Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 327
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.И.Жамалдинов, А.О.Узакбаев, А.Т.Жутанов, А.Л.Юсуров, Г.К.Асылбаева, А.М.Султанов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 327 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.И.Жамалдинов, А.О.Узакбаев, А.Т.Жутанов, А.Л.Юсуров, Г.К.Асылбаева, А.М.Султанов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Бул мыйзамдын долбоорунун негизги максаты тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү болуп саналат.
Атап айтканда, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин экинчи бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык чет өлкөлүк жарандарга (жарандыгы жок адамдарга) Кыргыз Республикасынын аймагында иштегенге уруксат берүү "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ушуну менен бирге, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 8-пунктунда Кыргыз Республикасынын аймагында жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жалпы квотанын негизинде иштегенге уруксат алууну караштырган ченем камтылгандыгын белгилейбиз. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде уруксаттын аталышын "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
2. Ошол эле учурда, мыйзамдын долбоорунун жоболорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укугун жана компетенциясын аныктоо сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына таандык болгон кандайдыр бир ченемдерди мыйзам негизинде бекитүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келерин белгилөө керек.
Алсак, жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга жараша аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, мыйзамдын долбоорунан жогоруда аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын жөнгө салуучу жоболорун алып салууну жана зарылдыгына жараша аларды ченемдик жазма буйруктарга трансформациялоону сунуштайбыз.
3. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Мыйзам - тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт болуп саналат.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүндө баяндалган чет өлкөлүк жарандардын (жарандыгы жок адамдардын) Кыргыз Республикасынын аймагында иштегенге уруксат берүү тууралуу арыздарын) кароонун тартибин жана мөөнөттөрүн караштырган ченемдерин мыйзам алдындагы актылар менен аныктоону максатка ылайык деп эсептейбиз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн жыйырманчы абзацында иштегенге уруксат берүү үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмүн аныктоо сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Өкмөт бюджеттик-финансылык, баа, тарифтик, инвестициялык, тышкы экономикалык, салык жана бажы саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат. Ушуга байланыштуу мамлекеттик алымдын өлчөмүн Мыйзам аркылуу белгилөө максатка ылайыксыз деп эсептейбиз,
5. Мыйзамдын долбоорунун "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу тууралуу 2-беренесинин 4-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгү принциптүү мүнөзгө ээ; миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгек миграциясына квоталарды Кыргыз Республикасынын аймагында ишке орноштуруу максатында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тартуучу иш берүүчүлөрдүн арасында алардын республиканын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен бөлүштүрөт. "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн алып салуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын бош орундарды ээлөө боюнча артыкчылыктуу укуктарын коргоо боюнча улуттук кызыкчылыктарга каршы келет.
6. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүндө "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине толуктоо киргизүү сунушталууда, ага ылайык алынган алымдын 10 пайызы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды материалдык камсыздоо жана өнүктүрүү фондуна, ал эми калган 90 пайызы республикалык бюджетке которулат.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 47-беренесине ылайык мамлекеттик алым республикалык бюджеттин кирешеси болуп санала тургандыгын белгилөө зарыл. Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин ченемдерине каршы келүүлөрдү болтурбоо максатында республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө мамлекеттик алымды чегерүү боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин кайра карап чыгуу керек.
Мында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 14-беренесинин 4-пунктуна ылайык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттен тышкары фонддорду түзүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык лицензиялык жыйымдардын бардык түрлөрү түздөн-түз республикалык бюджетке багытталат.
7. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.
Ушуну менен бирге, бул мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды, анын ичинде коомдук талкуулоо жүргүзүү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашуу жол-жоболорун эске алуу менен, кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине өзүнүн чечимдерин шайкеш келтирүү үчүн убакыт талап кылынаарын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.".
8. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, сунушталган мыйзамдын долбоору жөнгө салуу таасирин талдоону талап кылбайт.
Бирок бул Мыйзамдын долбоору ишкер субъекттердин мамилелерин жөнгө салууга багытталган, ошондуктан ал жөнгө салуу таасирин талдоого тийиш.
Ушуну менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Өкмөт бекиткен методикага ылайык жөнгө салуу таасирин талдоого тийиш.
Жөнгө салуу таасирин талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.
Жөнгө салуу таасирин талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга жатат.
9. Мындан тышкары, жогоруда баяндалгандарга толуктоо иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы № 478 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору киргизилген.
Анын үстүнө жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорунан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий корутундусун алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбеков, О.Ч.Текебаев, ж.б. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору келип түшкөн.
Ушуну менен бирге, жогоруда аталган мыйзамдардын долбоорлору окшош коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Ушуга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, альтернативдүү мыйзамдардын долбоорлору болгон учурда жооптуу комитет аларды бир убакта карайт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бир мыйзамдын долбоорун кабыл алууну жана калгандарын четке кагууну же болбосо бириктирип же бардык мыйзам долбоорлорун четке кагууну сунуштай тургандыгын белгилөө керек.
Баяндалгандарды эске алуу менен, жогоруда аталган мыйзамдардын долбоорлорун бир мыйзамдын долбооруна бириктирүүнү максатка ылайык деп эсептейбиз.
Жалпысынан, сунушталып жаткан мыйзамдын долбоорун дыкаттык менен жеткире иштен чыгуу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына шайкеш келтирүү зарыл экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзамдын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт, ушуга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилейт.