) |
|
Жабдылган абалындагы транспорт каражатынын салмагы, кг |
|
Транспорт каражатынын техникалык жактан жол берилген максималдуу салмагы, кг |
|
Габариттик өлчөмдөрү, мм - узундугу - туурасы - бийиктиги |
|
Базасы, мм |
|
Алдыңкы/арткы дөңгөлөктөрдүн колеясы, мм |
|
Кыймылдаткычы (маркасы, тиби) -цилиндрлердин саны жана жайгашуусу - цилиндрлердин жумуш көлөмү, см3 - кысуу даражасы - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин - 1) - максималдуу айланган учуру, Нм (мин - 1) Отун |
|
Азыктануу системасы (тиби) |
|
От алдыруу системасы (тиби) |
|
Иштелип чыккан газды чыгаруу жана бейтарапташтыруу |
|
Трансмиссиясы (тиби) Сцепление (маркасы, тиби) Ылдамдык которуу коробкасы (маркасы, тиби) |
|
Сцепление (маркасы, тиби) Ылдамдык которуу коробкасы (маркасы, тиби) |
|
Астына асылмасы (тиби) - алдыңкы - арткы |
|
Рулдук башкаруу (маркасы, тиби) |
|
Тормоздук системалары (тиби) - жумушчу - запастык - токтоочу |
|
Шиналар (белгиси) |
|
Транспорт каражатынын кошумча жабдуулары |
|
_______________________________________________________________________________________
юридикалык дареги
_______________________________________________________________________________________
(транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жана тартиби жөнүндө корутунду берген юридикалык жактын аталышы)
тарабынан берилген 20__-жылдын "__" ___________ № ______ корутундусуна ылайык
_______________________________________________________________________________________
(жашаган жеринин дареги же юридикалык дареги)
_______________________________________________________________________________________
(транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүү киргизген адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
транспорт каражатынын конструкциясына жумушту жасоочу тарабынан төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
_______________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(конструкцияга киргизилген өзгөртүүлөр ырааттуу толук жазылат (орнотулуп жаткан компоненттин маркасы жана тиби, куроо ыкмасы жана башка у.с.; транспорт каражатынын жаңы арналышы (адистештирилиши) көрсөтүлөт)
Конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген транспорт каражаты Бажы биримдигинин 018/2011 ББ ТР "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келет.
Кошумча маалымат (чектөөсүз же габариттери жана окко болгон оордуктары боюнча ченемдеринен ашкандыгы үчүн чектөөлөрү менен жалпы пайдаланылуучу жолдордо колдонуу мүмкүнчүлүгү, маршруттук транспорт каражаты катарында колдонуу мүмкүнчүлүгү ж.б.)
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
Жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси | _________________________________ | _____________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
Таризделген датасы 20__-ж. "__" _____________".