Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 393
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Өмүрбекова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 393 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Өмүрбекова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Аталган мыйзамдын долбоору менен иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталышынын түрүнө карабай, туруктуу жана убактылуу ишке жалданган кызматчылар, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашап жатышкан чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 10 пайыздан 12 пайызга чейин көбөйтүү сунушталууда, мындагы 2 пайыз милдеттүү медициналык камсыздандырууга жиберилет.
Учурда милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кыргыз модели саламаттык сактоонун ар кандай деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүнүн тилектеш системасын караштырууда. Бул чара иштеп жатышкан жарандар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна чегерүүнүн эсебинен калктын социалдык жактан аялуу категорияларына (пенсионерлерге, балдарга, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ж.б.) зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүүгө көмөктөшөт.
Ушуга байланыштуу, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жалданган кызматчылардын пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрүнөн иш берүүчүлөрдөн ай сайын 2 пайыз өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрү алынат.
Ошентип, бул мыйзамдын долбоору менен эмгек акынын милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн эки ирет - жумуш берүүчүнүн эсебинен да, кызматчынын эсебинен да алууну сунуштайт.
Эл аралык валюталык фонд (мындан ары - ЭВФ) менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин техникалык меморандумуна ылайык 2018-жылга карата айлык маяналардын фондун ИДПга карата 8,7 пайыздын чегинде (түзүмдүк көрсөткүч) бекитүү зарыл. 2017-2018-жылдарга карата ИДПнын болжолдуу көрсөткүчтөрүн эске алуу менен жана ЭВФнын түзүмдүк көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн бюджеттик чөйрөдөгү кызматчылардын айлык акы фондунун көбөйтүлүшүн кармап туруу зарыл.
Кызматчылардан милдеттүү медициналык камсыздандыруусуна камсыздандыруу төгүмдөрүн 2 пайызга көбөйтүү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун пенсиялык системасындагы ушуга окшош топтолуучу жеке эсептердин системасын киргизүүнү, ошондой эле финансы каражаттарын башкаруу функциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна өткөрүп берүүнү караштырат.
Мында мамлекет милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшкөн суммасы аталган эсептерге чегерилишин, акча салуучулардын финансылык каражаттарына кол тийбестикти, камсыздандырылган адамдын бул каражаттарды саламаттыгын сактоонун биринчи муктаждыктарына: операцияга, дарылануу үчүн медикаменттерди сатып алууга, анализдерди өткөрүүгө жумшалаарына кепилдик берүүгө тийиш.
Мыйзамдын долбоорунда булар каралган эмес, анткени 17-беренеде бул каражаттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана башка камсыздандыруучулардын айрым алыш-бериш эсептерине бөлүштүрүү болжолдонууда. Мында сунуш кылынып жаткан мыйзамдын долбоорунда "башка камсыздандыруучулар" деген түшүнүк тактап берилген эмес. Эгерде бул түшүнүктө жеке камсыздандыруучу компаниялар камтылса, анда камсыздандыруунун аталган формасы ыктыярдуу медициналык камсыздандырууну камсыз кылат, ал ар кандай деңгээлдеги медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алууга жана камсыздандырылган адамга көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн төлөп берүүгө негизделет, бул чара камсыздандыруу медицинасында да, саламаттык сактоо секторунда да атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүүгө жардам берет.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун мамлекеттик формасына окшотуп жеке камсыздандыруучу компаниялардын алыш-бериш эсебине каражаттарды которуу мүмкүн эмес, себеби мындай учурларда медициналык кызматтарды көрсөтүүдөгү тилектештик принциби жүзөгө ашырылбай, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарын максатсыз пайдалануу коркунучтары жаралат.
Ушуга байланыштуу жеке кызмат көрсөтүүчүлөрдүн медициналык кызматына Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында төлөп берүүнү жеке топтолуучу эсептеринен пациент өзү гана жүзөгө ашырышы мүмкүн.
Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда иш берүүчүлөрдү Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна 0,25 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмүн төлөөдөн бошотууну болжолдойт.
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду санатордук-курорттук дарыланууга жеңилдетилген жолдомолорду алуу үчүн, калктын социалдык аялуу катмарынан эмгекчилердин жана алардын үй-бүлөлөрүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген иштеп жаткан адамдарды, кирешелери төмөн жана аз камсыз болушкан үй-бүлөлөрдү реабилитациялоого мүмкүндүк берет жана улуттун ден соолугун жакшыртууга көмөктөшөт.
Мурда, 2005-жылдын 1-июлуна чейин Социалдык камсыздандыруу фондунун эсебинен убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча, энелерге, сөөк коюуга, эмгекчилер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, окуу жайлардын студенттерине ден соолукту чыңдоочу иш-чараларга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын жайкы эс алуусуна жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюучулар менен майыптарына жөлөк пул төлөнүп турган.
Салыктык жүктү жеңилдетүү максатында Эл аралык валюталык фонддун сунуштарына ылайык 2005-жылдын 1-июлунан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 24 пайыздан 23 пайызга чейин иш берүүчүлөр үчүн белгиленген Социалдык камсыздандыруу фондун жоюунун эсебинен кыскартылган, ал эми мурда аталган Фонддун эсебинен каржыланып келген чыгашалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-июлундагы № 300 "Убактылуу ишке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, сөөк коюуга пособиелерди төлөөлөрдү жана ден соолук чыңдоо иш-чараларын каржылоону мамлекеттик бюджетке өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоого алынган (жогоруда көрсөтүлгөн чыгашаларды каржылоо боюнча укугун улантуучусу катары).
Бардык иштегендердин ден соолугун чыңдоого жыл сайын республикалык бюджеттен 36100,0 млн. сом талап кылынган. Республикалык бюджетте мындай ири өлчөмдөгү каражат болбогондуктан, жыл сайын эмгекчилердин ден соолугун чыңдоого болгону 10,0 млн. сом бөлүнгөн.
2009-жылдын 1-июлунан тартып Социалдык камсыздандыруу фонду кайра иштеп баштаган, бирок иш берүүчүлөрдөн алынуучу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 пайыздын ордуна 0,25 пайыз өлчөмүндө белгиленген. Ушуга байланыштуу 2017-жылга республикалык бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө жана орточо мөөнөттүү келечекке (2018-2019-жылдарга) эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо үчүн каражат каралган эмес. Мамлекеттик бюджеттин туруктуу жана кыйла көлөмдөгү тартыштыгынын шартында Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун жоюу жөнүндө чечимди кабыл алуу максатка ылайык келбейт.
Белгилей кетчү нерсе, 2016-жылга карата орточо айлык акы 14350 сомду түзгөн, ал эми милдеттүү медициналык камсыздандырууга кошумча 2 пайыздык чегерүүлөр айына 287 сомду, бир жылга - 3444 сомду түзөт.
Мында, жакын арада мамлекеттик бюджеттин туруктуу жана олуттуу тартыштыгына байланыштуу айлык акыны көбөйтүү пландалган жок, эмгек акыдан кошумча чегерүүлөрдү киргизүү эмгек акы төлөө фондунда эсепке алынуучу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин жогорулатуунун эсебинен да эмгекчилердин материалдык абалынын начарлашына алып келет.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктунун онунчу абзацы менен баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери 21 жашка чыкканга чейин (алардын ичинде сырттан же кечки бөлүмдө окугандар) милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен өз алдынча төлөшөт. Мында аталган жарандардын категорияларында (КОЖ жана ЖОЖ студенттери) көп учурда стабилдүү иштеп тапкан каражаттары жок жана алар ата-энелери же жакын туугандары тарабынан финансылык жактан камсыз болушат, ал эми сунушталып жаткан ченем аталган жарандарга кошумча чыгымдарды алып келет.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп башкалардын катарында социалдык адилеттүүлүк, теңчилик, медициналык-санитардык жана санитардык-профилактикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү саналат.
Ушуга байланыштуу долбоордун аталган абзацын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктунун он экинчи абзацы менен мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, офицерлер, прапорщиктер, мөөнөттөн сырткары кызматтын аскер кызматчылары, аял аскер кызматчылары милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен өз алдынча төлөшөт деп белгилөө каралууда.
Ушуга байланыштуу белгилеп кетүүчү нерсе, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 жана 28-беренелерине ылайык аскер кызматчылары жана аскер жыйындарында жүргөн жарандар акысыз медициналык жардам алууга, акысыз дары-дармектер, медициналык арналыштагы буюмдар менен аскердик-медицина мекемелеринде камсыз болууга укуктуу. Аскер кызматы жеринде жана аскер кызматчылары жашаган жерде аскердик-медицина мекемелери, аларда тиешелүү бөлүмдөр, же болбосо атайын медициналык жабдуулар жок болсо, ошондой эле, шашылыш учурларда медициналык жардам алардын ведомстволук таандыгына карабастан, саламаттык сактоо жайларында акысыз көрсөтүлөт. Аскер кызматчыларына жана аскер жыйындарында жүргөн жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын чыгымдары көрсөтүлгөн саламаттык сактоо мекемелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте төлөнүп берилет. Аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыз кылуу аскер кызматкерлери менен бирдей жүзөгө ашырылат.
Аскер кызматынан бошотулган (кадыр-баркын кетирген негиздерди кошпогондо) жана 20 жыл жана андан ашык иштеген аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле аскердик милдеттерин аткарууда алган жаракаттын (контузиянын), травманын же майыптыктын же болбосо аскер кызматында болуу менен байланышкан оорулардын кесепетинен майып болуп бошотулган аскер кызматчылары иштеген жылдарына карабастан саламаттык сактоонун аскердик жана жарандык уюмдарында акысыз медициналык жардамга укуктуу.
Мында аскер кызматчылары, ошондой эле убактылуу аскер жыйындары өткөрүлгөн мезгилде аскер кызматына милдеттүүлөр аскер кызматына убактылуу аскер жыйынына кирген (тартылган) учурдан тартып аскер кызматынын милдеттерин аткаруу мезгилинде кызмат адамдарынын укукка сыйбас иш-аракеттеринин айынан алар курман болгон (өлгөн), майып (жарадар, контузия) болгон, ден соолугунан ажыраган, жашоо үчүн өздөрү тандап алган жерде аскер кызматын өтөөгө байланыштуу бөөдө кырсык учурларына милдеттүү мамлекеттик жеке камсыздандырууга жатат.
Ушуга байланыштуу долбоордун аталган абзацын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзамдын долбоору иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин кызыкчылыгын түздөн-түз козгой тургандыгын, иштеген калк үчүн кошумча милдеттүү камсыздандыруунун киргизилишин караштыргандыгын белгилейт. Сунушталган редакцияда мыйзамдын долбоорун кабыл алуу эмгекчилердин социалдык абалын начарлатууга алып келет, жагымсыз социалдык кесепеттер болушу мүмкүн.
Жогоруда айтылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.