Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 токтому менен бекитилген |
Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер эксплуатацияда турган дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген, кайра жабдылган учурда аларга алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүүнүн, сыноонун жана күбөлүк берүүнүн тартибин аныктайт.
Ушул Эрежелер жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда пайдалануу үчүн арналган "L", "М", "N" жана "O" категориядагы конструкциясына өзгөртүү киргизилген дөңгөлөктүү транспорт каражаттары (мындан ары - транспорт каражаттары), ошондой эле шасси, транспорт каражаттарынын коопсуздугуна таасир тийгизген транспорт каражаттарынын компоненттери болуп эсептелген техникалык жөнгө салуу объекттерине карата колдонулат.
2. Транспорт каражаттарынын категориялары төмөнкүдөй мааниге ээ:
"L" - мототранспорт каражаттары (мотоциклдер, скутерлер, мопеддер, мотовелосипеддер, мокикилер);
"М" - күч орнотмосу менен кыймылга келүүчү, кеминде төрт дөңгөлөктүү жана жүргүнчүлөрдү ташууга арналган транспорт каражаттары;
"N" - жүк ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары - жүк ташуучу автомобилдер жана алардын шассиси;
"О" - "L", "М", "N" категориясындагы транспорт каражаттарынын чиркегичтери (жарым чиркегичтери).
3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
транспорт каражаты - адамдарды, жүктөрдү же ага орнотулган жабдууларды ташуу үчүн арналган "L", "М", "N" жана "О" категорияларындагы дөңгөлөктүү түзүлүш;
транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү - транспорт каражаты жүгүртүүгө чыгарылгандан кийин жасалган жана жол кыймылынын коопсуздугуна таасир эткен конкреттүү транспорт каражатынын конструкциясында каралган курамдык бөлүктөрүн жана жабдуу предметтерин алып салуу же каралбагандарын орнотуу;
ведомстволор аралык эксперттик комиссия (мындан ары - эксперттик комиссия) - эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда транспорт каражатына алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын адистеринен турган, жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин буйругу менен бекитилген, жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн алдындагы эксперттик комиссия.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Транспорт каражаттарына алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү
4. Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда, аларга коюлган талаптардын аткарылуусун текшерүү, транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүү киргизүү мүмкүндүгүн жана конструкциясына өзгөртүү киргизилген транспорт каражатынын коопсуздугун кийин текшерүү менен конструкцияга алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү түрүндө эксперттик комиссия тарабынан ишке ашырылат.
5. Транспорт каражаттары төмөнкү учурларда экспертизадан өтпөйт:
1) транспорт каражатына төмөнкү компоненттерди орнотууда:
- ушул транспорт каражаты үчүн арналган жана компоненттерди даярдоочунун документтери менен далилденген транспорт каражатынын курамындагы шайкештик бааланган;
- транспорт каражатын даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде каралган;
2) киргизилген өзгөртүүлөргө шайкештик бааланган учурда белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган конструктордук документтердин негизинде конструкцияга сериялык өзгөртүү киргизилген.
3. Эксперттик комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
6. Алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн транспорт каражатынын менчик ээси же ишеним берилген жак жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же анын аймактык бөлүмүнө төмөнкү документтерди берет:
- Ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин наамына жазылган арызды;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- транспорт каражатына жеке менчик укугун ырастоочу документтин көчүрмөсүн (транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк), техникалык талон);
- транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу (тескөө) укугун ырастоочу документти (ишеним кат);
- кайра жабдууга дайындалган эскиздик долбоорду (чийме).
документтердин жогоруда көрсөтүлгөн тизмеси жок болсо менчик ээсинин же ишеним берилген жагынын арызы кароого жатпайт, бул тууралуу арыз ээсине тиешелүү билдирүү берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Эксперттик комиссиянын жеке курамы 7 адамдан турат жана жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринен түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамы эксперттик комиссиянын төрагасы болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Эксперттик комиссия өзүнүн ишин жарандардын кайрылууларына жараша жыйын өткөрүү менен жүзөгө ашырат. Эксперттик комиссиянын жыйындарына эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкан учурда укуктуу деп саналат. Эксперттик комиссиянын чечими жыйынга катышып отурган эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10. Эксперттик комиссия алдын ала техникалык экспертизанын жүрүшүндө транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүү киргизилгенден кийин транспорт каражаты жүгүртүүгө чыгарылган учурдагы Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги сактала тургандыгын ырастайт.
11. Эксперттик комиссия кароого берилген документтерди иликтеп чыгып, 3 жумушчу күндүн ичинде эскиздик долбоорду жактыруу же ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча себептерин көрсөтүү менен жактыруудан баш тартуу тууралуу тиешелүү корутунду чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Эксперттик комиссия корутундуну 1 жумушчу күндүн ичинде жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн башчысына, ал жок болуп калса - анын орун басарларынын бирине бекитүүгө киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жооп жиберүү 10 күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ушул Эрежелердин талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктү берүү тартиби
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизүү боюнча жумуштар, мындай кызматтарды көрсөтүү укугуна ээ болгон ишканалар же жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Аткарылган жумуштардын жыйынтыгы боюнча арыз берүүчүгө ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизүү боюнча аткарылган жумуштардын көлөмү жана сапаты тууралуу маалымкат берилет.
16. Транспорт каражатынын конструкциясынын жана конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн коопсуздугун контролдоо органдары катары аккредиттелген жана ISO/IЕК 17020-2013 МАМСТка шайкеш келген диагностикалык борборлор текшерет.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча транспорт каражатынын ээсине 2 жумушчу күндүн ичинде ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасы берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Транспорт каражатынын ээси же анын ишеним берилген адамы транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктү алуу үчүн жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же анын аймактык бөлүмүнө төмөнкү документтерди берет:
- эксперттик комиссиянын корутундусун (эксперттик комиссиянын корутундусу жоголуп кеткен учурда жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан берилүүчү жупнуска жарактуу болот);
- транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча аткарылган жумуштардын көлөмү жана сапаты тууралуу маалымкатты;
- анын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ушул Эрежелердин 17-пунктунда аталган документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же анын аймактык бөлүмү 3 жумушчу күндүн ичинде ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча анын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктү тариздейт, каттайт жана арыз ээсине берет же себептерин көрсөтүү менен аны берүүдөн баш тартат.
Транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктү берүүдөн баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
а) анык эмес маалыматты камтыган документтерди берүү;
б) жасалма белгилери бар, ошондой эле жоголгон (уурдалган) деп саналгандардын арасында болгон документтерди берүү;
в) транспорт каражатынын жоктугу;
г) берилген документтерге транспорт каражатынын шайкеш келбестиги.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Конструкциясына өзгөртүү киргизилген транспорт каражаттары каттоо иштери үчүн транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүк ээси тарабынан алынган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө кайра катталууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
|
| Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелеринин 1-тиркемеси |
(форма)
|
| Жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн башчысына ____________________________________ |
|
| кимден _____________________________ (аты-жөнү) |
|
| ____________________________________ (дареги) |
Транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүү киргизүү боюнча АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
Транспорт каражаты-жөнүндө маалымат
Мамлекеттик каттоо белгиси _________________________________________________ | Кузовунун номери _______________________________ |
Идентификациялык номери (VIN) | Түсү __________________________________________ |
_________________________________________________ | Кыймыл. кубатт. (кВт/л.с.) ________________________ |
Марка, модели ___________________________________ | Уруксат берилген макс. массасы, kg ________________ |
ТК тиби __________________________________________ | Жүктөмү жок массасы, kg ________________________ |
Чыгарган уюм _____________________________________ | ТКнын паспорту _________________________________ |
_________________________________________________ | _______________________________________________ |
Категориясы ("А", "В", "С", "D", чиркегич) _______________ | (сериясы, номери, берилген күнү) |
Чыккан жылы _____________________________________ | Каттоо документи ______________________________ |
Кыймылдаткычынын модели, номери _________________ | _______________________________________________ |
________________________________________________ | (док. Аталышы, сериясы, номери, берилген датасы) |
Шассинин (раманын) номери ________________________ |
|
Транспорт каражатынын менчик ээси же анын өкүлү жөнүндө МААЛЫМАТ
__________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү же уюмдун аталышы)
__________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
(облус; район; калктуу конуш; көчө; үй; батир)
Ишеним кат (менчик ээсинин өкүлү үчүн) _______________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
(качан, ким берген, реестрдеги номери)
Транспорт каражатынын конструкциясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени карооңуздарды өтүнөм
__________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
(конструкцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр толук баяндалат, орнотулуучу тетиктердин жана агрегаттардын тиби, маркасы, курамдын ыкмасы ж.б.)
__________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
201__-жылдын "___" ________________ | _____________________________ (колу) |
|
|
| Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелеринин 2-тиркемеси |
(форма)
(Бурч штамп) |
| БЕКИТЕМ Жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн башчысы |
|
| _______________________________ (колу) |
|
| 201__-жылдын "___" ________________ |
Жол кыймылынын коопсуздук талаптарынын шайкештигине эскиздик долбоорго жүргүзүлгөн экспертизанын КОРУТУНДУСУ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
Эксперттик комиссия (эксперттердин аты-жөнү): _________________________________________________________
Арыз ээсинин аты-жөнү: _____________________________________________________________________________
Арыз ээсинин дареги: _______________________________________________________________________________
Транспорт каражатынын маркасы, модели жана түсү _____________________________________________________
Номердик белгиси __________________________________________________________________________________
Кыймылдаткычынын № ______________________________________________________________________________
Шассиси (рама) № __________________________________________________________________________________
Кузовунун № _______________________________________________________________________________________
Чыгарылган жылы __________________________________________________________________________________
Техникалык паспорт: серия _________________________________ № _______________________________________
Экспертиза жүргүзүүнүн максаты ______________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
Экспертиза жүргүзүү датасы: 201___-жылдын "___" __________________
Экспертизага берилген материалдардын тизмеси: _______________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
Экспертизада пайдаланылган документтердин тизмеси: __________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
Экспертизанын жыйынтыгы:

Жыйынтык жана сунуш: _____________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасы: | __________________________________ (аты-жөнү) |
_________________________________ колу |
|
Комиссиянын мүчөлөрү: |
|
_________________________________ колу | __________________________________ аты-жөнү |

| Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелеринин 3-тиркемеси |
(форма)
Транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүү киргизүү боюнча жумуштардын көлөмү жана сапаты боюнча МААЛЫМКАТ
__________________________________________________________________________________________________
(транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүү киргизүү боюнча
__________________________________________________________________________________________________
жумуштарды аткарган юридикалык же жеке жактын аталышы жана дареги)
__________________________________________________________________________________________________
(лицензия берген уюмдун аталышы)
________________________________________________________________________________________ тарабынан
____-жылдын "___" ________________ берилген № ______________________________________ лицензияга(*) жана
__________________________________________________________________________________________________
(сертификат берген уюмдун аталышы)
_________________________________________________________________________________________ тарабынан
____-жылдын "___" ________________ берилген № ___________________________________ сертификатка(*) ылайык
мамлекеттик каттоо белгиси ___________________________________________________, идентификациялык номери
(VIN) __________________________________________, кыймылдаткычынын №_____________________, шассисинин
(рама) № _____________________, кузовунун (коляска) № __________________________________________________
_______________________________________________________________ транспорт каражатынын конструкциясына
(марка, модель)
өзгөртүү киргизүү боюнча төмөнкүдөй жумуштар аткарылды:
Транспорт каражатынын конструкциясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
__________________________________________________________________________________________________
(транспорт каражатынын системаларынын, түйүндөрүнүн, агрегаттарынын
__________________________________________________________________________________________________
конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр баяндалат)
__________________________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________________________
(*) Эскертүү. Эгерде транспорт каражатынын менчик ээси жумуштарды өз алдынча аткарган болсо,
анда лицензиянын жана сертификаттын реквизиттери толтурулбайт.
Конструкциялык өзгөртүү киргизилгенден кийин транспорт каражатынын МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Габариттик өлчөмдөр, мм:
Узундугу __________________, туурасы ____________________, бийиктиги ___________, базасы _______________
Толук массасы, кг _____________________________, жүктөлгөн массасы, кг __________________________________
Кузовунун тиби ____________________________________________________________________________________
Адамдарды ташуу үчүн орундуктун саны (айдоочуну кошкондо) ____________________________________________
Кыймылдаткыч (тиби, кубаттуулугу, жумушчу көлөмү): ____________________________________________________
Азыктандыруу системасы: ___________________________________________________________________________
Трансмиссия: _____________________________________________________________________________________
Сцепление: _______________________________________________________________________________________
Өткөргүч коробка: __________________________________________________________________________________
Башкы өткөргүч: ___________________________________________________________________________________
Подвеска _________________________________________________________________________________________
Рулдук механизм: __________________________________________________________________________________
Тормоздук система: ________________________________________________________________________________
Шиналар: ________________________________________________________________________________________
Кузовдун кошумча жабдуулары ______________________________________________________________________
Ар кандай ________________________________________________________________________________________
Жумуштар толук көлөмдө, сапаттуу жана транспорт каражатынын конструкциясына жүргүзүлгөн
алдын ала техникалык экспертизанын корутундусуна ылайык аткарылды.
_________________________________________________________________________________________________
(корутунду берген уюм көрсөтүлөт)
20___-жылдын "___" ________________ | _______________________ (колу) | ___________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
| М.О. |
|
|
| Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуу эрежелеринин 4-тиркемеси |
Форма
Конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатын техникалык кароонун ДИАГНОСТИКАЛЫК КАРТАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
___________________________
(бланктын эсептик номери)
№ _______
Диагностикалык борбор ____________________________________________________________
(аталышы, дареги)
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫНЫН ЭЭСИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ (аты-жөнү же уюмдун аталышы, жашаган жеринин дареги же юридикалык дареги) |
|
МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО БЕЛГИСИ |
|
Идентификациялык номери (VIN) |
|
МАРКАСЫ |
|
Коммерциялык аталышы |
|
ТИБИ |
|
ШАССИСИ (башка даярдоочунун шассисин колдонгондо гана) |
|
ТК кайра жабдуу боюнча жумуштарды жасоочу жана анын дареги |
|
КАТЕГОРИЯСЫ (А, В, С, D, Е) |
|
ЭКОЛОГИЯЛЫК КЛАССЫ |
|
ЧЫГАРЫЛГАН ЖЫЛЫ |
|
КЫЙМЫЛДАТКЫЧТЫН НОМЕРИ (бар болсо) |
|
ШАССИНИН (РАМАНЫН) НОМЕРИ (бар болсо) |
|
КУЗОВДУН НОМЕРИ (бар болсо) |
|
ТҮСҮ |
|
Транспорт каражатын идентификациялоочу документ (сериясы, номери, берилген датасы) |
|
КАТТОО ДОКУМЕНТИ (аталышы, сериясы, номери, берилген датасы) |
|
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫ
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫНЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ (конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин)
Дөңгөлөк формуласы/алдыңкы дөңгөлөктөрү |
|
Транспорт каражатынын топтомо схемасы |
|
Кузовдун тиби/эшиктердин саны (M1 категориясы үчүн) |
|
Алдыңкы/арткы орундардын саны (M1 категориясы үчүн) |
|
Жүктөө мейкиндигин аткаруу (N категориясы үчүн) |
|
Кабина (N категориясы үчүн) |
|
Жүргүнчүлөрдүн батымдуулугу (М2, М3 категориялары үчүн) |
|
Жүк салуу бөлүгүнүн жалпы көлөмү (III класстагы М3 категориясы үчүн) |
|
Отуруу үчүн орундардын саны (М2, М3, L категориялары үчүн) |
|
Рамасы (L категориясы үчүн) |
|
Октордун/дөцгөлөктөрдүң саны (О категориясы үчүн) |
|
Жабдылган абалдагы транспорт каражатынын салмагы, кг |
|
Транспорт каражатынын техникалык жактан жол берилген максималдуу салмагы, кг |
|
Габариттик өлчөмдөрү, мм - узундугу - туурасы - бийиктиги |
|
Базасы, мм |
|
Алдыңкы/арткы дөңгөлөктөрдүн колеясы, мм |
|
Кыймылдаткычы (маркасы, тиби) - цилиндрлердин саны жана жайгашуусу - цилиндрлердин жумуш көлөмү, см3 - кысуу даражасы - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин - 1) - максималдуу айланган учуру, Нм (мин - 1) Отун |
|
Азыктануу системасы (тиби) |
|
От алдыруу системасы (тиби) |
|
От алдыруу системасы (тиби) Трансмиссиясы (тиби) |
|
Сцепление (маркасы, тиби) Ылдамдык которуу коробкасы (маркасы, тиби) |
|
Астына асылмасы (тиби) - алдыңкы - арткы |
|
Рулдук башкаруу (маркасы, тиби) |
|
Тормоздук системалары (тиби) - жумушчу - запастык - токтоочу |
|
Шиналар (белгиси) |
|
Тышкы жарык берүү приборлору |
|
Транспорт каражатынын конструкциясынын башка элементтери |
|
Кайра жабдылган транспорт каражаты Бажы союзунун 018/2011 "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентинин талаптарына ______________________________ (шайкеш келет/шайкеш келбейт)
Диагностикалык борбордун жетекчиси | _______________________________ (аты-жөнү) | ______________ (колу) |
|
|
|
| Берилген датасы 20__-ж. "__" ___________". | |
|
| Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуу эрежелеринин 5-тиркемеси |
Форма
Конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу КҮБӨЛҮК
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
№ ____________________________
(бланктын эсептик номери)
Жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү ________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(аталышы, дареги)
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫ
МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО БЕЛГИСИ |
|
Идентификациялык номери (VIN) |
|
МАРКАСЫ |
|
Коммерциялык аталышы |
|
ТИБИ |
|
ШАССИСИ (башка даярдоочунун шассисин колдонгондо гана) |
|
Жасап чыгаруучу жана анын дареги |
|
КАТЕГОРИЯСЫ (А, В, С, Д, Е) |
|
ЭКОЛОГИЯЛЫК КЛАССЫ |
|
ЧЫГАРЫЛГАН ЖЫЛЫ |
|
КЫЙМЫЛДАТКЫЧТЫН НОМЕРИ (бар болсо) |
|
ШАССИНИН (РАМ АНЫН) НОМЕРИ (бар болсо) |
|
КУЗОВДУН НОМЕРИ (бар болсо) |
|
ТҮСҮ |
|
Транспорт каражатын идентификациялаган документ (сериясы, номери, берилген датасы) |
|
КАТТОО ДОКУМЕНТИ (аталышы, сериясы, номери, берилген датасы) |
|
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫНЫН ЭЭСИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ (аты-жөнү же уюмдун аталышы, жашаган жеринин дареги же юридикалык дареги) |
|
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫНЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ (конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин)
Дөңгөлөк формуласы/алдыңкы дөңгөлөктөрү |
|
Транспорт каражатынын топтомо схемасы |
|
Кузовдун тиби/эшиктердин саны (M1 категориясы үчүн) |
|
Алдыңкы/арткы орундардын саны (M1 категориясы үчүн) |
|
Жүктөө мейкиндигин аткаруу (N категориясы үчүн) |
|
Кабина (N категориясы үчүн) |
|
Жүргүнчүлөрдүн батымдуулугу (М2, М3 категориялары үчүн) |
|
Жүк салуу бөлүгүнүн жалпы көлөмү (III класстагы М3 категориясы үчүн) |
|
Отуруу үчүн орундардын саны (М2, М3, L категориялары үчүн) |
|
Рамасы (L категориясы үчүн) |
|
Октордун/дөңгөлөктөрдүн саны (О категориясы үчүн) |
|
Жабдылган абалындагы транспорт каражатынын салмагы, кг |
|
Транспорт каражатынын техникалык жактан жол берилген максималдуу салмагы, кг |
|
Габариттик өлчөмдөрү, мм - узундугу - туурасы - бийиктиги |
|
Базасы, мм |
|
Алдыңкы/арткы дөңгөлөктөрдүн колеясы, мм |
|
Кыймылдаткычы (маркасы, тиби) -цилиндрлердин саны жана жайгашуусу - цилиндрлердин жумуш көлөмү, см3 - кысуу даражасы - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин - 1) - максималдуу айланган учуру, Нм (мин - 1) Отун |
|
Азыктануу системасы (тиби) |
|
От алдыруу системасы (тиби) |
|
Иштелип чыккан газды чыгаруу жана бейтарапташтыруу |
|
Трансмиссиясы (тиби) Сцепление (маркасы, тиби) Ылдамдык которуу коробкасы (маркасы, тиби) |
|
Сцепление (маркасы, тиби) Ылдамдык которуу коробкасы (маркасы, тиби) |
|
Астына асылмасы (тиби) - алдыңкы - арткы |
|
Рулдук башкаруу (маркасы, тиби) |
|
Тормоздук системалары (тиби) - жумушчу - запастык - токтоочу |
|
Шиналар (белгиси) |
|
Транспорт каражатынын кошумча жабдуулары |
|
_______________________________________________________________________________________
юридикалык дареги
_______________________________________________________________________________________
(транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жана тартиби жөнүндө корутунду берген юридикалык жактын аталышы)
тарабынан берилген 20__-жылдын "__" ___________ № ______ корутундусуна ылайык
_______________________________________________________________________________________
(жашаган жеринин дареги же юридикалык дареги)
_______________________________________________________________________________________
(транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүү киргизген адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
транспорт каражатынын конструкциясына жумушту жасоочу тарабынан төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
_______________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(конструкцияга киргизилген өзгөртүүлөр ырааттуу толук жазылат (орнотулуп жаткан компоненттин маркасы жана тиби, куроо ыкмасы жана башка у.с.; транспорт каражатынын жаңы арналышы (адистештирилиши) көрсөтүлөт)
Конструкциясына өзгөртүүлөр киргизилген транспорт каражаты Бажы биримдигинин 018/2011 ББ ТР "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келет.
Кошумча маалымат (чектөөсүз же габариттери жана окко болгон оордуктары боюнча ченемдеринен ашкандыгы үчүн чектөөлөрү менен жалпы пайдаланылуучу жолдордо колдонуу мүмкүнчүлүгү, маршруттук транспорт каражаты катарында колдонуу мүмкүнчүлүгү ж.б.)
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
Жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси | _________________________________ | _____________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
Таризделген датасы 20__-ж. "__" _____________