Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну № 398
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-августундагы № 584 "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администратор дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администраторду дайындоо тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Жобо, ошондой эле кредиторлор жыйынында соттон тышкары тартипте администраторлорду дайындоого, четтетүүгө жана бошотууга карата да колдонулушу мүмкүн. Депозиттерди тартпаган финансы-кредит уюмдарын кошпогондо, банктар жана башка финансы-кредит уюмдары банкрот болгон учурларда Убактылуу администраторлорду жана жоюучуларды дайындоо жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 34 "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана кайтарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен байланыштарын чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана кайтарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүн шефке алган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын тизмесинде:
"2024-аскер бөлүгү" бөлүмүндө:
- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык агымын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- расмий тилдеги текстинин 1-пунктунун бешинчи абзацындагы "О Национальном банке Кыргызской Республики", "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике" и "О противодействии финансированию терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем" деген сөздөр "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности" и "О противодействии легализации (отмыванию) преступных доходов и финансированию террористической или экстремистской деятельности" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" жана "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир берүү чараларынын жана айыптык санкциялардын жоктугу, тендер өткөрүлгөндөн мурунку отчеттук жылдын ичинде;".
6. (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Ушул токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.
9. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |